Эгемберди Эрматов: Сүкүт салуу

Сүкүт салуу

*****

Адабиятка аралашып жүрүп сүкүт салганды үйрөндүм. Сүкүт салуу менин жан дүйнөмдү ыраатка кетирип, башаламан болгон ойлордон арылтып, «ички көзүмдүн» ачылышына, ушул көз ирмемди баалап, барктап кармап калууга жардам берди. Чаң- тополоң түшүп, ар кайсыл нерсени бирден чарпып жүргөн акылым сүкүттүн жардамы менен бир чекитке топтолуп, эркиме баш ийип калды. Сүкүт бул чыгармачылыкта жашоонун күрөө тамырын кармап калууга өбөлгө түзүп берчү улуу күч экендигине ишендим.

*****

Жөнөкөй адамды акмакка айланткан, чыгармачыл адамды маңыз кылып койгон нерсе – маани-маңызын жакшылап түшүнүүгө чоло тийдирбей жаңырып келип жаткан ойлордун агымы. Адамдын акылы өз убагында аларды аңдап электен өткөрүп алууга алсыз. Сүкүт гана акылды курчутуп, тазартып, уйкудан ойготуп чыгармачыл нукка салып турат. Сүкүт болгон жерде энергия бир чекитке топтолуп күтүлбөгөн ачылыштарды алып келет. Сүкүт бул түздөн-түз Алла Таала менен байланыштырып турган сырдуу жол.

*****

Эгер биз бир ишке киришсек ошого бүткүл дитибизди, кыймыл-аракетибизди аң-сезимдүү жумшап, ага астейдил кунт койсок гана жемиштүү майнап чыгат. Сүкүт салуу деген адамды алаксыткан ар кандай дейди ойлордон тыйылуу. Жан дүйнөңдү экиленткен азгырыктардын чабуулунан бошонуу. Куру кыялдардан арылуу. Дүйнөнү таптаза неристе сыяктуу кабылдоо. Ар бир көз ирмем сайын жаңыланып тирилип туруу. Ансыз сүкүт жок, андай даражага жеталбайсың. Өзүңдү өзүң алдагандан эч пайда чыкпайт.

*****

Сүкүт салуу эмне экенин түшүнүү үчүн мемиреген тыптынч көлмөнү элестетип көрүңүз. Көлмөнүн үстү күзгүдөй тептегиз. Үлп эткен жел жок. Сүкүт салган убакта адамдын акылы куду мына ошол мемиреген көлмөнүн үстүндөй абалда болушу зарыл. Көлмөгө бир таш ыргытылса жыбыраган толкундар пайда болот. Ошол ыргытылган таштар сиздин тынчыңызды алган ар кандай ойлор. Адамдын ою эч качан бир жерде турбайт. Бир ойдун артынан экинчиси жабалактап келе берет. Ошол ойлордун жолдорун кан буугандай токтото алган адам сүкүт даражасына жетишет. Айлана-чөйрөсүнө карата «ички көзү» ачылат. Жөнөкөй адам көрбөгөн дүйнөнүн баарын көрө баштайт.

*****

Адам баласы бири-бирине мамиле жасаган учурда ак көңүл, кең пейил, боорукер, мээримдүү болуш керек. Жан дүйнөсү айлана-чөйрө менен гармонияда туруш керек. Андай деңгээлге жетүү үчүн жалаң гана акыл парасатынын күчү аздык кылат. Дээринен канчалык мыкты тарбия-таалим албасын чектен ашкан кандайдыр бир кырдаалда өзүн өзү колго алалбай кимдир бирөөлөргө кокустан катуу залакасын тийгизип коюшу ыктымал. Ошондой учурда сабыр күтүп, жан дүйнөсүн сүкүт абалына алып келген болсо ар кандай кырсыктан, тоодой балээден, ыңгайсыздыктан кутулат. Сүкүттүн шарапаты менен адамдын көкүрөк көзү ачылып, ар кандай кырдаалдын, окуянын, мамиленин түпкү маңызын даана, так туюуга жетишет. Мындай касиет тирүүчүлүктөгү улуу жемиш эмей эмне? Өзүңдү башкаруудан артык эмне бар? Балакеттин баары мына ошол сүкүт салуу ыкмасын колдонбостон, өзүбүздүн ким экендигибизди билбестен, улам оңго-солго урунуп далбактап басып жүргөнүбүздө. Балакеттин баары ай-ааламдын, жансыз-жандуунун ээси Алла Тааланын чексиз кудуретине, өлчөөсүз ыйыктыгына сүкүт салуунун ордуна азгырыктардын кулу болуп баратканыбызда.

*****

Мен билгенден сүкүт салуунун ар кандай ыкмалары бар. Маселен, бир жерге эч кыймылсыз олтуруп сүкүт салуу. Олтурган кезде омуртка түз болуш керек. Малдаш токунуп же чөк түшүп олтурса да боло берет. Дене бопбош, эркин абалда кармалат. Тил таңдайга тийип, мурун менен гана дем алынат. Дем алуу сүкүт салуунун техникасында эң негизги ролду ойнойт. Ар бир алынган напас жөн эле аба эмес, ал энергияга, күч-кубатка айланышы зарыл. Ал акылды бир жерге токтотууга көмөк көрсөтөт. Адамдын ички энергиясы бир нукка, бир чекитке топтолот. Ошол топтолгон энергия көз ирмемде чагылгандай жарк эткен ачылыштарга апкелет. Кээде мен мына ошондой абалда нөшөрлөп келген ыр саптарын жазууга жетишпей калам. Мурда-кийин туйбаган эргүүнүн толкунуна туш болом.

*****

Сүкүт салуунун башка бир жолдору көп. Эртең менен чыгып келаткан Күндү карап сүкүт сал. Шаркырап аккан дайранын боюнда олтуруп агымды көпкө караса жакшы натыйжа чыгат. Менин Айды, жылдыздарды карап сүкүт салган убактарым болгон. Же бир даракты, жалбыракты көпкө кыймылсыз карап туруп сүкүт абалына жетишке да мүмкүндүк бар. Мындан башка кыргыздын залкар күүлөрүн угуу, жан дүйнөгө магдыраткан бейпилдик тартуулаган музыкаларды тыңшоо адамды сүкүт абалына туш кылат. Мусулмандардын таспи тартуусу, сопулардын ыр-бийлери сүкүт салуу абалына кирүүнүн ыкмалары болуп эсептелинет.

*****

Сүкүт салууну үйрөнүү менен, эгер акын болсоң чыгармачылык чоң эргүүнүн толкунуна туш келесиң, эгер сүрөтчү же музыкант болсоң керемет боёктордун гармониясын табасың, деги сен ким болбогун Алла Таала мойнуңа жүктөгөн озуйпаны бул дүйнөдө кубаныч менен аткарып өтөсүң. Сүкүттүн касиети чаңда жаткан жериңден өйдө тургузуп, асылзаадалар олтурган такка олтургузуп коёт, өмүрүңдү даңгыр жолго салат. Ушуну унутпа.