Кубаныч менен кайгынын, ачуу менен таттуунун, өмүр менен өлүмдүн “жарк” дей түшкөн учкундары
Гитара
Үнү чыкпайт, созолонбойт негедир,
тыңшагансыйт ойлуу олтурган ээсин.
1987
Кемпир жана кумган
Карган кемпир олтурат даарат алып,
бырыш колго суу куят эски кумган.
1987
Музоо
Колдорума тийип кетип суу тумшугу,
колдорум самап кетти быдыр тилин.
1987
Абышка
Күн табында олтурду бир картаң чал,
аптап күнү соолуп жаткан көлчүктөй…
1987
Ширенке
Көпкө жатты бир кычыкта ширенке,
аягында калды жалгыз күйгөн тал.
1987
Кагаз
Жүрөк эле алакандай бир кагаз,
Окулду да, ошол замат тытылды.
1987
Жаздык
Эки колдун кучагында кысылды,
кысылды ал кол тиелек сулуудай.
1987
Терезе
Терезеге бир каракөз кадалды.
А терезе туруп алды тултуюп.
1987
Тарак
Далай чачтар таранышты күзгүдө,
бирок аны назик колдор албады.
1987
Айнек
Турду көпкө ал далайга чаң басып,
бырыш колдор жууп кирди бир күнү.
1987
Кыз жана жылдыздар
Жаңы бүтүп жигит менен өбүшүп,
асмандагы жылдыздардан уялды.
1987
Жооп
“Неге сен бул дүйнөнү жек көрөсүң?” Сурашты бүгүн менден. Тек гана күлүп койдум. Түшүнүштү.
1988
Тепкич
Тепкичтин бирин таштап чыгып барам. Шашамын уябызга алыс жолдон. Өмүрүм ушул тепкич болобу эми?..
1988
Тапанча
Картайган көчө менен келе жаттым. Мени ал карап турду, жашынып бак-даракка. Билмексен болуп койдум, билмексен болуп койду.
Алыстап бара жаттым. “Качан?” деп бара жаттым. Мээлеген жок. Аткан да жок. Корктубу? Коркподубу? Чынында аяды окшойт.
Чымын-куюн учуп жатты “жарганаттар” – дарактан түшүп жатты жалбырактар…
Колуна бекем кармап тапанчасын, мээлеп мени
КҮЗ турду маңдайымда…
1988
Айнектин сыныгы
Айбаттуу, коркунучтуу
адамдар жүрөгүндөй…
1988
Чиркейлер
Чиркейлер жан коюшпайт. Алакан ысып чыгып, бүт денем ысып чыгып, ачынып уктай албайм. Жан коюшпайт… Жан коюшпайт… Чиркейлер да окшош экен адамдарга…
1988
Ааламда
кирип кетип тамашага караңгы
болгон аалам караңгыдай көрүндү
кара болуп бара жатты билинбей
катуу болуп бара жатты сезилбей
ириңдеди
чириди
жүрөгү жок адам калды
Ааламда
1988
Башат
Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
«Келди» дебе, «Кетти» дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун.
1989
Жаз
Тып, тып, тып…
Бут аарчыган чүпөрөк
баткак болуп
ташталган босогого…
Кызыл көйнөкчөн
кирлерин жайып жүрдү короосунда…
1989
Күз
Караңгы картаң көчө.
Караандар караңгыда.
Колчатыр карап барат көлчүктөрдү…
1989
Кичине
Чылым тиштейм, кайра ыргытам жин менен,
Батпай чыгам жан-дүйнөмдүн ичине,
Бирде олтуруп, бирде басып бөлмөдө…
Айтчы неге аалам мынча кичине?..
1989
Чаңдаган суу
Саз. Чөптөр.
Улуу чөптөр.
Башаламан чөмүч баштар.
Чаңдаган суу.
(«Тун! Тун, Кара суу!
Тунбай кайда барасың?!»)
Чаң көлчүк тунуп барат…
1989
Мурут
Кылымдар тартат кылын…
Айрандын жугу калган.
1989
Жалган дүйнө
Ай десе аты жоктой,
күн десе көркү жоктой,
сулуу кыз качып барат…
Баарыбыз көрүп турдук,
күлүп турдук,
ыйлап турдук,
кубаладык,
жете албадык,
канча күн өткөндүгүн байкабаппыз,
канча ай өткөндүгүн,
канча жыл өткөндүгүн байкабаппыз.
Күлдүрүп келет бизди
баласы замананын,
ыйлатып келет бизди
баласы замананын.
Ай десе аты жоктой,
күн десе көркү жоктой,
сулуу кыз качып барат…
1989
Көңүл
…шагы сынды Дарактын…
1989
Чарчадым
Чарчадым – жөнөкөй сөз,
Чарчаган сөз…
Чарчадым – алсыздыктын алсыз чокусу,
Алсыздыктын алсыз сөзү бир…
Чарчадым…
1989
Алыска
Бүгүн сен тигилип алыска,
Көздөрүң муз болуп калгандай.
Билемин, билемин, билемин,
Күткөнүң алыстан жангандай.
Досуң жок жүрөгүн тең бөлгөн,
Жолдош жок жоругун баштаган.
Түшүнөм, түшүнөм, түшүнөм,
Жүрөгүң сүйүүдөн ач калган.
Шамалга термелбей кош терек,
Шаң дүйнө келгенби калыска?
Жалгыздык, жалгыздык, жалгыздык
Бүгүн сен тигилип алыска…
1989
Таарыныч
Таштар ыйлайт. Талаа турат. Куу талаа.
Таштап кеткен ымыркайын бир жалап.
Ташкындаган дайра соолуйт. Табытта
Табышмактуу жандык жатат көк карап.
Таксыр тагдыр тамашалап бүталбай,
Тал чыбыктай бир сулууну ыйлаткан.
Таканчыктап калган бала уктабай,
Ташыркаткан өмүр жолун сыйлаткан.
Тайгаланып кеткен Бакыт жүрөктөн.
Тайыз сууга чөгүп өлгөн Ишеним.
Таанышы жок кадамына Ыймандын
Тагып салган “күнөө” деген кишенин.
Табарсыгы жарылгансып кудайдын
Такмазалуу жамгыр куят шатырап.
Такта олтурган падышабыз ылайдан
Такыясын кийип турат заңгырап.
Талаш-тартыш жооруп чыккан тамандай.
Талап турат талкан кылып акылды.
“Талгак” кылып каргалардын заңына,
Тартып алат көз ирмемде жакынды.
Таарынычтар кетет, кетет чаржайыт,
Талмасы бар тар ааламды такымдап.
Таштар ыйлайт. Талаа турат. Табытта
Табышмактуу жандык жатат көк карап…
1989