Имадеддин Насими: Сулуулугуң тирилтет өлгөндү да, Сулуулугуң өзүндөй Кыяматтын

Насиминин поэзия планетасында…

Сеид Имадеддин, шарттуу адабий ысмы – Насими XIV кылымдын экинчи жармынан, XV кылымдын биринчи жармына жакын, болжол менен 1369-1417-жылдары жашаган. Көптөгөн баалуу газелдерди, рубаи, касыдаларды азербайжан адабий тилинде биринчи болуп келиштире жазып тарыхта калган алгачкы акын.

Орто кылымдагы эң билимдүү, алдыңкы көз караштагы инсан, философ жана окумуштуу, даанышман гуманист жана мистик акын, араб, фарсы тилдерин да эркин билген жана бул тилдерде да чыгармаларын эркин жазган.

Баку шаарында, Насиминин чоң тулку бою менен турган элестүү көркөм эстелиги алдына коюлган Улуттук илимдер академиясынын Тил-адабият изилдөө институту акындын ысмында. Баку шаарынын бир району, метро станциясы, бир мектеп, көчө да Насиминин атында. Агджабед, Худат шаарларында анын атындагы көчөлөр, Сумгаитиде парк жана үч элеттик райондо Насими атындагы үч айыл, деңиз теплоходу да бар.

Ал жөнүндө “Насими” көркөм фильми 1973-ж. акындын 600 жылдыгына карата тартылган жана Улуттук опера-балет театрында балет спектакли коюлган. Көп жылдардан бери эчен ирет адабий фестивалдар өткөрүлгөн жана өтүп келет.

2019-жылды – Азербайжан республикасы жана эл аралык ТҮРКСОЙ маданий уюму “Насиминин жылы” деп жарыялап, акындын 650 жылдыгы дүйнөлүк коомчулукта кеңири белгиленди. Ааламдагы, мурда “1995 UN2” делген бир кичинекей планета акындын ысмын алып – “Насими” планетасы аталды.

 

Имадеддин Насими

РУБАИ

*   *   *

Махабат – Бакыт кушу, Кудай берген.

Таза эмес жүрөктөргө уя салбайт.

Пайдасы не, Меккеге барып келген,

Жан-дүйнөңдө зулумдук турса чаңдап?

*   *   *

Кымбатым, сен – шахсың, мен – калкыңмын,

Суранам, аяба эч марттыгыңды.

Дүйнө – үй, жашоо – каалгадагы жылаажын,

Бир аз чалып, анык токтоп калаары.

*  *  *

Акылмансың – сен өзүңдү биле алсаң.

Кудайдайсың – жетик билсең бүт баарын.

Ыйык рухтун деми анда; асыл, албан,

Кубаттуусуң, өлбөссүң, бийик жансың.

*  *  *

Сууга топо кошуп улуу Жараткан

Ийлеп ылай, курду аппак сарайды.

Кудай деген – Сүйүү, Сүйгүнчүк жандан

Сүйүктүүгө жуп жасады, коргоочу аны.

*   *   *

Жер бетинде, бейиштин төрүндө да

Тең келер жан жок сага, кайгырганым,

Сулуулугуң тирилтет өлгөндү да,

Сулуулугуң өзүндөй Кыяматтын.

*   *   *

Дүйнө унутту жакшы мыйзам аттууну.

Адамдар бүт чаяндар, же жыландар.

Ишенич жок, боорукерлик жок таттуу.

Сүйгөндөр жок, жоголушту ашыктар.

*   *   *

Ыйык чындыкка ченейбиз билимди.

Ыйык сөздөр дүйнө Тааным эшиги.

Акылман эмес – Кудай сөзүн билгени,

Жок дегенде, жырткыч болбойсуң эми.

*   *   *

Асман телолорунан, мобу кара топого чейинки,

Ачтым аалам сырларын акыл менен, иш менен.

Митайымдыктан качтым. Көп түйүндөр чечилди.

Бир гана ажал түйүнүн чече албай келемин.

*  *  *

Чындык өзү көрсөтүп, Чындык жолун бекемдеди,

Анан мына ачты жүзүн чың тийбес,

Мен да акыйкат чындыкка көзүм жетти:

“Кудайымды – Кудайдан башка эч ким билбес.”

*   *   *

Жеңди мени акыры ажырым жашоо өзү,

Байкуш рухум чыгып кетчүдөй денимден.

Дүйнө тар, кең болсо да жердин үстү,

Дүйнө чексиз, ишим канча анда менин?

*   *   *

Сен чындыкка коркпой туруп кызмат кыл.

Ким-бирөөнүн саамайына жашырба.

Эсте дайым, кызматында тура бил,

Жаратылгандын мыктысы – адам да.

*   *   *

О сүйүктүүм, көзүм барда кылым бою

Кем болбойсуң, көңүлүң ач, жаркыра,

Сен жанымдан алыстасаң, күнү бою

Муңга батам, үн-сөзү жок мен мында.

*   *   *

Батырган дүйнө сырын Алла катаал.

Билүүгө аракет кыл дүйнөнү ал.

Өздөштүр бул ааламды, адамды бил,

Билгиниң айырмалап, эмесин мал.

*   *   *

О, аздегим, көздөрүң кууланыңкы.

Кирпиктериң ирмелгени куунак күлкү.

Саамайларың желбиреп жыпар жыты

Кандай сонун, бирок да уудан күчтүү.

*   *   *

Батпай турам өз денеме, жаныма.

Бу жарык дүйнөгө да батпайм эч.

Адамдардын тайкы акылы, кыялдарына,

Не кылса да батпай барам, сыйбай эч.

*   *   *

Акыл – жарык, эң бир кымбат казына.

Акылмандан акыл жугуз, тыңша да.

Акылмандык күзгүсүнө таш ыргытпа,

Баалуу айнекти баалагын, сындырба.

*   *   *

Шах колунан шарап ичпешим мүмкүн.

Болоттон оор күндөрүмдү да сүйдүм.

О, менин күмүш көкүрөктүүм,

Жибердиң-го мага муң-зар аскерин.

*   *   *

Ыйык Чындык өзөгү – көздөрүңдө,

Өлбөстүк да, түбөлүк жай – көздөрүңдө.

Издесем да мээрим, ишенч – көөдөнүңдө,

Зулумдук бар орногон көздөрүңдө.

*   *   *

Башкалардын сыры бизге белгисиз.

Не кылабыз, алар бизге керексиз.

Сенин дагы досуңдун сыры себепсиз

Айтылбасын, эч, эч кимге жөн, эпсиз.

*   *   *

Сенин өңүң – жараткандын жүзү окшоп,

Жараткандын жүзү калгансып орноп, –

Өзөгү бар жер кубулушунун көп,

Эң бир алыс, ажылыктын жолу окшоп.

*   *   *

Дүйнө сени менен толук, ал дүйнөгө ченем жок.

Жарык дүйнө ээси – сенсиң, денеси да, жаны окшоп.

Сенин эки каштарыңдын өзү эле – бейиш, тозок,

Баары сенин айтканыңдай болуп турат, кайтмай жок.

*   *   *

Билгиң келсе бу дүйнөнү, ага суктанууң кажет.

Махабат жайын эңсесең, азапка бышууң керек.

Элиңдин султаны туруп, Кудайды көрөм десең,

Таажың менен тактыңан да баш тартууң керек.

*   *   *

Мен – түпкүлүк түбөлүктүү, жок аягы, жок учу.

Мен – укмушу жараткандын, жаратканымдын күчү.

Мен – жоопкер, билим чынысын толтуруп туруучу,

Мен – жарыкмын, адамдардын жүрөгүнө кирүүчү!

*   *   *

Эзелкиде айтылгам – мен, түбөлүктүүлүк – соңум.

Жаратуучусу – ааламдын жана ааламды жараткыч.

Мен – жердеги шаан-шөкөттө шарап куюучусумун,

Мен – адамдар жүрөгүнө жакшылыкты тараткыч.

Которгон: Алтынай  Темирова