Элгиза Бусурманкулова: Тилинип турсам дагы, тим боломун, Таарынтып албайын деп кокус аны

***** -Алло, эркем, жакшысыңбы? -үн каттыңыз кусалуу… -“Жакшы”- деген жооп болду, мен тараптан ызаалуу… -Анан эмне… сизсиз жаман демек белем, батынбайм, -Ал анткени, эркиңиз бүт, башка жанга тушалуу.   -А сиз кандай? Жакшысызбы? Жеңем жакшы жүрөбү? -Жакшыдай го, сагынганым болбосо эле бирөөнү. -Ммм… дедим да, орун алып ортобузда жымжырттык, -Мен тагдырга, а сиз мага, арткансыдык күнөөнү.   -Баса, сизге жаңылыгым, чоң турмушка аттанам, -Араң айттым, күйүт коштоп, көкүрөккө батпаган. -Сөз салдыңыз, айла жоктон, кыргылданган үн менен: -Бактылуу бол, бакыт болуп, аттай турчу астанаң!   Ошол мүнөт, дүйнөм урап, турдум муңга толугу менен…..