Эсентур Кылычев: Мен барам Кызыл атка камчы шыбап, Тоолордо, кыпкызыл аскаларда.

* * *

Көпкөк көлдөн терең,

Талаалардан

деңиздей мелмилдеген,

Жерлерден

мен көрбөгөн,

мен билбеген,

Сулуулардын көздөрүнөн,

Алтын күздөн,

Дайралардан таш агызып

күргүштөгөн,

Карылардын насыят сөздөрүнөн…

Шамдардай бой керишкен

кайыңдардан,

Балпайта жаап салган

калың кардан,

Кыздардын күлкүсүнөн,

Алтындай адамдардан

айылдагы…

…таап алдым

ырларды ушул.

 

* * *

Булуттар деңиздеги кемелердей,

Бийикте удургушуп көчүп жүрөт.

Ойноок шамал аймалап бети-колду,

Кыздардын көйнөктөрүн дирилдетет.

Кайыңдар,

жүздөрү аппак ак кайыңдар,

Кызганып сүйүүлөрүн жоготчудай,

Боз улан,

сен арыраак кетчи дешет.

 

Мен жүрөм махабат жоготуп,

Бийиктен булутча көрө албайм.

Шамалча өбө албайм, өбө  албайм.

Кайыңча ак сүйүү бере албайм.

Сен да изде жүрөккө ишенич толтурбай,

Мен ансыз таба албайм,

таба албайм…

 

* * *

Ээндикке кусаланып,

Жүрөгүм тең жарылат көтөрө албай:

Сүйүүнү, сагынычты,

сүйүүнү, сагынычты.

Көргүм келип токойлордун ак шамын,

ак кайыңын,

Таралам түтүн болуп шамал менен.

Жылаңач аскаларда жылдыз уктайт

Түшүндө селт этип Күндү көрүп.

Мен барам Кызыл атка камчы шыбап,

Тоолордо,

кыпкызыл аскаларда.

Жүрөгүмдө буурул чач апам турат,

Жыттаган алкымымдан аттанаарда.

Күндө кирет түшүмө тоолук кыз

ак периште,

Ак шайы – ак жоолугун желбиретип…

Талааларда тулпарлар оюн салат,

Жер чапчып,

Ай-асманга түйүлүшүп.

Көз алдымда бир саамга токой жымжырт,

Чарк урган

далбасалуу бийи бүтүп.

Кайыңдар бирден чубайт

жоолук булгап,

Жай гана ийилишип.

 

…Жүрөгүмдө чоң толкун,

Улуу толкун,

Сүйүүдөн, сагынычтан,

сүйүүдөн, сагынычтан

 

* * *

Экөөбүз бөлүнүштүк:

Сен алыска,

мен алыска.

Жаркыным, кайда жүрдүң,

кайда болдуң?..

Кусалык дан байлады жүрөгүмдө.

Ал түнү деңиз да сууп,

Олтурдум муздак деңиз боюнда

күтүп сени.

Тиктеп толкун чыбырын ай ойногон,

Сезимиме карлар жаап боройлогон.

 

Түшүнөм,

түштөй болуп,

Гүл ачат мандалактар бажырайып.

Балыкчы ууга чыгат

чакан торун жайып алып.

А анан сен дагы кайрыласың,

Өзүң сүйгөн жоолугуңду салып алып.

…Жаркыным, сүйүүчү элем деги кандай.

 

* * *

Кайрадан жамгыр төгөт.

Кайрадан биз экөөбүз жолугабыз,

Жээгине талдар өскөн эски арыктан.

Удургутуп айдап шамал,

Учушат чымчыктардай талаа самап,

Булуттар караңгыда кеч калышкан.

Бир паска,

Же түбөлүк өмүрлөрү…

Шуудурайт

недир сүрдүү көп камыш жак,

Коркунучтун айлантып тегирменин.

 

Эриндер ысык, нымдуу жамгырлардай,

Ырдашат белгисиздик обондорун.

Сүйүү даны себилгенин айдыңдарга,

Бир түнү сулуу Күндүн жоголгонун.

 

… Кайрадан жамгыр төгөт.

Кайрадан биз экөөбүз жолугабыз.

 

* * *

Кетким келет

мейкиндерге

закымдар оюн салган жаш кулундай.

Кетким келет,

ээн-эркин бала болуп,

кетким келет

тоолорго

алыста аппак,

аппак жумурткадай,

андагы тоолук кызга

кетик мурун.

Ырдайт ал:

“…Эх, менин түндө кирдиң түшүмө сен

Качан эми кайрыласың

шок бозоюм?”

Түндүктөн жылдыздарды түндө санап,

Түздөрдө улак тарткан жигиттерди,

Кусалуу

мага окшотуп

күндө карап.

А мен деле сени эстеп кетким келет,

Кылыч миздүү тоолорго сен жашаган.

 

* * *

Ак кар жааган

алгачкы түн.

Биринчи кыш,

Чогуу тоскон экөөбүз,

Ак кептердей учуп түшкөн

Ак карлар.

Ак пейилдер,

Татынакай ак ойлор,

Карлар сымак

жүрөктөргө жаап кеткен.

Ак сүйүүлөр,

Көтөрүлгөн асманга…

Урмат сага,

алгачкы кар

Биз олтурган ал түнкү!