Эрнис Турсунов: Ошондогу алма жыттуу ырлардан, Ооз тий деп, сунуш кылам силерге

Кырк жыл

Көрүп калып энемдин,

Көк жибектен көйнөгүн.

Соороно албай термелдим,

Солкулдады бөйрөгүм.

 

Көрүп калып энемдин,

Көк шайыдан жоолугун:

Сан-санаага термелдим,

Оп-соо туруп оорудум.

 

Кымбат жүзүн энемдин,

Кырк жыл болду көрбөдүм.

Дале жашап келемин,

Бармын, эне! Өлбөдүм!

 

Кара жерде калп жатат

Калпты байкайм кадам сайын басканда,

Калп – катарда, чындык алыс – асманда.

Канча жандар калпты чындай соктурган,

Карап жатат мүрзөдөгү таштарда.

 

Кайсалактап чындык издеп бара бер,

Калпың чыгып шорголосун кара тер.

Баш адашкан кылмыштарды канча бир,

Басып жатат мисирейген кара жер.

 

Жай тапкан соң маркумдарды аяйбыз,

Жамандабай жакшы жагын карайбыз.

Кир жугузбай атына да затына,

Кем болбосун “жакшы адам” деп санайбыз.

 

Калк аралап… кара жерде калп жатат,

Катарында чындык деген алп жатат.

 

Шаблон

Акындар бар адабиятта орду жок,

Адабияттан уялуу жок, коркуу жок.

Шалкы күүлөп, тарпы түлөп тапталган,

Шаблон ырлар жазганына көөнү ток.

 

Кыргыз – кыргыз. Орус кейпин кийбе деп,

Кыргыз кызы башка улутка тийбе деп.

Кыйкырышса үналгыдан жер жарат,

Кыргыз ичпе, кыргыз чычпа, сийбе деп.

 

Бир ыр жазуу – бир майданга барабар,

Бир майданда – толгон жоокер жарадар.

Далай ирет акын өлүп-тирилет,

Дайым жолдо, тынчын алат санаалар.

 

Элегия эмне экенин билбеген,

Энөө байкуш жазат чоркок тил менен.

 

Баш жатат

Элде сөз бар: “эки күндүн бири өлүм”,

Ким бар экен жашап калган түбөлүк?

Тиги дүйнө ала электе оп тартып,

Тирүүлүктүн төрүн сыйлай жүрөлүк.

 

Жашоо жайын билбеген соң сүйлөбө,

Жан жок чыгар түркүк болгон дүйнөгө.

Жашасаң да жылан минип, таш чайнап,

Жатар жериң “эки метр үй” беле?

 

Салдырсаң да хан сарайын канчалык,

Салбырайсың, жалдырайсың картайып.

Сур дүйнөнүн бир коргоолчо куну жок,

Сурун салып хором турат залкайып.

 

Жер астында кайран асыл баш жатат,

Жер үстүндө башты басып таш жатат.

 

Маркум

Тилден калып маркум ары карады,

Тирүүлөрү топо салып тарады.

Шаар турат көрбөгөнсүп эчтеме,

Шарт ачылып куюлууда шарабы.

 

Кайран киши кечээ гана бар эле,

Казы чайнап, кана жуткан жан эле.

“Кана достор, өлбөс үчүн ичели!” –

Карап турбай төст көтөртчү шар эле.

 

Калды үй-бүлө. Кээси зарлап жатышат,

Кайгыргансып кээсси акырын басышат.

Карап туруп калп кейиген досторун,

Карын ноюп, жүрөк муздап, ачышат.

 

Аш жегендер баары шагдан, баары шат,

Маркумду эмес, абийирин көөмп жатышат.

 

Жеңеме

Жетимиш бешке толгонумду көрүүгө,

Жеңе-желпи калбай келди төрүмө.

Алар айтпай жетимиш бешке келди деп,

Айтышты алар: “эркек жашы элүүдө”.

 

Толду кафе ага-тууган, досторго,

Коноктордун алды сексен, токсондо.

Токсон жашка сен да жетип барарсың,

Жетимиш бешке – он беш жылды кошкондо.

 

Жүз элүүгө араң чыктык экөөлөп,

Жүргөндүрсүң тамагыңды жеке жеп.

Чамаң барда төрүңө же көлүңө,

Чакырып жүр, көңүл өссүн көкөлөп.

 

Анткени, сен жакшы көргөн жеңемсиң,

Каалаганда…. келип тургун дегенсиң.

 

Кыз элең

Кызгалдактай кыз элең,

Кызыктырган адамды.

Азыр неге суз элең?

Ал кезиңди табамбы?

 

Сулуулардан сулуу элең,

Суктандырган адамды.

Күлкүчү элең, жылуу элең,

Күнүм бүгүн караңгы.

 

Гүлбакча

Биз жашоодо жакшы турмуш курганча,

Билинбестен жылдар өттү бир канча.

Алма, жаңгак, өрүк сайдык айланта,

Ал болуптур – кирсе-чыккыс гүлбакча.

 

Ырахаттуу гүлбакчага киргенде,

Ырлар жазам жай отуруп шиберде.

Ошондогу алма жыттуу ырлардан,

Ооз тий деп, сунуш кылам силерге.

 

Мен деген мен

Мен деген мен, сен эмес да ал эмес,

Мейли деген пейли кенен, тар эмес.

Селкилерди сыйлап өтөм кыя өтпөй,

Сергек көңүл, шайыр мүнөз, кагелес.

 

Мен деген мен, жоомарт бойдон өтөмүн,

Мээни сыксам максатыма жетемин.

Өлүп калсам шаттык таштап артыма,

Өзүм менен кайгыны ала кетемин.

 

Сапар карыды

Акырындап суюлууда катарым,

Акырына жетип калды сапарым.

Балким бүгүн, балким эртең, кыязы –

Тирүүлүктүн соңку даамын татамын.

 

Узак жолдон өтүп бара жатамын,

Уландысы болбогонго капамын.

Тилимди алса, барбай эле бейишке,

Тирүүлүктүн кызыгына батамын.