Капар Токтошов: Чапай чабыш

Чапай чабыш

Мен төрөлгөн жылы колхозубуз совхозго айланып, ага-туугандарыбыз мага «Совхозбек» атын энчилейт. Атам болсо улуу уулу Айдарбекке уйкаштырып «Капарбек» каттатат. Чоң атам болсо чокуну карап «неберемдин аты Чапай болсун» деп азан айтып салат. Жаза тайып өтүп кетсем кайсы атыма бата багыштайт? Башым маң…

Бешинчи-алтынчы класста окуп жүргөн кезимде кыркынга чакырып калышты. Мен теңдүүлөр мурда барып жүрүшкөн экен, кой сүйрөп, жүн ташыгычтыкка бекип кетишти. Мен ишсиз калдым. «Кол жазмаң жакшы турбайбы, пресске тур» деп жүн таңгактатып коюшту. Жүндү сорт-сорту менен таңгактап, тышына басма тамга менен бадырайта жазып коюп басып жүрө бермей…

Узуну бир чакырым кыркын сарайды кыдырып чыксам чолоо жер жок. Итинин атынан бери жазып салышыптыр. Карасам карагайдын эле башы калыптыр жазылбаган. Элдер түшкү тамакка кеткенде шатыга чыгып «К. Токтошов» деп бадырайта жазып салдым.

«Качан көрүшөт?» деп күтүп атам. Карашпайт. Эртеси күнү анысы деле карайт, мунусу деле карайт… Башкача карап атышат тим эле! Шекшидим. Акырын өтүп көз кыйыгын салсам… Кудай көзүңө жамандык көрсөтпөсүн!.. «К» менен «Тнын» ортосундагы чекитти «о» кылып одоно оңдоп салышыптыр…

Карагайдын башына бир жетсе «куркут» Карыпбек жетмек, «ошонун эле кылганы» деген ой келди башыма. Эки көздөн жаш, эки таноодон эки «көк чычкан» атып чыкты… Кашаанын бир жыгачын жулуп алып, (эл эки бүктөлүп кыркса, ал беш бүктөлүп кыркчу), жондон ары берип калдым. Карыпбек беш жазылып тура качты. Эки үч кыркынчыны бир аттап ал качып барат, эки «көк чычканды» Чапаевдин мурутундай эки жаакка чаап коюп, жыгач-таякты Чапаевдин кылычындай ары-бери булгап коюп мен кууп барам. Баарын катары менен «кырсам» керек, кыркын токтоп калды. Жүнү чубалып үрккөн койлор, жыландай секирген машинкалар…

Бир билгеним, шаты менен сырды алып келатканда эки жагымдан мурдумдан аккан эки «аркан» ээрчип келаткан…

Шатынын төбөсүнө чыгып алып өз атымды өчүрүп жатсам бирөө чыбык менен курсакка сайгылайт. «Энесинен» баштап «атасынан» бүтүрбөй жан жокпу!.. Аңгыча эле, эңгезердей экөө мени эңип түшүрдү шатынын башынан. Көздүн жашын жеңим менен шыпырып карасам, «чоңго» окшогон бирөө турат. «Чоңдугуңа чокоюм» деп басып кеттим эки капталыма эки «арканды» сүйрөп…

Кыркындын үстүндө чоку бар эле. Ошо чокунун чокусунда отуруп карасам, бир маалда кетишти тигилер. Анан эле чоң-кичинеси бүт чогулуп мени каптап келатат. Кайда качасың? Ары жагы тоо, бери жагы зоо. Ошончо киши качырабы? «Өлтүрсө да качпай туруп берейин» деп ичимден кайрат кылам. Жо, жакындаганда байкасам жеп жиберчү түрү жок. «Айланайын, Чапайым!» деп алкап келатканы бар, «Баатыр Чапай, бар бол!» деп даңктап келатканы бар, «Ушуну ырас кылдың!» деп таба кылганы бар, «Өркөнүң өссүн!» деп дуба кылганы бар. «Оо, Чапай сөгүп салды» деп чапкылап жүргөнү канча дейсиң… Келип эле төбөсүнө көтөрүп кетишти.

Көрсө, мен «ашаткан» адам райкомдун биринчиси – Кадыракун Базарбаев экен. Оо, агезде Базарбаевдин Базарбайүп болуп турган кези. «Базарбайүп келатат» дегенде ыйлап аткан бала сооронуп, анча-мынча «чоңдор» чокоюн толтуруп койчу экен. Ошентип илебине нан бышып, ирбити жүрүп турган кишини ата-жотосун калтырбай «ашатып» атсам Чапай баатыр болбогондо ким баатыр болот?..

Кийин анын уулу Арстан менен дос-курбу болуп калдык. Бир жолу «ушинтип атаңды «ашаткам» десем, «анда атам экөөңөр чот-чот болупсуңар, атам деле президент Акаевди «ашаткан» деп койду.

–Өзүң жакшы билесиң да, Капыке, – дейт Арстан дос. – Атам нарындык «дүжүр чалдардын» атаманы эмеспи. Акаев үчүнчү шайланганда боз үй тиктирип, бээ сойдуруп «дүжүрлөрүн» коноктоп койгону келет. Анан Айдар уулун ээрчитип кирип тост айттырат. Анысы кыргызча жакшы сүйлөй албайт экен дейт. Башын кыргызча баштап аягын орусча уланткан го, атам тура калып: «ок атаңдын оозун урайын, кыргызча сүйлөп үйрөн» деп каратып туруп президенттин өзүн сөккөн. Сеники анын жанында шоона эшпейт…