Э.Эрматов: Кыз жатат Күнгө кактап денесин, оо! Эшилет кум жээкте. Деңиз туйлайт

* * *

Турмушума кирдиң дагы шаардай,

тынчымды алып түн уйкудан кетирдиң.

Эшигимди ачып ийдиң шамалдай,

тос-тополоң, астын-үстүн ичи үйдүн.

 

Ушул кечте күттүм, чырак өчпөдү.

Кошунанын бөлмөсүндө музыка…

Катып алып бербей койду түн сени,

айланды да мен өтө албас сызыкка.

 

Күндө сени алып келген трамвай

сен себинген атыр жытка мас болуп,

Барат ана, күнөөкөрдөй араң, жай…

бөлмө менин жүрөгүмдөй бош болуп.

 

* * *

Сени менен жолугушуп капыстан,

дирилдетип сезимимди өрттөдүм.

Кызыл таңды,

шүүдүрүмдө калып калган издерди,

жана дагы кеч киргенде

сенин кызыл жоолугуңдай

удургушуп күйүп кеткен булуттарды,

ууз кезди,

балалыкты эстедим.

Бүлдүркөндөр бышып турган

арыктардын бойлорун,

мен өпкөндө ысып турган

эриниңди ойлодум.

А чынында жараткандан

жалынганмын, тилегем:

«Эми мага ушул кыз,

эч жолукпас болсо экен…»

…Сен турмушка чыккан жылы

Билесиңби, биздин дарак

куурап калган түбүнөн.

 

* * *

Сыртта жамгыр.

Ойлорум жуурулушат кара түнгө.

Сагыныч жылып келип,

карайт менин көздөрүмө

жамгыр жууган терезеден…

 

Сен кирдиң,

чачтарың шамал жыттуу,

кетелек эриниңден жамгыр даамы.

Айтасың: «Келгениме кубанбастан,

көзүңдүн түпкүрүндө жашаган не?»

 

Мен сени эркелетип,

жылуу сөз айталбадым, сүйүктүүм.

Бөлмөдө тентип жүрдү,

көз карашың айран калган

урунуп чачтарыма, китептерге…

 

Сыртта жамгыр,

Капкачан өткөн кезди

бир азга аябастан салат эске.

Жамгырдын тили сага түшүнүксүз:

– Каалайсыңбы, ичелик ысык кофе?..

 

* * *

Кайда кеттиң?

Тоолоргобу, жаш кезиңден бирге өскөн,

булактарга сырдашканы курбуңдай,

гүл тергени жылаңаяк жүгүрүп?

 

Сагындыңбы торгойлордун сайрашын,

кучактагың келдиби?

Дирилдеген эриниңе тийгизип

ак таңдагы кызымтал күн нурларын?

 

Жылдыздарды этегиңе толтуруп,

чачтарыңа байлап алып бир бирден

ызалантып айылдагы кыздарды

шарактагың келдиби?..

 

Бүгүн үйдө өзүң жок,

Күйбөй турат очокто от.

 

* * *

Кыз жатат Күнгө кактап денесин, оо!

Эшилет кум жээкте. Деңиз туйлайт,

Чачтары тарам-тарам

чачылып калган кумда.

Тирсийген көкүрөгү –

жанаша пирамида!

Колдорун сунуп салган

ак чардак канатындай…

Аягын өбөт толкун

кумары такыр канбай.

Деңизге учуп кетеби – деп

кокустан чочуп кетсе,

олтурам коркуп жылбай

сопойгон таш үстүндө.

 

* * *

Бүгүн мени күтпөйсүң сен. Ал анык.

Мен да сага барчу жолду унуткам.

Арабызда туңгуюктар жаралып,

ойлор тентийт, шамал жортот буюккан.

 

Айттырбастан түшүнүү жок ым менен,

көз караш жок күйүп турган дуулдап.

Биздин дүйнө тикенектүү зым менен

чып бекилген. Ач кыйкырык угулбайт…

 

Сен башканын колдоруна жөлөнүп,

эркелетип мен башка бир аялды

күндөр өтөт… Биздин асман түбөлүк

жылчыгы жок, жыртыгы жок карарды.

 

Кээде өмүргө чырт түкүрүп кайрадан

жолугушчу түндү эңсөө башталаар.

Бир булкунуп чыгалбастан кайгыдан

эркибизди бийлеп алаар башкалар.

 

Бүгүн мени күтпөйсүң сен. Ал анык.

Мен да сага барчу жолду унуткам.

Болсо дагы миң чакырым аралык,

бүлбүлдөгөн бир от күйөт туюктан.

 

“Миң кайрык махабат” китебинен