Казакстанда Азия жазуучуларынын биринчи форуму өтүп жатат

Казакстандын ордо калаасы Нур-Султан шаарында Азия жазуучуларынын биринчи форуму өтүп жатат. Аталган форумга Кытай, Иран, Азербайжан, Тажикстан, Малайзия, Вьетнам, Россия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катарында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков дагы катышты.

Форумдун ачылышында Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев сөз сүйлөп, өз сөзүндө Азия элдеринин жазуучуларынын байланышын арттырып, дүйнө таанымын бирге калыптандырууда бирдиктүү электрондук китепкана ачуу керек экендигин белгилеп өттү.

Казакстан Жазуучулар бирлигинин төрагасы Улукбек Есдаулет мындай форумду үч жылда бир өткөрүп турууну сунуштап, Азия элдеринин жазуучулары арасында Нобель сыйлыгы өңдөнгөн мартабалуу сыйлык уюштуруу маселеси талкууланды.

Үч күндүк форумдун алкагында адабий уюмдар арасында андан ары адабий кызматташтык мамилелерин арттыруу меморандумуна кол коюлду.