Көңүл буруңуздар, конкурс

«МЕКЕНДИ СҮЙҮҮЫЙМАНДАН»

аттуу жыл сайын өткөрүлүүчү мекенчил ырларды көркөм окуу сынагынын

ЖОБОСУ

  1. Жалпы маселелер

⟡-Сынак «Мухаммед Умар» жана «Китепкөй эл» коомдук бирикмелеринин демилгеси менен, ошондой эле «Бактынур» продюсердик борбору, «Мундуз-турист» агентствосу, «Silk Way» мейманканасы жана «КИТЕП.kg» дүкөнүнүн уюштуруусу аркылуу өткөрүлөт.

⟡-Сынакты уюштуруу, өткөрүү, ошондой эле катышуучуларды баалоонун критерийлерин тактоо, сыйлыктарды даярдоо жана катышуучуларды сыйлоо тартибин аныктоо менен байланышкан бардык маселелер уюштуруу комитети аркылуу ишке ашырылат.

⟡-Уюштуруу комитети сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары жөнүндө жарыяларды жарыялоого, маалыматты калктын кеӊири катмарына жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар, сайттар аркылуу таратууга тийиш.

⟡-Сынакка сунушталган көркөм окуу боюнча мекенчил сезимдеги ырлар атайын китеп болуп чыгарылат жана сынакка даяр колдонмо катары пайдаланылат.

⟡-Сынактын толук жобосу менен таанышпай туруп сынакка катышууга болбойт!

  1. Сынактын максаты:
  • Мекенчилдик сезимди жарандар жана жаштар арасында жайылтуу;
  • Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо;
  • Жаш муундарды достукка, биримдикке, мекенчилдикке жана улуттар аралык ынтымакка тарбиялоо;
  • Окуучуларга тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу;
  • Катышуучулардын изденүүсүнө, билимине, көркөм окуусуна, чыгармачылыгынын өркүндөшүнө шарт түзүү.
  1. СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ ЖАНА ТАРТИБИ
  • Кыргыз Республикасында жана сыртында жашаган бардык каалоочулар катыша алат! (Жашына, кесибине ж.б. чектөө жок)
  • Катышуучу сынак үчүн даярдаган эмгегин (көркөм окуусун) социалдык тармактардагы аккаунтуна, баракчасына тийиштүү маалыматтарды камтуу менен милдеттүү түрдө жайгаштырат.
  • Аудиослайд, видео материалдар монтаждалган жана монтаждалбаган абалына карабай конкурска катышууга укук берилет.
  • Сынактагы көркөм окуу материалдары ыр түрүндө гана болууга тийиш.
  • Көркөм окууга ырды катышуучу өзү тандайт жана бир нече катышуучу бир ырды тандап алуу жагын өзгөрткүсү келсе, уюштуруу тобунан маалымат алууга укуктуу.
  • Сынакта мектеп окуучуларынын көркөм окуулары өзүнчө, мектеп окуучулардан сырткаркы бардык катышуучулардын көркөм окуулары өзүнчө бааланат жана 2 башка сыйлык берилет.
  • Сынакка сунушталган ыр 1 куплеттен 7 куплетке чейин гана болууга тийиш!
  • Материалдар аудиослайд же видео абалында 3 мүнөттөн ашпашы зарыл.
  • Катышуучулардын адилеттүүлүгү жана жогорку маданияттуу атаандаштыгы менен өтүшү үчүн ар бир катышуучу сынактын жарыясын, ошондой эле өзүнүн көркөм окуусун соцтармактардан бөлүшүүсү милдеттүү.
  • Сынакка сунушталган ырдын аталышы, автору жана уюштуруучу мекеменин аталышы көркөм окуунун алдында айтылышы шарт!

Үлгү:

  1. Автордун аты-жөнү.
  2. Көркөм окулуучу ырдын аталышы.
  3. Уюштуруучу-демилгечи мекемелердин аталыштары.
  4. Көркөм окуган катышуучунун өзүнүн аты-жөнү.
  5. Катышуучу жашаган райондун/шаардын аталышы.

(Мисалы: Эшматов Ташмат «Мекен улуу». «Мухаммед Умар» коомдук бирикмеси жана «Китеп.kg» дүкөнү уюштурган көркөм окуу сынагы үчүн, Асанов Үсөн. Токтогул району)

Катышуучу эмгегин соцтармактардагы өзүнүн жеке аккаунт-баракчаларына пост катары жайгаштырарда #көркөм_окуу_сынак хештегин кошуп, «Көркөм окуу cынак» баракчасын белгилөөсү зарыл. (фейсбукта @Көркөм окуу сынак же инстаграмда @korkom_okuu_synak деп). Андан соң ал постунун шилтемесин (ссылкасын) 0 507 12 99 99 вотсап номерине жиберүү аркылуу катталат.

Катышуучу катары катталуу менен көркөм окуу материалын уюштуруучулар тарабынан жайылтылышына, жаңы жактарга жайгаштырылышына ж.б. жагдайларга укук берген болот.

  • Уюштуруу тобу тиешелүү соцтармактарга катышуучулардан сырткары кошумча жайгаштырат жана көркөм окууга келип түшкөн пикирлердин санын калыстар тобу тарабынан эске алынышын камсыздайт.
  • Көркөм окуу соцтармактардан өчүрүлбөй дайыма сакталып турушу керек. Өчүрүлүп калса, калыстар көрө албай калат.
  1. Өткөрүү тартиби
  • Сынактын жүрүшү жалпысынан 3 бөлүктөн турат:

1). Көркөм окуу материалдары катышуучулардын өздөрү тарабынан социалдык тармактарга жайгаштырылуусу;

2). Калыстардын 1-этабын карап жыйынтыктоосу;

3). Чоӊ масштабда театрлаштырылган салтанатта жыйынтыгын жарыялоо жана жеӊүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу.

  • Сынакка материалдарды кабыл алуу 12-декабрдан башталып, 2-мартта аяктайт.
  • Сыйлык тапшыруу салтанаттуу жыйыны 2022-жылдын 12-мартында Ош шаарында болуп өтөт.
  1. Сынактын жүрүшү жана баалоо ыкмасы
  • Келип түшкөн көркөм окуу материалдары уюштуруучулардын көмөгү менен калыстар тобу тарабынан жыйынтыктоо күнүнө чейин утуру иргелип турат;
  • Катышуучулар ватсап жана телеграм тайпаларга кошулуп, аларга алдын ала тиешелүү маалыматтар берилип турат;
  • Экинчи этапка өтпөй калган көркөм окуулар да социалдык тармактардан алынып ташталбайт;
  • Бир катышуучу акыркы баскычка чейин бир нече көркөм окуу материалын интернетке жүктөп, катышууга укуктуу.
  • Калыстар катышуучулардын көркөм окууларын катышуу аймагына жараша орун берүүгө укуктуу.
  • Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо аземи чоӊ салтанат менен белгиленет жана алдыӊкы көркөм окуулар сахнада угузулат.
  1. Калыстар тобун түзүү жана алардын иштөө тартиби
  • Калыстар тобунун курамын уюштуруу тобу аныктайт;
  • Калыстар 10 упайлык система менен баалап, жыйынтыкты сыйлоо аземине чейин чыгарат;
  • Эң алдыңкы орундарды сахнада баалоого коюу да убакыт мүмкүнчүлүгүнө жараша калыстар тобунун ыктыярына берилет.
  • Калыстар уюштуруу тобунун төрагасы менен макулдашуу аркылуу жагдайга жараша сыйлыктардын суммасын өзгөртүүгө жана орундарды, көркөм окуу убакыттарын кошумчалоого ж.б. зарылдыктан келип чыккан иштерди чечүүгө укуктуу.
  • Калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы жана чечими талкууланбайт.
  • Баалоо критерийлерин уюштуруу тобу иштеп чыгып, калыстар тобуна берет.
  1. Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жана жыйынтыктоо

Сыйлыктар мектеп окуучуларынан сырткаркы бардык катышуучулар үчүн:

1-орунга 50 000 сом акча жана 1-даражадагы диплом;

2-орунга 30 000 сом акча жана 2-даражадагы диплом;

3-орунга 20 000 сом акча жана 3-даражадагы диплом;

4-10-орунга атайын китеп белектер жана Ардак грамоталар.

Мындан сырткары 10 орунга кызыктыруучу китеп белектер жана Грамоталар берилет.

Мектеп окуучулары үчүн сыйлыктар:

1-орунга НОУТБУК жана 1-даражадагы диплом;

2-орунга СМАРТФОН жана 2-даражадагы диплом;

3-орунга СМАРТФОН жана 3-даражадагы диплом;

Мындан сырткары 100 орунга кызыктыруучу китеп белектер жана Грамоталар берилет.

Бардык белектер салтанаттуу жыйында тапшырылат.

Туристтик ЖОЛДОМОлор уюштуруу жана калыстар тобуна карата иштин жүрүшүндө аныкталат.

Аудиовидео материалдарды соцтармактарга жайгаштыруу жана бардык суроо-сунуштар боюнча төмөнкү ыкмалар менен байланышууга болот:
1. «Көркөм окуу Сынак» деген баракча Фейсбукта
2. «korkom_okuu_synak» деген аккаунт Инстаграмда
3. КИТЕП kg Ютуб каналы
4. Мухаммед Умар коомдук бирикмеси Фейсбукта
5. Мухаммед Умар Ютуб каналы
6. 0 507 12 99 99 Ватсап жана чалуулар үчүн

С.Өмүрзаков, «Мухаммед Умар» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү

А.Алимова, «КИТЕП.kg» дүкөнүнүн деректири

К.Кимсанов, Уюштуруу жана калыстар тобунун башчысы