Калканбай Ашымбаев: Сүннөт тойдо

Сүннөт тойдо

Батакөй чалды кыйыр туугандарынын бири сүннөт тоюна чакырып калды. Байбичеси:

–Кап, кантип сомсоюп, куру кол кирип барабыз, кур дегенде баласына курчагандай бөздүн жогун айтпайсыңбы, – деп наалыды. Ары кетип, бери кетип жүрүп бир нече тойлордун көңүлүн алган көк көйнөк тапты. Булар ээрчишип: “Түлөөңөр кабыл болсун” айтып барганда баланын энеси тосуп алып, байбиченин колундагы жупуну белекти додолонуп жаткан чүпүрөк-чапырактын үстүнө ыргытып салды. Күйөөсү аны көрүп:

–Ии, төргө өтүңүз, аба, -деди ооз учунан.

Төргө төрөлөр шыкалып алганын көрүп:

–Жарыктарым, олтура бергилечи, таалайлуу болгула, нарк сактаган нагыз кыргыздын тукумдары экенсиңер, көңүл ыраазы. Билгенге куттуу үйдүн кай тарабы болбосун – төр, – дегенине болушпады.

–Сизден жогору чыгышка кантип дит чыдасын. Кекиртектен аш өтөбү?

–Алтын башыңар аман болсун, айланайындар, – деп саал өйдөлөгөн болду.

Төргө жагалдана жарк-журк эткен жакут тыштуу айымдар, салаа сайын алтын шакек салынып, кулагына коштоп салынган алтын сырга, богок байлаган, алысты оштоно караган жоон-жолпу бизнесмендер шыкалган. Аларга көөнөргөн чапан жамынган, жашы жетимишке барып калган карыя эзелки карапа идиш өңдөндү, илимге сүңгүп кирип, бул жашоодогу жыргалчылыктан жана атак-даңктан аша кечкен, өтө эле жупуну кийинип, карыя келери менен каргып турган техникалык илимдеринин докторун анча барк алышпады.

Май баскан көздөр тумандап, тула бойдогу ашыкча жүк жүрөктүн сезимталдыгын ыкшоолонтуп, амалкөйлүк менен табылган акча асыл ойлорду алсыратып чүнчүтүп салгандыктан ар-намыс корунуп, анын ордун текеберлик ээлеген. Алтындын зээри ажал аттууну капарына алдырбаган соң, теңирсиген жарым жапайылык күч алган. Илимпоз аларды бир карап алып, мыскылдуу жылмайып, үн катпады.

Дасторконго бата тиленип, чайга карашты. Бир аздан соң шарап куюлуп, тост сүйлөндү. Төрдө жагалдана жасалма кыял менен олтурган, жаак эттери буруйган жигит аяш атасы катарында сөз жөнөттү:

–Асманы ачык болсун, жолу шыдыр болсун, ашына аш, башына баш кошулсун, бай болсун! – деп салды.

Андан соң анын катарындагы болук, пакене бойлуу, адеми кийингени:

–Ата-бабасынын жолун жолдогон адам болсун, түпкү атасы болуш болуптур, эми бул уулуңар аким, губернатор болсун, – деди эле бир дары “ха-ха-халап” күлүшүп, бир дары: “Бийликке дам койгондор далай эмеспи, ылайым тилек кабыл болсун”, деп, жарым жартылай какшык аралаштырды.

Баятан бери мөнөдүр-дөнөдүр олтурган, ичи саал көпкөлөңкү өңдөнгөн быйпык мурун, чекеси кууш жигит:

–Аман-эсен чоңоюп, англис тилин катыра билип, Америкадан доллар артынып келсин, – деп басылды.

Илимпоз жыргап күлүп:

–Өзгөчө бата бердиңиз, – деп жымсалдады.

Алардын арасында шайырланып, ырдап олтурган, тили келегей тарткан, курагы кырктын үстү дегидей, алтын шакек салынганы:

–Жамбылдын жашын берсин, Чынгыздын башын берсин,– дебеспи. Көпчүлүк дуу-дуу, бир даары сонун бата экен десе, бир даары көп тойлордо айтылып жүрөт го деп жактыра бербеди. Айтор, белек-бечкекти арбын алып келгендер бири да калбай тилек айтып, аягына чыкканда батакөй карыяга сөз кезеги келди.

–Айланайындар, менин батам өтө жөнөкөй жана өтө кыска, балким силердин купулуңарга толбос. Баягынын уулу адам болгон тура деген сөзгө алынып, көмүскөдө туруп алып, көпчүлүккө жарыгын чачкандардан болсун, оомийин…

–Оомийин…– дешип бир тобу коштогон соң көбү тунжурап терең ойго чөмүлүштү. Ушул арада техникалык илимдин доктору сөзгө аралашты:

–Адам болуш аз-азда, акмак болуш бир паста деген кеп бар го. Адам тура, адам экен дегенди чечмелеп олтурсак мааниси өтө тереңде. Узак жашап, адам деген атка конбой, тирүүсүндө унутулгандар бар. Курулай атак-данкка кулдук урса, эли-жеринен азып-тосуп, ата конушунан кетип, улутун сатса, андайларды адам деп айтмак түгүл атаңа наалат дешет. Аксакалдын берген батасы кабыл болсун, айып көрбөңүздөр, оомийин!