Калчоро Көкүлов: Мен таарынсам таалайыма таарынып, Мен сүйлөшсөм теңир менен сүйлөшөм.

******

Табияттын таза түшкөн жаштыгы,
Таазим сага татынакай жаз сулуу.
Сени күткөн үмүт кандай таттуу да,
Сени көргөн өмүр кандай бактылуу.

Адал ээрчип, арам ээрчип соңуман,
Алаканда айла амалым жогунан.
Алда кимге арка болоор, дем болоор,
Андай деле иш бүткөн жок колуман.

Ак карасы тосуп чыгып жолуман,
Анча алыстап кете албадым тобуман.
Ары кетип, бери кетип толгонуп,
Айлам түгөп алда неден корунам.

Ырыс кутту мен ыроолой албадым,
Элге-жерге тийгени жок жардамым.
Ыр түгөнүп, дем кагылып калганда,
Ырас болду сенин келип калганың.

Бирде толсо, бирде толбой сандыгым,
Көрдүм далай бул дүйнөнүн тардыгын.
Өзүмө өзүм сыя бербей анчалык,
Өйдө-төмөн кетип турду тагдырым.

Баштап коюп тириликтин арышын,
Баштап коюп тиргиликтин жарышын.
Анан эле жаш баладай күлкүчү,
Анан эле жаш баладай аруусуң.

Жанга жагым жумшак чыккан добушуң,
Жанга жагым гүл бурактуу конушуң.
Таңкы желдей татынакай кең пейил,
Табышуунун, таанышуунун жолусуң.

Табияттын таза бүткөн актыгы,
Тамырдагы аруулуктун ташкыны.
Таазим сага тамылжыган тууган жер,
Таазим сага татынакай жаз сулуу…

********

Эккенибиз, тиккенибиз арасат,
Бир айлантып ой токтотуп карасак.
Жылга менен жыңсыз аккан булактай,
Жылдар гана жылжып кетип баратат.

Чалып коюп бир өксүктүн кайрыгын,
Салып коюп бир ыргагын кайгынын.
Бул кайсы эл, бул кайсы өлкө, кайсы журт,
Бул кайсы доор, кайсы заман, кай кылым.

Бул кайсы өмүр өзөгүңдө тоздогон,
Бул кай бороон көкүрөктө боздогон.
Көпчүлүктүн үнү жетпей теңирге,
Көздөрүндө, көөдөнүндө козголоң.

Кайсы болду эгемендик келгени,
Кайсы болду каада куту, эл деми.
Караңгы түн, каңкылдаган музыка,
Кайран өмүр кафе-тойдун эрмеги.

Бул кайсы шаар машинеси эликтей,
Бул кай дүйнө дем тартканы көөрүктөй.
Бүт ааламды аңтар-теңтер сыдырып,
Бүт дүйнөнү чоттоп алган кемитпей.

Билинбеген чыны менен жалганы,
Билинбеген кубанычы, арманы.
Бул кайсы күн бары жогу белгисиз,
Бул кайсы чыр, кай мүдөөнүн жаңжалы.

Бака болуп билбей турган майрыгын,
Мата болуп билбей турган айрыгын.
Бул кайсыл эл, кайсы мыйзам, кай жосун,
Бул кайсы жүк, кайсы дүйнө, кай кылым.

Эртеңибиз, эткенибиз арасат,
Эсеп чотту экчеп туруп карасак.
Жылга менен жылып өткөн тумандай,
Жылдар гана жыңсыз кетип баратат…

********

Кыйын экен болбогонду болтурмак,
Кыйын экен толбогонду толтурмак.
Дагы канча аалам турат айланып,
Дагы канча дүйнө турат солкулдап.

Башы менен аягы жок керектин,
Башы менен аягы жок себептин.
Дагы канча шоола чачып асманда ай,
Дагы канча нурун төгүп берет күн.

Айды күндөй, күндү айдай майтарып,
Ай шооласын, күндүн нурун кайтарып.
Дагы канча түтүп берет кайран эл,
Дагы канча турмуш турат чайпалып.

Арам ээрчип, амал ээрчип артыман.
Алешемдик тороп чыгып каршыман.
Дагы канча кулун болуп чыңырып,
Дагы канча жылан болуп жанчылам.

Дагы канча азезилден шектенем,
Дагы канча жанкечтини жек көрөм.
Канча амалга көнүп берип аргасыз,
Каным кайнап, канча жолу өрттөнөм.

Ушул учур таалайымбы, шорумбу,
Дагы нелер тосуп турат жолумду.
Мен канчанын амалына тушалып,
Канчалары мени жектеп корунду.

Жаманга да, жакшыга да жүгүрүп,
Жакшысы да, жаманы да биригип.
Дагы канча бийлеп турат түркөйлүк,
Дагы канча ийлеп турат тирилик.

Бирде туруп чочко болуп коркулдак,
Бирде туруп ботко болуп боркулдап.
Дагы канча аалам турат айланып,
Дагы канча дүйнө турат солкулдап…

******

Мен турмушту аркы-терки калчадым,
Калчай берип каруум кетип чарчадым.
Канчалары мени тепсей жүгүрдү,
Мен да калдым убалына канчанын.

Бирөөлөргө жапыс болбой тик болдум,
Бирөөлөргө балтырдагы бит болдум.
Бул тагдырдын бар эсебин нак көрүп,
Бул жазмышка нени жазса бүт болдум.

Бирде турдум кайыш мисал тилинип,
Бирде мени майыштырды тирилик.
Ким бирөөнүн мансабына ийилсем,
Ким бирөөнү мен да турдум чимирип.

Ким бирөөдөн алтын алдым чакалап,
Ким бирөөгө сөз сүйлөдүм акаарат.
Кээ бирөөлөр асмандаган ай болсо,
Кээде мага ийип турду махабат.

Бирде туруп ким бирөөгө кекендим,
Бирде туруп ишин кылдым бечелдин.
Жан алчудай жалаңдаган турмуштун,
Жапысын да, бийигин да көтөрдүм.

Кээде көрдүм сонундардын түркүмүн,
Кээде карс деп сынып түштү түркүгүм.
Өзөгүңө от жиберип ойноткон,
Өрт экен да өмүр деген чиркиниң.

Бирде туруп аргымактай чурадым,
Бирде туруп жоктон барды курадым.
Тирүүлүктүн ташпишине бүт түтүп,
Тиргиликтин түйшүгүнө чыдадым.

Шүгүрчүлүк эл ичинде эсенмин,
Кимге бошмун, дагы кимге бекеммин.
Нечендери мага келип катылды,
Мен катыгын берип атам нечендин…

*******

Кайран менин жаны бирге ырларым,
Каным менен бирге айланган курбалым.
Кимдин гана маанайында пааналап,
Кимдин гана маңдайында турбадың.

Бир калтырбай кубанчымды кайгымды,
Бир калтырбай мен кечирген ай жылды.
Канчаларга күйүп-жанып от болуп
Канчаларга төгүп бердиң дайнымды.

Экөөбүздүн окшош кылган ишибиз,
Экөөбүздүн окшош көргөн түшүбүз.
Сен кагазда, мен түйшүктө жүрсөм да,
Сен экөөбүз бирге бүткөн кишибиз.

Өрүлсөк да сен экөөбүз өрүлдүк,
Көрүнсөк да сен экөөбүз көрүндүк.
Мен кайгырсам сен да кошо кайгырып,
Сен экөөбүз эгиз болдук өмүрлүк.

Мен жашырбай айтып турдум чынымды,
Сен жашырбай кайрып турдуң сырыңды.
Канча киши кубат алып сабыңдан,
Канча киши табыбызга жылынды.

Кирдесек да сен экөөбүз кирдедик.
Сен экөөбүз такта турдук иргелип.
Касабына калып калсак бирөөнүн,
Каккыны да, тепкини да бир жедик.

Бул дүйнөнүн билем арты төгүнүн,
Эгер мени пендем десе теңирим.
Эртеңки күн сени менен бир болуп,
Элде калсын менин эсил өмүрүм…

*******

Бирде түшүп чыласына доңуздун,
Бирде түртүп кык үлүшүн коңуздун.
Көк жал турмуш, көзөл турмуш сен менен,
Көз тунарып калгычакты согуштум.

Бирде турдум бүткөн бойдон тер кетип,
Бирде турдум этегиңе эрмешип.
Бирде турса кайратыман тоо кулап,
Бирде турду бут алдыман жер көчүп.

Бирде мокоп бирде курчуп кайралдым,
Бир жүгүрсөм, бир теңселип чайналдым.
Бирде турсам кара жердей кайкалап,
Бирде көчүп ак булуттай айдалдым.

Бирде сенин согуп турду ташкының,
Бирде менин толуп турду баштыгым.
Дайра болуп күрпүлдөдүм бир туруп,
Бирде кургап тамчысы жок какшыдым.

Бирде берип бир кичине пайданы,
Бир курутуп, бир кетирип айланы.
Алда качан баштап алган жашоонун,
Алоо жанып кызып турду майданы.

Деле эч кимге, деле эч нерсе бербеген,
Деле эч кимди эч кимчелик көрбөгөн.
Чилтен мезгил жүрүп турду зуулдап,
Чиркин өмүр кетип турду жел менен.

Жокту барга, барды жокко алмаштым,
Бир аянбай жакалашып, жармаштым.
Жапан турмуш, тапан турмуш сен менен,
Жаным чыгып кеткичекти кармаштым…

*******

Тээтигинде зылдай болгон сөз жатат,
Андан бери акыл менен эс жатат.
Аны тизип алтын ырды курайм деп,
Айткылачы акын болуп эмне азап.

Ыр дегениң ыр болсо экен мурдагы,
Акыл эске жугуп турган ыргагы.
Каадасы бар, атагы бар дебесең,
Кара башка пайдасы жок бир дагы.

Азыркылар акыл менен түзөлбөйт,
Ак ниетиңе, ак сөзүңө ишенбейт.
Арам менен адалдыктын аргасын,
Акча тескеп, акча гана кишендейт.

Азыркынын дене боюн тулкун айт,
Абийирин айт, алып жүргөн рухун айт.
Тирүү болсоң күнүлөш деп жөөлөйт да,
Өлүп калсаң көмгөнүнө пул сурайт.

Пайдасы үчүн бири –бирине сатылып,
Пайдасы үчүн бирин-бири сапырып.
Көбү макоо, көбү көркоо, ашкеби,
Көңдөй манап, көрөңгөсүз макулук.

Акыл таппай, акча тапса жыргаган,
Адамзаттын айкөл духун уурдаган.
Азыркынын акыл-эси жамаачы,
Азыркынын ар-намысы шыргалаң.

Акча көрсө аянбастан жутунуп,
Атак десе андан өтүп бузулуп.
Аңда-дөңдө аласалып атканда,
Ата-журттун кетпесе экен тузу уруп.

Тээтигинде зылдай болгон сөз жатат,
Андан бери акак менен бөз жатат.
Аны курап акыл шуру тизем деп,
Акын болуп айткылачы эмне азап…

*******

Менин болсо ак жүрөгүм бар эле,
Аруу демиң ак жүрөктүн жаны эле.
Ошол жүрөк ошол бойдон токтобой,
Ошол күүнү чалып турат дагы эле.

Андан бери далай күнгө түшүпмүн.
Далай чыдап, далайына түтүпмүн.
Далай ирет ырын тыңшап булбулдун,
Далай ирет зарын уктум күкүктүн.

Андан бери далай жолду кезипмин,
Далай жүрүп далайларга кезиктим.
Далай жолу күүсүн угуп торгойдун,
Далай жолу сүтак үнүн эшиттим.

Бирде күйүп, бирде кайра жайланып,
Бир күрсүнүп, бирде көктөн ай жанып.
Бир да жолу чыгырыгы мезгилдин,
Бир токтобой жүрүп турду айланып.

Бирде толкуп бирде турдук кыйналып,
Бирде бошоп, бирде кайра чыйралып.
Далай жолу ташты жарып каткырып,
Далай жолу таш эритип ыйладык.

Бирде кетсек, бирде дайын келгенге,
Бирде бийик, бирде жапыс, шерменде.
Бир дүйнөнүн күлү экенбиз акыры,
Бир өмүрдү тегеретип көргөндө.

Канча узарып, кайра канча кыскардым,
Канчаларды канчалардан кызгандым.
Базарынан өтүп жүрдүм мен деле,
Бадырактай, бакыраң көз кыздардын.

Эстен кетпейт кызгалдак гүл иреңиң,
Эстен кетпейт дем тартканың, илебиң.
Азыр деле ошол күндөн кеталбай,
Ажарыңды айланчыктап жүрөмүн.

Менин болсо ак жүрөгүм бар эле,
Ак жүрөккө акак дилиң дары эле.
Ошол жүрөк ошол күндөн токтобой,
Ошол күүнү кагып турат дагы эле…

******

Кайгырганда каш-кабагым түн десем,
Кубанганда кучагымда күн бекен.
Мен таарынсам таалайыма таарынып,
Мен сүйлөшсөм теңир менен сүйлөшөм.

Бул өмүрдүн жазын жүрдүм, күз жүрдүм.
Бир каткырып, бир муңайып үшкүрдүм.
Кыйналганда кырча тиштеп эринди,
Кыл чайнашка кылчактабай түз кирдим.

Актык үчүн дос санадым касымды,
Актык үчүн кас санадым жакынды.
Ийри сөзгө көнүп берип тымызын,
Ит аякка салган жокмун башымды.

Ырас аалам айкөл экен, кең экен,
Акылдуу экен, жоомарт экен берешен.
Абийир сөзүн макулдашып ааламга,
Абийир сөзүн аалам менен кеңешем.

Бой тартканы түйшүк болду эрмегим,
Түйшүк менен көккө канат сермедим.
Тагдырымда өөдүк-сөөдүк иш болсо,
Тарткылыгы ушул дедим пенденин.

Күйүккөндө намыс үчүн күйүктүм,
Ийиккенде намыс үчүн ийиктим.
Жапыс болсом намыс үчүн жапысмын,
Бийик болсом намыс үчүн бийикмин.

Болгон жокмун аты курук жөө чечен,
Мен жөөлөшсөм, актык үчүн жөөлөшөм.
Кара көөдөн, көкүрөгүн ыш баскан,
Кара өзгөйдү көөлөп турдум көөлөсөм.

Териккенде арым үчүн териктим,
Демиккенде арым үчүн демиктим.
Арым үчүн ашынганда ашынып,
Кемисем да арым үчүн кемипмин.

Кубанганда кучагымда күн десем,
Кайгырганда кабак кашым түнгө тең.
Мен тартышсам, тагдыр менен тартышып,
Мен сүйлөшсөм теңир менен сүйлөшөм…