Айтмырза Абылкасымов: Дар алдындагы акыркы сөз

Дар алдындагы акыркы сөз «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат…» Эл сөзү. Күн түшкө жакындаганда шаардын чок ортосундагы базар аарынын уюгу быякта эле калып, уу-дуу улам күчөгөндөн күчөп эле жатып калды. Айтылуу чыгыш  базары! Мына ушуну базар деп айтса болот! Кымкууттуктан баш адашып, ар кандай добуштардан кулак тунуп, бирок  баш-аламан, аңтар-теңтер болуп жаткансыганы менен, байкап, астейдил зээн салган кишиге бул базардын өз ыргагы, өз тартиби бар болуп, азыр да ана ошол адатынан жазбай, алымчасы да, кошумчасы да жок, демейдегидей эле өз ирети менен жүрүп жатканын байкоо кыйын эмес эле. Мына толугу менен…..