Эрнис Турсунов: Кыргыз эл – Күнгө жакын эл эмеспи, Кыр-кырда улар өңүп, кийик кууган

Ах, кыргыз жери!

Эр жигит, сабыр кылып тургун бир аз,

Эл-жерин айта кетүү акынга парз.

Улуу тоо – кырк миң булак оргуган жер,

Урпакка мекен болуп калганы ырас.

Бактылуу улуу тоодо туулгандар,

Бул тоолор бабалардан калган мурас.

 

Асыл жер кыргыз жери бел-белестүү,

Акынга ал бир дастан эң элестүү.

Аскасы, ар бир жаткан борчук ташы,

Абалтан кыргыз жүргөн жер эмеспи.

Андыктан, төр жайлаган кыргыз эли,

Ат жалын тарта билген эл эмеспи.

 

Дүйнөнүн чокусунда бийик турган,

Дүркүрөп тоодон оту күйүп турган.

Сүт көлү булак болуп ийип турган,

Үйлөрү булуттарга тийип турган,

Кыргыз эл – Күнгө жакын эл эмеспи,

Кыр-кырда улар өңүп, кийик кууган.

 

Ай жыттап бешенесин Күнгө жууган,

Ак муздун суугуна белин бууган,

Байыртан бакан кармап кыргыз эне,

Баркырак уул тууса – Манас тууган.

Кыз тууса – Айчүрөктөй сулуу тууган,

Алалбай алармандын деми сууган.

 

Укканбыз көп уламыш карылардан,

Улуу сөз мага калган, сага калган.

Кыргыз эл кербен сымал келаткан эл,

Кылкылдап кыйры чексиз замандардан,

Байыркы бабалардын баскан жолун,

Баамдайт Улуу сөздөн кабар алган.

 

Күрдөөлдүү Ала-Тоонун төрүн жайлап,

Күргүштөп көч үстүндө малын айдап,

Эр жеткен берендери кылыч кайрап,

Эл коргоп, журт которуп, конуш тандап.

Боз үйдө көчмөн кыргыз күн кечирген,

Боркулдап коломтодо казан кайнап.

 

Ал чындык ар бир уруу чачкын жашап,

Ар дайым болуп турган тартыш-чатак.

Күчтүүсү күчсүздөрүн кыйратып чаап,

Күң кылып айдап кетчү байлап-матап.

Кан күйгөн жоокерчилик замандарда,

Калчу эле жеңгендерге байлык, атак.

 

Жаман кез заман анда мерез, катаал,

Жалп этип багынган журт – өчкөн шакар.

Калжайып тепсендиде кала берген,

Каруусуз карт абышка аппак сакал,

«Оозума ажыдаар да батат» деген,

Ошондон калган, дешет ошол макал.

 

Ал бир кез, жоокердиктен калган элес,

Арты чаң, алды туман, арман элес.

Эч качан кордук, зордук заманында,

Эл жыргап, азаттыгын алган эмес…

Ачылбай сыр сандыгы аялдардын,

Ак шамы өргөөлөрдө жанган эмес.

 

Сүйүүнү эрки менен сезбей эч бир,

Сулуу кыз мөлтүрөгөн болуп кемпир.

Жүзү суук жаангерге токол болуп,

Жүрөктө кала берген кара темгил.

Аз эмес көп кылымдык тарых болду,

Андагы эл өткөргөн катаал мезгил.

 

Арадан кыйла заман сапар тартты,

Ай батты, кайра далай таңдар атты,

Кыргындуу кырчылдашкан кылымдарда,

Кыргыз эл бүлүк түшүп кыйрап жатты.

Тагдырлар таразада калт-калт этип,

Таалай-бак бирде күлүп, бирде качты.

 

Кызыл кан майдандарда мөрөй уткан,

Кыргыздан кыйын чыккан, кыяр чыккан.

Жетишер Манасты эле мисал кылсак,

Жеңиште жеңе билип жоону жыккан,

Кечээги Балбай, Ормон, Жангарачтын,

Кезинде казак, орус даңкын уккан.

 

Кыз үчүн, намыс үчүн кыйган жанды,

Кыргыздын сүйүүсүндөй сүйүү барбы?!

Жан берген, жигитинен калбай кеткен –

Жаңылды, Кишимжанды, Канышайды,

Укканбыз, урпактарга үлгү болор,

Улуу сөз баяндаган ашыктарды!

 

Кыргыздын кыйырынан бул бир мисал,

Бул мисал, эстен кетпей турган иш ал,

Марттыгы дүйнөдө жок кең пейил эл,

Мактанса – мактанууга эби да бар.

Ар акын ар учурдан айта берсин,

Айтууга ыр, жомоктун кени да бар.

 

Сырбилги достор, энди көңүл бургун,

Сый кылып бул дастанды сага сундум.

Мекенсиз, ата-энесиз кыз туулбайт,

Мен бир аз кабарлайын угуп тургун.

Эркелеп Таттыбүбү айтар эле,

Эсимде калгандардан баян курдум.

Бах, чиркин, жайлоо кези

Бах, дечи!.. Күмүш жылга бууга балкып,

Чарт сынып күбүр музу сууда калкып,

Карт аяз тизгин тартып кеткен убак,

Каркылдап көктө турна кербен чубап,

Кайкыды өзөндөргө куулар кайтып.

Жаз менен мештин кору өчкөн убак,

Жан жыргап, эл да белин чечкен убак,

Ат, төөгө боз үйлөрүн чактап артып,

Ар күнү төрдү көздөй сапар тартып,

Адетте, эл жайлоого көчкөн убак.

 

Бах, чиркин!.. Кыргыз жери кандай укмуш,

Баар кез. Жыпар себет айлана-туш.

Тоо желин кокус бирөө жерийт дебе,

Толкуса, толкунуна сергийт дене,

Канчалык болсо дагы сабырың суз.

Азынап айгыр үйрү – толгон желе,

(Ал сүрөт жүрөгүңө конгон беле?)

Алдыңда эжигей, курут, айран, кымыз,

Албырып маңдайынан агып ырыс,

Адетте, балпаң басат кыргыз эне.

 

Береги кенен жайыт Кызыл-Сазга,

Бейли кең айыл конду быйыл жазда.

Бет-беттен оргуп чыккан кайнар булак,

Берилеп төмөн кулап, аван курап,

Безилдеп дегдең урат таштан-ташка,

Айтпачы, берекеде Айыл дуулап,

Ак төөнүн кардын жарып турган убак,

«Ал, ич, же!», – Сөз угулбай мындан башка,

Эсеп жок ар үйдөгү белен ашка,

Эл дүү-күү, «кырк жылкынын» мойнун бурап.

 

Күүгүмдө жайлоо кезиң көрсөң керек,

Күтүрөп төрт түлүк мал төштөн келет,

Кой маарап, бээ кишенеп, кулун ээрчип,

«Кош-коштоп» жеңекелер көгөөн чечип,

Саанына даярдаган көнөк, челек,

Ал бүтүп, коломтолор чарт-чурт этип,

Андагы сүр эт жыты алыс кетип,

Эт желип жаштар үйдөн чыга берет,

Эңсетип чакыргандай бадал, терек,

Эл толкуйт ак жайыкка дабыш жетип.

 

Айлуу түн. Жаштар кызуу оюн баштайт,

Ак чөлмөк же топ куруп жоолук таштайт,

Бой керип, жай термелип селкинчекте,

Боз бала ыр ыйгарат келинчекке,

Болбосо токмок менен ура жаздайт.

Ак келин жарк бир күлүп келип эпке,

Бозойдон чыга берип бери четке,

Боздото, созолонто обон таштайт,

Ал обон бирде күчөп, бирде пастайт,

Анардай кызга кезек бергичекте:

 

Атар-атпас таң болсо,

Алганым жанда бар болсо,

Айтышсак аркы-беркини,

Атпаска таңдын эркиби?

 

Сүрөр-сүрбөс таң болсо,

Сүйгөнүм жанда бар болсо,

Сүйлөшсөк аркы-беркини,

Сүрбөскө таңдын эркиби?..

 

Кезекти моймолжуган жаш кыз алат,

Келин-кыз коштоп аны назар салат.

Сырдана учкул сезим келип тилге,

Сыр кетет ыр аркылуу бирден-миңге,

Сыбызгып тоодон-тоого толкун тарап.

Албырып Таттыбүбү айлуу түндө,

Ал ырдайт кубулжутуп ар кыл үндө.

Өң жигит жым-жым боло тиктеп калат,

Ичинде кызгангандай: «Атаганат!..

Ичке бел имерилет кимге-кимге?»

 

Кыз ырдайт түндүн мелүүн абасында,

Кыргыз тоо, арча, кайың арасында.

Кыз ырдайт, жалаң ырдан сүрөт курайт,

Кандайдыр жүрөгүнө жүрөк сурайт,

Канаттуу кыял ойноп санаасында.

Кыз ырдайт, көмөкөйдүн кылын бурайт,

Кыргыздын жигиттерин ичтен сынайт,

Айтылуу ыр – ашыклык давасы да,

Арналып бир кыргыздын баласына,

Ал ырдайт, булбул үнүн мукам туурайт.

 

Угат ай, туу чокудан жылбачудай,

Угат сай токтой калып тыңдачудай,

Угат тоо жеңил шоокум туман баскан,

Угат зоо, угат өрөөн, угат асман,

Угат го уйкудагы зор капчыгай.

Топ булут үзүктөрүн курап аздан,

Толкуду бир орунда туралбастан,

Балбылдап учту жылдыз зер чаччудай,

Балкыды жылгаларда эл жатчу жай,

Бакытты теңиринен сурабастан.

 

Ай нуру тийген таң менен,

Айтылуу сүйгөн жар менен.

Өзөндө жүрсөң сыр чечип,

Өтпөйбү жаштык шаң менен.

 

Ар дайым жарык таң атпайт,

Ар бир жан кумар таратпайт.

Ааламды баскан табийгат,

Адамды кайра жаратпайт.

 

Эмне үчүн мындай таң атпайт?

Эч бир жан кумар таратпайт,

Элеси эстен кетпеген,

Экинчи сени жаратпайт.

 

Аңдагын анын себебин,

Адамга адам керегин.

Алдыда турган гүл өмүр,

Айланып келет дебегин.

 

Жайлоого бул ыр, бул үн турду тарап,

Жадырап ырга маашыр туш-туш тарап.

Көңүлгө көп ой салып таасир этти,

Көөдөндөн жүрөктөрдү сууруп кетти,

Көк менен кайкыгандай укмуш канат.

Селт этти, күлүк санаа мээни тепти,

Сергитип жайлоо түнүн мемиретти,

Миң какшап аппак түндө айды карап,

Мингендей кыял кушун калкып барат,

Жан эмес, жансызды да элжиретти.

 

Ыр бүттү. Өмүр бир пас токтой калды,

Ышкылуу кыз обонун жоктой калды.

Аңгыча үндөр чыкты: «Болсун, болсун!

Таңшысын, Таттыбүбү, дагы созсун!

Өлтүрдү! Өксүп калдык! Өрткө салды!

Эргисин, кыз обону кырда болсун!

Эт жүрөк каалаганча сырга толсун!»

Деген сөз топту тегиз коштоп алды,

Эмесе, ырчы кызда токтоо барбы?

Эркинче магдырай бер ырга, досум!

 

Ак булутту аралап ай баратат,

Аккуу болуп көлдөгү жай баракат,

Аталбайсың аккууну оңой менен,

Жеталбайсың айга да жел ой менен.

 

Жеткичекти жетпестен калган жакшы,

Жетип азап жегиче, арман жакшы.

Жетем десем, айга да жетер элем,

Көк деңизин булуттун кечер элем.

 

Сүзө бергин алтын ай көгүң менен,

Мен карайын өзүңдү теңим менен.

Сага жакшы сезилсе булуттуу көл,

Мага жакшы көктөм жел желбиреген.

 

Өзөнгө өскөн гүлдөй болуп жап-жаш,

Өңдөнөт өмүр чиркин, кайра батпас.

Бүгүнчө атпай турса чыгыш таңы,

Бүтпөсө булбул кыздын ушул чагы.

Өтпөсө, токтой-турса он сегиз жаш!

Эх, чиркин!.. Жаны барбы тилдин дагы?

Төгүлдү көмөкөйдүн ширин балы,

Укмуштуу жаратылыш ортодо наз,

Уландар нес болгондой обонго мас,

Ойлошот: «Кызды күтөт кимдин багы?»

 

Ал чындык. Кыз эле бул сынга толор,

Азамат миң ойлонуп, миң толгонор.

Кыялкеч дидарында таңдын нуру,

Кылымга бир жаралып келген сулуу,

Кытайда же арабда болсо болор.

Көздөрүн көргөн адам айтат муну:

«Көз эмес, эки бакыт жанып туру,

Булбулдун булбул кушу тандап конор,

Бапестеп бутагына уя согор,

Баркы бар бак-дөөлөткө тете куну».

 

Кыз дедим кылымдагы. Бирок бул кыз,

Кыз эмес, кыргыздагы жанган жылдыз.

Аты да: Таттыбүбү – тандап койгон,

Бир уксаң, бир далайга чыккыс ойдон,

Билебиз, атка ырымчыл биздин кыргыз.

Эгерде көрсө жигит кызды тойдон,

Эс жыйбай калары чын ошол бойдон,

Кабылып ашыклыкка кайталангыс,

Кез келип бактысына шайыр турмуш,

Кең төрдө ойноп-күлүп кыз чоңойгон.