Гүлзада Станалиева: Сагын Акматбекованын ырларынын поэтикалык өзгөчөлүгү

Сагын Акматбекованын ырларынын поэтикалык өзгөчөлүгү

Сагын Акматбекова кыргыз поэзиясына өз үнү, поэтикалык дүйнөсү, стили менен кирген акындардын бири. Акындын поэтикасынын өзгөчөлүгү көркөм сөз каражаттарын колдонуусунда, дүйнөгө, чындыкка карата көркөм мамилесинде, ой-сезимдеринин адаттан тыш берилишинде айкын көрүнөт. Андыктан акындын ырларын улам кайра окуудан окурман улам кайра жаңы эстетикалык таасир алып, жаңы сезим-туйгуларга туштугуп, жаңы ойлордун кучагында калат. Башкача айтканда, Сагын акындын ырлары абстрактуу ой жүгүртүүгө негизделген көркөм туундулар. Ал адамдын психологиясынын татаалдыгына, фантазиясынын ченемсиздигине байланышкан философиялык ой түрмөктөрдү ыр кылып куюлуштурат. Ойду берүүдө, туюнтууда акын өзгөчө көркөм штрихтерди, деталдарды жана экспрессивдүү-эмоционалдуу лексиканы стилдик жактан чебер колдоно билет. Акындын ырларындагы лирикалык образдын көңүл-маанайы, ой-санаасы, кайгы-кубанычы, арман-кусасы окурмандын сезимине башкача бир контрасттуу сезимдерди жаратып, эстетикалык ырахат тартуулайт.

Сагын акындын поэзиясында турмуш-тиричиликтеги майда-барат нерсе философиялык, психологиялык, адеп-ахлактык маселелерге чейин өсүп жетет. Акындын жазы, кышы, барик-жалбырагы, күүгүм –иңири, кары, кечи, таңы, булуту, чөбү, шыбагы, жамгыры табигат көрүнүштөрү катары гана көрүнбөй, жандуу образ катары оригиналдуулукка, индивидуалдуулукка ээ болуу менен символдоштурулуп кандайдыр бир маанайды элестүү туюндуруп, окурмандын сезимдерине кыттай уюйт.

Ырдын терең дүйнөсүнө чөмүлгөн окурман андай табигат көрүнүштөрүн аяр түзүлгөн жандуу образ катары жүрөгү менен кабыл алат. Себеби, аларды ар бирибиз реалдуу жашоодо көрүп туйганбыз. Бирок, ар ким эле Сагын акындай алардын эстетикалык кыймылдагы абалын ыр аркылуу айтып бере албайт. Сагын акындын мындай көркөм туюнтуулары окурмандын жан дүйнөсүнө өтө жакын сезилиши ушундан. Сезилгенде да окурман эч бир жанга айтып берип туюнта алгыс көңүл, сезим сырларын акындын ырларынан даана көрөт.

Кимдир бирөө келип сууга күүгүмдө

Кайта кетти чакасын бош көтөрүп…

Жүрчү, курбум, тиги өйүзгө өтөлү.

 

Кимдир бирөө келип мага күүгүмдө

Айтты мага өз сүйүүсү жөнүндө.

Жүрчү, курбум, тиги өйүзгө өтөлү.

 

Анда унтулуп калган үйдүн эшиги

Ачылды окшойт… мага ошондой сезилди.

Жүрчү, курбум, тиги өйүзгө өтөлү.

 

Баарын тааныйм андагынын… жатталуу.

Стол, нота, менин жазган каттарым…

Жүрчү, курбум, тиги өйүзгө өтөлү.

Көрүнүп тургандай, бир окуганда ырда логикалык ырааттуулук жоктой сезилет. Ырдын ар бир куплетинин үчүнчү сабы кайталоодон турат: «Жүрчү курбум, тиги өйүзгө өтөлү». Дал мына ушул кайталоо ырда күтүлбөгөн кырдаал жаратканын байкайбыз. Дал ушул кайталоо аркылуу ырдан белгисиз көңүлү жакын адамдардын сууга келимиш болуп жашырынып, күүгүмдө жолугушуусун, бири-бирине сүйүүсүн билдирүүсүн, ошол эле мезгилде алардын бул жашыруун сүйүүсүн жан киши билип койбосун деген сактанууларын сезип-туябыз. Дал ушул кайталоо үчүнчү куплеттеги унутулуп калган үйдүн эшиги ачылгандай сезилиши, мунун өзү жолугушкандарды сак-сактоосун, шексинүүлөрүн күчөткөнү баамга урунат.

Көңүл бура турган нерсе, эшиги ачылгандай болгон үй «унтулуп калган үй» деп берилет. Эмне үчүн унтулуп калган? Унутса, ким унуткан?

Мындай суроолордун тегерегинде ой жоруу, жолугушкандардын жашыруун сүйүүсүнүн сырын ачкандай болот. Ал кандай сыр эле? Жолугушууга жашырынып келген кимдир бирөө үйүн унутуп, сүйгөнүнө сүйүүсүн айтып келгени менен, үйдүн эшигинин ачылгандай болгону дароо аны кооптонтуп, сактануу абалын жаратты. Муну окурман орундуу колдонулган кайталоодон жана символдоштурулган көрүнүштөрдөн көрөт.

Мындан соңку саптарда «Баарын тааныйм андагынын… жатталуу. Стол, нота, менин жазган каттарым:..» деген саптар көңүлдү бурат. Бул саптарда лирикалык каарман андагынын баарын таанырын, ал эмес, жадыбалдай жатка билерин билдирет. Бул саптар жашыруун сүйүүнүн эркине баш ийип, жолугушкан эки адамды бириктирип турган эскерүүлөр, өмүрдүн бир бүктөмү бар экенинен кабар бергенсийт. Алар стол, нота, каттар… Ушул нерселер экөөнө тең жылуу туюлуп, тааныш, бирге өткөргөн күндөрдүн аздек белгилери катары көрүнөт. Бирок, ал учур өткөн, баары артта калган. Адамдын оош-кыйыштуу, өкүнүчтүү да, суктанарлык да тагдыры ушундай ушул жөнөкөй да, татаал да көркөм кубулуштар аркылуу көркөм талдоого алынып, бийик көркөм чеберчилик менен ырга салынган.

Акындын поэтикалык өзгөчөлүгүн анын «Сиңдиме» аттуу ырынан карап көрөлү.

Ар дайым күүгүм кирип

Сен тартканда терезенин пардасын

Эмнени ойлойт сыртта калган теректер?

Кум менен күн өлкөдө кечке жашап

Келишип, уктайт таттуу балдарыбыз.

Чай ичебиз сен экөөбүз

Унчугушпай

Эч кимди да күтпөйбүз.

Билебиз: алыс, алыс

Түбөлүк унчукпаган топурак бар.

Баары ошол топуракта: биздин балалык.

Бир күндө эле белден чыгып

Короодо шуудураган жүгөрүлөр…

Апабыз суу алууга чыгып кеткен…

 

Ар дайым күүгүм кирип

Сен тартканда терезелер пардасын

Эмнени ойлойт сыртта калган теректер?

Бул ырда эч кимди күтпөгөн эки аял, эже-сиңди, алардын таттуу балдары, суу алууга чыгып кеткен апасы, түбөлүк унчукпаган топурак, анда калган балалык, бир күндө белден өйдө көтөрүлгөн жүгөрүлөр, пардасы тартылган терезе жана теректер тууралуу акын сөз кылат.

Бир окуганда, булар бири-бири менен эч коошпогон нерселер сыяктуудай туюлушу да мүмкүн. Бирок, ырга кунт коюп карасак, алардын бири-бири менен тыгыз байланышы бар экендигине, болгондо да бул нерселер өзүнчө бир бүтүн дүйнө болуп, ширелишип турганына ынанбай кое албайсың. Күүгүм киргенде, үйдүн терезелери жабылып эже-сиңди чайга олтурат, чай үстүндө бири-бирине унчугушпайт, бирок, ушул унчукпоо ал экөөнү алыстатпай, кайра жакындатат. Көрсө, жебиреп сүйлөшө берүүгө караганда көңүлү жакын кишилер кээде ушинтип унчукпай отуруп бири-бирин эң сонун түшүнүшөт экен, бири-биринин санаасын, муңун айттырбай сезип-туюп, бири-бирине жөлөк болот экен. Эже-сиңди эч кимди күтпөйт. Ал экөөнүн балалыгы алыс жакта түбөлүк унчукпаган топуракта калган. Ал түбөлүк унчукпаган топуракта бир гана балалык эмес, бул экөөнө тең кымбат нерсенин баары калган: балалык күндүн элеси болгон шуудураган жүгөрүлөр, суу алууга чыгып кеткен апасы, б.а. өткөн өмүр, жакын адамдар…

Алар эже-синдиге бирдей баалуу, бирдей кымбат, ал эмес, бирдей кусалуу ойду жаратат. Дал ушуга окшогон теректерге кайрылуу менен поэтикалык ойду эң сонун берген Салижан Жигитовдун белгилүү «Элегия» аттуу ырын ким билбейт. Ал ырдан да акын менен коюндашып чогуу өскөн агасы экөөнүн ортосундагы жылуу бир туугандык мамилени көрөбүз. “Элегияда” шуулдаган теректер акынга жакындарын, өткөн таттуу күндөрүн, балалыгын эсине салып, турмуштун ачуу-таттуусу, өмүрдүн кыскалыгы тууралуу ой жорууга түртөт. Шуулдасаң ыйлагым келет менин» деген даңазалуу саптары менен балалыгын, жакын адамдарын, өткөн өмүрүнүн жүрөктө калган элестерин улам эске түшүрүп отурат. Акын эстеген нерселер, адамдар окурманга да жакын, тааныш сезилет. Ырды окуганда окурман да акын менен бирге муңканат, андагы тири укмуш кусалыкка жүрөгү кошо сызылат. Поэтикалык сөздүн күчү ушуга жеткирет.

С.Акматбекованын жогорудагы ырында да теректер өзүнчө бир өткөн күн менен бүгүнкүнү байланыштырып турган көркөм символ катары кызмат кылат. Бирок, С.Акматбекованын теректери С.Жигитовдун теректеринен айырмаланып «шуулдабайт». Сагын акын алардын пардалуу терезелердин артында калгандагы томсоргон көрүнүшүн көз алдыга тартат. Сыртта калган теректердин эмнени ойлорун акын билгиси келет, ал туурасында ачык эле суроо салып сурайт, ошону менен бирге эле кайра өзүнүн суроосуна жооп боло турган ойлорун ортого салат. Ал ойлор лирикалык каармандын бүгүнкү, кечээки өмүрү, тагдыры, жашоосу тууралуу ойлор.

Акматбекованын поэтикалык дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү анын дүйнөнү символдор аркылуу туюнтуусу десек болот. Символдор акындын көркөм табылгалары болуу менен катар поэтикалык ойдун бийиктигин жана тереңдигин камсыз кылат. Акын символдор менен поэтикалык ойдун ширелишкен көркөм синтезине жетишүү менен бийик чеберчилигин көрсөтөт. Мисалы, «Жапайы дүйнө» аттуу ырында реалдуу биз көргөн дүйнө эмес акындын кыялындагы, аң-сезиминин тээ түпкүрүндө жашаган дүйнө чагылдырылып берилет. Ырда талаалар, чөптөр, жамгырын төккөн булуттар да жапайы деп сыпатталат. Ошол жапайы булуттардын себелеген жапайы көз жашын жеген жапайы чөптөр өскөн жапайы талааларга жапайы аттар келет. Жапайы дүйнөнүн бизге тааныш реалдуу дүйнөдөн айырмасы андагы көрүнүштөр сырдуу, табышмактуу, купуя сезилет. Андай купуялыкты, табышмактуулукту акын кыялындагы фантазиясы менен чебер сүрөттөй билет.

Бирок, ошол кыялый жапайы дүйнөнүн реалдуу дүйнө менен бириктирип турган окшоштук бар. Ал окшоштук сырткы көрүнүштөгү окшоштук эмес. Ал окшоштук эки дүйнөнү тең кабылдай алган адам дүйнөсүнө барып такалат. Андыктан жапайы талааларда эркин оттоп жүргөн тулпарлардын көздөрүндө аң-сезимдүү адамдарга гана мүнөздүү, адамдарда гана болуучу арман жатат. Демек, ак менен кара, кайгы менен кубаныч, бакыт менен арман, бейпилдик менен санаа-муң бардык дүйнөдө бирдей эриш-аркак жүрөт. Себеби, анын баарын адам туюп, адам таанып, адам таразалап аң-сезиминен өткөрүп жатат.

Акматбекова адамдын жан дүйнөсү татаалдыкты, карама-каршылыкты кыялый аң-сезиминдеги жапайы дүйнө аркылуу берет.

Поэтикалык ойду мындай карама-каршылыкта, татаалдыкта туюнтуу акындын көп ырларына мүнөздүү. Ошондуктанбы акын көп учурларда ырларына атайын бир ат койбойт. Себеби, ал ырларда ой ырааттуу түз сызыкта берилбейт. Акын ойду ар тараптуу, көп кырдуу татаалдыкта ачып берүүгө умтулат.

Мисалы, «Көзү кара, чачы кара бир адам» деп башталган ырда, лирикалык каармандын көргөн түшү жөнүндө айтылат. Лирикалык каармандын түшүнө кирген көзү кара, чачы кара бир адам менен лирикалык каармандын көрүшпөгөнүнө көп болгон. Түштө экөө жолугушат, акматбековалык почеркке мүнөздүү көрүнүш бул жерде да кашкая көрүнөт. Ырда үн-сөзсүз унчукпай туруп көңүлдөрү жакын адамдар бири-бирин түшүнүшөт. Жолугушканда жарыкты да жандырбай, караңгыда отурушат. Бири-биринин жүзүн да көрүшпөйт, үндөрүн гана угуу менен канааттанышат. Көзү кара, чачы кара адам үшкүрөт, үшкүрөт да кайып болот. Үшкүрүк – бул аргасыздык, колдон эч нерсе келбей калгандагы арсыз дем. Демек, көзү кара, чачы кара адам көңүлү жакын адамына келгени менен, аны менен кала албайт, кетүүгө аргасыз. Бул экөөнүн жолу эки башка, бирок жүрөктөгү сезимдери бир. Мындай поэтикалык ой жаңылык эмес, ал тургай акындардын ырларында кайра-кайра ырдалып бүтпөй келе жаткан ой, көрүнүш. Сагын акындын акындык чеберчилиги ошол тааныш ойду, көрүнүштү бөтөнчө, башкалардан айырмалуу туюнта алгандыгында. Ырдын акыркы төрт сабы:

Боз чаң дүйнө боз туманын көчүрүп,

Бороон күтүп, деңиз толкуп жатыптыр.

Улам кайра толкун уруп өчүрүп,

Атын кумга улам кайра жазыпмын, – деп аяктайт.

Боз чаң дүйнөнүн боз туманын көчүрүп, бороонду күтүп турушу, деңиздин толкуп жатышы эмнени түшүндүрөт? Бул лирикалык каармандын ички дүйнөсүнүн түш көрүүдөн кийинки уйгу-туйгулукка туштугуп калган абалынан кабар бербейби? Ал көңүлү жакын жүрөгүнөн түнөк тапкан адамынын атын кайра-кайра кумга жазат. Толкун кайра уруп өчүрүп кетет. Кайра жазат, кайра толкун өчүрөт. Бул эмне? Күрөшпү?! Сүйүүсү үчүн ойдогуну ойрон кылган тагдыр менен, жазмыш менен болгон жан дүйнөнүн күрөшүбү? Анын түбү барбы, чеги барбы? Балким, жоктур. Ал күрөш жүрөгүндө аздектеген сезими бар лирикалык каармандын бир өмүрү менен кошо жашап, кошо өтчү, кошо өлчү күчтүр. Андай болсо, ал күч эч нерсеге, эч кимге баш ийбейт. Демек, ал баарынан бийик турат.

Сагын Акматбекованын поэзиясы ушундай көркөм-эстетикалык сапаты менен, идеялык-мазмундук көп кырдуулугу, көп катмарлуулугу жана формалык табылгалары менен өзгөчөлөнүп, көптөгөн окурмандарынын көңүлүнөн орун тапкан.

Гүлзада Станалиева

филология илимдеринин кандидаты,

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучусу