Европага саякат

Париж – Ай менен Күндүн ширелүүсү

Биз Германиядан Франциянын аймагына өткөндө жапжашыл дуб, карагай, кайың өрдөгөн чар-тараптуу чөлкөм гүлгө оронгон кичинекей шаарчаны элестеткен күмбөздөрдү артка калтырып, эч кимдикине окшобогон (немец, бельгиялык ж.б.) архитектуралык ансамблдеги шаңдуу калаага алып кирди. Мына, Франция! Ишенгиң келбейт. Кайсыл тарабын караба, көздүн жоосун алган сулуулук. Америкалык улуу жазуучу Эрнест Хемингуэй: “Париж – бул дайыма сени менен кошо болчу майрам” – деп айтканы төгүн эместей. Бир күн мурда 14-июлда Франция мамлекетинин көз карандысыздыгынын күнү белгиленген экен. Түркүн түс гүлдөрдүн парадында шаңга бөлөнгөн Париждин абасы ачык, асманы көкмөк. Күн ысык, так биздеги саратандай үлп эткен желге көңүл сергийт. Өлкөнүн Батыш жана Чыгыш аймагы Атлантикалык океанга, түштүгү Жер Ортолук деңизге жакын болгондуктан, деңиз климаты өкүм сүрүп, чыгышы орточо континенталдуу, түштүгү субтропикалык мүнөзгө ээ. Эл жыкжыйма, туристтерден баш адашат, ар бирин топтун гидинин көтөргөн желегинен ажыратасың.

Кадам сайын көңүлдү алдастатып, биринен экинчисине арбаган тарыхый-маданий имараттардын кооздугу, архитектурасы өзүнчө эле чыгарма. Ал чыгарманын композициясы кирпичинен тартып, эшик-терезеси, фасады, балкону, чатыры дегеле узун-туурасы, бийиктиги эч бир жагынан окшошпосо да жалпы шаардын көрүнүшүнө өзүнчө мазмун берип турат. Ар бир өткөн доор, ар кайсы кылым үн катып тургандай сезилет…

Грев аянтындагы (Гревская площадь) карт тарыхтын сырын жымырган эстеликтер, өткөн Франциянын гүлдөгөн доорун даңазалаган көрүнүштөр Менял көпүрөсүнө келгенде ансайын купуяланып, сырдуулугу, шаңдуулугу жана да табышмактуулугу менен баш катырат. “Париж – антиквардык шаар” – деп кайра-кайра кайталайт гид. Айтса-айтпаса Консьержери Король резиденциясын аралап, Елисей талаасынан өтүп, Триумфалдык Аркага чейинки кооздукту сөз менен жеткире албайсың.

 

Укмуштуудай жандуу, таберик сулуулуктун жанында сөз кудуретсизби же сендеги сөз байлыгы чабалдык кылабы, түшүнүп болбойт. Елисей талаасы кол менен жасалган, табигый кооздукка ичкериден азык берген кол чеберчилиги менен акыл-ойдун, фантазиянын туундусунан курулган англичандардын токою. Триумфалдык Аркадан кем калышпаган Жеңиш Аркасы салтанатты, майрамдык шаңды, көтөрүңкү дух менен Адам рухунун бийиктигин, асылдыгын даңазалайт. Парижди аралап аккан Сена дарыясына курулган көпүрөлөрдү антикалык доордогу скульптуралык чыгармалар менен кооздоп чыгуунун өзү канча мээнет, эмне деген чеберчилик! Олимпиялык кудайлардын элеси түшүрүлгөн көпүрөлөрдө өткөн доордун духун мезгилдин бүгүнкү, эртеңки жана келечеги менен айкалыштыруунун өзү француздардын архитектурадагы улутка таандык чоң чеберчилигин, кылымдан-кылымга өөрчүткөн тажрыйбасын, кайталангыс усулдарын таасындап, архитектуранын илим катары биротоло калыптанып, өз апогейине жеткенин айкындайт. Француздар жөн эле бир үй же имарат курушпайт, бүтүн бир чыгарманы анын тарыхы менен кошо жаратышат экен деп калдым. Адамзат пендеси (корифейлер) эмнеге эле илим-билимге, маданиятка, искусствого тамакайы так болуп, акыл-эстен тандырган сулуулукка кул болуп келет десе, ошол азыткыдай арбаган руханий дүйнөдө чети оюлбаган байлык жатат турбайбы.

Франциянын борбордук бөлүгү тарыхый эстеликтерге өтө бай. Так ошол борбордук бөлүгүндө XVII кылымда курулган Майыптар үйүндө улуу полководец Наполеон Бонапарттын сөөгүнүн калдыгы (1840-жылы алып келишет) жашырылган аскердик музей (куполасына он тогуз кг. алтын ширетилген) жайгашкан.

1812-жылы дүйнөлүк биринчи согушта Россияны басып алыш үчүн бир нече Европа мамлекеттерин талкалап, чагылгандай тездик менен орустарга кол салат. Анын көздөгөн ой-максаты ишке ашпай, Россиядан жеңилген император Наполеонду 1815-жылы Ыйык Елена аралына айдап жиберишет. Арал океандан алты миңдей километр алыстыкта жайгашып, төрт тарабы деңиз менен курчалган, элде айтылып жүргөндөй, макоо-пестерди жазалаган Каспий деңизинин тумшугундагы Карабогоз гөлү (Түркмөнстанда) сыяктуу “барса-келбес” жапайы арал болгон.

Улуу полководецтин өмүрүнүн акыркы жылдары кишинин караанына зар болгон түнт аралда күн менен түндүн санатындай санааркап өткөн… Анын тамагына дайыма билдирбестен (мышьяк) уу кошуп беришкен деген божомол да айтылат, көз жумгандан кийин чачынан уу чыкканын ырастаган жана төгүндөгөн изилдөөлөр бар. Канткен менен Наполеонду тарыхтагы кайталангыс личность, атактуу аскер башчысы деп айтуу аздык кылат. Анын табият тартуулаган аскер кишисине гана таандык таланты, шык-жөндөмү, инсандык кулк-мүнөзү, жеке сапаттары, артыкчылыгы даңкталып айтыла берери жөндүү. Наполеон кол алдындагы армиясындагы жоокерлердин атын адаштырбай так билген. Өзүнө ок тийгенде, эч качан жатып дарыланган эмес, душмандарым билип калбасын деп эч кимге айтпаган, денесинин ок тийбеген жери тамтыгы калбаганын сөөгүн жууганда көрүшкөн. Мүнөзү ушунчалык катуу болгондуктан, адъютанты да батынып сурай албаптыр… Өзү согуш инженери болгону үчүн согуштун тактикасын беш манжасындай өздөштүргөн, адеп кол салганда эле душмандарынын чакчелекейин түшүргөн. Курал-жарак жасоонун техникасын, тетиктеринин атын, кызматын ийне-жибине чейин өздөштүргөнү жетпегендей колдо жасалган жаңы куралдарды ойлоп табуучу катары аты чыккан, жоокерлерине курал колдонуунун сырларын үйрөткөн.

Учу-кыйырсыз Россияга бастырып киргенде анын мүдөөсү ишке ашпады. Табияттын катаалдыгынан, тажаалдыгынан чыккан каршылыгы анын стратегиясынан да ашып түштү, армиясы туруштук бере албады. Ал жеңилүүнүн ачуу ызасын моюнга алып, Вена Конгрессинин чечимине баш ийүүгө аргасыз болду. Ал жерде 56 жашында 5-майда ашказан рагынан каза табат. Анын сөөгүнүн калдыгы көмүлгөн музейдин бийиктиги 107 метр, француздар улуу полководецинин эрдигин сыймык менен эскеришет. Анын жанында көрүнүктүү француз ишмерлеринин түбөлүк жайын коргогон Пантеон чиркөөсү турат. Француз элинин эркиндиги үчүн күрөштө курман бол­гондордун урматына Эркиндик статуясы орнотулган. Шаардын борборундагы Сите аралчасында эң көрүнүктүү, эң чоң эки атактуу чиркөө бар. Алардын бири Париж Кудай эне (Парижский Богоматери) собору жана экинчиси Ыйык Капелла. Ал эми Нотрдам, Страсбург мунараларынын бийиктиги 162 метр, өзүнчө эле жомок.

Фрагонар – дүйнө жүзүндөгү парфюмерия чыгарган белгилүү фабрика. Франциянын атырлары кайсы жерлерде даңкталбаган да, кимдерди тамшандырбаган?! Кылымдан-кылымга бүтпөс легенда сыяктуу ооздон түшпөй, айрыкча аялзатын сулуулукка, назиктикке, сый-урматка бөлөгөн мындай тартуунун ээлери өздөрүнүн бакытка бөлөнөрүн эч качан жашырышпайт.

Парфюмерликке ичимдик ичпеген, тамеки тартпаган гана кишилер жумушка алынат. Жада калса сыра ичүүгө тыюу салышат. Айткандай, француздардын белгилүү “Парфюмер” кинотасмасы так ушул фабрикада тартылыптыр. Башкы каарман парфюмер-жаш жигиттин жыт алуудагы ыкмасы сулуу кыздардын кимдир-бирөөсүнөн башкача жагымдуу, катардагы адамдар туя албаган, тубаса парфюмер гана сезген жытты искеп калса, артынан кууп, аңдып жүрүп, өзүнүн максатына жетиш үчүн мыкаачылыкка да барышы (кыздарды ар кандай жолдор менен өлтүрүп, денесинен жыт алат). Кудай тарабынан да, мыйзам тарабынан да кечиримсиз экенине карабай, кинотасманын аягында башкы каарман өзү тозоктой кыйынчылык менен чогулткан, тандаган жыттарды кол жоолукка сиңирип, айланага желдей таркатып жиберсе, жазалоо жөнүндөгү буйрук, бийликтегилердин, чиркөөдөгү поптордун эсинен чыгып, баары-баары, эч кимиси калбай, аял менен эркектин ортосундагы сезимдер дүүлүгүп, жыттын кереметине балкып, бакытка жыргап калышат. Мындай жыргал бир болсо бейиште, болбосо башка эч жерде жок. Албетте, режиссердун мындагы табылгасы дүйнөдөгү керемет, назик, сөз менен жеткире алгыс ажайып жыттар гүлдөрдөн, өсүмдүктөрдөн эмес, адамдардан, басымдуусу аялзатынын денесинде болорун айткысы келгендир… Жыт – бул өзүнчө табийгат тарабынан берилген кудурет нерсе. Жыпар жыттарды алуу француздардын илгертен келаткан технологиясынын артыкчылыгы. Адамдын табияты татаал болгондуктанбы өзгөчө бир жагымдуу жыттарга мас болуп, эйфорияга жетиши илимде далилденген. Бир мезгилдерде жапондор турмушка чыга элек, көчөт кыздардын жуулбаган, табигый жыты кетелек турсийлерин аукционго коюп, дүйнөгө сенсация кылганы эсиңиздедир…

Фабрикага баш бакканыбызда эле бир башкача жыпар жыттар аңкып, сезимди дегдетип, көңүлдү көтөрдү. Жыттар аңкыган сайын анын артынан сая түшүп, кууп бараткансыйсың. №5 Коко Шанель атактуу француз атыры, атагы таш жарган, атагы ааламды тамшандырган кереметтин бири.

Легендарлуу Коконун өмүр тарыхы өзүнчө дастан. Коко (Короз кандай чакырганын билесиз…) анын лакабы, өз аты Габриэль Шанель. Бир кездерде бүтүндөй Европаны атагы дүңгүрөткөн аялды тилинен чаң чыкканча мактап, тили тешилгенче ушактап тынчышпаган. Аял – миф, аял – революционер, аял – тарых деп, эмне деген жарлыктарды тагып, төбөсүнө көтөрүшпөгөн. Өзү андай деле тамакайды так кылган классикалык сулуу болбогону менен кыял-жоругу, баскан-турганы, сүйлөгөнү-күлгөнү жана чагылгандай оттуулугу өзүнчө жомок болуптур. Кудайдан берилген мындай талант, ажар, харизма Габриэлге гана багышталыптыр…

Габриэль биринчилерден болуп кара түстү модага киргизген. Кара көйнөктүн ашыкча нерселерин кыркып, аялдын денесинин сымбатын чыгарган дизайнын ойлоп таап, өзү демонстрациялап кийген. Ал кара көйнөктү эч кимдин оюна келбеген көркөмдүү стилге айландырган.

Жылдардын бир жылында анын жакшы көргөн мырзасы, жандүйнөсүнө жакын адамы, бош убактысын көбүнчө бирге өткөргөн сүйгөнү катуу ооруп, өз колунда бейубак ажалдан жан берет. Кайгынын оор туманында калган Габриэль каңырыгы түтөп, бели майышып, көз жашын тыя албай, сүйгөнүн бооруна басып: “Көрөсүң, бүт дүйнөнүн сулууларын кара кийгизем” – деп ант берген дешет. Муну кандай мааниде айтты экен? Илгертеден ар кайсы диндегилер караны кайгынын белгиси катары түшүнүшкөн. Кийинчерээк кара түстү токтотууга болбой калды. Көркөмдүү, сымбаттуу, нарктуу, салмактуу, кала берсе, салтанаттуулук жана элеганттуулукту да боюна сиңирип алды.

Андан калса Габриэлдин себинген атырлары эч кимде болбоптур. Ал каерге барса, кымбат баадагы кездемеден тигилген кийимдери көргөндү суктандырып, жытынан ээрчип, жытына элирип, жытынан өзүн жоготуп, харизмасы ага кошул-ташыл боло айлана-тегерегиндеги эркектер жабыла тиктеп, шилекейи агып, жактыра табышмактуу касиетине арбалып калышкан. Габриэлге Франциядагы өз мезгилинин “менмин” деген мартабалуу, белгилүү эркектердин баары ашык болуп, ага сезимин билдирген сансыз сүйүү каттарын арнашкан, жазуучулар болсо атайын көркөм романдарын жазышкан.

Ал жөнүндө эмне деген ушактар айтылбаган, акыр аягында алардын көпчүлүгү чындыкка жакын болгону таң калтырган. Франциянын элитасы Кокону ушактабаган, сөз кылбаган күнү курсагы тойбогон. Анын өмүр таржымалы канчалык даңазалуу болбосун, байлыгы ашып-ташып турса да, эмнегедир үй-бүлөлүк коломтосун кура албай, бала эмизип, жытын искебей, энелик бактыдан куржалак өтүп, мыйзамдуу күйөөгө чыкпаган. Атактуу Коко Шанель Францияга чаканыраак кара көйнөк менен парфюмерия шедеврлеринин коллекциясын түбөлүк мураска калтырып кеткен.

Көрсө, сезимдей назик, кыялдай учкул, санаадай дирилдек, көзгө көрүнбөс, колго кармалбас жыттарды өз-өзүнчө бөлүп алуу, тагыраак айтканда, өндүрүү технологиясы оңой эмес экен. Батыш Европада, дүйнө жүзүндө кандай гүлдөр өссө: роза, нарцисс, ландыш, жасмин, хризантема, целозия, претрум, гойлардия, гвоздиканын ар түрдүү сортторунан, аты аталбаган сан жеткис гүлдөрдөн индивидуалдуу жыт алынат. Атырларды өндүрүүнүн байыркы технологиясынан тартып, бүгүнкү күндөгү автоматташтырылган технологиясынын үлгүсүн, жабдууларды, механизмдерди көрүп таңданасың. Атыр, самын саткан дүкөндөгү тейлөөнүн өзү искусство. Сиз жактырган жыт сиңирилген ак кагаздын бир бүктөмү катар тизилип турат. Жыттаңыз да, жакканын алыңыз… Тандаган нерсеңизди татына, ак жабуусу бар корзинага саласыз да, наркын төлөө үчүн кассага кезекке турасыз.

Париж – моданын мекени. Модельерлер аялзатын кооздоо, экстраваганттуу, кайталангыс, заманбап көрккө бөлөп, сулуулуктун перисине айландырыш үчүн жашашат. Мына ушундай жогорку сапаттагы жыйырма чакты мода үйлөрү Парижде. Аялзатын сезон сайын түрлөп, кийиндирип-чечиндирүүдөн тажабаган профессионалдардын турмушу жөнүндө өзүнчө сөз кылса болот.

Франциядагы эң тез, эң ылдам жүрүүчү лифт – бул Монпорнаста. Космикалык тездик менен дейбизби, көз ачып-жумганча сегиз секундада 196 метрлик мунарага көтөрүлөсүз. Чындыгында, фантастика! Монпорнас – Парнас тоосунун урматына, адам колунун чеберчилигинен жаралган искусство. 1887-жылы 10-августта курула баштаган мунаранын тарыхы өзүнчө. Жыйырмадан ашык адам баткан лифттен төртөө, тынымсыз асманга көтөрүлүп, кайра ылдый түшүрүлөт. Туристтер быкпырдай кайнайт. Мунаранын чокусуна чыкканда дүкөн, сүрөт чыгаруучу жай, кафе, “Париждин асманы” деген рестораны, кино көрүүчү залдары бар. Бул Париждеги эң бийик имараттардын бири, үч жүздөй менчик ээлериники. Бир кездерде так ушул кафеде орустун улуу акындары Марина Цветаева, Анна Ахматова жана башка көрүнүктүү көптөгөн акындар, орустун чыгармачыл интеллигенциясы отуруп, ыр окушкан, Парижге суктанышкан. Баш-аягы 120 метрлик мунарада дайыма мээлүүн шамал согуп, айрыкча кечкисин, түнкү Париждин ажайып панорамасын кучагыңа жайып таштайт. Бут алдыңызда майда-чоң жылдыздардай күйүп-жанып, оттой дуулдап өрттөнүп-өчүп, жаркыраган түркүн-түс шоолаларга чөмүлгөн Париж жатат!..

Париж – түндөсү чардап, ырдап-бийлеп, куунак өмүр кечирген, күндүзү уктап, эс алганды сүйгөн, сойкудай сонуркаткан шаар.

Ризван Исмаилова