Камчыбек Узакбай уулу: Башкалар бактың байлап койгон жерде, Бак болуп мөмөлөгүн бутак алып

Узакбай уулу Камчыбек – кесиби архитектор, курулуш тармагында эмгектенсе да поэзия дүйнөсүндө өз жолун таап калган жаш калемгер. Ал 2019-жылы жарык көргөн “Алакандагы күн” ырлар жыйнагынын автору, Эгемберди Эрматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн “Жаш акын-2018” сынагынын жеңүүчүсү. Учурда Ош технологоиялык университетинин архитектура жана курулуш факультетинде магистр жана “Нуркелди курулуш” компаниясынын адиси.

Биздин үй-бүлө

Атам, апам, бир туугандар күнүгө,

Ар кай жакта, толук эмес үй-бүлө.

Абалкыдай бир туугандар колду жууп,

Аарчынбастан калдык бирге сүлгүгө.

 

Бири окуп, бири иштеп жошулуп,

Бир туугандар бирден кетип отуруп.

Бизге ата-эне жол көрсөтүп узадык,

Бул турмуштун агымына кошулуп.

 

Короо-жайда: уйлар, койлор, эчкилер,

Козгоп мойнун бизди күтүп, кеч кирер.

Кошо өскөн бир туугандар, акыры,

Коломтосун куруп жүрөт, – деп билер.

 

Биз куштардай канат күүлөп, жайылдык,

Бири Маскөө, бири оштук, айылдык.

Бир бөлмөдө катар жаткан күндөрдү,

Бир туугандар, эңсеп күттүк, сагындык.

 

Ата-эне, бир туугандай күнүгө,

Ашык кылып албас эч ким сүйдүрө.

Ар кай жакта жүрсөк үйдө оюбуз,

Абдан сонун биздин ушул үй-бүлө.

 

Атам, апам, күнүм

Кичинемде күн экөөбүз достошуп.

Күндүзү ойноп, кеч киргенде коштошуп.

Эрте менен жолукчу элек кайрадан,

Экөөбүз тең жыпжылаңач, окшошуп.

 

Апам жиндеп: “кийим кий”, – деп урушса,

А мен коркуп, оюн калып унутта.

Аткан октой үйгө кирсем жүгүрүп,

Айла таппай күн бекинчү булутка.

 

Бала кезде биздин үйдө жашаган,

Баары коркуп турар эле апаман.

Алоо оттой күндөн дагы коркпогон,

Апам жалгыз коркор эле атаман.

 

Ата, сендей ата болом

Ата,

Арсыз турмуш, тирилик деп жүгүрүп,

Алың калбай турсаң дагы түңүлүп.

Анын баарын койсоң керек унутуп,

“АТА” деген сөздү укканда сүйүнүп.

 

Ата,

Түндү сүйбөй табуу үчүн ырыскы,

Түтпөй ойлоп, бүтпөй калган жумушту.

Түйшүк тартып, күндү күтүп уктабай,

Түндө улам тиктечү элең чыгышты.

 

Ата,

Кээде ойноп, жетелешип сен менен,

Кетмен чапкан чор колуңду сезбегем.

Бекер жаткан күнүң көрбөй мен сенин,

Бешенеңди көрүп өстүм тердеген.

 

Ата,

Азып жүрсөм кылба мага эч күмөн,

Азыр окуп, ыр жазганды тек сүйөм.

Ар күн сайын бул өмүрдө мен дагы,

Ата, сендей ата болсом деп жүрөм.

 

Бала кезди сагындым

Айылымдан алыс калып аралык,

Ач турмушка жүрөм азыр таланып.

Бала кезде чоңоюуну самасам,

Азыр кайра сагынтууда балалык.

 

Жылаң аяк тең жарышкан күн менен,

Жыргал кез ай, мен эч кимди сүйбөгөн.

Мээрими күч бала чагым, кайдасың?

Мен бакытты оюнчуктан издеген.

 

Балалык ай, бүгүн сага камындым,

Баарын кечтим, бар-жогуна таарындым.

Жакшы-жаман эмне экенин билбеген,

Жасалмасыз бала кезди сагындым.

 

Бактылуу бол

Кол булгап, менден алыс учтуң жаңы,

Кош болгун бактым менин туткундагы.

Бактылуу жашайм эми сенин курган,

Бактыңдын мага тийип учкундары.

 

Өмүрдө бары сүйгөн ашык беле,

Өзүңдү күнөөлөйсүң жашып неге.

Өгөйлөп менсиз келген өз бактыңды,

Өкүнүч менен келген бакыт дебе.

 

Сен чанган бакыт арман башкаларга,

Кабыл ал, билесиң жок башка арга.

Убайым тартып сенден бакыт өзү,

Уруксат сурап турат астанаңда.

 

Таарынба биздин күндөр аздыгына,

Тапшырдым буйруп койгон тагдырыңа.

Коломтоң оту жанды ушул түнү,

Кошулуп да бир жаздык, жаздыгыңа.

 

Түйшөлүп түмөн ойдон туталанып,

Түгөнбө бул жашоодон ушаланып.

Башкалар бактың байлап койгон жерде,

Бак болуп мөмөлөгүн бутак алып.

 

Алакандагы күн

Күндө эрте апам мени ойготуп,

Күн чыкканча айдап уйду, кой кошуп.

Күндү эңсеп, күткөн кезде тескейден,

Күн төрөлчү, бийик тоолор толготуп.

 

Аруу, таза наристедей жылмайган,

Аска-зоодон Күн чыкканда кылайган.

Алаканга Күндү салып көтөргөм,

Аяп, тилеп кулабашын Кудайдан.

 

Черим канбай, мээри өтпөй кийимден,

Чечинип мен, Күн нурунан шимиргем.

Күндүн дагы күнү бүтүп калганда,

Күн коштошчу кызыл чоктой иңирден.

 

Билем кээ бир Күн төрөлбөй өлгөнүн,

Жамгыр Күндү жууганын да көргөмүн.

Ак булуттар кымтып Күндү кепиндеп,

Билбейм бирок, кайда катып көмгөнүн.

 

Билсем баары балалыктын өрнөгү,

Баягыдай күн төрөлүп, өлбөдү.

Күн төрөлүп, өлбөй, а мен ошондо,

Күндө жаңы төрөлүпмүн өлгөнү.

 

Ош

Сулайман-Тоо кенен ачып кучагын,

Ак-Бууранын суусун тойбой жутамын.

Мажүрүм тал көрк тартуулап көркүңө,

Ошум сага Ошто жүрүп кусамын.

 

“Ошум” дешип Ошту кимдер сүйбөдү,

Ошолордой мен да бири көп элдин.

Ошко билим издеп келип айылдан,

Оштон таптым достук, сүйүү дүйнөнү.

 

Ойноп-күлүп, өтүп жалын-жаштыгым,

Ошум сенде жазылсын көп жакшы ырым.

Оргуштаган сезимдерди коштогон,

Ошум сенсиң коломтосу бактымын.

 

Акын дешсе

Акын дешсе мен кубанып күлүпмүн,

Аны ойлоп, эми ызалуу күйүктүм.

Адам болуу эмне экенин унутуп,

Акын болом деп жаңылып жүрүпмүн.

 

Араң гана саптар келип үзүлүп,

Акын болом деп жүргөндө сүйүнүп.

Акындыкты мындай коюп жакшылар,

Адамдыкка шашып жүрөт жүгүрүп.

 

Акындыкты ойлоп жүрсөм опоңой,

Азыр мени уялтууда ошол ой.

Акын болом деп жүргөндө… башкалар,

Адамдыктан жүргөн экен бошобой.

 

Өмүрдүн өмүрү – биз

Жан берип, кайра ордуна жан алышкан,

Жашоого биз жаралып, агарып таң.

Кошулуп бул өмүрдүн дайрасына,

Кол жууйбуз аруу-таза балалыктан.

 

Толкусак тоону бузуп ташкыныбыз,

Токтобой суктануудан жакшы ырыбыз.

Сүйдүрүп, сүйүп жашап бул өмүрдө,

Сүйүүгө курман болот жаштыгыбыз.

 

Үй-бүлө, балдар болуп ар санаабыз,

Үйрүлүп түшө калып, нан табабыз.

Турмуштун сыноосуна кези келсе,

Туруштук бере албай картаябыз.

 

Бар сымал улуулардан аласабыз,

Бакытын, өмүрүн да талашабыз.

Багынтып кайра бизди, бизден жаштар,

Бар-жогун таштап кетип баратабыз.

 

Өлүмгө кандай айла таба алабыз,

Өлөбүз, биз да көргө камалабыз.

Өмүргө, чындыгында, биз адамдар,

Өмүрдүн өмүрү үчүн жаралабыз.

 

Жакпайм дебе

Жаңылба, оюңду кой “жакпайм” деген,

Жашоодо сага сүйүүм сактай берем.

Ортодо сүйүү баркы кетпесин деп,

Оо, сулуу, сүйөм, бирок айтпай келем.

 

А мени адам дебе “тоготпогон”,

Адам жок жан-дүйнөсүн тонотпогон,

А билсең менде сендик бир сезим бар:

Ар кызды жүрөгүмө жолотпогон.

 

Сандаган оюң арсыз, аның жаман,

Сай-сөөгүм кызып оттой жалындаган.

Садагам, билсең эгер жалгыз сени,

Саатымда бир секунд жок сагынбаган.

 

Жакшы кыз:”Дүйнөңүз тар, батпайм” дебе,

Жар салып “сүйөмүн” деп айтпайм неге:

Жан дүйнөм сүйүп турса, а сен менин,

Жасалма сыртым көрүп, жакпайм дебе.

 

Тагдырыбыз табышмак

Тааныш үйлөр, тааныш көчө, жолдор да,

Мени күтүп турган өңдүү айылың бар.

Таамай тааныйт үргөн иттер, койлор да,

Мезгил өтүп, тогошсо да ай, жылдар.

 

Тааныш дайра, тааныш тоолор, токой да,

Айылың мага эске салды ал күндү.

Такып сурайт, жаткан эски чокой да,

“Аткарууга келдиңби?” – деп, антыңды.

 

Тааныш Ай, Күн, тааныш күүгүм, шамалым,

Анык бузгам, кечиргиле, антымды.

Тагдыр кошпой таппай жүрөм амалым,

Алып кетчү жолум туман ал кызды.

 

Тааныш шаарда, жакын жерде жүрсөк да,

Эх, аралык кеткен биздин алыстап.

Биз экөөбүз ичтен сызып сүйсөк да,

Тагдыр бизди кошот, кошпойт табышмак…

 

Абийир соту

Бул турмуштун сыноосуна кабылып,

Бугум батпай жүргөн кезде сагынып.

Кең дүйнөдө, тар көчөдө капыстан,

Кезиктиң сен аппак жоолук салынып.

 

Башка адамдын ачсаң дагы эшигин,

Баёосуң да, ойлоп сүйүү кесирин.

Көшөгөдөн көрүшпөдүк дегенсип,

Көзүң менден сурайт улам кечирим.

 

Жоголчудай бар тапканың, табылгаң,

Жолуңду улап кете албай жанымдан.

Көз жашыңдан кулап түшкөн күнөөсүз,

Көрүп турам, сен эмессиң жаңылган.

 

Ойлоп койбой биздин арзуу, мүдөөнү,

Ойрон кылып талкалаган күнөөлүү.

Өмүр бою өз абийири алдында,

Сотко бердим сенин ошол күйөөңү!

 

Үчүнчү дүйнө керек

Башкалардын көңүлүн эч оорутпадык,

Баарын кечтик, жалын кечтик, жолукпадык.

Топук кылып тагдыры үчүн эки адамдын,

Толбой калган бакытын биз толуктадык.

 

Кайырчысы болсок дагы мүдөөлөрдүн,

Кастарлаган бакытыбыз бирөөлөрдүн.

Билиндирбей куса болуп, сагынышкан,

Биз экөөбүз курмандыгы күнөөлөрдүн.

 

Түгөнбөгөн ойлор менен алышабыз,

Түмөндөгөн түйшүк тартып жарышабыз.

Биздин жолдор бирикпеген кош сызыктай,

Билбейм кайдан, качан, кантип табышабыз.

 

Эх, жүрөктү сагынычтын оорутканы,

Эч кимибиз жоктугу ай болушканы.

Экөөбүзгө тардык кылат эки дүйнө,

Бизге үчүнчү дүйнө керек жолукканы.

 

Эңсөө

Карайлатып,

сен кайдасың, мени издеген сүйгөнүм,

Сездиң бекен кеч калганын үйлөнүүм.

Жүдөө тартып, сенин дагы үмүтүң,

Жүрдүң экен кай бурчунда дүйнөнүн.

 

Кээде шашып,

капысынан “ушул го” – деп, колуктум,

Канча кызга сүйүүмдү айтып оолуктум.

Мерез тагдыр бизди сынап жаңылып,

Мен кимдерге, а сен кимдерге жолуктуң.

 

Балким эбак,

жолукканбыз кыялданган жубайым,

Байкай албай тартпайлы көп убайым.

Сен экөөбүз жолугууга ансыз да,

Себептерин камдагандыр кудайым.

 

Мезгил келип,

мен жолдошуң, сен болгуча аялым,

Мен аянам, сен да өзүңдү аягын.

Бир күн келер бирге жазып өтүүчү,

Биз экөөбүз бир сүйүүнүн баянын.

 

Бул өмүрдүн бүтүрсөк ээ аягын,

Биз сүйүүнүн бирге жазып баянын.

 

Кыз жана тамчы

Өмүрдө бакыт ой мына,

Өпкүлөп конуп мойнуна.

Суктантып жамгыр сулуунун,

Сурабай кирет койнуна.

Туптунук тамчы кызды өпсө,

Туйлабай кантем, койгула.

 

Тамчылар сүйөт жалгызды,

Тандабайт бул, же ал кызды.

Ууртунан таамп төшүнө,

Уялтат ширин, бал кызды.

Кымыңдап качып баратат,

Кыялбай бир кыз жамгырды.

 

Асмандан түшкөн тамчылар,

Аруулук издеп талпынар.

А кызга тийсе капыстан,

Алкымдан искеп жан чыгар.

“Аруулук кызда экен”, – деп,

Айбыгып өлөт тамчылар.

 

Кой дебей жүрсө кыз анан,

Койнуна көктөн кулаган.

Жүз тамчы өпкөн ал кызды,

Жүргөндүр сүйүп бир адам.

Аруу кыз, аруу тамчыдан,

Айбыгам, сүрдөйм, уялам.

 

Мөндүр

Чагылгандын үнү өктөм жаңырып,

Жарк-журк этип сүрү көктөн чагылып.

Ал аңгыча тумчуктуруп сур булут,

Асман калды чоң кырсыкка кабылып.

 

Сүйүнгөндөй мындай учур, абалга,

Сүйүп жүзүн туман түшсө дабанга.

Бариктери желге назик ыргалып,

Бак-дарактар бийлеп турду шамалга.

 

Адамдарга көрсөтө албай батынып,

Ак булуттар асман сырын жашырып.

Үзүлгөндөй үр кыздардын мончогу,

Мөндүр жаады, көк шиберге чачылып.

 

Улам чертип тийсе дагы чекеге,

Балдар сезбей мөндүр терет кесеге.

А чоңдордун суктанганы жөн эмес,

Аруу нерсе арууларга дечү эле.