Михаил Дымов: Балдар Кудайга жазышат 2-бөлүм

2-БӨЛҮМ Арбын  жашоо, Кудай! –Күзгө караганда, жазгы жаратылышты сен кооз кыла аласыңбы? Жаанды өчүрчү. (Яна, 3-кл.) –Кудай, жекшембиге чейин үч долларды алты кылганга ой жөнөтчү. Бирок бирөөдөн карыз алганды жөнөтпө. Бул идеяны биринчи үч долларга жөнөткөнсүң. (Алик, 4-кл.) –Суранам, биздин үй бүлөнү тиги дүйнөдө да чогуу болгудай кылчы. Болбосо апам үчүн бейиш да бизсиз тозок. (Саша, 4-кл.) –Жаз биротоло келгидей кылчы. (Жора, 4-кл.) –Мага үмүт берчи. (Зорик, 4-кл.) –Суранам, күндү күйгүзчү, биздин үйдө жылыткычты өчүрүп салып, энем үшүүдө. (Рая, 3-кл.) –Мени автоматка айландырып салсаңчы. Эчтеке кылбай эле акча алып турган. толугу менен…..