Керимбек Кадыракуновдун котормосунда “Абай” китеби жарык көрдү

Эл аралык Түрк академиясы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу биргелешип КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин колдоосу менен казак элинин даанышманы, акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата “Абай” аттуу китебин кыргыз тилинде чыгарып, окурмандарга сунуштады. Аталган китепке А.Токомбаев, С.Жусуев, С.Эралиев ж.б. акындардын котормолору топтоштурулуп, К.Кадыракуновдун жаңы которгон ырлары киргизилди. Котормолорду топтоштурган жана чогулткан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын, котормочу Керимбек Кадыракунов.

“Абай” китебинин бет ачары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен Эл аралык Түрк академиясынын 10 жылдыгынын алкагында өткөн “Абай жана XXI кылым; доор сабактары” аттуу видеоконференция учурунда белгиленди. Видеоконференцияга Юнеско эл аралык уюмунун өкүлү, Түрк академиясынын башчысы Дархан Кадыралы, кыргыз эл артисти Т.Казаков, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, К.Коңкобаев, К.Кадыракунов ж.б. катышты.

Видеоконференцияда сөз сүйлөгөн КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Жаманкулов: 2020-жыл ичинде Кыргызстанда Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгынын алкагында бир катар иш-чаралар өтө тургандыгын белгилеп, А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада улуу акындын урматына арналган “Өлбөстүк-тагдыр талабы” аталыштагы онлайн китеп-көргөзмө жана Казак Элчилигинин, Кыргызстандагы Казак Ассоциациясынын жана Маданият министрлигинин колдоолору менен “Абай Борбору” ачыла тургандыгын билдирди. Мындан сырткары, 27-майда бир канча өлкөнүн жогорку даражадагы илимий курамдын катышуусунда “Улуу Абай Кунанбаевдин адабий жана руханий мурастарынын баалуулугу” аттуу онлайн видеоконференция уюштуруларын кошумчалады.