Динара Асакеева: Касым Тыныстановдун чыгармачылык тагдыры жана трагедиясы

Касым Тыныстановдун чыгармачылык тагдыры жана трагедиясы

Касым Тыныстанов поэзия, чыгармачылык табит дегенди замандаш акындарына караганда жакшы өздөштүрүп, мезгилинен озгон инсан катары чакырыкчыл маанайындагы лозунгдук поэзиядан эрте алыстап, агитациялык поэзияны башка нукка бурууга күчү жеткен. Мына ушундай өзгөчөлүгүнө жараша анын поэзиясы – окурмандардын сүйүүсүнө арзып, өзүнө тартып турган дараметтүү поэзияга айланып, бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготкон жок. Экинчиден, ырларынын мыкты чыгышына орус тилин билип, классик орус акындары менен тааныш болгондугу, илимий жактан даярдыгынын бардыгы, адабий эрудицияга ээ экендиги, эстетикалык табитинин бийиктиги себеп болгон. Элинин келечеги бүдөмүк болуп тургандыгын сезип-туюп, өлкөнүн келечегине болгон түйшөлүүсүн лирикалары аркылуу чыгарууга умтулган. Өзү коомдук ишмер, окумуштуу, алдыңкы инсан болгондуктан ошол мезгилдеги саясий кырдаалдын кыйынчылыгын байкабай койгон эмес. Элинин келечегине болгон кооптонуусун “Байчечекке”, “Ысык-Көлгө”, “Аруак”, “Ала-Тоо”, “Ойнобо”, “Манас күмбөзү”, “Сурачы, достум, сурачы!” ж.б. медиативдик лирикаларында ачыкка чыгарган. Алгачкы ырларында Совет бийлигинин жеңишине кубанып, Совет бийлиги кыргыз элин артта калгандыктан, маданиятсыздыктан, илим-билимдин жетишсиздигинен, жакырчылыктан куткарат деген ишенимде «ойгон жаштар, ойлон жаштар, көзүңдү ач, билимге умтул, алдыга умтул» деп кубанып жазган. Бирок башка акындардай Совет бийлигин бир беткей даңазалоодон алыс болгон.

Акын, окумуштуу, коомдук ишмер гана болбостон кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгын жыйноо, кагазга түшүрүү иштерин баштаган. “Манас” эпосуна биринчилерден болуп кайрылып, эпосту Манасчылардын оозунан жазып калтыруу, орусчага которуу ишин да колго биринчи алган. Таланттуу акын элдик оозеки чыгармачылык көркөм дөөлөттүн түгөнгүс казынасы жана жазма адабияттын негизги башаты болорун, «Манас» эпосу баштаган элдик оозеки чыгармачылык кыргыз көркөм өнөрүнүн соңку өнүгүшүнө да кызмат өтөрүн, кыргыз эли жаңыдан өз жазмасына ээ болуп, сабаттуулукту жаңы гана жое баштаган мезгилде эле сезип, байкап, аны чогултуу, кагазга түшүрүү иштерине киришкен. Көп кырдуу ишмердүүлүгүнүн бир этабы болгон көркөм чыгармачылыгында фольклорду көңүлгө түйүп, чыгармачылык изденүүлөрүндө ага кайрылып турган.

Ал мыкты тилчи болгон. Кыргыз жана орус тилдеринде жогорку деңгээлде сүйлөп, профессионалдык жактан илимий стилде жазган. Ал жазган кыргыз тилинин грамматикасы ушул мезгилге чейин колдонулуп жүрөт. Белгилүү тилчи Е.Д.Поливанов менен бирге кыргыз тилинин илимий грамматикасын иштеп чыккан. Ошондой эле, Поливанов менен бирге кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сѳздүктү түзүүнү баштаган, бирок бул максатын ишке ашырууга жетише албай калган. Эки залкар окумуштуунун сѳздүк түзүү максаттарын кѳп жылдан кийин К.Карасаев менен К.К.Юдахин ишке ашырышкан. Анын илимий мурастары тууралуу өзүнчө кеп кылуу керек, ал өзүнчө бир чоң тема.

К.Тыныстановдун чыгармачылыгына бут тосуу 20-жылдардын аягында башталган, тагыраак айтканда, ырларынан саясий ката табуу, издөө “Касым ырлар жыйнагы” (- М., 1925-ж.) жарык көргөндөн көп өтпөй башталат да, съезд болордун алдында “сындоо” күчөп, чыгармаларынан идеялык жана саясий каталар дембе-дем табылып, ар бир чогулуш, бюро, пленум, партиялык чогулуш, конференциялар К.Тыныстановдун ишин карамайынча өтпөй «Эл душманы» болгонунун азабын тартып, азаптуу күндөрү башталып калган.

Жыйнакка эң биринчилерден болуп пикир айткан А.Убукеев «Касым ырларынын жыйнагы» аттуу макаласында акынга таң калыштуу талап коюп, жаалданган сынын, тагыраак айтканда, жыйнактагы ырларды бүтүндөй жокко чыгарган, бар нерсени жок деген оюн таңуулаган сынын жарыялаган. Маселен, «Таң» аттуу ырындагы «Жаркырап күн чыгыштан агарды таң» деген саптардан «Күн чыгыштан ата турган таңкы таң, экинчиси күн батыштагы орус жумушчулары атказган эрик таңы. Бул жерде акындын кайсы таңды айтканы баш аламан болуп кетет» – деп акындын күн чыгыш менен күн батыштагы эки таңды кошо атабаганынан, чогуу жазбаганынан «чоң ката» табат. Андан ары ырларды катары менен сындап, дээрлик баарын жокко чыгарат.

«Касым ырлар жыйнагы» китебинин сындалышы ушундай болгон, тагыраак айтканда, китеп тууралуу, дегеле Касым тууралуу оң сөз айткандардын баары, ал гана эмес Касым менен жакшы санаалаштардын баары (буга С.Карачев, Ж.Жамгырчиев, Т.Жолдошев, Б.Данияров ж.б. тагдырлары күбө) сындалууга, каталары табылууга барган. Маселен, китепке баш сөз жазган Базаркул Данияровдун сѳзүнѳ чейин талданууга алынып (Данияров Б. «Касым ырлар жыйнагына» жазылган баш сөз. – М., 1925.), кийин Б.Данияровдун өзүнүн да каталары бардыгы, ошондуктан зыяндуу китепти мактаган деп табылган. Аны биротоло талкалоо анын “Академия кечелери” аттуу  үч бөлүмдөн турган пьесасы менен чегине жеткен.

«Академия кечесин» жазууга К.Тыныстановго атайын тапшырма берилген, кыргыз тили, адабияты жана искусствосу боюнча илимий кеңеш менен Кыргыз улуттук драмтеатры кыргыз элинин тарыхын: феодалдык доорду, падышалык Россиянын колониялык саясатын жана кыргыз кедей-кембагалдарынын бай-манапчылыкты жоготкон доорун эмгекчилерге көрсөтүү үчүн театрдын сахнасына үч академиялык кечени коюуну чечет. К.Тыныстанов пьеса жазууга замандаштарынан алда канча жогору тургандыгы, ошон үчүн жазууга милдеттендирилгендигинен улам улуттук театр өнөрүн өнүктүрүү үчүн пьесага киришип, иштеп чыккан. “Академия кечеси” жакшы кабылданып, пьеса элге абдан жагып, бир топ убакытка чейин сахнадан түшпөй коюлган. Мына ушундай ийгиликтеги пьесанын катасын табууга аракеттенгендер чыккан пьесага биринчи болуп сын айткан А.Токомбаев “Академиялык кечелер” сахнага коюлгандан көп өтпөй “Академия кечеси тууралуу”, «Академия кечесинин тыянагы» аттуу сын-макалаларын (1932-жылдын 16-февралынан баштап, 6-мартка чейин) удаасы менен жарыялайт. «Академия кечеси тууралуу» (Кызыл Кыргызстан, 1932-жыл, февраль) аттуу сын макаласында пьесанын таптык көз карашы бузук экендиги, эмгекчилер сүрөттөлбөстөн, тескерисинче бай-манаптар сүрөттөлгөндүгү, баяндалган окуя реалдуу турмушка дал келбегендиги, Касым кыйналган элди, азап чеккен эмгекчилерди, кедейлерди эзип, кыйнап, сабап жаткан эзүүчү таптын өкүлдөрүн эч көрсөтпөйт, эгер тап таламы көрсөтүлбөсө, мунун эмнеси көркөм чыгарма деген ж.б. айтып, пьесанын саясий жана идеялык катасын таап чыгат. Ал эми «Академия кечесинин тыянагы» аттуу сынында алгач пьесанын пайда, зыяны жөнүндөгү ойго кызмат кылат деп анкета түзөт. Бул сын боюнча карасак Касымдын жакшы бир да ыры жок, ырларды акын катары чыгармачылык илхам менен жазбай эле ичиндеги кайгысын, эски замандын кеткендигине кейиген арман, күйүтүн жазган. Бардык чыгармаларында эскини көксөө, жоктоо, ый, тагыраак айтканда, автор ар бир ырдан «укмуштуудай» каталарды көрөгөчтүк менен таап чыгат да, сынды «далилдери Касымды сыноочуларга да бир топ жеңилдик келтирээр» деген үмүттө, Касымдын зыяндуу жактарын, ырларын түшүнбөй жүргөндөрдүн «көзүн ачуу» максатында жазгандыгын айтып чыгат.

Көп өтпөй «Правда» газетасынын 1933-жылы 7-марттагы санына Орто Азиядагы кабарчысы П.Мануйловдун “Буржуазиялык-кулактык улутчулдук аягына чейин талкалансын” деген макаласы жарык көрөт. Макаланын автору Орто Азияда, анын ичинде кыргыз элинде буржуазиялык кулактар, улутчулдуктун көрүнүшү жандана баштагандыгын, бул душмандар менен партия күрөшүүлөрү керектигин айтып, “Академиялык кечелер” пьесасын мисалга келтирет. Бул макала Тыныстановдун мындан ары сындалышына, улутчул деген ярлыкка ээ болушуна абдан чоң роль ойногон. Анткени, макала жарык көргөндөн соң “Правда” газетасы ВКП (б) БКнын Ортоазия бюросуна П.Мануйловдун фактыларын текшерүүсүн жана аны редакцияга билдирүүсүн талап кылат (От редакции // Правда, 1933, 7-март). Буга жоопту Ортоазия бюросу көп өткөрбөй берип: “О статье тов Мануйлова в “Правде” №65 от 7 марта 1933 года “Разбить до конца остатки буржуазно-кулацкого национализма” – деген токтому менен Кырулуттеатрында коюлган “Шабдан” аттуу улутчулдук мүнөздөгү пьесаны койгонго уруксат бергендиги үчүн Кыробком ВКП (б)га ката кетиргендиги эскертилип, андан пьесаны алып салууну сунуштайт.  

Ошону менен ар бир ыры талдоого алынып, “каталары” табылып турганда жаралган “Академиялык кечелерине” сын чабуулу абдан күчтүү болуп, авторунан саясий ката табуу, жаңылыштыгын ачып көрсөтүү андан да тереңдеп, А.Убукеев баштаган «сын чабуулу» бул чыгармага карата болуп көрбөгөндөй өсүшкө жетет. Мына ушундан соң К.Тыныстановго официалдуу түрдө «бай-манапчыл» идеологияны таратуучу, аны кайрадан алып чыгуучу, жандандыруучу «буржуазиялык-улутчул» деген жарлыктар тагылат да, аны дайыма коштоп жүрүүчү атка айланат. Арийне, мындай чыгарманы сынга алууда чыгарманын жанрдык, стилдик, образдык касиет-сапаттары адабий талдоого алынышы абзел эле. Бирок чындыкта андай болбостон, пьеса теңирден тескери түшүндүрүлүп, ийгилигинен кемчилиги көп болуп, эң коркунучтуу, эң зыяндуу чыгарма болуп көрсөтүлөт. Ушундай сындардан кийин К.Тыныстанов караланган сындын бутасына айланып, идеялык жана саясий жактан тынбай айып тагуудан жабыркап, азап чегип, акыры чыгармачылыктан алыстап, илимий багытка оогонго чейин жетет.

А.Токомбаев көп убакыт өткөрбөстөн Тыныстановго кайрадан кайрылып «Касымдын каты тууралуу» («Ал баскан жол, анын чыгармасы, анын бети» // Кызыл Кыргызстан, 1933-жылы 22-август), «Жумушчу табынын адабияты үчүн майданда чыңалабыз» (Литература Средней Азии. 1933, №3) деген макалаларында, Жалпы Кыргызстандык советтердин IV сьездинде жасаган «Кыргызстандагы совет адабияты жөнүндө» деген докладында, «Адабият жат идеялардан тазалансын» (Кызыл Кыргызстан, 1933, 8-август), «Каршыбы, жактайбы (Касымдын атка минери тууралуу)» (Кызыл Кыргызстан, 1934, 4-декабрь), «Жаңы жол башчылыкка жаңы темп» (Кызыл Кыргызстан, 1934, 24-декабрь) ж.б. макалаларында К.Тыныстановго койгон саясий айып, идеялык каталыгын баса белгилеп, койгон күнөөлөрүн күчөтүп жазып, өзүнүн пролетариат акыны экендиги, социалисттик курулуш, социалисттик адабият үчүн жан-дили менен берилерин, ал адабиятты «жат душмандан», «бай-манапчыл адабияттын идеясынан», «саясий ката, идеялык бузуктуктан» сактап каларын, бул үчүн жан аябай күрөшөрүн, мына ушундай «душмандын» бири К.Тыныстановду оңдоого аракет жасап жаткандыгын, анын антипартиялык аракеттери күч алып, идеологиялык каталыгы, буржуазиялык ишмердүүлүгү күчөп, тап душмандарын чогултуп, жашыруун саясий күрөш жүргүзүп жаткан «жаңы каталары» да бар экендиги, «алаштын» мүчөсү, М.Жумабаевдин досу ж.б. каталарды тагып, адабияттан алыстатууга жасаган аракетин күчөтөт, таң калыштуусу айтылгандардын баары ошол мезгилде чындыктай кабыл алынгандыгында болуп жатат? Анын К.Тыныстановго койгон айыптары 1934-жылы, апрель айында Кыргызстан кеңеш жазуучуларынын уюшулушу менен өткөн I съездинде өзүнүн апогейине жетип, акындын адабияттан таптакыр четтешине алып келген.

К.Тыныстановдун чыгармачылыгына карата сын жазган А.Убукеев, М.Дөгдүров, М.Жаманкулов, Ө.Жакишев, А.Токомбаев, И.Тойчиновдор чыгармалардын дээрлик бардыгынан «улутчул», «бай-манапчыл», «контрреволюциячыл», «пантүркизм идеясын уланткан» ж.б. каталарды «таап» чыгышкан. Сындын мындай маанайда болушу, өлкөдө түзүлө баштаган саясий абалдын курчтугу, административдик-командалык системанын бийлигинин күчөшү менен коштолуп, адабиятка тиешеси барлар да, жоктор да киришип, соккулар ар тараптуу боло баштайт. К.Тыныстановду эскичил, жаңы заманга каршы, идеясы бузук, саясий сокур, Лениндик позициядан тайып, эмгекчи элдин душманы деген позициядан талдоо, сындоо күч алат. Ушундай сындардан соң К.Тыныстанов камалат да бардык эмгектери (көркөм чыгармалары, окуу китептери, илимий изилдөөлөрү) пайдалануудан алынып салынат. 1938-жылдын 1-январында  официалдуу түрдө: «К.Тыныстанов 1921-жылдан тартып контрреволюциячыл (улутчул) «Алаш Ордо» уюмунун активдүү мүчөсү, ал эми камакка алынган мезгилде контрреволюциялык, улутчул «Социал-туран» партиясынын мүчөсү болгон” – деген айып тагылат.

Чындыгында, К.Тыныстанов акын-жазуучу катары сындалган эмес, аны жок кылуу максаты гана коюлган. Бул коомдук-саясий кырдаал, жагдай-шарт кээ бир адабиятчы-сынчыларды өз позициясынан кайтып, бир беткей, бир жактуу баа берүүгө да түрткөн. Касым Тыныстанов жогорудагы сындарда айтылгандай Октябрь революциясын кабыл албай аны кулатуу, «Алаш-Ордо» партиясын кыргыз жерине орнотуу, улутчулдук, бай-манапчылдык идеяны көтөрүп чыгуу аракетин көргөн эмес, коммунисттик партияга да каршы чыккан эмес. Тескерисинче, коммунисттик партиянын катарына өтүп, совет мамлекетинин идеясынын кыргыз жерине орношуна зор күчүн жумшаган, анын күнөөсү эле Октябрь революциясынын жеңиши – улуттук кайра жаралуу үчүн, көз каранды эмес, эркин жаңы турмуш куруу үчүн мүмкүндүк деп карагандыгында эле.

К.Тыныстанов таасирленип, үйрөнө, туурай турган эстетикалык үлгү жок эле, ошондуктан ал кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынан кыртыш алып, фольклордук азыктан акындык «мен» өсүп чыккан. Мына ушул себептүү К.Тыныстанов кыргыз элинин байыркы турмушун романтизациялоосу келип чыккан. Ал мындай жыйынтыкка эски турмушту атайлап мактап, жаңы турмушту, советтик чындыкты жокко чыгаруу максатынан эмес, чыгармасын жараткан учурдагы элдик поэзия, элдик мотив, элдик сюжетке таянган эстетикалык факторунан келип чыккан.

Чындыгында, К.Тыныстанов Октябрь революциясына чейин деле кыргыз эли эл катары жашап келгендигин, көчмөндүү калк катары өмүр сүргөндүгүн дайыма айтып келген, кыргыз элинин Октябрь революцияга чейинки турмушун  “кандуу, кара так” кылып көрсөтпөстѳн, байыркы турмушту эч качан жамандап, куурап жашаганбыз деген эмес, кыргыз эли революцияга чейин жеке тарыхка ээ калк катары жашап келгендигин эч качан танган эмес. Мисалы, “Манас” күмбөзү” ырында, “Жаңыл-Мырза” поэмасында эл кандай турмушка жетсе да өз тарыхын, даңктуу тарыхын, андагы инсандарды унутпоо керектигин көтөрүп чыккан. Мына ушундай касиет-сапаты аны башкалардан айырмаланып турушуна жол ачкан. Ал коомдук талаптарга баш ийбестен, жеке өзүнүн көз-карашына жараша ыр жазган, замандын оош-кыйышын, кыйынчылыгын алдын-ала сезип, ага философиялык маанайда ой-жүгүртүп, Ата-журттун башына түшкөн бул мүшкүл иштин да өтөрүн, ак менен каранын күрөшүнүн бүтөрүн, өзүнүн ак жерден караланышын, өзүнүн ак экендигин, адилеттик акыры жеңерин “Курбума” деген философия-медиативдик ырында:

Жел сокмок, жер айланмак, дарыя ташымак,

Күн да түн да ала салмак, алмак-салмак.

Жаш акмак, жар айнымак, жалын өчмөк,

Эски өтмөк, жаңы жетмек, орун басмак.

Алышкан бирде жыгылмак, бирде жыкмак,

Жарышкан бирде калмак, бирде чыкмак,

Дүйнө мейнеттики белден баткан,

Мурунтан болуп келген, боло жатмак…

Боолукту эл мойнуна заман салмак,

Эл жүгүн эр аркалап мойнуна алмак.

Заман жел кутурткан жиндей толкун

Калаксыз кайык сүзмөк, эрк талашмак.

Чыкканча бирөө четке жүзүн сатмак.

Бирөөлөр кол куушурмак көзү алактап.

Аткан ок, алышкан жоо кансыз тынбас,

Бирөөнү курман кылмак толкун таптап – деп билдирген.

Бул ырды 1923-жылы жазган, ошондо эле өзүнүн тагдырын өзү көрүп, алдын-ала билип жазгандай сезилет.

К.Тыныстановдун 30-жылдардагы адабий сынга алынышына саресеп салсак ошол кездеги сын-макалаларда көркөм адабияттын табитине, өзгөчөлүгүнө жараша пикир алышуунун ордуна, чыгармачылыкты саясатташтырууга, чыгармачылык талаш-тартышты күчөтүүгө, кимдир бирөө жеңишке жетишсе, кимдир бирөө жеңилерин аңдуу жагына, чыгармачылыкка баа берүү күнүмдүк саясий окуя-кырдаалга байланыштуу чечилерине басым коюлгандыгы ачыкка чыгат. Натыйжада адабият жаатында чыгармачылыкка, көркөм чыгармага талап болбой эле, саясатташкан декларацияга, саясий айып тагууларга, ката табууларга талап коюлуп турган. Турмуштагы коомдук-саясий кырдаалдын мындай болушу адабий процесске сөзсүз кедергисин тийгизген да, кыргыз совет адабиятында өзгөчө саясатташкан, идеологиялаштырылган, күнүмдүк саясий кызыкчылыкка кызмат өтөгөн адабияттын жаралышына түрткү болгон.

Ушул жерден суроо келип чыгат эмне үчүн К.Тыныстанов өз учурунда бааланмак турсун, тескери сынга дуушарланып, таланты, илим-билиминин күчтүүлүгүнүн азабын тартып, трагедияга кабылган?

Суроонун жообу да бар: адам канчалык бийик, мыкты, билими терең, маданияты жогору инсан болбосун аны курчап турган чөйрө да ошого жараша мыкты болуп, маданий, илим, билим жагынан интеллектуалдуу болушу шарт, эгер ага шайкеш мезгил, чөйрө, коомдук шарт болбосо анын ийгилигин, тапкан табылгасын, ачкан жаңылыгын түшүнүү болбостон, тескерисинче жаман катары кабыл алынып, кемчилик катары туюлушу мүмкүн. Касым Тыныстанов дал ушундай коомдук шартка кептелген, ал чыккан мезгилде кыргыз интеллигент чөйрөсү, реалдуу турмуш, маданий деңгээл таптакыр башка эле, жаңы гана көчмөндүү турмуштан совет коому орноткон турмушка аралашып, сабатын жаңы гана жоюуга бет алып, илим-билим, жаңы маданият кандай болорун билбей араң турган кыргыз эли совет бийлигинин талабын кандай аткарарын билбей, түшүнүксүз турмушка капталган.

К.Тыныстановдун интеллектуалдык, маданий, билим жактан айырмаланып, поэтикалык чеберчилиги, таланты замандаш акындардан, айрыкча ал жылдарда ыр жазып баштаган акындардан алда канча бийик турар эле. «Адам акылынын алсыздыгы өзүнүн жолу жоктугунун себебин башкалардан издөө менен жеке алсыздыгынан, дармансыздыгынан, байкуштугунан жана колунан эч нерсе келбестик кемчилигинен кутулат» (философ Боэцийдин айтканы) – деген акылман сөз К.Тыныстанов сыяктуу кыргыз элинин интеллигенттерине асылган ошол мезгилдин «кыйкырыкчыл-сүрөөнчүл» адамдарынын жан-дүйнөсүн ачып көрсөтүүдө. Тагыраак айтканда, К.Тыныстановдун триумфу ага жете албагандарды чочуткан, коркуткан, ошондуктан аны жок кылганга бүт күчүн үрөшкөн, акырында ага жетишкен, өзүнөн өйдө турган инсанды жалган жалаа менен жок кылышкан, өздөрү эч качан мындай деңгээлдеги инсан боло алышпайт эле, алардын пендечилик кемчилиги ушунда!

Ушул жерден Достоевскийди маданий-тарыхый өңүттөн изилдеп, анын инсандыгын, улуулугун ачып берген улуу окумуштуу Б.И.Бурсовдун: “Бывает и так, что хотя гений сходит со сцены в рассвете сил, но этим не унижает своей гениальности, а только подчеркивает и без того содержащуюся в ней трагичность” – деп айтканы эске түшөт. Адамга кандай тагдыр тартууланарын эч ким билбейт, ал эми улуу адамдар ар кандай тагдырга учурары тарыхтан белгилүү эмеспи, кээ бирлери гениалдуулугун ача албастан кетишет, кээ бир мезгил, шарт улуу адамды сындырышып, улуулугун далилдеген нерсени жок кылышат. Касым Тыныстановдун тагдыры да ушундай шартка туш келген, бул кыргыз тарыхынын өтө ачуу чындыгы, муну эч ким тана албайт.

“Адам өзү каалаган коомду, бийликти тандап ала албайт, жаралганда, көз жарып дүйнөгө келгенде “эмнеге”, “кандайга” туш келсе гана анын бешенесине жазылган тагдыры” – деп К.Асаналиев айткандай, адам баласы тагдыры кандай болоорун, келечекте эмне күтүп тураарын алдын ала баамдай албайт эмеспи. Дал ушундай тагдыр К.Тыныстановдун тагдырына жазылган, өзү аракеттенип, жанталашып курган коому өзүн курмандыкка чаларын билген эмес да?

К.Тыныстановдун башына кыйынчылык түшүп турган кезинде өзүнүн чындыгын түшүндүрө албай койгондугу 30-жылдардын чындыгы. Албетте, кыргыздан чыккан биринчи мыкты акын, биринчи котормочу, биринчи профессор, биринчи тилчи окумуштуу, коомдук ишмер, агартуучу сыяктуу атка татыган, элдин алдында болгон инсан, анан албетте, мындай инсан түшүнбөөчүлүккө, жек көрүүгө, ич тарууга кабылып, башкалардын кыжырын кайнаткан. Экинчиден, анын деңгээлине жетпегендердин ич күйдүсүн жараткан. Же болбосо тарых изилдөөчү А.Дж.Тойнби айткан: “В любом обществе творческие личности всегда в меньшинстве, а воздействие гения на обыкновенных людей редко осуществляется прямо и непосредственно. Чаще это происходит благодаря свойству мимесиса или особой социальной тренировке, которая и доводит начальную инициативу до уровня механического повторения. Все это составляет основу, фундаментальную для подхода к проблеме отношения между цивилизацией и индивидуумом, независимо от того, в какой фазе находится история данной цивилизации” чындык кыргыз элинин тарыхындагы 30-жылдардын чындыгын далилдеп көрсөтүүдө. Ал мезгилдин саясатынан улам Тыныстанов сыяктуу жазыксыз трагедияга туштуккандар өз чындыгына ишендире албастан күнөөсүз курмандыкка кетишкен, бул улуттун чоң трагедиясы, а башкысы булардын жардамында пайда болуп, колго алынган кыргыз элинин адабий-маданий мурастары кайрадан унуткарылып, болгону саясатка жараша бир беткей мамиледе болгон, а мунун баары барып-келип кыргыз элинин трагедиясына айланган.

К.Тыныстановдун трагедиялуу тагдырынан жеке адамдын гана кайгысын, драмасын көргөнгө болбойт, – мындан өтө тереӊдеп кеткен социалдык конфликттин чагылышын көрөбүз. Касым Тыныстановдун трагедиясы – дал ушунда өз деңгээлине дал келбеген тарыхтын татаал учурунда жаралгандыгында жана өз замандаштарынан билими, илими, маданияты, интеллектиси, эрудициясы алда канча жогору тургандыгында. Чындыгында бул Касым Тыныстановдун эле трагедиясы эмес, жалпы кыргыз элинин трагедиясы!

А.Токомбаев баш болгон каршылаштары К.Тыныстановду жок кылып эле тим болушкан эмес, тарыхтан биротоло чийип, жок кылып салууга аракеттенишкен жана буга жетишишкен. Бирок, бул убактылуу гана жеңиш болгон! “Все тайное рано или поздно становится явным”, – деп Библияда айтылгандай тарых чындыгы кѳп убакыттан соң ачылды жана Касым Тыныстанов – кыргыз адабияты менен маданиятындагы ѳзүнѳ гана таандык уникалдуу ордун ээледи!

Д.Ж.Асакеева 

Ф.и.д., К.Карасаев атындагы БГУнун профессору