Гүлзада Станалиева: Өмүрдүн морт, сүйүү кымбат экенин, Түшүндүк да, бир өзөккө айландык

*****

Сагынган элем, кирипсиң түндө түшүмө.

Ойгонуп кетип, ыйладым көпкө шолоктоп.

Балалык кезден тараган бойго кусадан

Арылар бекен, жазылар бекен толгон бук.

 

Сагынгам элем, кирипсиң менин түшүмө.

Кирипсиң… кандай, эмнелер болду эсте жок.

Билгеним жалгыз жадыма сиңген кусалык

Күчөдү кайра… ыйладым көпкө шолоктоп.

 

Билгенге кандай балалык таза сезимге,

Кусаны артып, сурабай тагдыр чечилип.

Кайран баш бакыт-таалайга тунган чакта да,

Өтөрү бышык кусадар өмүр кечирип.

 

Жаагын, ак кар

Кар жаап жатат…

Сапырылган жаңы кар

Канча жолу жаады менин жашоомдо,

Оо, ушинтип билбейм дагы канча жаар?

 

Жаагын, ак кар!

Бубагыңды санаба.

Буркан-шаркан түшкөн ушул дүйнөгө

Бир жааганың миң жамгырга барабар.

 

Жаагын, ак кар,

Алакандап тосоюн.

Арты өкүнүч, алды кызык өмүрдө,

Арман болсо, ал армандан бошоюн.

 

Кардай жеңил,

Кардай таза болсо не

Болмуш деген. Анда адам баласы,

Өксүйт беле, чарчайт беле, жок беле?..

 

Жаагын, ак кар…

Жалганына караба!

Жарык дүйнө жалын тура бир ысык,

Жаагын, ак кар, а сен муздак абада.

 

Таңды тостум

Бийик болсоң, бийигиңе чыгамын,

Ырым менен али узун жол жүрөм.

Жапыс болсоң, жапысыңа тунамын,

Дүйнө, сенден озбосом да, тең келем.

 

Бу кайгы не, миң кайгынын биридир,

Согот жүрөк, сокконуна шүгүрдүр…

Бүгүн соолуп, эртең бүрдөп кетермин,

Бийик чыгар бир күн доошу үнүмдүн.

 

Хандай каада, көтөрөрмүн бектей сый,

Белдерди ашып, бөксөрбөстөн толормун.

Жадыбалдай жат болормун жаамыга,

Сөзү болуп уккулуктуу обондун.

 

Таңды тостум, шүгүрчүлүк келтирип,

Таңды тостум, бала эмизип олтуруп…

 

*****

О ушул санаалар, санаалар…

Жыл эмес, кылымга барабар.

Силерди эч кимге айталбайм,

Силерди түшүнөр кимдер бар?

 

О ушул кажыган санаалар…

Кимге айтам, мен айтсам, ким угар?

О бүгүн күйүшкөн мен менен

О эртең касыма сыр ачар.

 

О өмүр кыскарткан санаалар…

Наристем чарчаган күндөр ал.

Жүрөктү зилдеткен санаалар,

Күн барбы силерден арылар?

 

Өмүрдү өксүткөн санаалар…

Түгөнүп, түгөнүп баратам…

Шамалга кошулуп кеткиле,

Ааламга силерди узатам!

 

Эски кат

Эркин созгон ээнбаш цыган ырындай

Ээликтирди эчаккы бир эски кат.

Эңгиреди журтсуз калган айылдай

Көз алдынан жаштык өттү сабалап.

 

Унут болгон качанкы бир ызасы

Толуп-ташып… ый чакырат көөн бошоп.

Жаштыкта бир жаза баскан катасы

Кыя жолдон алгансыды жол тороп.

 

Үйүн жыйнап, эшик алдын ирээттеп,

Илкий басып кармады өзүн күн кечке.

«Эч ким менин бузбаса деп оюмду»,

Салды өзүн, салды оюн кишенге.

 

Кеч киргенде… тынч алганда айлана,

Жай табалбай, жерге-сууга сыйбады.

Эрдин тиштеп, укпашсын деп акырын

Эчкирип бир өксүп көпкө ыйлады.

 

*****

Акын кыз картайып баратат

Ырлары муңайым жаралып.

“Ким окуйт, окуса ким табат,

Алардан сен каткан санааны?”

 

Ыр жазган кыз дешип сүйүшчү,

Сүйүшсө көпчүлүк жигиттер.

Ыр тапкан күнүнө сүйүнчү,

“Ушундай пендени сүйүп көр!”

 

Ыр жазган кыз дагы бактылуу

Болсом деп түптөдү коломто.

Бактылуу күндөрдө ыр жазбай

Калганда өзүн да жоготкон.

 

Сүйүүгө ийилип, мээримге

Толукшуп баласын эмизген.

Бир күндү кылымга карытты,

Колунда чарчаган наристе.

 

Тоо болду күйүтү, суу болду,

Бактысы салаадан куюлган.

Жат болду бүт жарык дүнүйө,

Кечээ эле жыпжылуу туюлган.

 

Ыр жазган кыздын ыр дүйнөсү,

Ыргалып ый менен ойгонду.

Бактысы мелтилдеп турганда,

Көбүрөөк ыр сурап койгонбу?..

 

*****

Жыйыштырып тиргиликти үйдөгү,

Жаны жоктой жарым жылдай жашадым.

Биринчи ирет тоюп ушул дүйнөгө,

Биринчи ирет келбей турат жашагым.

 

Күйгөнүмдү күн да, саат да билбеди,

Так тыкылдап өтүп жатты убакыт.

Кордоп кетти, кетти үшүтүп дүйнөмү,

Колдон түшкөн коргошундай бир бакыт.

 

Мас кишидей бир соолугуп, бир ичкен,

Өйдө-ылдый болуп жатты жан дүйнөм.

Жазды күттүм, жаныма сеп болор деп,

Жарым саатка чыккым келбей үйүмөн.

 

Ойдолоктоп үшкүрүнүп олтуруп,

Далай таңды уйку көрбөй атырдым.

Жан кишиге айталбаган жеткирип,

Күйүтүмдү ырга гана батырдым.

 

Тагдыр деген татаал жолдо чайналып,

Күйүп, түтөп, канатымды кайрыдым.

Бүт дүйнөдөн обочодо калган бир,

Суру кеткен жалгыз түшкөн айылмын.

 

*****

Дүйнөм менин ташкындаган дарыя,

Тамчысы эле суусунуңду кандырат.

Ташкынымды тартпа, алдын торобо,

Көөн кирдетип, эт жүрөктү жаралап!

 

Эгерде сен буусаң жолум таш менен,

Талаа-түзгө тарап-сиңип кетермин.

Шарпым менен кошо ыргалып агылсаң,

Тынч мемиреп көркүн ачам кечеңдин.

 

Оңдон тоссоң, солго нугум бурамын,

Солдон тоссоң, өзүмдү түз урамын.

Талып агам, тартыламын кезинде,

Ташкындасам, ташкынымдан коркпогун.

 

Талааларга толкуп агып бар дегин,

Тоо гүлдөрүн арала деп жол бергин.

Сен жол бергин! Булак болуп өзүңө,

Буурул таңда тунуп кайра келемин.

 

Биз экөөбүз бир сергийбиз ошондо,

Сезим кайра төрөлгөндөй жаңырат.

Кеткен кезди, келген кезди сураба,

Мен өзүңө таберик да, аманат!

 

*****

Тоолорго айттым сырымды…

Томсоруп туруп угушту.

Муңумду тыңшап теректер

Шуудурап ыйлап турушту.

 

Сууларга айттым сырымды…

Тартылып барып тунушту.

Сан жылдар чыдап көтөргөн

Санаамды чарчап угушту.

 

Булутка айттым бугумду

Буулугуп нөшөр куюлду.

Бурганак болду шамал да,

Бук тарап, көңүл муюду.

 

*****

Күңүрт тарткан бөлмөдө олтурамын,

Күңүрт ойлор күүгүмдөп басат мени.

Күңүрт чыкты ыр жазсам, аным дагы.

 

Суйдаң тарткан чачымды тарабадым.

Суй жыгылдым санаадан таркабаган.

Суз жазылды ырларым анан дагы.

 

Муңдуу күүнү угуудан тажабадым.

Мукамына көңүлүм куштар болуп.

Муңдуу чыкты ырларым улам жаңы.

 

*****

Өрүлгөн менин чачымды

Колдоруң менен сылабай

Көздөрүң менен сылап өт.

 

Бүшүркөп турган көңүлдү

Сөздөрүң менен жубатпай

Илебиң менен эркелет.

 

Башыма түшкөн кайгыга

Көз жашың менен ыйлабай,

Көкүрөк менен ыйлап өт.

 

Намысы бийик асыл баш

Уят деп гана сыйланбай,

Урматы үчүн сыйланат.

 

Каниет

Дайрадай агылдым,

Шамалдай согулдум.

Оош-кыйыш турмушта

Жаңылсам, жаңылдым.

 

Жазмыш деп соорондум,

Армандуу болбодум.

Муздасам муздадым,

Арийне тоңбодум.

 

Кайгыда ыйладым,

Дүйнөгө сыйбадым.

Түтөдүм, тутандым,

Ошентип чыйралдым.

 

Сүйүүгө ийилдим,

Кутумун үйүмдүн.

Бир чымчым бактыма

Баладай сүйүндүм.

 

Какшыган дүйнөгө

Жамгырдай чабылдым.

Акактай махабат

Отуна табындым.

 

Жаз менен жаңырдым,

Күз менен күбүлдүм.

Жоголуп кетерде,

Сүйдүм да, сүйүлдүм.

 

Жаңылган жазгандын

Жүзүнөн сыладым.

Жабыккан пендеге

Жакшылык сурадым.

 

Дастандай ырдалдым,

Дарактай ыргалдым.

Мүшкүлдүү тагдырга

Ийилдим, сынбадым.

 

*****

Батыштан соккон шамалдан

Батыштын жайын сурадым.

Бай турмуш куруп капарсыз

Жашайт деп эли угамын.

 

Баш чайкап шамал согулду,

Тилегин айтты анан бу:

«Бактылуу жанды көрсөм деп,

Аңтарып жүрөм ааламды».

 

Чыгышка урган шамалга

Жоолугум булгап, кош дедим.

Аздектеп мага ала кел,

Бактылуу жандын бир демин.

 

Бир кыш эле…

Бир кыш эле, аяздуу бир кыш эле…

Тагдыр бизди табыштырды ошол кыш.

Байландың сен ажарына… а балким,

Ыры менен арбадыбы акын кыз.

 

Айтор күндө келер элең кечкисин,

Айтам деген сөзүң калчу унтулуп.

Муюп угуп ырларымды телмирип,

Туюп угуп сезимдерди… умсунуп.

 

Күмүш күлкүм кулагыңа шыңгырап,

Күндө сени алып келчү мен жакка.

Бар дүйнөбүз – биздин аруу сүйүүбүз

Айланды анан кош канаттуу ырларга.

 

Кечтер болчу кыялдарга мас болгон,

Өтмөккө окшоп ошол бойдон, жаш бойдон.

Оюбузга кара нерсе түнөбөй,

Турмуш курдук не үйү жок, не коргон.

 

Бизди кошкон ошол кыштай бул ирет

Кар калың жаап, эшик алды күрөгүс.

Эч ким билбес кереметин бир кыштын

Жалгыз гана биз экөөбүз билебиз.

 

*****

Унут баарын, өткөндөрдү эстебе,

Бактылуу да, бактысыз да кез дебе.

Бүгүнкүнүн бүчүрлөрүн күт, жаным.

Бакыт куруу ушул күндө кеч дебе.

 

Кайырчыдай тамчы таалай издедим,

Тагдырымдын тарам-тарам жолунан.

Жазмыш дебе, буйрук дебе сен мени,

Издеп жүрүп тапкан жар де арзыган.

 

Жылдыз болуп жандым сенин түнүңдө.

Обон болдум дирилдеген үнүңдө.

Ай болдумбу, күн болдумбу, билбеймин,

Арзуумду арнап сага келген күнүмдө.

 

Тамшандырган бакыт жөнүн биле албайм,

Бакыт, балким, жүрөктөрдүн тынчтыгы.

Опол тоодой тирек болчу өзүңсүң,

Кеткен кезде жаштыгымдын курчтугу.

 

Күн күлгөндөй күлүп туруп мен сага

Көөдөндөгү арзуу ырын арнадым.

Көкүрөгүң уксун, уксун ырымды,

Чын де баары, бир да сөзүн танбагын.

 

Тамшандырган бакыт жөнүн биле албайм…

Балким, бакыт дил-көөдөндүн актыгы.

Ойдо өзүң, жанда өзүң болорсуң,

Кеткен кезде чабалекей жаштыгым.

 

Жароокерим, сен да аны билбессиң…

Бакыт жөнүн. Деги аны билет ким?

Бирок, бакыт жаралбашын сүйүүсүз,

Айтат жүрөк, кан тамырым, сезимим.

 

*****

Сен оорудуң, кошо мен да оорудум…

Жаның менен болуп жатып убара:

«Коркпо» дейсиң, сүртүп аяр көз жашым

Агып жаткан ээ-жаа бербей салаалап.

 

Ошол түнү мен кудайга жалбарып,

А сен мага жалбарганың унутпайм.

Мен ошондо биринчи ирет өзүңсүз

Жоготорун билдим жашоо маңызын.

 

Мен эмнеге сүйүүбүздүн тереңин,

Бактыбыздын тоодойлугун сезбегем.

Көр болгонум үчүн өксүп эки эсе

Өпкө кагып ыйлап жаным сыздаган.

 

Көрсө, биздин тоодой болгон бактыбыз:

Сенин ишке күндө эртелеп кеткениң…

Балдар менен а биз үйдө чурулдап,

Күн-айлардын тура бейгам кечкени.

 

Биз ооруну жеңип ошол күндөрү,

Кайра баштан жаралгандай тазардык.

Өмүрдүн морт, сүйүү кымбат экенин

Түшүндүк да, бир өзөккө айландык.