Кеңешбек Асаналиев: Жол башы

Жол башы

Жазып отуруп, дал ушул жерге жеткенде, жарга келип капталгандай, тык токтодум: баса, мунун баары деги кимге керек? Чын эле.. маселен, үлгү болорлук нуска, ой кызытып ойготор бөтөнчө маани-мазмун, же башкалардан кескин айырмаланган жорук-жосундуу өмүр-баян болсо, анда бир жөн. Ал кызыктуу, ал окулат. Кадимки эле турмуштук жагдайлардын деңгээлиндеги кадыресе тиричилик, китеп, мектеп, кездешүү сыяктуу ар кимге белгилүү көнүмүштөр кимге таң, кимге зарыл.

Жалпы элдик, жалпы элдик борборубуз, ошондой эле жаңыдан калыптанып, көп түрдүү өнүгө баштаган Фрунзе шаарынан (азыркы Бишкек) анча деле алыс эмес, Сокулук өрөөнүндө туулуп-өскөн мен китеп дүйнөсүнөн ушунчалык четте калганым, анан ал табышмактуу дүйнөгө жетсем да, кыйла кечигип жеткеним, азыркы мезгилде Дантеден тартып Пушкинге чейин, Хемингуэйден тартып Джойско чейин окуган кигеп билермандарына, менин ал учурум, Горькийдин “Энеси”, Островскийдин “Болот кантип курчуду” деген чыгармаларынан башка китеп көрбөгөн учурум, жөн эле бир тамашалуу “бирдемелердей” болуп көрүнүшү толук ыктымал. Анткен менен дал ошол “бирдемелердей” болуп көрүнгөн, эч кимге жаңылык эмес, караманча жергиликтүү жагдайларга токтолуп жатканымдын өтө бир мерчемдүү жагдайы бар. Ал мындайча: Айтпасам деле байкалып жаткандыр, М.Горькийдин “Эне”, Н.Островскийдин “Болот кантип курчуду” романдары менин колума эң биринчилерден болуп келип тийиши деги эле кокусунан болгон эместир. Айтайын дегеним, жаңылык деле эмес, мурдатан эле белгилүү турмуштук жагдай. Социалисттик идея, бул кыргыздын авторлору менен жаралган көрүнүш эмес, ал сырттан, алыстан келип кирди. Болгондо да, ал анчейин жалпы декларация, чакырык түрүндө эмес, коомдук-социалдык, маданий-агартуу турмуштагы кескин бурулуштар, чукул өзгөрүштөр менен кошоктолуп, айкалышып келди. Кыргыз жеринде адамдын жашоо турмушундагы реалдуу кубулуштар көз алдыда өтүп жаткандыктан, социалисттик идея элдин аң-сезимине тез эле “сиңип”, өзүнчө бир өзгөчөлүү “дин” катары орун алды. Ага, социалисттик идеяга биз эч такатсыз диндей ишендик, диндей сыйындык. Ар бир жаңы көрсөтмөлөрдү жашоонун жаңы жолу, жаңы багыты катарында кабылдадык. Көрсө, “Эне”, “Болот кантип курчуду” романдары эң биринчилерден болуп менин колума тийгени дегеле кокустук эмес, туруктуу жана системалуу түрдө жүргүзүлүп жаткан бир максаттуу, бир багыттуу идеологиялык процесстин бир көрүнүшү экен да. Көрсө, жаңыдан калыптана баштаган кыргыздын улуттук маданияты, анын ичинде көркөм адабият, көркөм котормо жападан жалгыз бир багытты көздөп, ошол багыттын чийиминен кылдай чыкпай калыптанып, өнүгүп жаткан учуру экен. Көрсө, дал ошол социалисттик идеянын түпкү негиздерин чагылдырган “Эне”, “Болот кантип курчуду” романдары эң биринчи иретте ошол идеологиянын үлгү чыгармалары катары өз функциясын аткарып жатканы андан бетер кокустук эмес экен да. Бирок, биз анын түпкү маңызына дароо эле сүңгүп кирип, жете түшүнө албадык, тек гана анын сырткы белгилерин, стандарттуу жоболорун, эрежелерин өздөштүрдүк. Ошол эле жетиштүү болду. Натыйжада, биздин дүйнөгө көз карашыбыз, айрыкча менин муундарымдын көз карашы белгилүү бир калыптар менен бекем курчалып, ошол гана чектин аймагында өнүктү. Айлана-чөйрөдө жүрүп жаткан көп маанилүү процесске, турмуштук ар түркүн көрүнүшкө бир гана ишенимдин, бир гана түшүнүктүн, тагыраак айтканда монисттик көз караштын негизинде мамиле жасап калыптандык, өсүп жетилдик. Биздин маданий кругозорду байкаш үчүн анекдот эмес, болгон бир эле реалдуу окуяны айтып берсем жетиштүү го деп ойлойм. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарында Фрунзе шаарынын кинотеатрында Л.Н.Толстойдун атактуу романы боюнча коюлган С.Бондарчуктун: “Согуш жана тынчтык” деген киноэпопеясы кеңири демонстрацияланган болчу. Менин ошол учурдагы кабылдоом боюнча бул фильмдин эң сонун чыгармачыл ийгилиги баарынан мурда С. Бондарчук өзү жүзөгө ашырган Пьер Безуховдун образына байланыштуу. Чынында, Лев Толстойдуи генийи жараткан Пьер Безуховдун образы өзүнүн философиялык негизи боюнча да, жеке адамдык көп түстүү, көп маанилүү реалдуулугу боюнча дүйнөлүк көркөм шедеврлердин биринчи катарында турары талашсыз. Ошондой болсо да С.Бондарчуктун киноматографтык варианты кантсе да көрүүчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө түшүнүктүүдөй эле сезилген. Кинону көрүп келген бир филолог досум, өзү мыкты окумуштуу-тилчи болчу, эртеси мага айтып, оз оюн бөлүшүп жатат: жанагы Пьер Безухов деген чоң курсак неме жеткен бир келесоо экен, сулуу аялы бар, Москвадагы эң бай тургандардын бири экен, үй имараты, ички жасалгасы, айтор, баары төп келишкен, анан ушунун баарын таштап, айылдык дыйкандарча кийинип алып, согуш талаасында тентип жүрөт. Адамда ушундай да макоо болот экен. Пьер Безухов жөнүндө филолог-доктор айтып жатат. Жок, өзүмдөн улуу (пединститутту бирге окуп, бирге бүткөнбүз), өзүм сыйлаган окумуштуунун сөзүн атайы жөнөкөйлөштүрүп, бузуп жаткан жерим жок. Анын айткан сөздөрү эсимде калган себеби, мен өзүмдүн ошол кездеги түшүнүгүм боюнча Пьер Безуховдун образын өзүмдүн кесибиме тиешелүү интерпретациялоого аракеттенип, көпкө талаштык. Бирок аны ишендирүүгө күчүм жетпеди. Мени ого бетер таң калтырганы анын жыйынтык сөзү болду: аялы сулуубу, бай турабы – бул факт. Ушунун баарын таштап согуш талаасында туткунга түшүп, эгер кокустук болуп, партизандар бошотуп кетпесе, сөзсүз өлмөк, бул да факт. Силер, адабиятчылар фактыга карабай эле, өзүңөрдүн оюңардан чыгарып алып, жок нерсени айта бересиңер, деп кайра мени “аласалдырып” жатпайбы. Жок, бул өзүнүн бир беткей позициясын өжөр коргогон менин эски досумдун күнөөсү эмес, бул баарыбыздын тагдырыбыз.

Эгерде кимдир бирөө менден: “андай болбой, башкача жетилип, башкача өсүп-өркүндөсөң, (маселен Сорбоннодогудай, Кембридждегидей билим алып…), анда тоону томкоруп, ойду омкоруп жиберет белең” деп сураса, ага мындайча жооп берер элем. Кеп, жалгыз менин керт башымда эмес. Маселенин түйүнү, бир эле мен эмес, мага окшогон бир нече муун бирдей жашап, бирдей тартипке көнүп, бирдей жол-жобого баш ийип, ал турмак бирдей ойлонуп, (айрыкча коомдук турмуш маселелери боюнча), бири-бирибизге коендой окшош болуп өскөнүбүздө. Натыйжада, канчалык деңгээлде бирдей ойлонуп, канчалык деңгээлде бири- бирибизге окшош болгонубузду улуттук мартаба, жалпы элдик сыймык маанисинде түшүндүк. Кийин бул жөнүндө төмөнкүдөй формуланы окудум:” Бизде бир гана максат – коммунизм, бир гана философия – марксизм, бир гана искусство – социалисттик реализм”. Бул формуланын автору андан ары советтик жазуучу В.Ильенковдун “Чоң жол” романынан үзүндү келтирет: “Адамдар миң жылдар бою ар башкача ойлонуудан кор болуп келди. Эми биз, советтик адамдар өз арабызда макулдаштык, бардыгыбызга түшүнүктүү бир гана тилде сүйлөшөбүз, турмуштун эң негизгиси жөнүндө бир өңчөй ойлонобуз…” (“Цена метафоры или преступление и наказание Синявского и Даниэля” М.СП “Юнона” 1999, стр.439). Бир проблема боюнча бирдей мааниде жазылган эки жыйынтыктын авторлору: биринчиси, Москвадагы ИМЛИнин (Институт Мировой литературы) илимий кызматкери, диссидент, кийин Сорбонно университетинин профессору В.Синявский, экинчиси, орус совет жазуучусу, Сталиндик сыйлыктын лауреаты В.Ильенков бул окшош тезистерди диаметралдуу карама-каршы позицияда талкуулашат. В.Синявский “бир максатты”, “бир философияны”, “бир искусствону” совет элинин келечегинин маданий жардыланышы, өнүгүү процессинин токтолушу, бир калыптуу сенекке айлануу маанисинде караса, В.Ильенков бир тилде сүйлөп, бирдей ойлонууну коммунизмдин жаркыраган келечеги, салтанаты катарында эсептейт. Орус окумуштуусу жана жазуучусу Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки совет турмушунун чындыгын ар башка көз карашта карап, ар башкача жыйынтык чыгарса, бул алардын өз проблемасы болчу. Ал эми биз болсок, социалисттик идеология барган сайын күчүнө кирип, өркүндөгөн социализмди карай бет алып турганда, кыргыз интеллигенциясынын согуштан кийинки мууну капарына эч нерсе албай, кандай көрсөтмө, жол-жобо жарыяланса, аны дал ошол туруш-турпаты менен кабыл алып, эч каршылык көрсөтпөй, ар бир тамгасы, ар бир сөзү, ар бир фразасы кынтыксыз экенине ишенип, кынтыксыз кабыл алып турдук. Чынында адам катарында өзүнчө ойлонуу жөндөмүнөн, адамдын адамдык эң негизги касиетинен кемип, бөксөрүп баратканыбызды байкаган эмеспиз.

Ошондой болсо да өз мезгилинин чен-өлчөмү менен караганда Пединституттан (мен бүткөн 1950-ж. университетке айланды) дурус эле билим алып чыккандай болдук. Буга себеп, согуштун кесепетинен окубай калгандар, окууга дилгир болуп, “суусап” келгендер бөтөнчө бир демилге, ынтызарлык менен киришип жатышты. Ырас, арабызда илең-салаң жүргөндөрү да бар болчу, бирок басымдуу көпчүлүгүбүз бир бирибизге кадимкидей эрегишип, атаандашып окудук. Анткени, биринчи курска келип киргендер жаш жагынан да, турмуштук тажрыйба жагынан да ар түрдүү болчу, орто мектепти жаңыдан бүткөндөрдөн тартып аскерге барып келгендер, же согуш мезгилинде кызматта жүргөндөргө чейин бар болчу. Албетте билим алууга кызыккандардын жекече иш аракети, демилгеси бир жөн го, бирок аларга туура жол көрсөтүп, ориентация бере турган мугалимдердин бул иште мааниси өзгөчө экени талашсыз. Ушул ыңгайдан алганда тил илимине көбүрөөк ыңгайлашып, көбүрөөк жөндөмү барларга “Кудай жалгагандай” эле болуптур. Анткени алардын бактысына, бул эч апыртуусуз айтылган сөз, кыргыз филологиясынын көрүнүктүү окумуштуулары Х.Карасаев, К.Сартбаев, бир аз кийинчерээк К.К.Юдахин, жаш мугалимдер Ы.Жакыпов, Б.Уметалиева ж.б. буйруптур. Ал эми адабиятка багыт алгандардын “жолу болбой” калды дегенге жакын эле. Адабияттан сабак берген Сарманова Илий эже, Тайгүрөңов Абдылдабек агай жан дили менен берилип, иштешкени ачык эле байкалчу, бирок алардын түпкү, негиздүү даярдыгы тилчи мугалимдердикиндей экени сезилбей койчу эмес. Көрсө, Абдылдабек агай өзү физматты бүтүп, тил жана адабиятты сырттан окуптур, адабиятка жаңыдан киришип жүргөн чагы экен, мен муну кийин-кийин билдим. Илий эжебиз деле ошондой окшойт. Бирок бактыбызга жараша орус жана дүйнөлүк адабият боюнча бийик квалификациялуу мугалимдерге туш келдик. Алардын көпчүлүгү согуш жылдарында Москва, Ленинграддан эвакуацияланып, Фрунзеде жашап калган ар тараптуу билимдүү, тажрыйбалуу каныккан мугалимдер экен.

Бирок, кантсе да филологиялык даярдыгыбыз өтө эле жупуну, тайкы экенин Ленинградга аспирантурага келгенде ачык сездим. Биринчи эле күндөн баштап… Бул жерде студенттик жылдарымды “аттап” кеткенимдин жөнү бар, анткени өмүрүмдүн ошол тилкеси, кийинки мезгилге түздөн-түз байланыштуу болгондуктан, ошондуктан ал учурга ретроспекция катарында кайрылууга тyypa келди. А ырасын айтсам, аспирантурага калуу максаты оюмда да жок эле. Ансыз да апамды “алдап”, беш жыл окудум. Окугум келсе да, апамды эми алдай албайт болчумун. Бирок чын эле тагдыр деген бар экен. Мен бул “сюжеттик” окуянын башталышын башкача айталбайм. Анткени ал “сюжет” таптакыр менин оюма келбегендей башталды, мен өзүм дегеле күтпөгөндөй, жогортодон бирөө көрсөтмө берип жаткандай, өзүнөн-өзү уланып отурду. Карап көрөлүчү. Ошентип, Сталиндик стипендия (ал кезде эң мыкты студенттерге берилчү эң жогорку айлык) менен окугандардын арасынан (мен да ошолордун бири болчумун) бирөө гана, Кудайбергенов Сарыбай гана (кийин тил илиминин доктору болду) аспирантурага калуу жөнүндө ачык максат коюп жүрдү. Калгандарыбыз ар түрдүү кызматка кеттик. Мени СССР илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын алдындагы “ИЯЛИ” деп коюшчу, бул орусча аббревиатуранын кыргызчасы, тил, адабият, тарых институтунун кенже илимий кызматкери кылып чектешти. Жайында өз айлымда акыркы студенттик каникулду өткөрүп, биринчи сентябрда кадимки окууга келгендей, кызматка келдим. Көрсө, мени менен кошо Коротенко деген орус жигити да орношуптур. Ал дагы мени менен бир катар орус филологиясын бүткөн, Шульц деген эски славян тилинен сабак берген мугалим бар эле, окууну бүтөр менен ошого үйлөнүп алган. Кийин билбейм, тагдыры кандай болгонун, экөөнү тең көрбөй калдым. Кыскасы Коротенко экөөбүз маңдай-тескей болуп, бир кабинетке отуруп калдык. Төрдө бир орун бош, ээси келбейт. Арадан эки-үч күн өттү. Ай деген ажо, кой деген кожо жок. Эмне кыларым билбейм. Зериге баштадым. Бүткөн окууңдун натыйжасы ушул болсо деп, айнып да кете жаздадым. Башкалардай эле мугалим болуп кете берсем, конкреттүү кызматым болмок.

Дал ушундай абалда отурганда, бир күнү түштөн кийин толугураак келген, жапалдаш, сол бутунан сылтып баскан, таякчан бир киши кирип келди да, баягы бош орунга барып отурду. Биз жөнүндө кабары бар окшойт, кайдыгер эле “отурасыңарбы” деп койду. Бул сөзгө кандай маани берди түшүнгөн жокпуз. А балким биздин жетекчибиздин жаңы кызматкерлери менен саламдашканыдыр. Башын көтөрбөй, алдыртан караганы башкача, өзгөчө мага. Мен болсом, ичимен божомолдоп, “ошо киши” болсо керек деп таанып турам. Биз менен таанышкан да жок, өзү жөнүндө да эч нерсе айтпады. Эмне үчүндүр суз, ачуулуу көрүндү. Балким жаңылышармын, “бирдеме” жутуп алгандай, өңү-түсү кызаргансып турду. “Бул жерде ушундай, ар түрдүү кагаздарды эле эптеп толтурмай, бийлик менде болсо, ар бириңерге бирден тема берип, макала жаздырат болчумун” деди да көп узабай эле чыгып кетти. Көрсө, мен болжоп тааныган ушул сектордун жетекчиси Жээнбай Самаганов деген киши экен. Бул менин биринчи бетме-бет кездешүүм. Кийинчерээк мен жолуккан турмуштун күтүлбөгөн кыйчалыштарында ушул киши менен бир кыйла жагынан тагдырлаш да, сырдаш да, ал турмак муңдаш да болорум оюма да келген эмес. Болгондо да Жээнбай Самаганов бийлик чөйрөсүнө, бийликтин эң жакындарына “жексур” болуп турган учурунда. Ал эми анда болсо, жаш кызматкер абалында менин бет маңдайымда кандайдыр бир ачуусунан жанбаган кыжырлуу, татаал адам турду. Пединституттун 2-курсунда окуп жүргөндө “Советтик Кыргызстан” журналына жарыяланган “Тар жол, тайкы багыт” деген макаланын автору ушундай гана адам болот деп ойлодум: Бул макалада (макаланын маани-маңызы жөнүндө башка эпизоддо кеңири айтылат) ошол мезгилде да, кийин да кыргыз совет поэзиясынын эң бийик мартабалуу акындарынын бири Кубанычбек Маликовдун согуш мезгилинде жараткан ыр жыйнактарынын негизги пафосун, поэтикалык өзгөчөлүгүн, ошол учурдун түшүнүгү менен айтканда “ташын талкан” кылганы менен бизди, студенттерди таң калтырган болчу. Таң калтырганда да, ошол мезгилдеги биздин кабылдообуз боюнча, өзүнүн далилдүүлүгү, майтарылгыс ишенимдүүлүгү менен… Эми ошол адам менин биринчи кызматым боюнча жетекчим аппачык түрдө теңине албагандай, сүйлөшүп таанышпай эле чыгып кетер менен эле менин денемде ичкериден кандайдыр бир түшүнүксүз коркунуч сезими пайда болду. Бул киши менен кантип иштешем, кантип жалпы тил табыша алам деген түпөйүл ой бүтүндөй аң-сезимимди бийлеп алды.

Тагдыр деген ушундай болот окшобойбу, аңгыча болбой эле, ошол күндүн эртеси эле, орто жашап калган секретарь аял (фамилиясы Хрусталева экен, кийин көп жылдар бою бирге иштешип калдык) кирип келди да, сизди Асылбек Алтымышбаевич (Кирфандын председателинин орун басары) чакырып жатат деди. Дароо эле экинчи этажга көтөрүлдүм, оюмда эчтеке жок, ишке киришпей жатсам, эмне болуп кетти дагы деген “шек” кетти. Барсам, Пединститутту мени менен бирге бүткөн Байгожоев Сейитказы, Рысалиев Кулан, Түлөгабылов Мукаш, Төлөев Жаныбек, Асанкулов Сагыналы ошол мен бараткан кабылдамада отурушуптур. Күткөн деле жокпуз, баарыбызды чогуу кабыл алды. Сөз өтө кыска жана чечкиндүү болду. Мурдатан эле үстүбүздөн чечилип калган маселе окшобойбу, Асылбек Алтымышбаевич бир сыйра карап алды да, “баарыңар Москвага аспирантурага барасыңар” деди. Чынында булардын ар биринин кызматка дайындалган путевкасы бар болчу, бири Таласка, бири Жалал-Абадга ж.б. Мен болсом, өз кол алдында иштейм. Булар ушул сентябрь айына чейин көрсөтүлгөн жакка кете албай, ар кандай себептер менен шаарда жүрүшкөн экен.

Л.А.Алтымышбаевичтин сунушуна эч ким деле каршылык кылбады, каяша да жооп болбоду, унчукпай тим болдук. Бул учурда мен катуу ойлонуп отурдум, апам жөнүндө, ал кишиге эмне деп жооп берем, эмне деп айтам, мен ушу жөнүндө ойлонуп отурдум. Унчукпаган соң баарыбыз тең макул болдук. Менин оюмча, булардын ар бири ичинен сүйүнүп эле отурушат, анткени бөлүштүрүү болуп жатканда мындай сунуш эч кимисине ыйгарылган эмес. А мен кызыл дипломчу катары, Сталиндик стипендиат – катары өзүмө ыңгайлуу деген жагыма калгам. Демек, баарыбызды шаардын ичинен бирден чогултуп, эч кандай иргебей эле, чогуу бойдон аспирантурага жөнөтүп жатышса, анда бул маселе чоң өкмөт тарабынан чукул чечилген болуу керек.

Көрсө, мен муну кийин билдим, иш мындай болгон экен. Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин ошондогу биринчи секретары И.Р.Раззаков ошол күндөрү Москвада болуп, Кыргызстанда өзүнүн академиясын ачуу маселесин кылат. Орто Азияда ошондо академиясы жок жалгыз Кыргызстан калыптыр. Албетте, Москва макул болот, бирок кадрлар маселесин карап көрсө, доктор жөнүндө айтпай эле коелу, кандидаттардын анчейин саны жетишсиз экен. Ушундан улам ошол 1950-жылы Республиканын ВУЗдарын (азыркыча ЖОЖ) жакшы бүтүргөндөрдүн баарын аспирантурага, Москвага, Ленинградга ж.б. жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынат. Кыскасы, шаардан кетип, ишке орношкондоруна айла жок, ал эми кандайдыр бир себептер менен кеталбай, шаарда жүргөндөрдүн баарын бирден издеп, чогултуп, илимге шыгы барбы-жокпу, ага карабай эптеп санын толтуруп, баарыбызды жөнөтүшмөк экен. Ошолордун арасына Асанкулов Сагыналы кошулуп калыптыр, мен аны үстүртөн, сыртынан гана таанычумун, ал болсо мени атайы изилдеп, болгондо да ата-тегимди, таржымалымды тактап жүргөндөрдүн бири экен. Бул жөнүндө кийин өз учурунда.

Асылбек Алтымышбаев менен жолугушуунун аяк ченинде ал кишиге өз жагдайымды айтып түшүндүрүүгө аракет жасадым, окуугa баралбас жөн жайымды түшүндүрдүм, энемдин жалгыз экенин, жашы да келип калганын айттым. Ал киши билет экен, баарыбыздын таржымалыбызды иликтеп, таанып-билген окшойт. Эчтеке эмес, жардам беребиз, Байкожоев экөөңөр бир тараптан экенсиңер (ушуга чейин билип алыптыр) энеңер менен коштошуп келгиле, эртеңки поезд менен жөнөйсүңөр деп, өзүнүн жеңил машинасын берди. Сөз ушуну менен бүттү. Ошентип, председателдин орун басарынын кара “Эмкасын” минип, айылга келдим. Кудай көрсөтпөсүн, окуп жүргөндө райондун борборунан айылга чейин жөө барып, жөө келип жүргөн Кеңешбек эми минтип машине минип, мингенде да жеңил “Эмка” минип, мындай машиналар анда айылда жылына бир көрүнсө көрүнчү, болбосо жок болчу, эми ошондой “Эмка” жүгөрү баяны менен жабылган үйдүн жанына келип, токтоп калса эле кандай болот,.. Биздин үйдүн жанында башкарманын контору бар эле. Баягы “иши оңунан” чыкпай калган жаш жигит эки-үч күн иштеп кеткен контора. “Эмканы” токтотуп, мен чыга калсам эле мени көздөй жабылышты. Арасында согуштан жарадар болуп, бир жак буту тизесинен жогорураак жерден кесилген, протезин кийчү эмес, менин жакын чоң аталаш агайым да бар, айтор келип эле учурашып калышты. Ойлошсо керек, Асаналынын баласы пединститутту “кызыл диплом” менен бүтүп (анын үстүнө айылда биринчи болуп), Кирфанга кызматка орношту дешти эле, “Эмка” минип келгенине караганда, бир “чоң” болгон окшойт… Дүбүрөп келгендерди көрүп, мен өзүм ыңгайсыз абалда калдым. Апамды бөлүп, чоо-жайымды жашырбай түшүндүрдүм. Апам байкуш кантсин, байкады окшойт, өкмөт өзү минтип жаткан соң (машине минип келгеним да ага таасир эткен сыяктуу) кесир болот, окусаң дагы окуп кел, колхоздун жумушун аткарышка азырынча күч-кубатым жетишет, бирок өтө эле алыс экен деп өкүнүчтүү бушайман айтты.

Ошентип менин тагдырымдын эң чечүүчү учуру өзүм эч качан ойлобогондой, эч качан оюма да келбегендей, эч качан күтүлбөгөндөй кескин чечилди да калды. Өзүмдүн эркимен, ойлогон оюман тышкары. Үстүмөн эле бийлеп, өкүм чыгарып коюшту. Бирок, экинчи жагынан алганда жанагы бир көрүп, көңүлүм сууй түшкөн, кабинетке сылтып кирип, сылтып чыгып кеткен, ачуулуу каарданган адамдан кутулдум окшойт деп, бук болбой жеңилдене, сергектене түштүм. Ким билет, ошол Тайгүрөңов агайдан, Сарманова эжейден алган адабий билимим, көз карашым менен ИЯЛИде иштеп калсам, ошол учурдун чуулгандуу сынчысы гана эмес, белгилүү мааниде адабий көркөм процесстин багытын аныктоочудай, кыймылдаткыч күчүндөй болгон Жээнбай Самаганов менен жетекчи катарында мамилем кандайча түзүлөт эле, азыр да көзүм жетпейт (көрсө, дал ошол учурда Ж.Самаганов Кыргызстан компартиясынын Биринчи секретары И.Р.Раззаковдун түздөн-түз колдоосу, патронаты алдында экен).

Айтор, кимди-ким билди дегендей, 1950-жылы сентябрдын башында бир топ жаш жигиттер эртең менен эрте Москвага келип түшүп калдык. СССР илимдер академиясынын президиуму орун алган имapaттагы acпирантуpa бөлүмүн оңой элe тaaп, кирип бардык. Жол баштап, башкарып жүргөн Сейитказы Байкожоев бул милдетти Москвада, андан кийин Ленинградда эң сонун аткарды. Аспирантурага кирүүнүн эң биринчи маселеси илимий жетекчинин маселеси экенин ошол жерде билдим. Кыргыз адабияты боюнча жетекчи болууга укугу бар бир гана киши бар экен, ал согуш жылдарында Кыргызстанга эвакуацияланып келген татар аялы Медина Искендеровна Богданова экен.

Аспирантура бөлүмүнүн жетекчиси жаш орус аял дароо эле байланышып, М.И.Богданова менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатты. Бизге бул узак диалогдун бир жагы гана түшүнүктүү, экинчи жагы белгисиз. Бирок биз тараптан сүйлөшүп жаткан аялдын репликасынын, же берген суроо-жообунун контекстинен экөөнүн ортосундагы диалог тескери жакка ооп баратканы улам барган сайын дааналанып турду. Бөлүм башчысы, биз баарыбыз көрүп-билип турдук, мүмкүн болушунча М.И.Богданованы жумшартууга, көндүрүүгө аракет жасады. Бирок, ал киши эмне үчүндүр өз оюнан кайтпай койду окшойт, акыры бөлүм башчысы телефонду өз ордуна койду да, бизге карап, М.И.Богданова илимий жетекчи болууга макул эмес, сиздерди көрбөй, кеңешпей туруп эле сиздер менен иштешүүдөн баш тартып жатат, кебетеси сиздер, кыргыздар М.И.Богданованы катуу таарынтып койсоңуздap керек, билбейм, айтор, Кыргызстандан келгендер десем эле “жаа бою” качат. Дал ушинтип, “сиздер, кыргыздар”… деп айтты, бизге кайрылып бөлүм башчысы. Анда, телефон аркылуу бөлүм башчысы менен М.И.Богданова экөөнүн ортосундагы диалогдо, өзүнчө эле бир драмалык сцена жүрүп жатканын биз кайдан билдик. Жеке мен өзүм, калгандары дале ошондой болуш керек, бул окумуштуу бизге жетекчи болууну жөн эле каалабай жатса керек деп ойлодум. А чынында Кыргызстан жөнүндө айткандай эле “жаа бою” качканынын себеби өтө тереңде экенин түшүнүүгө биздин кудуретибиз жетмек да эмес. Биз Москвага келип эле тиешелүү орундарыбызга барып, отуруп калабыз деп ойлогонбуз. Ошон үчүн болуу керек, эмне үчүн ишибиз оңунан чыкпай, тескериленип жатканын түшүнүү, ойлонуу аракети эч кимибизде болгон жок. Камырап да койбодук. Москвадан жолубуз болбогон соң аспирантуранын бөлүм башчысы, айласы да кетти окшойт, Ленинградга барууну, кеңеш этти. Биз да ойлонгонубуз жок, дароо эле ошондой чечтик. Москвалык бөлүмдүн кеңеши боюнча Ленинградга жөнөдүк, ишенич аз болчу, болсо болор, болбой калса эмнебизди жоготтук, мынча болду Ленинградды кошо көрө кетелик дедик. “Кызыл жебе” (“Красная стрела”) деген поезд бар экен, уктап ойгонсок эле Ленинградга келип калыптырбыз. Жаан, туман, сентябрдын башында күн көрүнбөйт. Айный баштадык. Өзгөчө мен. Апама Москвага барам деп айткам да. Анан кокус Ленинград болуп калса, эмне деп ойлойт. Дагы калп айткан экен го дейт да. Вокзалдан трамвайга отуруп (анда Невский проспект менен трамвай жүрчү) академияны тез эле таап алдык. Бизди Москвага караганда Ленинград өтө жакшы кабыл алды. Бөлүм башчысы, жаш сулууча келген аял, телефон чалып сүйлөштү да, мостоюп эле бизди карап калды. Көрсө, анын сүйлөшкөн кишиси да “менин кыргыздар менен ишим жок, дегеле эми эч качан болбойт” деп, кудум М.И.Богдановадай, кескин жооп бериптир. Сүйлөшкөн кишиси П.Н.Берков деген окумуштуу экен. Биз эмне кылдык эле, Москвадан М.И.Богданова, бул жерден П.Н.Берков кыргыздарды жанына жакын жолотпогондой. Эч болбосо, кездешип сүйлөшүп коюшса боло. Же биздин билимибиздин тайкы экенин сүйлөшпөй эле сезип-билип жатышабы. Көрсө, иш башкада экен. Берков Павел Наумович, Богданова Медина Искендеровна coгуш жылдарында бири Ленинграддан, экинчиси Москвадан эвакуацияланып Фрунзеде жашап, Кирфанда тил, адабият жана тарых институтунда эмгектенишиптир, “Манас” эпосу, акындар поэзиясы жана кыргыз фольклору боюнча. Демек, ошол жылдары дал ушул тема, проблема боюнча эмгектенген кыргыздын эң биринчи филологдору Ж.Шүкүров, Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектеновдор менен өнөктөш болгону талашсыз. Бирок булар эч качан П.Н.Берковдун, М.И.Богданованын көңүлүн калтырышы мүмкүн эмес. Экөө тең бийик квалификациялуу окумуштуулардан болгондуктан, алар эч качан жаңыдан калыптанып, өз элинин, өз улутунун адабий-көркөм мурасын изилдей баштаган окумуштуулар менен конфликтиге барышмак эмес. Булардан тышкары ошол жылдары кыргыз филологиясында, өзгөчө адабий сында даңазалуу “Үчөө” (Ж.Самаганов, П.И.Балтин, Г.Нуров) деген бар болчу, балким ушулар менен кездешип, кагылышып калгандыр. Алар эч кимди аяшмак эмес, бөтөнчө ВКП (б) БК “Звезда”, “Ленинград” журналдары жөнүндөгү токтомдон кийин. Эгерде ошондой болгон күндө да, алардын кыянатчылыгын, адабий сындагы ашкере саясатташкан чабуулун жалпы элдин деңгээлинде жалпылаштырууга, синтездөөгө болот беле, эми биз ал мезгилдин окуучулары, анан студенттери эмне үчүн алардын күнөөсүн көтөрүшүбүз керек. Чынын айтыш керек, анда биз эч нерсе түшүнгөнүбүз жок. Баарынан түшүнүксүзү – экөөнүн позициясы сүйлөшүп алдын ала макулдашып алгандай, бир жерден чыгып жатканы. Көрсө, маселенин тамыры алда кайда тереңде экен. Мен аны көп окуялар өткөндөн кийин таанып-билдим.

Илимий жетекчинин маселеси Москвадагыдай болуп, туюкка кептелип чечилбегенден кийин, биз кетүүгө кам койдук. Колубуздан эчтеке келбейт, башка айла жок. Бирок бизди бөлүм башчысы, жанагы жылдыздуу, жаркын аял, кетирбей, кармап туруп алды. Көрсө, биз Орто Азиядан, айрыкча Кыргызстандан аспирантурага ушундай тобубуз менен биринчилерден болуп келиптирбиз, ушунча алыс жерден окуйбуз деп атайы келсеңер, силерди сөзсүз орноштуруу керек деп улам бир жакка телефон чала баштады. Эң акырында өзбек тили боюнча адис, профессор Боровков төртөөбүзгө илимий жетекчи болууга макулдугун берди. Өзүбүзчө чечтик: ага Кулан Рысалиев, Сейитказы Байгожоев, Мукаш Түлөгабылов, Жаныбек Толеев төртөө бармак болушту. Сагыналы Асанкулов экөөбүз калдык. Көрсө анын максаты башка экен. Ал түз эле философияны кааларын билдирди. Бөлүм башчысы кыйналбай чечти, Асанкуловдун проблемасын. Академиянын Ленинград бөлүмүнүн философия кафедрасынын башчысы, профессор, Б.А.Чагин эч каршылык көрсөткөн жок, телефондон дароо эле каршы эместигин айтты. Ошентип, мен жалгыз калдым. Менин да өз максатым бар болчу. Болбосо, жанагы төртөөнүн, “кызыл дипломчу” катары, эң биринчиси мен болмокмун. Менин оюм, артык баш болуп, айылга кетмей… “Кытмыр” оюм ишке ашты го деп ичимен кымылдап турсам, жанагы жылдыздуу орус аял дагы бир жакка телефон чала баштады. Ушул учурда айта кетүү керек окшойт, жол көрсөтүп, жол башкарып жүргөн жетекчибиз Сейитказы Байкожоев, а мен болсом, кызмат жайына келгенде сүйлөшүүнү мен жүргүзчүмүн. Ошону байкап калса керек, айтор бөлүм башчысы бир “орчундуу жай” менен сүйлөшүп жаткандай болду. Ким экенин кайдан билейин, эчтекеден шек албадым, оюмдун баары айылда. . .

 

Мына дал ошол күнгө чейин орус адабиятын изилдөө боюнча “Пушкинский дом” деген ат менен дүйнөгө белгилүү өзүнчө бир илимий борбор бар экенин билчү эмесмин, уккан да эмесмин. Бул түркөй караңгылыкпы, же билимдин чектелгендигиби, айтор мааниси боюнча ушуга жакын накта болгон окуяны айтууга туура келип жатат. Биз менен кошо келген тарыхчы жигит бар эле. Археология бөлүмүндө кыйналып жүрдү – өзү менен бирге кирген өзбекстандык уйгур кыз минимумдарын бүтүп, диссертациясын даярдай баштаган. Ал эми биздин тарыхчы жердешибиз экзамендеринен да, тема боюнча реферат жазууда да аябай кыйналды. Көрсө, археологиялык даярдыгы жетишсиз турбайбы. Эң кызыгы, адегенде аспирантурага өтүп, тема тандап аларда, “археологиябы” же “этнографиябы” деп сураса, “археология” деп жооп бериптир. Муну өзү айтып берген, археологиянын мындай татаал экенин билсем, этнографияга эле өтүп албайт белем деп, өкүнүч менен айтып берген. Ушунун эле дагы бир сыңарындай “Пушкинский дом” деген адабий кол жазмалардын, адабий-изилдөөлөрдүн өзүнчө бир дүйнөлүк маанидеги борбору бар экенин билбей жүрүп, эми ошонун эшигин аттаганы отурам.

Тагдыр деген ушул. Башкача айталбайм. Аспирантурага өтсөм деп жанталашпадым. Чамынганым деле жок. Ал турмак, айтып атпаймынбы, кайда барып, эмнеге туш келгенимди билгеним да жок. Ойго келбеген жерден эле өзүнөн-өзү бирине-бири жалгашып, бир окуя экинчи окуяга уланып отуруп, акыры түшүмө кирбеген “Пушкинский дом” деп аталган дүйнөлүк илимдин куту орногон аспирант болдум да калдым. Анан, ушул тагдыр эмей эмне! Дагы айтам, кандай жайга, кандай жерге келип туш болгонумду түшүнгөнүм да, сезгеним да жок. Мен муну, орус адабиятынын эң бир ыйык, эң бир бийик мартабалуу мунарасына, кокусунан, бакыт-таалай деген неме өзүнөн-өзү колго түшүп келген күнү туш болгонумду, кийин бир жыл чамасы өткөндө сезе баштадым десем болот.

Ал мындайча болду. Аспирантурага кирүү экзаменин бергенимде эптеп эле жөлөп-таяп “үч” коюп беришкен. Төркүндөн келген торпоктой тигил жакты бир сүзгүлөп, бул жакты бир сүзгүлөп аябай эзилгем. Эсимде, суроо деле анчалык оор эмес эле. Тек гана фрунзенин Пединститутун Сталиндик стипендия менен бүткөн чамам ошол болчу. Кийин кандидаттык минимум боюнча “Пушкиндин прозасы” деген темада экзамен тапшырдым. Байкаган эмесмин. Кирүү экзаменин алганда да, кандидаттык экзаменде да негизинен ошол кишилер, көрүнүктүү Пушкинисттер болгон экен. Мени менен кошо Осетин элинин азыркы көрүнүктүү акыны, прозаиги, адабият-тарыхчысы, сынчысы, филология илимдеринин доктору Нафи Джусойты (кийин Джусоев болуп алды) бар эле. Ал анда аспирантуранын акыркы бүтүрүүчү жылында болчу. Осетин элинин улуу акыны Коста Хетагуров жөнүндө диссертациясын жазып бүтүп калган. Илимий жетекчиси П.Н.Берков болчу. Менин артыман Нафи Джусойты (Джусоев) тез эле чыкты. Кавказдыктар бизге, өзгөчө грузиндер, “бийиктен” төмөн карагандай мамиле кылчу. Нафи андай эмес, шартылдаган ачык-айрым болчу. Чыгып келатып түз эле мага кайрылды: “Кеңешбек билесиңби, бул кыргыздын баласы, келгенде кандай эле, эми карагылачы, бир жылдын ичинде кандай өзгөрдү” дешип, сени жерге-сууга тийгизбей мактап жатышат, билесиңби сени кимдер мактап жатышат, болгондо да дүйнөгө атактуу Пушкинисттер. Ушул сөздөрдү, комиссиянын жыйынтыгын угууга кайрадан киргенде, комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү дээрлик сөзмө-сөз кайталашты. Албетте, жерге-сууга батпай кубандым. Баарынан мен үчүн эң маанилүүсү мага берилген проблеманын перспективалуу экендигинде. Пушкиндин прозасы, гениалдуу акындын поэзиясы менен эле бир катар жаңы орус адабиятында башталуунун башталышы. Аны түшүнүш үчүн Пушкиндин прозасы жөнүндөгү улуу акындын замандаштарынан баштап, советтик мезгилдеги фундаменталдуу изилдөөлөргө чейин карап, иликтеп чыгуу зарыл. Мен ошону иштеп чыктым. Эч гиперболасыз айтканда эле ушул жолу өз алдымча “университеттик курсту” бүткөндөй болдум. Адабият илиминдеги жолум ушул чекиттен башталды деп тайманбай айталам.

Тагдыр деген ушубу. Сени курчап турган айлана, атмосфера эмне экенин, ал кандай таасир этерин мен ошондо гана билдим. Аздыр-көптүр билим, шык, кызыгуу-жөндөм болсо-болгондур, бирок ошол “аздыр-көптүр” кандай жагдай-шартка туш келди, маселе ошондо экен да. Д.С.Лихачевдун аспиранттарга өткөргөн семинары, М.П.Алексеевдин, Б.В.Томашевскийдин, Н.К.Пиксановдун, А.С.Бушминдин, Б.С.Мейлахтын ж.б. сөздөрү, лекциялары, окумуштуулар советиндеги кызуу талаш-тартыштар, ар бири өзүнчө, жекече эч качан кайталангыс драмалык сценалар экен. Мындайлар бир эле жолу эмес, дайыма үзгүлтүксүз болуп турчу. Анан ушундай атмосферада жүрүп, тимеле “көңдөй чанач” болсо да бирдеме жукпайбы. Маселен, Дмитрий Сергеевич Лихачевдун бир жолку семинарда айткан жөнөкөй бир сөзү али күнчө кулагымда. Ленинграддын Невский проспектиси анда цивилизациянын өзүнчө эле гүлдөп турган жайындай сезилчү. Азыр кандай экенин билбейм. Айрыкча бул көчөдөгү китеп магазиндер өзүнөн-өзү эле тартып тураар эле. Айтор, Д.С.Лихачев китеп магазиндер жөнүндө атайы айтып келип, сөзсүз эле жаңы китепти сатып алуунун зарылдыгы жок, жөн эле авторун, китептии атын, убакыт жетишсе мазмунун кошо карап койгула, эстеп калууга да аракет жасабагыла, керектүүсү кийин өзү эле эсиңе түшөт деди. Бул сөздүн чындыгын мен өзүмдүн турмушумда бир нече жолу аныктадым. Көрсө, чын эле баягыда көргөн жаңы китептин керектүүсүн кадыресе жашоо-турмушуңда жолуктурбай койбойт экенсиң, библиографияда, аннотацияда, рецензияларда ж.б.

Ошентип тагдырдын бир буйругу менен “Пушкинский дом” деп аталган орус филологиясынын улуу өкүлдөрү бир жерге жыйналган укмуш жайга туш болгонумду эстеп, мен кийин кыргыз илимдер академиясында иштеп жүргөндө да, иштебей кызматсыз талаада калганда да, далай жолу өкүнгөм, өкүнгөнүм-ошол укмуш жайдын асылзат байлыгын өз учурунда жетишерлик өздөштүрүп, “сиңирип” пайдалана албай калганым. “Пушкинский Дом” деп аталган орус маданиятынын бир чордонунда жүрүп, ал турмак короо жагынан кирчү тарабында төртүнчү этажда жашап (аспиранттардын кошумча жатаканасында), “Тучкова Набережная” тарабында окуп жүрүп, өз учурунда не бир укмуштарды байкабай калганыма кийин көзүм жетип, далай жолу бармагымды кесе тиштедим.

Пайдалана албай калганым, мага берилген мөөнөттү (3 жыл) текке кетирип, “тартипсиздик” жасагандыктан эмес, тескерисинче, өзүмө өтө катуу режим коюп, ар бир жуманын алты күнүн Пушкин үйүнүн атайы аспиранттар бөлүмүндө же Салтыков Щедрин атындагы китепканада ишке жумшап, жетинчи күндү гана “өзүмө” пайдаланчумун (мончо, кино, театр, музей ж.б.) Баарына үлгүрө албай калган себебим, эң оболу, өзүмдөгү кругозордун тардыгы, жетишсиздиги, Пушкин үйүндөгү “асылзаттын” эң керектүүсүн, эң зарылын “калгандарынан” ажыратып алалбай, системасыз, экинчи, үчүнчү катардагы маселелерге аралаштырып, убакыттын далайы сырткары кетип калгандыгы. Албетте, диссертацияны өз мөөнөтүндө коргоо (өзүм менен бирге баргандардын ичинен эң биринчи болуп, дал убагында жактадым), бул кантсе да негизги милдет го, аны мен көз жаздымымда калтырган жокмун, бирок ошонун артынан бир беткей түшүп, башкача ала турган, келечекте зарыл болгон жагдайларга көңүл бурбай калыптырмын. “Дүйнөнүн баарын камтый албайсың” деген чындык бар, аны жакшы билем, сөз бул жерде “баарын камтуу” жөнүндө эмес, сөз Пушкин үйүнүн келечектеги адабиятчы менин керт башыма тиешелүү мүмкүнчүлүктү пайдалана албай калыптырмын, сөз ошо жөнүндө. Баары колдо экен, түшүнбөптүрмүн, сезбептирмин, жөн эле билбептирмин. Ошондой болсо да өз учурунда бул шумдуктуу жай мен үчүн күтүүсүздөн колго тийген мартабадай жашоо тагдырыма бүтүндөй бүлүк салды, адабиятка болгон мамилем түп тамырынан коңторулду, мурда аздектеген далай идеялардан кол жуудум.

Дал ушундай жагдайда менин адабий тагдырыма адегенде “бизди”, “кыргыздарды” жанына жолотпой койгон дал ошол П.Н.Берков өзү түздөн-түз кийлигишти десем болот. Окумуштуулар кеңешинде менин диссертациямдын темасы талкууланып жаткан. Темам Аалы Токомбаевдин поэзиясына, борбордук проблемасы “Кандуу жылдар” романына байланыштуу болчу. Бул теманы 3-4-курста окуп жүргөндө А.Тайгүрөңовдун жетекчилиги менен курстук иш катарында жазган элем. Эми ошону эле улантып, тереңдетип диссертацияга айландырам го деп ойлогом. Окумуштуулар кеңешинде отургандардын бир тобуна Аалы Токомбаевдин ысымы тааныш экен, жактап чыгышты. Бир оокумда, куп жыйынтык чыгаарда, четтерек отурган ак чач, сары алкак көз айнекчен жапалдаш бойлуу, ортодон өтө жашап калган киши тура калды да, түз эле бул темага каршы экенин билдирди. Өз оюн далилдей баштады. Көрсө, дал ушу киши П.Н.Берковдун өзү экен. Ырас, проблеманын тууралыгын айтты, бирок бул маселенин татаалдыгына басым койду да, менин тажрыйбасыздыгымды, жалпы адабий даярдыгымды айтып келип, кантсе да менин катуу чайналарымды түшүндүрдү. Деги, бул тема бул аспирант үчүн эмес деп күтүүсүз, чукул жыйынтык чыгарды да өзүнүн сунушун дароо киргизди. Формулировкасы мындай эле: “Түгөлбай Сыдыкбеков и его роман “Люди наших дней”. Кыскасы, П.Н.Берковдун сөзүнөн кийин, мына-мына бекий турган темам бекибей, кийинкиге калтырды. Мага ойлонууга мөөнөт берилди. Кийинки кеңешмеде П.Н.Берковдун сунушу талкууланбай эле кабыл алынды.

Мага ойлонууга мөөнөт берилгени Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндөгү тема көңүлүмө түшпөй койду. Ошондуктан, кыйнабайлы, окумуштуулар кеңешинин кийинки заседаниесине чейин ойлонсун дешти окшойт. Ошол эле жерден П.Н.Берков мени чакырып алды да, отузунчу жылдардагы кыргыз тилиндеги газета, журналдарды баштан-аяк барактап чык, өзгөчө көңүлүңдү А.Токомбаевдин материалдарына бур, анан сүйлөшөбүз деди. Эртеси эле, калган иштеримдин баарын токтотуп, Салтыков-Щедрин китепканасынын “Периодика” бөлүмүнө бардым. Он күндүн тегерегинде тынбай,  бир беткей иштедим. “Кызыл Кыргызстан” газетасы менен “Ала-Тоо” журналын согушка чейинкисин өтө тыкандык менен карап чыгууга аргасыз болдум. Анткени, мен издеген материалдар мазмуну боюнча ошончолук татаал, көп жагынан түшүнүксүз да экен. Менин идеяларымдын кыйрашы ушундан башталды. Бөтөнчө А.Токомбаев менен К.Тыныстанов экөөнүн ортосундагы келишпес каршылашуу мени жөн эле таң калтырган жок, эң негизгиси булардын “кимиси ким” дегенге жооп таба албай койдум. Кийинки окумуштуулар кеңеши башталар алдында П.Н.Берковго болгонун айтып бердим, “мына эми, маселени өзүң чеч” деди да, өз эркиме койду. Менин сөзсүз макулдугуман кийин окумуштуулар кеңеши П.Н.Берковдун өткөндөгү сунушун талкууга койбой эле бекитип койду.

Эмне үчүн, адегенде, Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндөгү темага көңүлсүнбөй, ойлоноюн деп мөөнөт алганымдын себеби бар болчу. Ал мындайча. Түгөлбай Сыдыкбековду биринчи жолу студенттик кезимде Кирфандын залында (СССР академиясынын Кыргызстандагы филиалынын залында) болгон кыргыз совет жазуучуларынын адабий талкуусунда көрдүм. Чачын Керенскийдей тикесинен, кыска (“ёжик” деп койчу) койгон, эмне үчүндүр бутунда өтүк, күн жылуу болчу, оорукчалбы, айтор өңү кумсарыңкы, ошол кафедрадагы кебетеси азыр да көз алдымда. Республикалык газетага А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романы жөнүндө Ж.Бердибековдун бир беткей “талкалагыч” макаласы жарыяланган эле. Айтор чуу эле түшүп калды. Анда А.Токомбаевдей бийик мартабалуу акын, “Кандуу жылдардай” колдон түшпөгөн окумалдуу китеп жок болчу. Эми ошол Ж.Бердибековдун макаласынын негизинде “Кандуу жылдар” романы боюнча эки күнгө созулган кызуу талкуу жүрүп жатты. Мен ошол учурда ушул чыгарма жөнүндө курстук иш жазып жүргөм. А.Тайгүрөңов агай уюштурса керек, бир кыйла студенттер барыптырбыз, залдын арт жагына барып, чогуу отурдук. Ошондо сүйлөгөндөрдүн ичинде менин эсимде ачык, даана калганы Т.Сыдыкбеков болду. Биринчиден, ал адегенде эле ошол жерде отурган студенттерди кагып-согуп кирди, бул деген жазуучулардын жыйыны, чыгармачыл жыйын, чуулдабай жөн, тынч отургула. Сөздү дароо эле ушундайча агрессивдүү баштаганынын негиздүү себеби, А.Тайгүрөңов агай өзүнө жакын бир топ студенттерден А.Токомбаевди колдош максатында жаат курап барган сыяктуу. Т.Сыдыкбеков муну сезсе керек. Экинчиден, Түкөмдүн ошондогу сөзү менин мурдатан келаткан ишенимиме, ал турмак ыйык туткан мүлкүмө тикеден-тике кол салгандай болду. Студенттик кездеги курстук иш катарында жазылган иште канчалык ой-пикир болмок эле, эсимде жок, бирок примитив экенине көзүм жетет. Ал эми тажрыйбалуу жазуучу (“Биздин замандын кишилери” жазылып бүтүп, жарыялоо маселесинде кыйынчылык болуп жатса керек эле) түз эле А.Токомбаевдин өзүн, анын эң көрүнүктүү жаш кезиндеги жалындаган сезимдерин төгүп жазган эң башкы чыгармасы (мурда да, кийин да) “Кандуу жылдарды” түп көтөрө омкоруп таштагандай болду. Эң кызыктуусу оозеки түрдө, экспромт менен сүйлөгөн жок, алдын ала даяр жазылган текстти окуп берип жатты. Т.Сыдыкбековдун сөзү узакка созулду окшойт, залдан кимдир бирөө чыдай албай кеттиби, же жанагы уюшкандардын бириби, айтор Т.Сыдыкбековго кайрылып, “Кең-Сууну” окуп жатасыңбы, жетишет деп кыйкырып жиберди. Студенттер чуулдап, кол чаба баштады. Оратор көңүл да буруп койгон жок, токтобой эле даяр текстти окуй берди. Эң акырында “Аалыке эсиңиз барда, этегиңизди жабыңыз” – деп, корутундулады. Ошондо, мен үчүн, бул сөз өтө орой, орунсуз, эч кандай негизи жок айтылгандай болду. Талкуунун эң акырында А.Токомбаев сүйлөгөндөргө жооп берди. Ошондо “Түгөлбаев Сыдыкбек” деп анын аты-жөнүн тескери айтып, сага Молдо Кылычтын эки сабы менен жооп берейин деди:

Салпылдап учкан кулаалы

Кушмун деп ойлойт бу дагы…

Түшүнүктүү го, каймана айтылган бул сөздүн түпкү маңызы, кимге жана эмнеге карата айтылып жатканы. Ал кезде жазуучуларды көрмөк турсун, аты-жөнүн газета, журналдардан окуп калсак, бизге башкача жаралган, башка бир жактан түшүп келгендей сезилчү. Бул менин жазуучулардын кагылышын биринчи жолу көрүшүм болчу. Болгондо да Токомбаев менен Сыдыкбековдун. Анда бул экөөнүн ортосундагы ажырым ушунчалык терең экенин, анан ошол ажырым улам барган сайын күчөп, ырбап кетерин кайдан билейин. Эми, кандидаттык диссертациянын темасын тандай албай, өзүм каалаган А.Токомбаевдин “Кандуу жылдарын” жазайын десем “кыйындыгы” чоочутса, Т.Сыдыкбековго көңүлүм чаппаса, ошентип кыйналып, кысталып турганда П.Н.Берков мага периштедей эле болуптур.

“Адабий айкаш” китебинен