Зинакан Пасаңова: Шайтан азгырыгы (аңгеме)

Шайтан азгырыгы Аңгеме Чоң базарга жакындаган сайын куурулган май токочтун, отко какталган шишкебектин, тандырга бышкан самсанын даамдуу жыты келип, Айымдын өзөгүн үзө тарта баштады. Бирок, чөнтөгүндөгү болор-болбос тыйынын ойлогондо кадам сайын жайнап турган тамак-аштан каректерин ала качат. Мектепте окуу ачылардын алдында сооданын арааны жүрүп турган экен. Окуучу балдарына кийим сатып алуу үчүн айылдыктар малын, картөшкө-сабизин, май, курутун жапырт базарга алып чыгышып, арзанга пулдаган маал. Чайкоочулар жайлоонун майы менен курутуна жабыша калышып, колдон талашышса да жарым наркына сурашат. Айым да сары майы менен курутун өзү чамалагандан да арзан сатты. Акыры зарыкканда толугу менен…..