Эсенгул Ибраев: Сатиралар

Табытым тартпайт

Иш дегенде үшүп жүрөгүм,

Ишенсеңер катуу жүдөдүм.

Тамактан башкага табытым тартпай,

Оорукчан болуп жүрөмүн.

 

Эл жүрөт

Кыйла жыл бою жанды үрөп,

Кыйналды байкуш Баргыбек.

Эл жүрөт:

–Бизде ушундай,

Жазуучу киши барбы? –

Деп.

 

Чолом жок

–Мезгил күлүк,

Ырас да.

Сабыр этчи бир азга.

Маке, баягы уулуңуз

Быйыл кайсы класста?

 

-деп сураса, Макебиз

Жооп берет олоңдоп:

–Иш деп жүрүп ошону

Суроого түк чолом жок.

 

Уйкусунан айрылды

Чылым сурап «кичилеп»,

Тыйын санап битиреп,

Шилекейин ээмп жүрүп,

Дүйнө жыйды титиреп.

Узатты көп ай-жылды

Улактарын тай кылды.

Шоруң каткан Шуулдак

Уйкусунан айрылды.

 

Эжесине жиберди

Ата-энеси элжиреп,

Алты жашка келди деп,

Туулган күнүн уулунун

Коюшмак болду белгилеп.

Таңдантпайын силерди,

Дасмал үстү тирелди.

Чоңдор келип бүткөн соң:

–Эртең кел! –

деп, баласын

Эжесиникине жиберди.

 

Соттоп ийди

Жапа тырмак көтөрүп

Жазакерлер кош колду,

Бөрү баатыр сот болду.

Тырмак алдым деп койду,

Төөнү,

Бээни жеп койду.

Анан көргүн кызыкты,

Күнөөлөштү Мышыкты:

«Жыла басып таранып,

Күндө үч маал жаланып,

Сенин шектүү жериң көп».

Соттоп ийди өлгөн бир

Момолойду жедиң деп.

 

Чо-оң сары-челектен

Эң акыркы сабагы

Бүтө жаздап калганда,

Мугалими мындайча

Суроо берди балдарга:

–Айткылачы билсеңер,

Сүттү кайдан алабыз?

Кол көтөрөт кара кыз:

–Сүт алабыз биз деген,

Күндө барып таң эртең,

«Квас» деген мо-омундай

Би-ир чоң сары челектен.

 

Жалган айтасыз

Ашканага кирип,

Аралаштырып койгонун билип.

Ууртап көрүп кымызын,

Алуучу,

Мындай деди тымызын:

–Өңү-түсүнөн өөн табылбас,

Саал жылып калыптыр ээ, карындаш?

Десе,

Тиги челегин сапырып,

Жооп айтат минтип ашыгып:

–Жалган айтасыз, тууган,

Жаңы эле

Муздак суу куйгам.

 

Кандай бактылуу болгонсуз

–Төшөгүң салынуу,

Балаң багылуу,

Кириң жуулуу,

Тамагың жасалуу,

Жалгыз ишиң – тарануу, жасануу.

Кийбегенди кийесиң,

Күйөөң менен тең жарышып,

Күндө эле көчөдө жүрөсүң,

Өзүңдү өзүң билесиң.

Кааласаң оюнга,

Кааласаң киного киресиң.

Алам дегениңди аласың,

Барам дегениңе барасың.

Бир нерсени байкайсыңбы,

Кайненеси жок өскөн

Мен байкушту айтпайсыңбы.

Балалык кылып кез-кезде,

Баркымды билбей жатпайсыңбы!

Баламды өзүм бакчумун,

Нанды өзүм жапчумун,

Отунду да өзүм жарчумун.

Өхөлөп-ахалап,

Сайдан суу ташычумун чакалап.

Кыскасы,

Өз киндигимди өзүм кескемин,

Кайненесиз өскөмүн.

Ошондо

Мындай дептир келини:

–Эне,

Токтото турчу кебиңи.

О, Жасаган!

Калыстыгы жок жасаган!

Кандай гана бактылуу болгонсуз,

Кайненеси жок жашаган!

 

Көлөкөмчө болбодуң

Кезимде баары жайында

Кетпедиң карыш жанымдан.

Каякка барсам жандаган

Канатым элең жайылган.

 

Чай ичсем бирге иччү элең,

«Волгага» бирге түшчү элең.

Килемиң төшөп жолума

Үзүлө калып күтчү элең.

 

Жанымдан чыкпай ал күндө

Жакыным элең жан бирге.

Жазыгым – иштен түшкөнүм,

Жамандап жүрсүң ар кимге.

 

Залакам тийсе таарынба,

Зар болдум сендей «алтынга».

Көрүнбөй кеттиң. Бир гана

Көлөкөм ээрчийт артымда.

 

Ар кайда кетет ойлорум,

Ар кандай ишке болжодум.

Көп жаша, «досум», кайыр кош,

Көлөкөмчө болбодуң!

 

Тоңуп турат

Көргөн жерден өзүмдү,

Ала качып көзүңдү,

Бажактамыш болосуң

Бал татытып сөзүңдү.

 

Жылпыштаган көлтөгүм,

Жылуу-жумшак сөздөрүң.

Бирок: – Баары жалган, – деп,

Тоңуп турат көздөрүң.

 

Мөөнөтү өткөн көрүнөт

–Кубаттап айткан сөзүңдү,

Турчу эле карап көзүңдү,

Кеп-сөзгө келбей жетекчиң,

Эмне эле

Кекетип калган өзүңдү?

 

Жолдугун кылып бардым деп,

Жобурап айтып арбын кеп,

Калчу элең го:

–Мунун да

Тамырын таап алдым! – деп.

 

Жан болсун, досум, кадырың,

Табарын тапкам тамырын…

 

–Бир эле эмес көп ирет

Байкадым, каары төгүлөт.

Көзүнөн заарын чыгарып,

Анан не,

Көрсө эле сени сөгүнөт?

 

–Анткени мындай, жан досум,

Жылда бир алчуу «взностун»

Мөөнөтү өткөн көрүнөт.