Ибраим Сатыбаев: Өмүр бою сылап жүрүп өтөйүн, Өрүп койгон көкүлүңдүн тармалын

Акын, коомдук ишмер Ибраим Сатыбаевдин “Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китеби жарык көрдү. Мега-Формат басмасынан 500 нускада жарык көргөн автордун бул китебине поэтикалык ырлары, өмүр жолун баяндаган эскермелери топтолгон. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Ал эми китепти сатып алууну каалагандар, алып окуйм дегендер 10-июнь күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага саат 15:00гө келсеңиздер болот. Китептин бет ачарына катышыуу менен, автордун чыгармачылыгы, китеби тууралуу маалымат алып кетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар.

Ал жазган ырлар курсташтардын жүрөгүндө!

Жакын досубуз акыркы жылдары өзүнүн бирге окуган курсташтарына жана жалпы эле жакындарына карата жасаган өзгөчө мамилеси жана жазган чыгармаларынын маанилери таң калыштуу тереңдеп, алардын көркөмдүгү улам бийиктегени аркылуу жалпы тобубуздун жылдызына айланып калган замандашыбыз Ибраим Сатыбаевдин күтүүсүздөн оо дүйнө кетиши баарыбызга чоң сокку болду. Дал ошол күнү шаардагы курсташтар үй-бүлөбүз менен биздикинде топтолуп, жайдары отурган элек. Ачуу кабар ошол учурда жетип, маанайыбыз түп тамырынан өзгөрдү жана отурушубуз Ибишти эскерүү күнүнө айланды…

Бактылуу тагдыр биздин башыбызды 1975-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна өткөндө бириктирген. Кыргыз тили факультетиндеги эки тайпада Кыргызстандын бардык аймактарынан келишкен жаштар окууну Алай жайлоосунда чөп чабуудан баштадык, ал мезгилдеги шарттар ошондой болчу. Арабызда мектепти 5-6 жыл мурда окуп бүтүшүп, айрымдары иштеп, айрымдары аскер кызматын өтөп келишкен агаларыбыз дагы бар эле, бирок, негизги топту мектеп босогосун жаңы аттап чыгышкан жаш кыз-жигиттер түзгөн болчу. Алардын бардыгы заманыбызга, алган тарбияларына, келечек үмүттөрүнө, тандаган кесиптерине ылайык өзгөчө жаштар эле.

Бирге окуган ошол курсташтарым тууралуу төмөндөгү ырды 1-курста жазганмын:

Оо анда кирсиз, таптаза,

Ободон түшкөн чылк жылдыз.

Окуган элек филфакта,

Он тогуз жигит, кырк бир кыз.

Аттиң ай, ал мезгилде саныбыз ошончо болчу…

Ибраим экөөбүз тең элек, таанышкандан баштап мамилебиз түзүк эле. Мен Чүйдүн Сосновка кыштагынан баргам, ошондуктан Ибраим биринчи күндөн

баштап эле: “Орус тилинин кереги келечекте абдан тиет, поэтому, давай, с сегодняшнего дня с тобой будем разговаривать только на русском”,-деп кайрылды. Чындап эле экөөбүз көбүнчө орусча сүйлөшчүбүз.

Жалпыбыздан Ибраим өзүнүн тамашакөйлүгү, жандуулугу жана шаңдуулугу менен өзгөчөлөнүп тургандыктан, арабызда ал “Жигули” жана “Мозамбик” деген кошумча аттарга ээ болгон. Чогуу окугандардын көпчүлүгү адабий чыгармачылыкка кызыккандар эле. Жаш акын катары элге таанылып калган Карбалас Бакиров, старостабыз Жумабай Айткулов, аксакалыбыз Кутманалы Ызабеков, поэзияга кызыккан Турусбек, Рахман, Ибраим, мен жана дагы бир нечебиз институттун “Жаш талант” адабий кружогуна катышып, алгачкы чыгармаларыбызды жаратканбыз. Гезиттерге ыр жазып, радиого чыкчубуз. Ибраимдин биринчи ырларын ошондо көргөм. Кийинки курстарда ал спортко кызыгып, күрөш боюнча ийгиликтерге жете баштады, ал катышкан мелдештерге көпчүлүгүбүз барып, колдоо көрсөтүп турчубуз. Дене-бою чыңалып, өзүнө болгон ишеними бекемдеген, анын пайдасын жаштык кезибизде бизге болуша кеткен айрым учурларда көрүп калдык. Үчүнчү курста окуп жүргөндө бир группалашыбызды нак өлүмдөн сактап калганына күбө болгонбуз. Бул окуя мындай болгон:

Жайында практика учурунда бир терең бассейнге туш келип, баарыбыз сууга түшө баштадык. Арабызда сүзгөндү билбеген Бекмырза деген отличнигибиз бар эле. Анын суранычы менен Турусбек деген кадырлуу курсташыбыз колуна жип карматып, бассейнди айлантып сууга түшүрө баштаган. Баарыбыз аларды күлүп карап турганбыз. Бир мезгилде ал эски аркан үзүлүп кетип, Бекмырза сууга чөгө баштады. Баарыбыз коркуп чочудук, жалгыз гана Ибраим бассейнге секирип түшүп, аны суудан тартып чыгууга аракеттене баштады. Өзүн жоготкон Бекмырза Ибраимдин мойнунан кучактап, анын өзүн да кошо чөктүрө баштады. Эң кыйын жагдай түзүлдү, аларга жардам бергенге даай албай, калгандарыбыз сыртта карап турабыз. Күч-кубатынын жана тайманбастыгынын жардамы менен Ибраим анын колунан бошонуп, улам түртүп отуруп аны жээкке жакындатты.

Ошондо гана бир нечебиз ага кол сунуп, сыртка сүйрөп чыктык. Алсыраган Ибраим дагы бассейндин кырына араң жетти, бул көрсөткөн эрдиги үчүн анын

кадыр-баркы ого бетер асмандады.

Акыркы курста да экөөбүз “Манас” студенттик курулуш отрядында үч ай чогуу болуп, Сары-Челекте жети үй салып бүткөнбүз. Ал жерде да ал өзүнүн

үзүрлүү эмгеги менен отряд ичинде үлгүгө айланган: дем алуу күндөрү аң уулоого, балык кармоого, жаңгак терүүгө чогуу чыкчубуз.

1979-жылы окуубузду аяктап, ар тарапка тарадык.

1992-жылы Кара-Кулжага иш боюнча барып, райондук комитетте иштеп жаткан Ибраимге жолугуп, үйүндө мейман болдум. Ошол күнү ата-энеси Улан

уулунун тарткан бир сүрөтүн көрсөтүшүп, ал жөнүндө менин оюмду сурашты. 12 жашар баланын көлдө сүзүп бараткан атты типтирүүдөй кылып тарта билгенине таң калып, келечекте андан чоң сүрөтчү чыгарына ишенич пайда болгондугун айтып, баарыбыз бир сыйра сүйүнгөнбүз. Ошол тилектерибиз жүзөгө ашып, Улан уулубуздун белгилүү сүрөтчү катары дүйнөгө таанылгандыгына баарыбыз кубанычтабыз.

Акыркы жылдары Ибраимдин жазган ырлары да кескин өзгөрүп, сапаты тынбай жогорулай берди. Өзгөчө, анын Америкада жүрүп ата-энеси, тууган-уруктары, бала-бакырасы, туулуп-өскөн жери, ковидге байланыштуу карантин мезгилинде эл-журт, замандаштар жана курсташтар тууралуу жазган ырлары башкача бир баалоону талап кылган деңгээлге көтөрүлгөн эле.

Бул чыгармалар анын жаркын элесин түбөлүк сактап кала тургандыгына терең ишеничтемин!

Нурланбек Азылов, Билим берүүнүн мыктысы

Түш

Кечээ күнү апам түшкө кириптир,

Ак жоолукчан, аппак көйнөк кийиптир.

Түшүп келе жаткан окшойт жайлоодон

Алчыланта ак боз жорго миниптир…

 

Ак көйнөгүн шамал айдап, дирилдеп,

Саамай чачы желге ыргалып, бириндеп.

“Кандай, уулум? Ачкан жокпу курсагың?”-

-деп жатыптыр, сулуу жүзү күлүңдөп.

 

“Эмне, уулум, чыкпай калды кабарың,

Оорудуңбу, кандай деги абалың?

Же жумуштан жүрөсүңбү кыйналып,

Тынччылыкпы, салыңкы го, кабагың?

 

Ырас келдиң, үй жакка жүр, барып кет,

Атаң үйдө, бүгүн түнөп калып кет.

Бир сыр челек сары май бар атаган,

Балдарың жейт, ошолорду алып кет!”

 

А мен болсо тилим буулуп, аргасыз,

Апакем- аай!.. Жетпей, колум сунамын.

Кыйкырганга кубатым жок, дармансыз…

Дүңгүрөгөн үндөн тунат кулагым.

 

Бир башкача сулуу болуп көрүнүп,

Мээрим чачкан жүзүнөн нур төгүлүп.

Гүл аралап узап анан баратты,

Көктө сызып, бул ааламдан бөлүнүп!!!

 

Ортобузга чоң суу келди күркүрөп,

Толкуп-ташып, көбүк жээкке бүркүлөт.

Кечүү издейм, жанталашып өтүүгө,

Айбатынан дене-боюм дүркүрөп!..

 

Мен түшүмдөн катуу чочуп ойгондум,

Азап чегип, кабырга сөөк сөгүлүп.

Алтын апам, кечти бекен ак сүтүн?

Турбай жаттым терең ойго чөмүлүп.

 

Көп жыл болду, сагыныпмын өзүңдү,

Эрте менен араң келдим ишиме.

Боз жоргону минип алып, көйкөлүп,

Бүгүн дагы кирчи АПАКЕ, түшүмө…

 

Тагдыр

Тагдырдын татаал жолу тар экенин,

Билбестен жолугуппуз жароокерим.

Айруу жол экөөбүздү айрып салып,

Өзүңдү ээрчип кетти алоо демим.

 

Уялып ысык сезим кайталангыс,

Убада эртең эле жолугушмай,

Таң ата кыйылышып таркаганбыз,

Түбөлүк анан калдык жолугушпай.

 

Жөлөнүп жыттуу жийде бурагына,

Турганбыз махабаттын гүл багында.

Армандуу боздоп турган ошондогу,

Дагы эле сүтак үнү кулагымда.

 

Көрүнбөй көздөн оолак башкалардан,

Болгону баш тамгалар ташта калган.

Кыйкырып тоо койнуна сиңип кетти,

Кыялдар боюн уруп аскалардан.

 

Бата

Чоң дасторкон жайган доско жаадырып,

Жүзгө чык деп бата бердиң молдокем.

Жатталган сөз, бардык тойдо айтылган,

Ушунусу канчанчысы болду экен?

 

Адамдарга журтка чыккан элеби,

Берчү эле ушул эле батаны.

Бирок алар сексенге да чыккан жок,

Молдокемдин батасы эмне – катабы?

 

Жүзгө чыгып не кылабыз, молдоке,

Үйдөн чыкпай, башка түшүп карыптык.

Болгучакты ашка дагы, башка жүк,

Чуркап жүрүп өткөн жакшы жарыктык.

 

Ээ молдоке, билгениңди кыла бер,

Көпчүлүккө эч билинбейт, ура бер!

Берсең деле чыкпайт тура, чынында,

Ошол жүзгө өзүң эле чыга бер!

 

Элеттик кыз

Жамалыңа көңүл чиркин бурулуп,

Жүрөгүмдөн бир сырдуу күү угулуп.

Жалын болуп баратамын өрттөнүп,

Жан дүйнөмө бүлүк салып сулуулук.

 

Болсо дагы ортобузда аралык,

Көкүрөктө ыйык сезим жаралып.

Элеттик кыз эндик койгон бетиңе,

Келчи, мага, сүйүү отун жагалык.

 

Ысык – Көлдөй толкуп ташып турамын,

Тартып барат жаркылдаган кыялың.

Кара каштуу, марал мүчө, кымча бел,

Кабыл алчы, ак сүйүүмдү сунамын.

 

Элеттик кыз, кызыл көйнөк ардагым,

Айтып бүткүс түгөнбөгөн арманым.

Өмүр бою сылап жүрүп өтөйүн,

Өрүп койгон көкүлүңдүн тармалын

 

Бир сүрөттүн тарыхы

Ибраим, Рамис,

Коммунизм курабыз.

Киев аттуу көчөдө,

Сүрөткө түшүп турабыз.

 

Бири үйрөнчүк, бири алп,

Бири чабал, бири нарк.

Бири жигит, бири карт,

Бири аркалык, бири “сарт”.

 

Бирөөсүнүн тиши жок,

Бирөөсүнүн иши жок.

Машинелер шуулдап,

Салам айткан киши жок.

 

Болбосо койсун ишиңер,

Бизди кийин түшүнөөр.

Миң жылда бир төрөлөт,

Рамистей кишилер.

 

Ош шаары

(Маркум Тургунбай Эргешовго)

“Алып ийчи, кана иним”деп шаштырып,

Алгач ирет сен оозумду “ачтырып”.

Стаканга толо куйган “Портвейн”,

Эмдигиче мени жүрөт мас кылып.

 

Бир көмүткө көздөн далдоо жазгырып,

“Бери кел” деп ыр окудуң “азгырып”.

Биз жашаган бөлмөбүздү шаттанта,

Кете бердиң түбөлүккө жаз кылып.

 

Сезим келди жалгыз гана суктанган,

Чиркин вино! Нечен ирет бутту алган.

Дале ичем, эч окшошпойт, анткени,

Винолор жок Т.Эргешов жыттанган.

 

Булуттар

Түркүн элес, кыялдардын эрмеги,

Таңыркашып ойноо балдар жердеги.

Чурулдашып, кайда кетип барышат,

Сапар тартып булуттардын кербени.

 

Чыт курсактар чыбык менен санашып,

Булуттарды ала жүрөт талашып.

Жомоктогу жан-жаныбар баатырлар,

Баары чогуу баратышат жанашып.

 

Бирде күчүк, бирде ажыдаар, төө болуп,

Минотавр, эңгезердей дөө болуп.

Чыга калып арасынан жарлардын,

Коркутушат жомоктогу “бөө” болуп.

 

Катылган сыр, коюнунда бай тарых,

Бир мезгилде душман мизин майтарып.

Жоону сүрүп кеткен ата-бабалар,

Жүрүшкөнсүйт дале бизди кайтарып.

 

Кылчакташып суюлушуп, сүрүлүп,

Көк асманда кино коюп жарым күн.

Балдар кетти кой артынан жүгүрүп,

Уландысы эртең болор, а мүмкүн…

 

Дүбүрт

Достор кээде жарга такап, сокурдай,

Китеп чыгар, деп айтышат отурбай.

Китеп мейли,бирок кетем чочулап,

Калабы деп, ыргытылып окулбай…

 

Шашпа досум, бир аз чыда, шашылба,

Элге кызмат кылып жүрдүм жашымда.

Акындыкка баруу керек кишенсиз!..

Ошол ойлор жашап келет оо башымда.

 

Көл бетине дүбүрт салган кадам бар,

Көкүрөктө элиме айтчу салам бар.

Күн нуруна бир сугарып берейин,

Күүгө салып ырдап жүрсүн адамдар.

 

Арт жагымда калың кыргыз калкым бар,

Ошондуктан мен ырдоого акым бар.

Бүт ааламды бир жүрөккө батырган,

Араңарда китеби жок акын бар.

 

Жалын

Дүрр… дей түшүп, жалын көккө ынтылып,

Көз ирмемге жарк этүүгө умтулуп.

Атып чыгар замат чыгып артынан,

Туңгуюкка сапар салган кыйкырык.

 

Кыялкечим, кубат берген көңүлгө,

Шашылабыз сен да, мен да өлүмгө.

Караңгынын айра шилтеп пардасын,

Мынча кыска, мынча окшошсуң өмүргө.

 

Жүрөк кыскан туңгуюкту жарып чык,

Бүт ааламды жарык кылып жанып чык.

Катып алган адамдардан кооздукту,

Бир көрөйүн, өчпөй турчу жарыктык!

 

Турмуштагы кабыл алган чечимим,

Мен да сендей караңгынын өчүмүн.

Ошон үчүн Прометей баатырга,

Каардуу Зевс, берип койчу, кечирим!!!

 

А…га

Улуу тоодо жаткан терең сырлардай,

Кол жеткиссиң булуттарда тургандай.

Жүрөгүмдүн тереңинде толукшуп,

Сен жөнүндө ырлар жүрөт ырдалбай.

 

Ай жүзүңдөн жылдыз турат чачырап,

Бир жарк этсең бүркөлгөн күн ачылат.

Жашырсаң да билинбеген ууртуңдан,

Күлкүң турат бүт ааламга чачырап.

 

Кирпиктериң салаа болуп төгүлүп,

Күндө көрсөм, күндө сулуу көрүнүп.

Сүйлөгөнүң бир башкача керемет,

Көкүрөгүң мага карай тебилип.

 

Баскан изиң бир адамга өмүрдөй,

Назиктигиң жайдын салкын желиндей.

Анар жүздүү, ак куу моюн, алкымың,

Аттиң, чиркин, ана… турат өбүлбөй.

 

Жомоктогу периштедей күлүшүң,

Мен өзүңдү талбай ырдайм күнү-түн.

Чыксам дагы 80 менен 90го,

Эч үзүлбөйт менин улуу үмүтүм.

29.04.2009-жыл