Эгемберди Эрматов: Жеймс Жойс жөнүндө

Жеймс Жойс

*****

Дүйнөлүк адабияттын тарыхында чыгармалары жогорку математиканын сабактарындай татаалдашкан жазуучу Жеймс менен институтта окуп жүргөнүмдө тааныштым. Адегенде ага анча тишим өтпөдү. Ошого карабай көшөрүп улам-улам окуй бердим. «Эмнеге эле досторум ага тамшанып шилекейлери куюлат?» – деп ойлодум. Жойстун чыгармаларын иликтеген адабий, илимий эмгектерди таап окудум. Анын ыкмасын түшүнүүгө аракет жасадым. Ошондо гана «аң-сезим агымынын» сырлары ачыла баштады. «Сүрөтчүнүн жаш кездеги портрети» менен «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген эки чыгарманы салыштырып көрдүм. Ошондо Кубат Жусубалиевдин адабий башаты кайда жаткандыгын баамдадым.

*****

Жойс дүйнөнүн миң сырдуу катмарын көркөм чыгармада чагылдырууга бел байлаган. Бир көз ирмемде адамдын оюна эмнелер келсе ошонун баарын чагылдырып, чыгарма улам татаалданып кете берген. Эң негизгиси адам чексиз, терең, сырдуу жан экендигин, эч кандай аныктамага, далилдөөгө баш ийбеген феномендигин айта алган.

*****

«Аң-сезим агымы» («поток сознания») адабий ыкмасы Уильям Фолкнердин «Шум и ярость», Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» романдарында анча-мынча кездешет. Бирок алар Жойс сыяктуу аны биротоло өзүнүн менчик ыкмасына айландырышкан эмес. Дүйнөлүк адабиятта «Улисс» сыяктуу татаал роман кездешпейт. Бир күндө анын бир эле барагын окуп чыксаң жетиштүү. Калган убактыңды анда катылган сырларды табууга корото бер. Мына сага адабияттагы анык жогорку математика.

*****

Жыйырманчы кылымда жашап өткөн жазуучуларга Жойстун тийгизген таасири күчтүү. Виржиния Вульф Жойстон өсүп чыкты. Умберто Эко Жойс жыттанат. Кыскасы, батыштагы интеллектуалдык адабиятка болгон мода Жойстон башталат.