Кеңешбек Асаналиев: Шүкүрбек жана мен

Шүкүрбек жана мен

Пушкин үйүндөгү менин жашоо турмушумдун алтын тилкеси аяктап баратты. Өз учурунда көп нерселерди тиешелүү даражада баалай албаганым, же не бир асыл-заттарды өздөштүрүп үлгүрө албай калганым, бул менин күнөөм эмес. Мен бүтүндөй оюмду, акыл-эсимди үч жыл бою бир гана нерсеге, китепке бурдум. Убакытты текке кетирбей пайдаланууга аракеттендим. Ошондой болсо да өз жеримде мектептен, институттан алган негизим, даярдыгым канча болсо, андан аша албайт элем да. Анын үстүнө мен өзүмдүн жашоомдо бийикке умтулбадым, таалай эмнени буюрса, азбы-көппү ошого ыраазы болуп жашадым. Дал ошол таалай-тагдырдын буйругу менен Пушкин үйүнө туш келдим. Таалай-тагдырдын буйругу менен Н.Ф.Бельчиков, Д.С.Лихачев, П.Н.Берков, М.П.Алексеев, В.В.Томашевский, В.С.Мейлах өңдөнгөн дүйнөлүк наамы бар окумуштуулардын сөзүн угуп, ошолордун окумуштуу атмосферасында үч жыл бою жашадым. Мына ушунун өзүнөн эле мага бирдемелер жукту окшойт. Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети дейт эмеспи, кыргыз адамы.

Аспирантураны өтөгөн жердин шарапатынанбы, же ошол учурдагы кыргыз чындыгын, кыргыз турмушунун бир башкача бөтөнчөлүктөрүнөн уламбы, айтор, айылыма Сокулукка келип түшөр менен эле кандайдыр бир оюма келбеген, күтүлбөгөн кырдаалга кез келдим. Түз эле айтайын, билбейм, кайдан угуп, кайдан билгенин, мен келелекте эле мен жөнүндө Шүкүрбек Бейшеналиев “Кыргыз адабияты боюнча экинчи илимпоз” деген макаланы “Ленинчил жаш” газетасына (1953-ж., 5-декабры) жарыялаптыр. Болгондо да сүрөтүм менен, аны да кайдан алганын билбейм. Үчүнчү курста окуп жүргөндө жайында түшкөн сүрөтүм бар эле, ошол экен. Бирок “Советская Киргизия” газетасынын 1953-жылдын 26-ноябрындагы санына Ленинграддык кабарчы И.Пиккиев дегендин “Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы жөнүндө илимий эмгек” деген макаласы чыккан экен. Балким Ш.Бейшеналиев кабарды ушундан алса керек. Бул газеталарды апама айылдагы балдар алып келип бериптир. Сактап коюптур. Эч кандай жөнү жок басмырланбай айтканда деле мындай даңазаны күткөн эмесмин. Бар болгону кандидаттык диссертация, а мен жөнүндө айтылган сөз “тоону томкоруп, ойду омкоруп таштагандай”.

Баарынан таң каларлыгы Ш.Бейшеналиевдин макаласы болду. Экөөбүз Пединститутта окуп жүргөндө, 4-курста болуш керек эле (ал менден бир курс кийин болчу) таанышып калганбыз. Таанышканыбыздын жөнү деле негизинен “чыгармачылыкка” байланыштуу. Мен да жаш кезимде ыр менен алек болуп жүрчүмүн. Көрсө ал да ошондой экен. Бир жолу үйүнө чакырып барды. Орустун үйүндө квартирада турат экен. Кадыресе конок кылды. Мындан башка экөөбүздүн арабызда эчтеке болгон эмес. Ал өзүнүн курсунда, мен өзүмдүн курсумда, кездешчү да эмеспиз. Жата калып, тура калып ырларымды мактачу, бар болгону ошол. Мен Пединститутту бүтүп, кетип калдым. Ошол бойдон үч жыл бою аспирантурада жүргөндө бир да жолу кездешкеним, же кабарлашканым жок. Унутуп деле калгандай болгонбуз. Анан, мына минтип кандидат болуп келсем эле “Ленинчил жаш” гезитинде сүрөтүм менен бакыйган макала. Менин бул фактыга кадалып, кеңири токтолуп жатканымдын себеби, Ш.Бейшеналиев менен болгон татаал мамилелеримдин эң алгачкы башталышы ушундан го деп ойлойм. Мен түшүнөм, экөөбүздүн жекече мамилебиз кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүш кыймыл- аракетинде түккө турбаган нерсе. Ошондой болсо да ойлойм, жандуу адабий кыймылдын өйдө-ылдый кыйчалыштарын тактоого, ырастоого келгенде, балким, ушундай анча деле көзгө илинбеген, колго урунбаган окуялар керек болуп калышы толук ыктымал. Анын үстүнө эч кимге жашырын эмес Ш.Бейшеналиев өзүн ар түрдүү жолдор менен чоң жазуучулардын катарына кошуп келди. Ушул жагынан алганда деле өз учурунда акырына чейин айтышпай калган айрым бир чындыктарды айтыш үчүн да эскирип калгандарды эске түшүрүү кээде керек окшойт.

Азыр дале күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мен келгенде Ш.Бейшеналиевдин ыргыткан ташы өйдө кулап, мейли “чыгармачылык” жагынан болсун, мейли кызматтык жагынан болсун зоболосу көтөрүлүп, чамгарактап калган учуру экен. Эки-үч китеби чыгып, сөзгө алынып дегендей… Кызмат жагынан болсо республикалык комсомол комитетинин идеологиялык секретарына чейин жетишип калыптыр. Анан ушундай мартабасы ансыз да бийиктеп бараткан кырдаалда, мага атайы көңүл бөлүп, менин таржымалымды ийне-жибине чейин үйрөнүп, алтурмак айылдагы жүгөрүнүн баясы менен жабылган (Ш.Бейшеналиев жазгандай камыш эмес) эски үйүмө чейин тактап билип, макала жазуунун максаты эмне эле. Ырасын айтайын буга акылым жетпеди. Айтор, биз жакындашып кеттик. Жолуккан жерден кыя өтпөйбүз. Бир жолу конок да болдум.

Ошондо мен Ш.Бейшеналиев тарабынан “жээрде сакал, жээренче чечен” атка кондум. Жолугуп калсам, же телефондон сүйлөшүп калсак, ал мени дайыма ушинтип чакырат. Өзүнө жакса керек, жакшы ойлоп таптым дегендей. Мага болсо тескерисинче, бирок билдирбейм. Ушинтип жүргөн учурда бир күнү “кол жазмам бар эле, ошого пикир керек” деп суранып калды. Эчтеке ойлогонум жок, “жакшылыкка-жакшылык” деген шаан-шөкөт деле эсиме келген жок. Тек гана кол жазма Кычан жөнүндө экен, ошол кездеги бекемделген көз караш менен алганда сөзсүз жактырууга негизи бар чыгармалардан. Чыгарма да дал ошондой мерчем менен жазылганы көрүнүп турат. Даяр калыпка, белен үлгүгө салуу, бул табигый, мыйзам ченемдүү көрүнүш. Демек, орус элинде Павлик Морозов болсо, кыргызда Кычан Жакыпов болуш керек.

Тагдырдын оюнубу, чыныбы билбейм, биздин өз ара карым-катыш байланышыбыз кандай чукулунан шаңдуу башталса, дал ошондой эле баш-аягы төрт-беш жылга жетпей чорт кескендей токтоду. Буга себеп кандайдыр бир турмуш-тиричилик кырдаалдары, же бир кызматтык мансап талаш-тартыштардын негизинен эмес, дале болсо “чыгармачылыкка” байланыштуу келип чыкты.

Биздин өз ара мамилебиз чорт кескендей токтогондо да, мурда көрүнгөн эле жерден саламдашып, колду коё бербей жүргөндөр, эми карашпай да, учурашпай да калдык. Мен бул жөнүндө ошол учурунда да, кийин да көп ойлондум, эмне үчүн ушундай болуп кетти деген суроого жооп да издедим, бирок таппай койгом. Мансап же “башкасын” талашпасам, антүүгө менин чама-чаркым да жетмек эмес. Ошондуктан маселенин түйүнү ачык болсун үчүн бул иш эмнеден башталды, документалдуу түрдө айтып берүүгө туура келет.

Ш.Бейшеналиев ошол мезгилде өзүнүн кызматтык туу чокуларынын бирине (бул кишиде мындай туу чокулар көп эле болду) чыгып, менменсип турган кези. Бүткүл аракетин, күчүн, өзүндөгү болгон рухий жөндөмүн бир гана ишке, бир гана максатка жумшап, көбүрүп-жабырып турган кези.

Ушундай, ар ким өз бакыт кушун издеп жүргөн күндөрдүн биринде мага алыстан, Сочиден кат келип калды. Конвертти алганда эле айныбай тааныдым. Ш.Бейшеналиев жазган кат. Эмне үчүн Сочиден? Көрсө эс алганы барган экен. Ошол жылдардын бирден бир шаан-шөкөтү, партиялык, коомдук ишмерлер үчүн, отпусканы Крымда, Сочиде, оголе ашкандары Болгарияда, Чехословакияда өткөрүү. Арийне, бийликтеги адамдар. Бул – номенклатура деп аталган өзүнчө бир советтик, коомдук катмардын, чөйрөнүн бөтөнчө укугу, мындайча айтканда, “атасынан калган” шыбага-энчиси. Ш.Бейшеналиев ошол чөйрөгө кирип калган. Ошо киши мага тээ алыстан, Сочиден, эс алып жаткан жеринен атайы кат жазып жатат. Кандай максат, кандай себеп менен? Эмне болуп кетти?

Көп эле кишилерден кат алчумун. Алардын арасында көрүнүктүү окумуштуулар, жазуучулар деле бар. Бирок алардын көпчүлүгү сакталчу эмес. Эмне үчүндүр Ш.Бейшеналиевдин ушул каты аялуу кагаздарымдын арасына түшүп, сакталып калыптыр. Азыр байкасам, ошондой болгону ырас болгон экен. Көрсө, бул кат экөөбүздүн жеке мамилебизге гана байланыштуу эмес, ал мезгилде дегеле менин оюма, капарыма келбеген татаал адабий кырдаалдар жөнүндө экен.

Кат мага арналып жазылгандыктан, каттын ээси катары анын кээ бир урунттуу жерин окуучу менен бөлүштүрүүнү ылайык таптым. Чынын айтайын, Ш.Бейшеналиев жазуучу катары сөздү атайы кооздоп жазганы мага жакпайт, ал аны көркөмдүк деп түшүнөт. Чынында ал калп кооздук. Көрсө, кат жазганда да ошол “стилинен” бошоно албайт экен: катты “Кеңеш!” деп баштап, илеп белгисин коёт да, андан ары, “жээрде сакалыңды желпип, жээренче тилиңди кайрап, куйган кыттай стол кучактап олтургандырсың…”, айтор ушундайча жасалмалуу, курулай патетика менен башталган кат жүрүп отуруп, ошол учурдагы кыргыз адабияты келип такалган эң бир орчундуу түйүнүнө токтолот. Ш.Бейшеналиев андан ары минтип билдирет: “… өткөн жылы Кисловодскиде Аалы менен чогуу болгом. Бул ирет Түгөлбай мененмин. Эки дөө менен тең курортто, ээн-эркин жагдайда жолугуп, ой-пикирим канганча, көп нерсени колтукка түртүп сурап, угуп, билип алганыма өтө ыраазымын. Ал аксакалдардын жазганынан да биз үчүн көмөкөйүндөгү сырын) билиш канчалык чоң байлык, өчпөс элес! Ушуну окуп жатып, экөө жөнүндө кандай пикирдесиң деген купуя кыял чекенди торс чертерин сезип турам. Бул темада экөөбүз далай кызыл чеке болгонбуз. Ошентсе да жээренченин тили менен эки сөз айтайын:

Биринчиси, илелүү, айлакер дөө – (aл мени админстратор, атка минер катары тааныйбы деп ойлойм). Анткени ушул мезгилге дейре менин чиймелерим тууралуу (салтта да, маданиятта да жок жорук деген публицистикалык макаламдан бөлөк) чолок ооз сөзүн уга элекмин.

Экинчиси, капа күчүнө сыйынган булчуңдуу дөө – ал мени жазуучу катары тааныйт…”

Ш.Бейшеналиевдин бул каты 1958-жылы 15-апрелде жазылып жатат. Бул жерде бардыгы эсепке алынып, такталган. 1956-жылы “Ала Too” журналынын №7 санына А.Токомбаевдин “Бетме-бет кеңири кеңешели” деген макаласында, Т.Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” катуу сынга алынат, саясий айыптар коюлат. Анын чуусу узакка созулган, “Эки дөөнүн күрөшү” деген фольклордук афоризм эл арасында далайга айтылып жүрдү. Демек, Ш.Бейшеналиевдин Сочиге адегенде 1957-жылы А.Токомбаев менен анан 1958-жылы Т.Сыдыкбеков менен жекеме-жеке келиши түк кокустук эмес. “Эки дөөнүн күрөшү” бүтөлекте алардын ар бири менен “курорт” зонасында кездешип, өзү жазгандай колтукка түртүп көмүркөйдөгү сырларын билүү болгон. Ш.Бейшеналиев үчүн “эки дөөнүн” көмүркөйдөгү сырынын эң маанилүүсү өзү жөнүндөгү алардын ой пикири. А.Токомбаев акын, поэтикалык аң-сезими лирикалуу, ошондуктан Ш.Бeйшeнaлиeвдин ортозаар прозалык “жазуучулугуна” караганда, аткаминерлик, админстративдик жөндөмү басымдуу болуп көрүнүшү мүмкүн. Т.Сыдыкбековдун панорамалуу романдарына, албетте, өзүнө окшогон автор жакын турат. Жогоруда келтирилген узак шилтемеде сөз анчейин экөөбүздүн ортобуздагы “кыжың-кыжың” эмес, улуттук адабияттын менменсинип тирешкен лидерлери жөнүндө, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков жөнүндө баратат. Алардын ар биринин өз орду, өз мааниси бар. Бирок, учурунда адабияттын өсүп-өркүндөшүнө өз таасирин кеңири жайылтууга максат кылгандардын ортосунда ар кандай пикир келишпестиктер, ал турмак-тикелей кагылыштар болушу толук ыктымал. Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбеков экөөнүн ортосундагы узак жылдар бою созулган бирде дымып, бирде кайрадан күчөп, бууракандаган таймашуу жалпы эле көркөм адабиятка болгон карама-каршы эстетикалык көз караштардын негизинен келип чыктыбы, же мунун тереңинде жаткан ички адамдык-пенделик субъективдүү себептер барбы, бул атайы кеңири иши. Кезеги келгенде ал да аткарылууга тийиш. Токомбаев менен Сыдыкбековдун бири-бирине болгон татаал, көп проблемалуу мамилесин кандай сездим, кандай кабылдадым, ошол жөнүндө айтышым керек. Бул түшүнүктүү. Ал үчүн 1956-жылы кыргыз совет адабиятында “күн чайыттай туруп, жаап кирген бороондой” капсалаңдуу бир ситуациядан башташым зарыл. Ал ситуация өзүнчө бир бүткөн сюжеттүү баяндама болгондуктан, аны өз учуруна калтырайын. Анын үстүнө азыркы Ш.Бейшеналиев жөнүндөгү сөздүн чыйралышы бошоңдоп, кызуусу жанып кетпесин.

Башкасын билбейм, Ш.Бейшеналиевдин жогортодо келтирген сөздөрүнөн мени ошондо да, кийин да аябай таң калтырганы, жөнөкөй айтканда күчтүү таасир эткени, А.Токомбаевдин, Т.Сыдыкбековдун жекече сапаттарына берген мүнөздөмөлөрү (мен алдын сызып койгон) болду. Мен бул маселе жөнүндө эч качан ойлогон эмес элем, анда мен үчүн алар ыйык көрүнүштөр болчу. Ал эми ыйык нерседен кынтык издөө “макүрөө”, күнөө иши катарында сезилчү. Ал эми Ш.Бейшеналиев болсо түз эле А.Токомбаевди “илелүү, айлакер дөө”, Т.Сыдыкбековду болсо “кара күчүнө сыйынган булчуңдуу дөө” деп жатат. Чынын айтсам бул эпитет-мүнөздөмөлөр “эки дөөнүн” адамдык сапатына берилген аныктамаларбы, же алардын чыгармачылык өзгөчөлүгүнө карата айтылган каймана маанидеги сүрөттөмөбү, түшүнгөнүм жок. Бирок анткен менен бул мүнөздөмө-эпитеттер белгилүү даражада чындык менен шайкеш келгенин кийин байкадым. Өз учурунда Ш.Бейшеналиев мындай кескин жыйынтыкка кантип келгенин түшүнгөнүм жок. Көрсө, кептин баары Ш.Бейшеналиевдин өзүндө, Бейшеналиевдин өзүнө жасаган тиги “дөөлөрдүн” мамилесинде экен. Мындан да ачыгыраак айтканда, Токомбаев менен Сыдыкбековдун ошол учурдагы Ш.Бейшеналиевдин “жазуучулук” мартабасына берген баасында, мүнөздөмөсүндө экен. Байкадыңар го, “биринчиси” Ш.Бейшеналиевди “админстратор, аткаминер” деп, “экинчиси” “жазуучу” катарында таанып жатпайбы. Бул эки башка мүнөздөмөнүн кайсынысы так, кайсынысы жалган экенин азыр талдап отурбайын, бирок ал учурда Ш.Бейшеналиевдин карьерасы эки багытта (жазуучулук жана кызматтык) бирдей өр алып, бийиктеп баратканда ал үчүн “жазуучулук” атак биринчи катарда турганы ыңгайлуу. Анткени, Ш.Бейшеналиевдин кызматтык мансабынын  жогорулашы баарынан мурда “жазуучулук” атак-даңкка байланыштуу болчу. Ал муну айныбай түшүнгөн. Мына дал ошондуктан Ш.Бейшеналиев үчүн “жазуучулук” катарында Токомбаевдин да, Сыдыкбековдун да колдоосу айрыкча маанилүү эле. Анан мага баарынан табышмактуу болгону, ушундан көп узабай эле “админстратор” деген А.Токомбаев көзү өткөнчө Ш.Бейшеналиевди көрүнгөн жерде мактап, үстүнө чаң жугузбай жүрдү. Ал эми “жазуучу” деген Т.Сыдыкбеков кайдыгер эле калды окшойт. Көкөлөтүп мактаган деле жок, ачык айтып сындаган деле жок. Көрсө, Ш.Бейшеналиевдин ошондо эле алдына койгон стратегиялык саясаты бар экен да, колдон келсе экөөнүн тең болбосо бирөөнүн жигердүү колдоосуна ээ болуш. Бекеринен биринчи жылы А.Токомбаев менен экинчи жылы Т.Сыдыкбеков менен курортко ээрчип барбаптыр да. Аны мен кайдан билдим да, кайдан түшүндүм. Maгa багытталып жазылган кат кандай жазылса, дал ошондой кабыл алдым да, ошого жараша иш кылдым.

Минтип жаткан себебим, ошол каттын эң бир түйүндүү жери мынабул: “…Анын сыңары “Таалай жолундагы” күнгө көөдөнүн кактап, уядан мойнун созуп, күн санап канатын тараган балапандардын сүрөтүн тартуу-мен үчүн оңой-олтоң болгон жок. Аны чу дегенде тишиңди апчый кесенбесең, байкагандырсың. Көп учурда адамдын акылы эңсеген бийикке жете бербейт. Ошол сымал, Насирдинче кыйратып таштадым деп көкүрөгүмдү каккылагым келбейт. Эч кимден (китеп чыккан соң) ачык пикир уга элекмин. Оозеки далыга каккылоолор, кулакка угулбаган күңк-мыңктар болгон. Аларга ишенбейм. Сен небак окуп чыктың (кандай окуганың мага белгисиз, зарылдыгы да жок). Салт боюнча (жолдоштук, замандаштык) өзүмө оюңду билгизсең жакшы болор эле… Менден чочулабай эле айт. Газеттик макалаң же талкуудагы сөзүңдү күткөндөй менин мамилем (керт баштагы) сага Жантөшев же Байтемиров эмес”. Көрүнүп тургандай, Ш.Бейшеналиевдин катынан дагы кыйла узак үзүндү келтирдим. Коюлган маселе түшүнүктүү, “Таалай жолу” жөнүндө пикир угуу. Айтылган сөздөрдүн баары мага багытталган. Кат баштан-аяк, айрыкча мага адрестелген текст достук пафос менен жазылган.

Сөздү алыстан, тереңден кайрып келген максаты, көрсө ушул экен, “Таалай жолу” романы жөнүндө пикир угуу. Айта кетейин, китебин мага жазып берген, титулдук бетине толтура арноо менен. Жакшы эле сактап жүрдүм эле, бир күнү С.Эралиев ушундай китебиң барбы эле дегенинен берип койсом, жоготуп жибериптир. Мага китептин өзүнөн да автографы кымбат эле. Айтор ал китептин менде бар экени ырас болчу, бирок мага Ш.Бейшеналиевдин каты келген мезгилде окуй элек элем. Ырасын айтсам бир нече жолу колго алып, нечен ирет чымырканып окуй албай койгом. Акыры зордонуп атып, окуп чыккам. Бирок мени Ш.Бейшеналиевдин катындагы дагы бир учур түкшүмөлгө апкелип, такай турган. Бул баарынан каттын достук, жолдоштук пафосу, кандайдыр бир ишенген интонациясы. Бул кайдан чыгып жатат, мага түшүнүксүз. Биз дээрлик кездешчү эмеспиз. Жогоруда айттым го биз совет коомундагы эки башка чөйрөнүн, эки башка катмардын өкүлдөрүнөн болчубуз. Эмне үчүн баарын “жолдоштук”, “замандаштык” критерийи менен түшүндүрөт, а менин профессионалдык ар-намысым кайда? Эмне үчүн оюмду өзүнө гана айтышым керек? Эмне үчүн газеттик макаланы, же талкуудагы сөзүмдү күтпөйт, аны күткөндөй Жантөшев да эмесмин, Байтемиров да эмесмин дегени кандай? Алар жөнүндө сын макалам (анча деле катуу эмес) жарыяланган эле, ошондой сын угуп каламбы деп чоочулаганбы? Айтор, ушул сыяктуу баш катырган суроолор менен бир топко алек болуп жүрдүм.

Акыры макала да жазылды. Айталбайм, макала ошондой эле укмуштуу деп. Укмуштуу, анда эч нерсе деле жок. Адабий көрүнүштөргө, окуяларга белгилүү жоболордун негизинде мамиле жасоо макаланын мазмунунан ачык эле сезилип турат. Жазылыш деңгээли боюнча деле мезгилдин өкүм талабы көрүнбөй койбойт. Ошондой болсо да макала бир топ эле катуу таасир бергени азыр дагы эсимде. Эмне үчүн? Баарынан мурда макала жарыяланган жылдарда кыргыз адабиятымдагы кырдаалдар кескин өзгөрүп, карама-каршы күчтөрдүн жиктелиши көрүнө баштаган. Башкасын айтпайын, ар нерсе өз учуру менен, Ч.Айтматовдун адабиятка келиши менен эң оболу адабий канондор, түшүнүктөр, бекемделген жол-жоболор бузула баштады, көркөм адабиятка болгон көз караштар жаңыланып, өткөнгө, азыркыга, эртеңкиге мамиле башкача боло баштады. Баарынан мурда адабияттагы нукуралык менен жалгандыктын ортосундагы жик, ажырым дааналанып, ачыкка чыкты. Белгилүү метафораны жөнөкөйлөштүрүп колдонгондо, мунун баары айсбергдин үстүнкү көрүнөө жагы, ал эми көмүскөдө жаткан көрүнбөгөн жагы өзүнчө эле бир укмуш. Алар жөнүндө өзүнчө.

“Адабий айкаш” китебинен