Эркин Малик: Гүл ышкыбозу

Гүл ышкыбозу

Ажы ата шериктери менен эрте мененки аштан чыгып, келген жайларына жакшылып назар салып караса, кемпири дарыланып жаткан ооруканага жакын эле жер экен. Кемпири түшпөгүр, көргөнү барамын десе, такыр көнбөйт. «Уялат экен. Тооба, ал турмушка чыга элек кызбы да, мен аял ала элек жигит белем, адамдардан уялып. Айтканын караңыз ээ»…

Атанын шоктугу кармады. Машинадан түшүп калды. Түштү да, оорукананын сүрүн көрүп, туура эмес кылганын билди. Эми кемпирин кайдан табат да, кантип издейт? Кайсыл бөлүмдө, кайсыл палатада жатканын билсе да бир жөн эле…

Об-бо… Али дарбазасы да ачылбаптыр. Күн эми гана тик тийип келе жаткан. Оюнда оорукананын баары кызуу уйкуда болуш керек деди. Э, сурап-сурап Меккени табышкан, мен эмне бир кемпиримди таба албаймынбы. Алла өзү мээримдүү…

Атанын кайраты көзүндө. Мындай караса дарбазанын жанындагы адамдар бирден кирчү колтук эшик ачык тургансыйт. Каңгыган иттер кирип атканынан билип атпайбы. Ажы ата да ошол эшиктен кирип барды. Кароолу коңурук тартып, уктап атат. Ойготконго көзү кыйбады. Бир адам болсо кетменин колго кармап бакчадагы гүлдөрдү сугарып жүрүптүр. Ата ошол жакка карап басты. Жанагы адам жерден таш алып, иттерге тап берди.

Ошол учурда гүл сугарып аткан кишинин көзү Ажы атага түшүп калды да:

–О, бабай! – деди кыйкыра сүйлөп, – үйүңүздө эшик барбы, киргенден кийин жаба келет да!

Тооба, ата оорулууларды ойготуп ийбейин деп таягын жерге акырын таштап басып келе жатса, мунун шаңкылдаганын кара. Же саламы жок, же алиги жок.

Кечир, уулум, мен иттерден кийин кирдим, бул эшик ушундай эле ачык бойдон турат экен деп ойлодум.

–Анабул жатабы, шишип-көөп. Кароол имиш, ээ, үргүлдүм, анын кароолдугунан.

–Эми айып этпейсиз, уулум, чоңдор бөлүмү ушул жактабы?

–Ооба, бара бериң?

–Аялдар жаткан жер каерде?

–Аял-эркеги жок, баары аралаш-куралаш.

Ажы ата көп кабаттуу имараттын мармар тепкичтүү эшигине барганда ичкериден бир аял чака көтөрүп чыгып калды.

–Ассалому алайкум, кызым, – деди дили жумшап. – Мен кемпириме келдим эле…

Атанын сөзү оозунда калды:

–Кире бериң, айтышат! – деди аял ачуу үнү менен.

Тооба, адамдарга бир нерсе болгонбу өзү, же салам беришпейт, же берген саламга алик алышпайт. Айып өзүндө: карга бок чокуй электе келип… Бирөөнүн дарты эрте кирсе, кеч чыкпайт.

Ушул убакта тепкичтен буттун дабышы угулду. Ажы ата ошол тарапка карады, бир-эки кадам ошол жакка жылды. Бир жаш кыз өйдө жактан чуркап түштү да, атанын жанынан «лып» этип өтүп кетти. Ата болсо оозун ачкан бойдон кала берди. Анан бир аз туруп өйдө көтөрүлүүнү ойлоду да, тепкичтер менен жогору чыкты. Оң жактагы эшик ачык экен. Босогодогу ным чүпөрөккө бут кийимин, анан таягын да аарчып, дорожканы бир-бир басып, төр жакка карап кете берди. Ошол убакта коридордун орто тушунан ак халатчан аял көрүндү. Ал атанын жакын келишин чыдамсыздана күтүп турган.

–Ассалому алайкум, – деди ата шашыла, – мен кемпиримди издеп келдим эле.

Анан анын ысымын, фамилиясын атады.

–Андай аял бизде жок, башка бөлүмдөн издең, – деди аял кайдыгер гана атага суук карап.

Ушул убакта атанын көзү вазага гүл салып аткан бир кишиге урунду. Ал атага артын салып турган. Анан ал артын карап, күтүлбөгөндөй тездик менен Ажы атага келип колун берип, эски тааныштардай эсен-соолук сурашты.

–Көзүмө ысык көрүнүп атасыз. Чыназдан эмессизби?

Ажы ата жылмайып, «жок» дегендей башын чайкады. Бирок жигиттин көңүл коюп караганына, аны кимдир бирөөгө окшотуп жаткандыгына эле ыраазы болду.

–Балким, Кызырсызбы? – деди жанагы жигит, тепкич жакка баратып. Кучагында бир десте гүл.

Ата жигитке дагы кызыгып, баштан аяк бир сыйра карап алды. «Ушул балнисанин багбаны болсо керек. Тиги эшиктеги шериги гүлдөрдү сугарып жатат. Мунусу болсо оорулуулардын көңүлү ачылсын деп ал гүлдөрдү вазаларга коюп чыгууда. Тооба, анын мамилесин караң ээ, мунун мамилесин караң?»

–Кызырсызбы дегенге таң калбаңыз, – деди жигит жылмаюу менен, – мен ар күнү уктаар алдында түшүмө Пайгамбарыбыз алайхиссалом кирсин деп Кудайга жалынам, эрте менен туруп да бүгүн Кызыр менен көрүштүргүн деп Жаратканга жалбарам. Кызыр Ата да адамдын көзүнө эски тааныштардай ысык көрүнөт экен. Чыназдансызбы деп сураганым, өзүм – Чыназданмын.

Чал мыйыгынан акырын күлдү.

–Сиз да бир замат уулумдай болуп калдыңыз, ушул экөөбүздүн бирибиз Кызырбыз го?

–Сиз ушул жерде отуруп туруң, мен мына бул гүлдөрдү вазаларга койгончо, апамдын кайда экенин билип келемин, – деди жигит. Ажы ата жеңилдеп, орундукка отурду. Бир ишине жарай турган жардамчы келип калганга Аллага шүгүр келтирди.

Көп өтпөй жигит кайра келди.

–Караң, – деди келери менен, – апакем биздин бөлүмдө экен. Кезметчи аялдан сурап билдим. Жүрүң!..

Жигит атаны эшиги ачык турган бир палатага баштап келди да:

–Кана, атам, отуруң, мага бир дуба бериң, бүгүн түштөн кийин кетемин, лечениелерим бүттү, – деди ал атаны жогоруга өткөрүп.

–Ие-э, сиз бул жерде иштебейсизби? Мен сизди…

–Жок, мен гүл ышкыбозумун, – деп жигит стол үстүндөгү китепке окшогон нерсени алып, атага көрсөтө баштады. – Караң, мына бул гүлдөрдү, баары короо-жайымда өсөт. Булар менин уул-кыздарым. Булар деле гүл да, ээ, ата? – деп кыткылыктап бир күлүп алды. – Бала – гүл дешет го. Мен ооган урушунда болгом. Тирүү барсам, калган бүт өмүрүмдү гүлдөргө арнайм деген ниет кылгам. Акыры биз жакшы күндөрдө бири-бирибизге гүл беребиз го, туурабы, ата? Ал жактарда гүл көрбөдүм. Байкуштар согуша берип, гүл эгүүнү да эстеринен чыгарып коюшкандай.

Ата альбомдогу гүлдөрдү көрүп, бу жигиттин балдардай баёолугуна ыраазы болду. Анан дагы батасын берди.

Жигит башка палатадан атанын издеп келген кемпирин тапты. Кемпири ал жерде жалгыз экен. Абасы таза деп балконго чыгып, аны-муну сүйлөшүп отурду. Бир убакта төмөндөн гүл ышкыбозунун үнү чыкты:

–Ассалому алайкум, атахан, ассалому алайкум, апаке, кандай жакшы отурасыздарбы? – Ата «ооба» дегендей жигитке алаканын жайып көрсөтүп жылмайып койду.

–Ээ, өлсүн, «крышасы» кеткен, – деп кемпири жүзүн тескери бурду. – Эртеден кечке салам бере берип, ийиле учураша берип оору адамдардын ачуусуна тиет. Адам деген кичине оор болсо да…

Ажы ата ичинен «кана эми, баарынын эле «крышасы» ушинтип кетсе» деди да, кемпирин тапканга чейинки окуяларды алдындагы зайыбына кеп кылып айтып отурбады…

Которгон: Абдыкерим Муратов