Дүйшөн Жапаров: Өлсөм дагы начар жашап көбүңдөн, Мен жарыкка чыгам кайра көрүмдөн

***** Башкачасың башкалардай өңдөнбөй, Күндөн жерге таамп түшүп өнгөндөй. Сени көрсөм жайнай түшөт көңүлүм Жаңы баскан жаш баланы көргөндөй.   Айланчыктайм жакшы ыры бар барактай, Сезсең боло кайра-кайра каратпай. Кымбат кездер тонолбосун мезгилге, Жалбырагын шамал жулган дарактай.   ***** Эркте болбой жаш жүрөктүн көнмөгү, Жолоочудай каны каткан чөлдөгү. Чаңкап келип мен үйүңө киргенде Үнүңдү угуп өзүңдү бир көргөнү   Сүйлөбөдүң келгенимди жактырбай, Жамалыңдан күлкү элесин таптырбай, Жан дүйнөмдө айлап, жылдап терметкем, Жан жыргаткан бир сезимди жакшы ырдай.   Турдуң дагы билбейм, эмнени эстедиң?.. Капыс эле: “эмне келдиң, кет” дедиң. Билген толугу менен…..