“КАЙРЫКТАР ҮНСҮЗ БОЛОБУ?” – ДЕШТИ

СЫР

Периштелер бетин бербей асмандын,
Бозоруңку жаңы көзүн ачкан Күн.
Боолголоп келээр маалын күткөнмүн,
Боор толгоп жүрөгүмдү ачканмын.

Түшүп шоола уйкудагы мага анан,
Шоокуму аста дене-бойго тараган.
Тунуп турду тунук бойдон келген сыр,
Жерден, суудан, жылдыз, чөптөн, абадан.

Көк асмандан нур төгүлүп жер көздөй,
Күүсү анын улап жолун жер кезгей!
Кара күүдөй – “Кара өзгөй”, “Кер өзөндөй”,
Бирде жеңил – “Ибарат”, “Кыз кербездей”.

…Былыктары калкып чыгып көрүнөө,
Кылыктары сүйрөчүдөй көрүнө.
Ушул биздин эл башылар угуп үн,
Ушул укмуш көрүнсө эмне көзүнө.

Байлык, бийлик, мансап көзүн байлаган,
Эмнелерге кетти толуп айланам…
Тазалайбы тактууларды бир ушул
Периштелер көктүн бети жайнаган.

Көк асманды көгүлтүр нур каптап тим,
Кайтып бүгүн ысык күчү аптаптын.
“Тазалануу болоор” – деген таза ойго,
Тилек кылып жүрөгүмдү каптаттым…

 

НЕ БОЛМОК?

Бир кошуна киши жалдап үй салып,
Бир кошуна чатырларын жаңыртып.
Да биринин гүлдөп алча багында,
Огородун жүрөт чөптөн арылтып.

Бир кошуна тоок менен каз багып,
Бир кошуна башка жаздык жазданып…
Мен отурам үйдө жалгыз ыр жазып,
Тоок бакканы, каз бакканы аз калып.

Удургуймун учуучудай жол тосо,
Уучтаган кагаз, калем болбосо…
…Ашар кылып ийишкендей, не болмок,
Калемимди кармалашса эл кошо?

 

ЖАН ДОСУМ БАР

Өзөгүмдү капыс кайгы өрттөсө,
Өзөлөнө бирге күйүп жануучу.
Ошол күнү жакшылыгым болсо эгер,
Бара турган сапарынан калуучу.

“Төргө өт” десем, толгоп моюн көнбөгөн,
“Сен отурган жердин баары – төр” деген.
Не деген сөз! Аны укканы таптакыр,
Элдей болуп баспай калгам жер менен.

Жан досум бар добушунан шаң чыккан,
Иштесе эгер таманынан чаң чыккан.
Чаң чыгарбай бирок ичтен дымыган,
Идеялар көөдөнүндө тумчуккан.

Жан досум бар тынчып калсам издеген,
Баскан жалаң биз баспаган из менен.
Тетирленсем теске салып түздөгөн,
Мен түңүлгөн-дөрдөн үмүт үзбөгөн.

Ойлорумдун көчөттөрүн тигишет,
Кээде болбой иштериме киришет.
Бир асылзаа жан экен деп жүрүшөт,
Ким экенин жакындарым билишет.

ЖАЛГАН СӨЗДӨН ЧЫН ҮНСҮЗДҮК ЖОГОРУ

Ашык жерин кесип-бутап, оролу,
Отоо чөптөн арылткандай короону.
Кагып-күбүп, желдетели жүрөктү,
Жалган сөздөн чын үнсүздүк жогору.

Шоокум салып таң куланөөк атканда,
Ай жарыгы өкүм сүрүп жатканда.
Бекители терезесин жүрөктүн,
Бербейли ар ким шарактатып ачканга.

Керек ага керек бекем сакчылар,
Буйрук берсең анан эшик аччулар.
Муздак жаандан калкаласын үстүңөр,
Бутту сыздан жылууласын астыңар.

Болбосо эгер кире берип ар, ар ким,
Чаңдагандан кеткис болуп карардым.
Алар менин жөн-жайымды билген жок,
Мен ыңгайын карап турдум алардын…

Ашык жерин кесип-бутап, оролу,
Отоо чөптөн арылткандай короону.
Кагып-күбүп, желдетели жүрөктү,
Жалган сөздөн чын үнсүздүк жогору.

 

***

Оюн-чындап бу турмуш,

Оюмду онго бөлгөндөй.

Ымыркайдын жүзүнөн,

Кудай өңүн көргөндөй,

Ынанганым ынанган

Түркүн добуш, үнүнө.

Кызык камдап алдыга,

Тартып турат күнүгө.

Уктаганда кичинем,

Көп түнүмдү короттум –

Орусчадан оодардым,

Кэрролл жазган жомокту.

Аралашып Алиса

Кез келишкен дүйнөгө.

Чоң экеним унутуп,

Бала болуп үйрөнө –

Сүйдүм мышык, чычканын,

Түркүн түрдүү куштарын.

Бүтпөсүн деп тартылуум,

Калемимди учтадым.

Жомок көрдүм түйшүгүн,

Берген ушул күндөрдүн.

Кейигенди унутуп,

Сүйүнгөндү үйрөндүм.

 

“КЫРГЫЗ ДЕҢИЗИНДЕ”

Түнөрүп күн, буулугуп бөлмөдөбүз,

Бакчада күз, жолдо күз, бөлмөдө күз.

Жазган, чийген ыр менен сүрөттөрдү,

Бирибизге бирибиз көргөзөбүз.

 

Нөшөрлөгөн акырын жаан пастап,

Ачылгансыйт көөнүбүз бир-бир азга.

Бакчадагы гүлдөргө суу суратып,

Жетпей турган бул жамгыр ушул жазда.

 

Көл көрүнөт көгөрүп терезеден,

Кыйыры чексиз, болсо бир кыйыры – асман.

Каалгып учкан булутту ашык кылып,

Коштой барган тоолордун көркүн ачкан.

 

Жаан басылса басабыз жээгин жээктеп,

Илебине жылынып, кумун тепсеп.

Таңда барсак калтырган изибиз жок,

Жерге-жээгин толкундар турат тескеп.

 

Ашык кылган акынды Алыкулдай,

Бирде толкун, бирде тынч көл баягы.

Келгиндердин бириндей биз кетебиз,

Көл көөлгүйт ордунда. Күз аягы.

 

САЯКБАЙ

Кыргыздын атын чыгарып,

Керемет “Манас” аркылуу.

Ааламга бүтүн таралып,

Эл болдук ооздо айтылуу.

 

Кылымга кетсин жолу деп,

Кудайым таккан канаттай.

Жомогуң улуу, сен улуу,

Кыргызга бүткөн Саякбай.

 

Айкөлдүн алып аянын,

Кабарын алып кайыптын.

Дүйнөңдү алар миң термеп,

Эчен сууп, муздап айыктың.

 

Колдоочу пири болбосо,

Эч нерсе болбойт жөн эле.

Ала-Тооң таяп артыңдан,

Жылоолоп турду Көл-Эне.

 

Улуусун айтып сөздүн да,

Улуусун куштун таптадың.

Айкөлдүн арткан ишеничин,

Ашыгы менен актадың.

 

“ҮНСҮЗ КАЙРЫКТАР”

“Кайрыктар үнсүз болобу” – дешти,

“Үн десең үнүң бололу” – дешти.

Бар эле бирок тазасы таңдын,

Бар эле келээр коногу кечтин –

Көңүлдө бирок кыялда баары,

Көрүнбөй турган кыялданаарым.

Көмүскө кезде башым жөлөөрүм,

Көрүшкөн кезде аяр караарым…

“Кайрыктар үнсүз болобу” – дешти,

“Үн десең үнүң бололу” – дешти.

Өзгөрбөй турган чындыктын өңү,

Жүлүндү өрдөп, жүрөктү тешти.

Келишкен, кеткен күчтүүлөр менден,

Кемишкен, аздап азышкан өңдөн.

Көңүлдүн отун ким бийик коюп,

Көмүрдүн чогун ким татып көргөн.

“Кайрыктар үнсүз болобу” – дешти,

“Үн десең үнүң бололу” – дешти.

Ыр жазган жаным ынанып турдум,

Ак буурул таңда, ак буурул кечте.

Ынаган менен даабады жүрөк,

Ыр-чырсыз өмүр каалады жүрөк.

Билемин бирок ызгаарды жууп,

Жүрөккө жамгыр жааганы жүрөт.

“Кайрыктар үнсүз болобу” – дешти.

 

БИР АСЫЛДЫН ТУЯГЫ

Профессор Канат Уркашевич

Мамбеталиевге

Бурулушу, буйткасы көп турмушта

Бассак бирге буйрук чыгаар бу дагы.

Сөзүн, өзүн калың калкы унуткус

Сөөгү таза бир асылдын туягы.

 

Кайтаргансып анын жарык жылдызын,

Басып-туруп баасын эске саласыз.

Анан келип төгөрөгүн төп кылып,

Эл уулу айтаар сөздү айтып каласыз.

 

Кээде шайыр, кээде ойго тунасыз,

Эмнени ойлоп койгонуңуз белгисиз.

Жылдызыңыз улам бийик жаркырайт,

Көк жайнаган миң жылдызга бергисиз.

 

Күүгүмдөнүп кечте жарык баткандай,

Анык эртең күндүн кайра чыгаары.

Ата жолун аяр тутуп келесиз,

Сөөгү таза бир асылдын чырагы.

 

Сезсем дагы кээде жакын агадай,

Тек жөн гана санаалаштык көбүрөөк.

Сиз айтпаңыз, мен да эч нерсе дебейин,

Деңиздин да терең жери көгүрөөк.

 

21-МАРТ

Ассалоому, Нооруз, келген жергеме,

Алып келдиң ушул жылы элге не?

Күн түнөрүп, булуттан көк ачылбай,

Кыш узарып, жаз кечикти эмнеге?

 

Күүгүм кечтеп, күн менен түн теңелип,

Таң эртелеп… көжө кайнап казанда.

Тасмал жайып, керектүүсүн толуктап,

Кыз-келиндер даам тандашат базарда.

 

Ынтымакка келе турган күн дешет,

Таарынгандар табышчу күн бул дешет.

Байчечекей башын жерден кылтыйтып,

Үшүсө да шакта булбул тил безеп.

 

Жыл жаңырып, тилек бойдо агылып,

Саясатты көңүл сүйбөс бар жагы.

Жаз башталса удургуган Бишкектин,

Тынч болсо экен тынымы жок балдары.

 

Окулуп ыр, бир козголуп Алыкул,

Поэзия күнү чыксын көркүнө.

Чыгып кетээр узай албай турган кыш,

Чыдай албай акындардын өртүнө.

 

ТҮРКСТАН

Айдын изин акмалап асмандагы,
Аруу бир жай азгырып капталдагы,
Түркстанда таң тостум уктай албай,
Конок үйдө кезимде жаткандагы –

Тилектерим тирелип түбү менен,
Ясавинин күмбөзү сүрү менен
Жүрөгүмдү башкача жылыткансып,
Ой бергенсип учу зор, түбү кенен.

Тиргиликтин түйшүгүн жеңе албаган,
Келем деген жер эле келе албаган.
Кожогелди акынбы себепкери,
Жол түштүбү акыры бир Алладан?

Сыр-Дарыя, Арстан баб – жолдун учу,
Ар бирине ниетти койдум ушу.
Отрардын турпагын басып аяк,
Дубалдарын сылады колдун учу.

Шамалдуу бу аймакты көрүп ырас,
Шаар куруп бирине куйрук улаш.
Шаңкайган көк, көз жеткис мейкинди бу
Мекен кылган жандар да болду жылас.

Аягы жок көрүнгөн талаа менен
Жол кезебиз көрүнбөйт карааны эле –
Тоону көрсө көөнү ток тоолук үчүн
Азап экен чын эле талаа деген.

Эки күндүн этеги жакындады,
Ыр окушту жүрөктүн жакындары.
Биз турабыз деп төштү каккан менен,
Бийик экен казактын акындары.

 

АЙ ЖАНА БИЗ

Ай толуп… деңиз ташкындап,

Жээгинен аша төгүлдү.

Деңизди минткен ушул Ай,

Канча ирет тескейт өмүрдү.

 

Аралык алыс болсо да,

Ааламдын келсе кабары,

Сопсонун жүрүп бир күнү,

Солгундай түшөт абалың.

 

Бир күнү башың көтөрүп,

Бир күнү жаның тирилип.

Билинбей чарбаң кыймылдап,

Уланып кетет тирилик.

 

Орундуу сүйлөп, ортодо

Капа жок, ана-ан “чок салат”.

Адамзат бир күн чарпышып,

Айтаарга сөзү жок калат.

 

Ай толуп… деңиз ташкындап,

Жээгинен аша төгүлдү…

Деңизди кылган беймаза,

Ай эмне кылбайт өмүрдү.

 

***

Аптабы жайдын… аба жок…

Биз эмне… бизбиз… билебиз.

Чүмбөттөп парда тартабыз,

Күн тийбес жерге киребиз.

 

Чыксак да болот, чыкпасак,

Мелүүн, сыз жерди ыктасак.

Мынабу турган чөп, талды,

Куураган ысык бүт басат.

 

Карагат, өрүк, чиенин,

Мөмөсү бүтүн чүрүшүп.

Илеби желдин билинбей,

Кыскасы, шаарда күн ысык.

 

Дейди ойлор келет иреттейм,

Дептерден жазып дептерге.

Баамымда мээ да чүрүшүп,

Баш толук кургап кеткендей.

 

Аптабы жайдын… шаар ысык,

Көлөкө, үй-жай баары ысык.

Балдар да батпай бөлмөгө,

Бир-бирин турат каарышып.

Аида Эгембердиева