Тайир Аширбай: Биз билбеген Атакул Жакып, Биз билгенден дагы башкача

Атакул Жакып (поэма) Киришүү Эй, Жараткан, мага жардам бер, Эмненидир жараткым келет. Бул өлөңдү өзүң баштап бер, Бардыгына башталыш – себеп.   Таза болсун булактын башы, Тамчылардан мончок жасайын. Көлкүлдөтүп каректин жашын, Көк жээкти көздөй басайын.   Жашарууга жаңы жаз керек, Жалбыздарга жакын болоюн. Көңүлдөргө назик наз керек, Көпөлөктөй гүлгө коноюн.   Байчечекей келсин дүйнөгө, Багалегин, жеңин түрүнүп. Кызгалдактар салсын дүрбөлөң, Кыр-адырды каптап тирүүлүк!   Бадам менен өрүк гүлдөсүн, Бажырайып ырай, ыраңы. Мажүрүм тал майин бүрдөсүн, Махабаттай уяң буралып.   Жийделердин жыты буркурап, Жигит менен кызга чачылсын. Тим турбастан, торгой толугу менен…..