Джозеф Эссбергер: Жүзүм сыкма

Джозеф Эссбергер

Жүзүмсыкма  

Чарльз де Груз Парижде чет элдик меймандарды коноктоп жатканда: «Чыныгы кызыл шараптын даамынан ыракат алуу үчүн сѳзсүз Француз болуунун кажети жок» – деп айтар эле. «Бирок, бир нерсени билүү Француз болууну талап кылат» – деп күлүп кошумчалап коёр эле.

Француз дипломатиялык корпусунда кызмат ѳтѳгѳн граф де Груз жубайы менен Вольтер кѳчѳсүндѳгү кооз үйлѳрдүн биринде жашачу. Ал жагымдуу, албетте маданияттуу киши боло турган, ошондой эле берешен кожоюн жана таң калтырган аңгемечи катары ѳзгѳчѳ кадыр-баркка ээ эле.

Бул кечедеги меймандардын баары Европалыктар эле, алар иммиграция Европадагы маселелердин ѳзѳгүн түзүүдѳ – деп бир ооздон ишендирип жатышты. Чарльз Де Груз үн каткан жок. Ал кѳбүнчѳ мындай пикирди коштоп, оюн ачык билдирчү эмес. Чындап келсе, мындай меймандарга кош кѳңүл мамиле кылчу.

Кызыл Бордо алгач торпок эти менен берилип жаткан, меймандардын бирѳѳсү де Грузга кайрылып калды:

«Баракелде, Чарльз, бул эми сага чемичке чаккандай эле да. Мунун түсүн, даамын ажыратууда тажрыйбаң мол болуш керек. Кана эмне дейсиң?»

«Ооба, Генерал, айтканыңыздай эле мол.»

Де Груз чѳйчѳктү алып, шараптан кызарып кеткен, балпайган мурдуна жакындатты. Бир аздан кийин жаш толгон кѳзү менен тике карап:

«Накта Бордо, шараптардын шарабы» – деп жылуу оюн билдирди.

Меймандардын тѳртѳѳсү чѳйчѳктѳрүн жарыкка кармап алып, ичиндеги кызыл түстѳгү шарапты изилдеп жатышты. Ушуга чейин даамдаган шараптардын мыктысы экендигине баары ынанышты.

Кичинекей ак шамдар Сена дарыясын бойлой акырындан жана баштады, биринчи кабаттын терезесинен Понт ду Карусельдин аркалары аркылуу ѳтүп жаткан жарыктары жанган пароходдор даана кѳрүнүп турду. Кече уланып жатты, эми илбээсиндин эти күчтүүрѳѳк шарап – кларет менен берилди.

Кларет куюлуп жатканда де Груз: «Элестетсеңер, тейлеп жаткан адамдар шарап тууралуу биле беришпейт, кызыгышпайт» – деп айтты.

«Чындап элеби?» – Германиялык саясатчы – конок сурады.

«Мен болсо, шишени ачаардан мурда анын ичиндегисин билгим келет»

«Бирок. Кантип? Кантип андай тың болсо болот»

«Мен жүзүмдүктѳрдү аралап, изилдегенди жакшы кѳрѳм. Бордодогу бир жерге барып турчумун. Ал жакта жүзүм ѳстүрүүчү менен жакындан тааныш болдум. Эмне ичип жатканыңды билүүнүн жолу ушундай»

«Чарльз, сортуна жараша болуп жүрбѳсүн» – башка саясатчы айтты.

Де Груз Голландиялык коноктун сѳзүн укпагансып сѳзүн улантты: «Ошол жигит шараптардын тарыхынан кеп салып берер эле. Мен уккандардан эң ѳзгѳчѳсү бар. Анын шарапканасында шарап даамдап жатканбыз, анан анын кабагын бүркѳткѳн челектин жанына келдик. Кызыл Бордо дүйнѳдѳгү эң мыкты шарап экендигине кошулаарымды сурады. Албетте, мен ооба дедим. Анан ал бир кызыктай кеп салып берди»

«Челектеги шарап дүйнѳдѳгү эң мыкты жүзүмдүн түшүмүнѳн » – кѳздѳрү толо жаш менен айтты. Бирок мунун тарыхы жүзүм ѳстүрүлгѳн ѳлкѳдѳн узак жерде башталган.

Де Груз коноктор тейленип жаткандыгын текшерүү үчүн тыным жасады.

«Анан?» – Голландиялык сурады.

Де Груз менен аялы бири бирин карап калышты.

«Урматтуум, айтып берсең!» – деди аялы.

Де Груз эңкейип, шараптан ууртап, оозун кагаз майлык менен аарчыды да бул аңгемени айтып берди.

Пьэрди – ал жүзүм ѳстүрүүчүнү ушундай атады – жыйырма бир жашында атасы Мадагаскардагы агасыныкына бир аз убакытка жѳнѳткѳн эле. Эки жуманын ичинде Фэнири – Малагасиче «Каалоо-тилек» аттуу кызды аябай жактырып калды. Аны күнѳѳлѳѳгѳ болбойт эле. Фэнири 17 жаштагы перинин үрүндѳй эле. Малагасинин күн нурунан анын териси күлгүн түстүү болчу. Жаактарынан ылдый түшүп турган узун кара чачтары анын чоң, терең кѳздѳрүн тегерете курчап турчу. Экѳѳ тең бири-бирин бир кѳрүп сүйүп калышты. Беш айдын ичинде алар үйлѳнүп алышты. Фэниринин үй бүлѳсү жок эле, бирок Пьэрдин ата-энеси ичинен жактырышпаса да алардын үйлѳнүү тоюна Франциядан келишти. Жаш жубайлар үч жылча Мадагаскар аралында бактылуу ѳмүр сүрүп жатышты. Анан бир күнү Пьердин ата-энеси жана жалгыз агасы жол кырсыгында каза болгондугу тууралуу Франциядан телеграмма келет. Аларды акыркы сапарга узатуу жана атасынан калган жүзүмдүктү колго алуу үчүн жакынкы учак каттамы менен үйүнѳ жѳнѳп кетет.

Эки жумадан кийин Фэнири аркасынан келет. Пьэр азага алдырып койгон эле, ошентсе да жүзүмдүктү иштетүү үчүн Фэнири менен отурукташып калат. Анын үй бүлѳсү жана тропикадагы ыкшоо, жай баракат күндѳр эми биротоло жок болду. Бирок ал ѳз бактысына жолуккан абдан оокаттуу адам болуп калды. Ал Бордодогу жашоо жаман болбойт деп боолгологон.

Бирок ал ойлогондой болгон жок. Фэниринин кызганчаактыгы жакынкы арада айкын болот. Мадагаскарда ага тендеш эч ким жок эле да. Францияда ал жолдошун баарынан кызгана берет. Үй кызматкерлерден, катчы кыздан, жада калса, жүзүм тергени келип, анын акцентин шылдыңдап күлгѳн дыйкан кыздардан. Пьер баары менен соо эмес деп ѳзүн ишендирип алат.

Ал алгач жалган жалаалардын четин чыгара баштады, бирок Пьэр маани деле берген эмес. Бара бара уктоочу бѳлмѳдѳ ѳздѳрү калганда ачык эле айыптоого ѳттү. Ал моюндабай койгондо, айласы кеткенден, ашканада болобу, жүзүмдүктѳ, плантацияда бейжай күнѳѳлѳй берет. Мадагаскардагы Пьер үйлѳнгѳн пери кызганычтан ажаан аялга айланды да калды. Анын болгон аракети, айткандары жардам берген жок. Кѳбүнчѳ ал жумалап сүйлѳбѳй койчу, акыры сүйлѳсѳ да андан кете турган оюн айтып, кыйкырып, каргап шилеп кирчү. Алар бири-бирин жек кѳрүп калгандыгы үчүнчү түшүм алганга чейин белгилүү болот.

Бир күнү жума күнү кечинде астыңкы кабаттагы шарапканада Пьэр жаңы электр тогу менен иштеген жүзүм эзүүчү станокто иштеп жаткан. Ал жалгыз эле. Бир убакта эшик ачылып, ашыкча боёнуп алган Фэнири кирет. Ал түз эле Пьэрге келип, моюнуна асылып, аны ѳзүнѳ кысат. Эзилген жүзүмдүн буусуна карабастан анын ичимдик ичкен жыты келип турду.

«Урматтуум» – үшкүрдү «биз эмне кылабыз?»

Пьер аны эңсеп турду, бирок мурдагы кемсинтип кордогон жаңжалдар ичине толуп чыкты да аны түртүп жиберди.

«Урматтуум, мен балалуу болгум келет»

«Дѳѳдүрѳбѳчү. Бар жатып эс ал! Сен массың. Алдагы боёгуңду ѳчүр. Кѳчѳдѳгү кыздарга окшоп калыптырсың»

Фэниринин жүзү кара кѳк тартып, кайрадан күнѳѳлѳй баштайт. Ал эч качан жакшы кѳргѳн эмес, аны бир гана тѳшѳк кызыктырарын. Анын жалгыз оорусу ошол экенин. Ак аялдар менен болгон мамилесин. Франциядагы аялдардын баары, ак аялдар жеңил ойлуу келээрин, ошолорго болгон табитин айтып күнѳѳлѳп жатты. Ал дубалдагы бычакты алып ага атырылды. Анын кѳз жашы кѳлдѳп турду, Пьэр тамагына такалган бычакты араң алыстатты. Акыры ал аны түртүп жиберди, Фэнири жүзүм сыкма станокту кѳздѳй мүдүрүлүп жыгылды. Станоктун бурамасы аны чачынан ары тартып кеткенде, Пьэр оор дем алып турду. Ал ѳзүн куткаруу үчүн кыйкырып жатты. Анан ал эсин жоготту, ооруданбы же бууданбы ал так биле алган жок. Кѳңүл айныткан үн баары бүттү деп айтканга чейин жүзүн буруп турду. Анан ал колун кѳтѳрүп, станокту ѳчүрдү.

Коноктор титирей түшүштү, де Груз аңгемесин токтото турду.

«Стол үстүндѳ майда-чүйдѳлѳп айтпай эле койоюн» деди. «Пьер анын денесинин калдыктарын станокко салды да жымырайтып тазалап койду. Үстүңкү кабатка кѳтѳрүлүп, чайынып, тамагын жеп эс алганы жатты. Кийинки күнү Фэнири Мадагаскарга кетти деп элге айтып койду. Ага таңгалган киши деле болгон жок»

Ал кайра тыным жасады. Кѳздѳрү алайган коноктор кыймылсыз отурушту.

«Албетте», ал улантты, «алтымыш бешинчи жыл кызыл Бордо үчүн жаман жыл болгон. Бирок Пьэрден башкасы үчүн. Бул бѳтѳнчѳ нерсе болду. Сыйлыктын артынан сыйлык келди, анын сырын эч ким билген жок.»

Генералдын аялы тамагын кырып:

«Бирок, сен аны даамдаган жоксуң да?»

«Жок, Пьэр анын аялы шарапка эч жерде табылгыс жыт бергендигин айтып, ишендирсе да даамын таткан жокмун»

-«Сатып да (мм) алган жоксуңбу?» –  генерал сурады.

-«Кантип баш тартмак элем? Мындай ѳзгѳчѳ сорттогу шарап күндѳ эле табыла бербейт.»

Узакка тынчтык ѳкүм сүрүп турду. Голландиялык ордунан оңтойсуз кыймылдады, анын чѳйчѳгү оозу менен столдун ортосунда калды. Башка коноктор бири бирин ынгайсыздана карап калышты. Алар түшүнгѳн жок.

-«Груз, карасаң» акыры генерал үн каты:

-«Ошол каргыш алгыр аялды ичип атасыңар деген жоксуң да, ошондойбу?»

Де Груз англиялыктарга карап:

-«Кудай сактасын, Генерал, эң мыкты шарап биринчи берилээрин бардыгы билишет» – деп жай сѳзүн бүтүрдү.

Которгон: Алтынай Токтоматова