Зинакан Пасанова: Ысык-Көлдө Алыкул Осмонов 4 жыл жашаган үй

Ысык-Көлдө Алыкул Осмонов 4 жыл жашаган үй “Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум, Токсон ирет көргөнүмө тойбодум” (Алыкул) Жыл сайын Ысык-Көлгө дегдеп келем. Бала чакта бир көргөнүмдөн тартып түбөлүк арзуума айланган көлдүн кереметтүү сулуулугу менен көк ирим мөлтүр тунук суусунан башка да өзүнө тарткан дагы бир касиети бар. Ал улуу таланттуу акын Алыкул Осмоновго байланыштуу. Көл кылаасына келген сайын Алыкул акындын баскан-турган жерлерин, жашаган үйүн көрсөм деп эңсөөчүмүн. Таң эртелеп, же кечке жуук ээн калуучу жээкти бойлоп басып жүрүп анын элесин издеп, кыялымда сырдашчумун. Бирок, көп жылдар бою бул тилегим ишке толугу менен…..