Атакул Жакыпов: Дүбүртүндөй аттын буулуккан, Дүйнө кезип өтөт булуттар

Атакул Жакыпов 1953-жылы Лейлек районунда туулган. Райондук “Алга” гезитинде комсомолдун Лейлек райондук комитетинде эмгектенген. Акыркы 35 жылдан бери К.Сабыров атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келет. ОшМУнун филология факультетин бүтүргөн. КРнын билим берүүсүнүн мыктысы. 1989-жылдан бери СССР жазуучулар союзунун, 1992-жылдан КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Жаш акындардын республикалык “Ала Тоо поэзиясы” фестивалынын, Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты. КРнын Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси. 1982-жылы “Жашыл аалам”, 1986-жылы “Ички кайрыктар”, 1999-жылы “Айдың кеч”, 2008-жылы “Күүгүмдөгү кусалык”, 2012-жылы “Дил кайрык”, 2013-жылы “Ай чапчып аккан толугу менен…..