Дарыгердин жаңылыштыгы

Дарыгердин жаңылыштыгы

Бир жолу Улукман Аким (Али Абу ибн Сина) көчөдөн өтүп баратып, алдыда бараткан кыздын тез-тез кан түкүрүп баратканын байкап калат да, ага кызыгып артынан түшөт. Кыз кыпкызыл түкүрүнүп бара берет. Анан бир дарбазадан үйүнө кирип кетет. Артынан табып да кирет. Үйдөн кыздын атасы чыгып, атактуу дарыгерди таанып, ызат-урмат менен үйүнө киргизет. Сөз ортологондо Улукман Аким тигил үй ээсине анын кызы оору экенин, кан түкүрүнүп калганын, мындай тез-тез кан түкүрүнгөн адамды сакайтууга ылаажы жоктугун айтат. Бул кепти ары жакта аңдып турган кыз да угуп калат. Угары менен ал калтырап, титиреп, жыгылат жана ошол бойдон оңоло албай бу дүйнө менен кош айтышат…

Бир нече күндөр өтүп кыздын атасы менен табып кайрадан учурашып калат.
-Таксыр табып, кызым, айыкпас дартка чалдыкканын кандайча билип калдыңыз эле? – деп сурайт кыздын атасы.

-Кызыңыз көчөдө келе жатып тез-тез кан түкүрүп жатканын көрдүм эле, – дейт табып.

Бул сөздү угуп ата маңдайын ургулайт да, ыраң-башы купкуу болуп бир аздан кийин:

-Ээ, аттиң, эми билдим, ошол күнү кызым кыпкызыл шаатыт жеп жүрбөдү беле, оозунан түкүргөнү кан эмес ошол шаатыт шербети эмес беле! – деп башын чайкайт.

Ошенткенде Улукман Аким жаңылышканын түшүнөт жана маркум кыздын атасынын астына тизе бүгүп чөк түшүп кечирим сурайт:

-Сиз мага жана менден кийинки урпактарга чоң сабак бердиңиз. Бир сөз менен сопсоо адамды өлтүрүп салуу же ооруп жаткан кишини бутуна тургузуп жиберүүгө болорлугун көрсөттүңүз.

(Абдыкерим Муратовдун “Аталар сөзү – акылдын көзү” китебинен)