Эсенгул Ибраев: Кылым сүргөн ак мөңгүлөрдүн, Чокусунда туруп ыр жазам

Ата журт

Сен бай терек, мен бир жармач бутагың,

Жармач болуп калганыма ызамын.

Ырас эле жармачтыгым эмеспи,

Боорума кыскым келсе өзүңдү,

Кагылайын жетпей койду кучагым.

 

Ооба, менин жармачырак алым бар,

Ата журтум өзүң кубат, өзүң жар.

Бирок менин жалгыз гана берерим,

Жүрөгүмдө энчиленген өзүңө,

Сваркадай шыркыраган жалын бар.

 

Анда эмесе, жүгүңдү артып мойнума,

Кулакка чаап ылоо кылып койгула.

Кың дебестен кызматыңды аткарып,

Бороон улуп сага келсе бурганак,

Ичиркенбей катып алам койнума.

 

Баламдан ысык көрүнүп

Тоо кесип, нечен кырды ашып,

Токой, таш менен сырдашып,

Байкасам мени тууган жер,

Балтыр эт катып толо элек,

Балалык кезден кылды ашык.

 

Жыпарын терип искедим,

Жыргал деп суусун ичкемин.

Жытыбыз эчак сиңишип,

Жылгаңда калды быжырап,

Жыңайлак баскан издерим.

 

Талашкан көздүн кумарын,

Тагынгам гүлдүн тумарын.

Жайкалган белдин жонунда,

Жалжалым салган төшөктөй,

Жаткамын жыттап тулаңын.

 

Кыялым миң-сан бөлүнүп,

Кыйырсыз ойго чөмүлүп,

Бал менен майды кошкондой,

Баратты балкып бүткөн бой,

Тууган жер,

Баламдан ысык көрүнүп.

 

Эки себеп

Мен турмуштун кызыктарын көп көрдүм,

Буга күбө, буга далил өткөн күн.

Кээде куду жазгы суудай ташкындап,

Кээде чөлдүн чөөтүндөй бөксөрдүм.

 

Чөл чөөтүндөй бөксөргөнгө капамын,

Сырттан аяз, ичтен жалын чачамын.

Ал анткени тогуз каттай чүрүшүп,

Эрте куурап барат кээ бир катарым.

 

Жазгы суудай ташкындаган себебим,

Бирге түргөн доорубуздун келебин.

Жалын жүрөк досторумдан калышпай,

Жүк көтөрүп бир катарда келемин.

 

Анан кайтам

Жүрөк толкуп таттуу үмүткө,

Жүзүм балкып өмүр сүрүшкө,

Алоолонгон ысык дем менен

Аттанамын узак жүрүшкө.

 

Мөңгүлөрдү муздай эритип,

Магмаларды таштай катырып,

Бороон тийген жармач бутактай,

Куюндардын мизин жапырып.

 

Толкундардын тартып илебин,

Шамалдардын тинтип түнөгүн.

Ак булутка башын жөлөгөн

Аскалардын жарып жүрөгүн.

 

Таш жазданган бийик кырды ашам,

Тагдыр менен кыздай сырдашам.

Кылым сүргөн ак мөңгүлөрдүн

Чокусунда туруп ыр жазам.

 

Аскалардай бийик учу аппак,

Чынарлардай терең бутактап,

Анан кайтам ошол сапардан

Алоолонгон күндү кучактап.

 

Күн көтөрдү кулагын

Шамал ойноп шапалагын колго алып,

Тоо башына топ булутту имерди.

Капааттанып чагылган да сурданып,

Ууртунан жалын бүркүп жиберди.

 

Ал жалындан уюлгуган булуттун,

Куш денеси күйгөн өңдүү шыркырап,

Ызасына чыдай албай бечара,

Ыйлап ийди, ыйлап ийди буркурап.

 

Тээ арытан калбыр кылып булутту,

Күн шооласы келе жатты нур жайып,

Наристенин кабагындай кири жок

Жаратылыш күлүп ийди жылмайып.

 

Илимпоздой жалтыратып чокусун,

Тоолор чечти бубак чалган тумагын.

Горизонттун туташтырып эки учун,

Жаасын тартып, Күн көтөрдү кулагын.

 

Күбүгүм бар

Эй, жексурлар, жоголгула дегим бар,

Ичке батпай кайнап жаткан кегим бар.

Адамдыктын, адалдыктын сообу үчүн,

Арыстанча чайнап, чайнап жегим бар.

 

Келемиштин кереги не адамга,

Жөргөмүштүн кереги не заманга.

Наадандарды согончокко ныгырып,

Тепсегим бар, тепсегим бар таманга.

 

Ал көрө албайт учканыңды көкөлөп,

Ал көрө албайт сүйгөнүңдү бөпөлөп.

Бирок ошол жөө тумандай шумдарды,

Жер гана жер, жердигинен көтөрөт.

 

Жүрөгүм таштап кетемин

Алчаны сатып алганы жатып,

Алчадай кызга болгомун ашык.

Кабылган жерден жалтактай карап,

Калуучу болдум кара тер басып.

 

Жүзүмдү сатып алганы жатып,

Жүзүмдөй кызга болгомун ашык.

Жүрөктүн сырын тартуулай албай,

Жүрөмүн али ичиме катып.

 

Каруу-күч толуп, кайратым ташып,

Кармасам колго иш түтпөй жатып,

Бирок бул кызга батынбай койдум,

Билбеймин неге мынча мен жашык.

 

Келемин күндө эшигин ачып,

Кетемин кайра желкеми кашып.

Бирок да мунун сыры бар секин,

Жүзүмүн алып акчага кошуп

Жүрөгүм таштап кеткеним ачык.

 

Билгиң келсе

Айтканыма ынанбасаң сүйүп көр,

Ашыктыктын жалынына күйүп көр.

Күткөн селкиң бир азырак кечиксе,

Күнгө тете ар бир өткөн мүнөттөр.

Келбесечи, азыр чыга калчудай,

Кеткиң келбей, дале жүрөк үмүткөр.

–Неге мындай махабаттын чыры бар?

–Чыры эмес, анын башка сыры бар.

Билгиң келсе, сени өзүнө баймактап,

Жүрөгүңдөн тартып турган кылы бар.

 

Айта көрбө

Жүзүң сүйкүм жүзүмдөй, садагасы,

Жүрөгүмдү туюкка камабачы.

Окуучуңдан беш бетер сүрдөп кеттим,

Октой өткүр көз менен карабачы.

 

Карегимден жогуңду издебечи,

Каалаганың катылуу ичте кези.

Сени сүйгөн бактыма ыраазымын,

Секетим ий, секетим, тиктебечи.

 

Күн артынан күн жылып өткөн сайын,

Күйүп-бышып жүргөнүң мага дайын.

Ансыз деле көзүңдөн көрүп турам,

Айта көрбө сүйөм деп, кагылайын.

 

Аёо

Төшөк кылып төргө салган тулаңын,

Жайлоодомун, эс алууда убагым.

Аңчылар ай, үйдүн ээси кечкурун

Атып келди бир эчкинин улагын.

 

Байкуш улак, башың калды жулунуп,

Кыр аркаңдан кыпкызыл кан чубуруп.

Ушу сени алган кезде кароолго

Кирпиги не кетпеди экен жумулуп!

 

Мисирейип сөз учугун созо албай,

Мен телмирем элге ыркым кошо албай.

Атаганат, тартар кезде машасын

Мылтыгы не калбады экен от албай!

 

Жүрөк сыздайт, сырымды жан билбеди,

Жүгүргөн сөз кулагыма кирбеди.

Каран кал ий! Коргоолуңдай сокур ок,

Кайып барып ташка неге тийбеди!

 

Бир тилек

Алыста, эң алыста жүрсөм деле,

Ай тууган Ала-Тоомдун чокуларын

Түйдөктөй жүрөгүмө түйүп алып,

Тынымга унуталбай отурамын.

 

Узак жыл, узун жолдо жүрсөм деле,

Күн тууган Ала-Тоомдун чокуларын

Кашыктай кан-жаныма жууруп алып,

Саамга унуталбай отурамын.

 

Көрбөгөм эч бир суунун кайра акканын,

Күн тууган, Ай түнөгөн чокуларым.

Жылчыксыз таш кыла бек байласа да,

Кайра агам, кайра сага кошуламын.

 

Билбейм ким кошулбасын, кошуларын,

Бир тилек тилеп, самап отурамын.

Бакыбат тынчтык күндө буюрса деп,

Бир чымчым Ата Журттун топурагын!