ДАНИЯР ИСАНОВ: Сары чемодан

САРЫ ЧЕМОДАН

(Эссе)

Обончу, маркум Калмурат Рыскуловго!

Жетпеди деп көксөгөн талабына,

Жан досум, кейибегин абалыма.

(Турар КОЖОМБЕРДИЕВ)

Анда мен “өлүм”, “жашоо”, “турмуш” – деген нерсенин өзүн айра тааный албаган аңкоо бала элем. Энемдин кашында эркелеп, өмүрдүн маңызы эмне экенинен кабары жок кезимде, жетилген курак кучагын жая тосуп алды.

Алигүнчө көз алдымда. Ошол жылы алгач ирет жансыз адамдын сөөгүн көрүп, денем үрккөнү эч эстен кетпейт.

Сексенден өтүп чоң атам акка моюн суна, а дүйнө жайга сапар алды. Элеттен тыш, калаада көп кабаттуу үйдөн чыкпай, бал муздак жеп чоңойгон тагдырымды бир жектедим эле ошондо.

Коңгуроо шыңгыраганынан каалганы ача салсам, атам кашымда ыйламсырап: “атамдан айрылдым” деп турат. Оозума кеп келбей, аңкайып тура бердим. Аздан соң апам мени жектеп:

– Атаңды кучактап, көңүл айтып койгонго жарабайсың?! – деди. Мурда мындай өлүм-житим дегенди башымдан кечирип көрбөгөн жаным, чын ниетим менен:

– Кантип көңүл айтат? – депмин.

* * *

Эртеси жеңил машинеде зуулдай, айылга жөнөп калдык. Жолду ката атам үн-сөзү жок ойго батат. Ар кимибиз өз дүйнөбүз менен алекпиз. Качан гана бала күнүнөн өскөн өз үйүнө жакындаганыбызда машинени токтотуп, атам апамды тиктеп калды. Анан апам оор улутуна:

– Азыр үйгө өкүрүп киресиң. Муса агаңдын алдына барып, кайрат айт! – деди.

– Кантип? – дедим жаным кашайып, тартынчаак жаным.

– Акылың ордундабы? Ай, короого ыйлап кирип, агаңды кучактап туруп көңүл айтып кой!

– Кантип ыйлайм? Ыйлагым келбесе эле ыйлай беремби!?

– Кудай аткыр! Мына, эки жакка чыкпай үй күчүк болуп олтуруп, таза жапайы болгон тура. Эми эмне кылабыз? – деди, апамдын айласы куруй.

Апам менен атам оор үшкүрүнүштү. Унчукпай машинеден түшүп, короо жакка бет алдым. Короодо котологон эл аңкайып мени карап калышканынан оозумдан келмем түшүп, дабдырап туруп калдым.  Нарыраак боз үйдөн кошок кошкон аялдардын муңдуу үндөрү абаны жарып, азат бойду титиретет. Муса агам мени көрө сала өңгүрөп кучактап калды. Мен унчукпадым. Балапан кезимден чоң атам мага санжыра-жомоктон кеп козгой, адабиятка болгон ышкымды ойготкону менен мындай каада-салттан эч кабардар эмес элем. Анын өлүмүнө жаным күйүп-түтөп турса да, эмнегедир дендароо кишиден бетер элейип тура бердим.

Шайтан баскан шаарың менен шамыраң кал!

Ооба. Анда мен колун кайчылаштыра суналып табытта жансыз жаткан чоң атамдын өңүн карап, үрөйүм уча ар кыл ойлорго кеткем. Алдыда эмнелер күтүп турат, келечек, эртеңки күн кандай болот, чындап эле ушинтип айланаңдагы бардык жакын адамдарыңан акыры түбү ажал ажыратып коёбу?! Бул дүйнөң түккө да татыбайт тура деген таризде, бардыгыбыз бири-бирибиз менен кош айтышчу убакыт-саат келээрин ойлоп, ичим эңшерилди эле. Ошондо өзүмдүн эр жетип чоңойгонумду сездим.

Арадан эки жыл аяк баспай арман дүйнө, асмандан айым кулап, теңдешсиз таянаар тоом урап, апамдан айрылдым. Көзү өтөөрдөн аз мурда жанын кыйнаган кеселден жарыктык энем алоолонуп от-жалын болгон алсыз манжалары менен менин маңдайымдан сылай:

– Уулум, ар нерсеге даяр бол. Турмуш сен күткөндөй жомок эмес! – деди, кеберсиген эрди менен жүзүмдөн өөп. Ошол саам мен энемди соңку ирет көрүп жатканымды, эми мындан ары мени күндөй ысык мээрими менен эч качан эркелетпесин, мен үчүн күйүп-бышып санаага батпасын билген жокмун.

Турмуш жомок эмес экенин, жашоо опурталдуу экенин энемден айрылганда бир сезсем, кийин чогуу басып чогуу жүргөн жакын курбумдан айрылганда бир түшүндүм.

* * *

Жумушта олтургам. Эмнегедир сол көзүм тартат. Туптуура мындан он жыл илгери апамдан айрылаарда дал ушинтип сол көзүм тартканынан, жүрөгүм шуу дей түштү.  Терезеден сыртка үңүлсөм, күздүн соңку күнү айланага бачым эле күүгүм түшүп, дене бойду чыйрыктырган муздак шамал жүрүп жатыптыр. Кетүүгө кам урдум.

“Кашайгыр, Калмурат өлүп алган жокпу?” – деген суроо, мээме мык болуп кадалат. Өзүмөн-өзүм кайсалактап, жанымды коёрго жай таппай кеттим.

Баса, кечээ күнкү анын кейпи, кеби бир башкача көрүнгөн. Бир маалда олтурган ордунан шап туруп, кайгыга чөккөн каректери менен тигиле тиктеп:

– Мени узатып койчу! – деп, кайрылып калды.

– Үйдө эле калып, чай ичип кетпейсиңби?! – деп канчалык жалбарганыма карабастан табиятынан бүткөн көктүгүнө салып, моюн толгоп каршы туруп алды.

Көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндө жамгыр жашын тынбай төгүп жатты. Кол чатырды кармаган Калмурат, жолдо баратып ачуу үшкүрүнө:

– Данияр, асынып өлүп алсам окшойт. Чыдамым түгөнүп бүттү! – деди.

– Акылыңдан айныба! Сенин алдагындай обондоруң, качандыр бир кезде сени багып алаарына ишен! – дедим. Менин кебим кулагынын сыртынан өттү. Маани да берип койгон жок. Кайра, “э, койчу” дегендей кайдыгер колун шилтеп койду. Анан кадамын арыштай:

– Эй, ушундай жашоодо куурап обон чыгарып, жашабай эле койдум. Тойдум! – деди.

Жолду катар жарым саат аркы-беркиден кеп уруп, тамаша кептен сүйлөй, маанайын көтөрүүгө аракет кылдым. Бир аз көңүлү көтөрүлө түштү окшойт, бир маалда:

– Мен жөнүндө бир нерсе жазсаң боло?! – деди. Бири-бирибизди тамашалашкан жаным, ойлонбой туруп:

– А, сен биринчи өлүп көр. Анан сени жазам! – депмин го кашайып.

– Ок, атаңдын оозун урайын! – деп арсалаңдады.

– Тамаша кеп! Сен биринчи элүүгө чык. Элге эмгегиң сиңсин. Жазуу качпайт! – десем, ыраазы боло түштү көрүнөт, кудуңдап калды.

* * *

Эмнеге мынча калдалаңдап ашыгам. Өзүмө-өзүм түшүнө албай кыжаалат болуп үйгө кирсем… Шум дүйнө! Жүрөк үшүткөн кепти үйдө олтурган Төлөгөндүн жубайынан угуп, безге сайгандай чоочуп кетиптирмин. Каңырыш угуп алган жокмунбу деген кыязда:

– Эмне?! – деп чаңырып жибердим. Аркы бөлмөгө кирип келинчегимен:

– Ушул чынбы? – десем, жаш чайган жүзү менен “ооба” деп башын ийкейт. Сыртка кандай атып чыкканымды билбейм?!

Караңгыда кадамдарым маанисиз туш келди ташталып, өз аягыма өзүм ээ боло албай калдым. Бир убакта эсимди жыя: “кечир Каке, эгер бизден аз айып, көп күнөө кеткен болсо, кечире гөр!” – дедим көзүмдөн жашым шорголоп.

Биз турган үй, агасы Гүлмураттын үйүнө жакын эле. “Калмураттын буюмдарын ала келсин!” – дешкенинен, өзүң мындан бир канча күн илгери “сеникинде туруп турсунчу!” деп таштап кеткен сары чемоданыңды көтөрүп алып, үйүңө бет алдым. Деги эмне дүйнөсү калды эле деген ой менен ичин ачсам, майда-барат буюм-тайымдарыңа кошулуп Жолондун китеби жүрөт.

* * *

Ошонун эртеси жарма досторуң, биз, үн-сөзсүз жер тиктей өзөгүбүз өрттөнүп, сенин корооңдо оозубузга кеп келбей жабалактап турдук. Адам тирүүсүндө эч качан баркка жетпейт окшобойбу!? Сенин мынчалык шашылып эрте кетишиңе өзүң күнөөлүсүңбү же акыл-эс, көрөңгө, өнөр дегенден куру-жалак калып бараткан заман өзү күнөөлүбү?!

Качан гана табытың кошо жүктөлгөн эски машиненин дөңгөлөгү ордунан козголгондо, сенден ажыраганыбызды түшүндүк. Шаардагы досторунун атынан Рыспай экөөбүз жөнөп калдык. Бет маңдайымда олтурган Рыспай экөөбүз анда-санда оор үшкүрүнүп, кайгылуу тиктеше калабыз.

Эзелтен өнөрпоздорго бай Ак-Талаа жергесине мындан үч эле күн илгери Жаныбектин жакшылыгына келип кеткенимди, эми минтип жамандык менен жакын адамыбызды жерге жашырганы баратканыбызды эстегенде аттиң, дүйнө…

* * *

1992-жыл. 18-август…

Таңкы саат сегизде жабалактаган студенттер айыл-чарба жумушуна камынып, университеттин алдында турдук. Аз өтпөй автобус келип, жабыла чуркап жөнөдүк. Ак көйнөк кийген кара тору бала сары чемоданын көтөрүнүп, биз менен катар ашыга автобуска чуркап жөнөдү. Капыстан чемоданынын оозу ачылып кетип, ичиндеги дүйнөсүнүн бардыгы чачылып эле жатып калды. Автобустун оозунда тыгылышып кире албай турган Ат-Башылык Айбек Орозакунов деген бала экөөбүзгө күлкү табылбай араң турган жаныбыз, ыкшып күлүп калдык. Кийин ойлосом, ошол чачылган дүйнөсүн жыйнап жаткан бала Калмурат экен…

* * *

Андан кийин эки айлык эстен кеткис күндөрү менен айыл-чарба жумушунан тараган соң Калмурат, Айбек болуп бир бөлмөдө чогуу туруп калдык. Ал кезде биз Советтер Союзунун акыркы доорунда мектептен билим алып калган китепкөй жан элек. “Нуска” дүкөнүнөн Сооронбай Жусуевдин “Күмүш жылдыз” деген китеби колума тийип калды. Кучак толгон китептерди көтөрүнүп Айбек экөөбүз бөлмөгө келсек, Калмурат комузун кыңгыратып олтуруптур. Сооронбайдын китебин менден алып, коңшу бөлмөгө кирип кетти.

Күндөр өтүп жатты. Бара-бара Калмурат экөөбүз жакындан сырдашкан курбуларга айландык. Бир күнү комузунун кулагын бурай:

– Мен бир обон жараттым. Угасыңбы?! – деп калды. Азыр ойлосом, ошол саам анын алгачкы обонуна анчейин деле маани бербептирмин. Бир билгеним, жаштыктын деми менен ашыктык отуна алоолонгон Калмурат ак жуумал бир кызга ашык болуп обон жаратканы, ал кызды өмүрүнүн соңку күндөрүндө да сезиминде терең аздектей тургандыгын өз оозунан эки-үч курдай эшитип калдым.

Анан мезгил тынбай агып, жылдар жыла берди. Калмураттын тагдыры татаал экен. Ушул жылдар аралыгында турмуштан алган соккусуна кошул-ташыл болуп, энесинен айрылды. Турмуш аны бирде өргө түртсө, бирде орго салып, каалашынча калчай берди. Анын өмүр баянына үңүлө калсаң, жакшы күндөрүнө аралаш бороон-чапкындуу жүрөк үшүткөн окуялар да арбын кездешет.

* * *

Көпчүлүк учурда анын көктүгү, намыскөйлүгү талантынын жарк деп ачылышына тоскоол болуп койду көрүнөт. Бир канча ирет “чыгармачылыгыңа шарт түзөйүн” деген адамдардан өзү оолак качып, убактысын да текке өткөрүп жиберген күндөрү болду. Ардандыбы, же куру намыска алдырдыбы? Мен бул кыялын эч түшүнө алчу эмесмин. Жедеп көнүп бүткөн тели-теңтуштары, ал мүнөзүнө маани деле бербей калчубуз. Бир билгеним, анын жакшы санаалаштарынын дээрлик көпчүлүгү кыргызга келген бир талант экенин түшүнүп турсак да, ичибизден кан өтүп кейисек да, жакшылап колдоо көрсөтө албадык. Өкүнүчтүү. Бирок, аттиң, бардык достору өзү айткандай: “итке минген кедей”, чөнтөгү жукалардан элек.

* * *

Эми анын бардыгы өттү-кетти. “Кежир экенсиң!” – деп канча жолу какшасам мойнуна албаган жаны, көзү өтөөрдөн аз мурда кайталап айткан “кежирсиң” деген кебиме баш ийгендей муюй түштү да, аздан соң кечирим сурай: “эми түшүндүм, кежир экенмин, Даке, кечирчи!” – деди, кайран Какем.

* * *

Теңтуштарынан өз мезгилинде манасчы Рыспай Исаков жана журналист Жеңишбек Эдигеев, акындардан Акбар Рыскулов менен Жумадин Кадыров сыяктуу агаларыбыз – Калмураттын талантын тереңден талдай билип, көпчүлүк учурларда колдоо көрсөтүп калышты. Айрыкча, чөнтөгү жукарып, кысталып турган кыйын кезеңдеринде бир нече ирет анын ажатын ачышканы, моралдык жактан дем болуп беришкени, бизге жакшы маалым.

* * *

Анын бир мыкты сапаты поэзияны терең түшүнө билип, салмактуу обондорду чыгаргандыгында. Али күнгө дейре татаал вариациялардан турган обондорду комуздун коштоосунда Калмураттай кубулжутуп черткен бир да кишини көрө элекмин.

* * *

Ак-Талаанын боз чаптуу адырын этектей чакан айылдын калың мүрзөсү жайгашкан. Калың эл Калмуратты акыркы жайына узатышканы кабактарынан кар жаап, үнсүз жерди тиктей тунжурашат. Бир ууч топурак алаканга толгон соң шаардагы досторуңдун атынан атап топурак салдык.

Качан сени кара жерге жашырып бүтүшкөндө, агаң каргылданган үнү менен калың элге кайрыла:

– Эл-журт! Менин иним Калмурат кандай адам эле? – деп калды.

– Жакшы эле! – дедик, жапырт жабыла.

– Эл-журт! Калмураттын кимде карызы бар эле? – деди.

Ошол жерден бардыгыбыз куураган курсактын айынан карызга белчесинен баткан Калмураттын татаал тагдырын түшүнүп турсак да, аргасыз унчуга албай, “карызы жок эле!” – дедик, калп айтып. Оо, турмуш, сен неге мынча адамга шорду арбын бергенсиң?!

Мындан бир нече ай илгери калаага концерт койчумун деп таманы тешилип, бир нече ирет кап курсак чиновниктердин эшигин түрткүлөгөндө, эмнеге анын чүкөсү айкүр түшкөн жок?! Ансыз да жарга такалып турган маданиятыбызга жөлөк болоюн деген ойдон куру-жалак калган өкмөтүбүз мындай таз кейпин кийе берсе, анда шорубуз арылбасы айдан ачык. Ары-бери урунуп жүгүрүп жүрүп өткөргөн ошол концерти анын алгачкы жана акыркы концерти болуп кала берди.

* * *

Өмүрүң кыска болгону менен ат көтөргүс мукам обондорду жаратып, саз жашап өттүң. А мындай өмүрдү, маңыздуу өмүр дейт. Сенин экинчи өмүрүңдүн доору жакында башталат. Акыл-эсти маң кылган 21-кылымда жашап жатып, жүрөктөн өтүп жүлүнгө жеткен обондорду жаратканыңдын өзү – эрдикке тете иш.

* * *

Ичке толгон күйүт менен шаарга кайтып келе жаттык. Унчукпай үнсүз ойлор менен алек болуп, Калмураттын өлүмү менен эч келише албай, утуру үшкүрүнөбүз.

Көзүм илинип кетиптир. Оң капталымдан бирөө түрткүлөгөнүнөн, ойгонуп кеттим. Калаага жакындап калыптырбыз. Рыспай мени элейип көпкө тиктеп туруп:

– Калмураттын ыры! – деди. Радиодо сенин соңку жараткан “Болоюн сенин Боогачың” деген ырың жаңырып жатыптыр. Каңырыгыбыз түтөп кетти. Айланадагылар сенин сыбызгыган обонуңдун сыйкырына магдырап, кулак төшөшөт.

Бизге мураска калтырып кеткен чыгармаларыңа каниет кыла, ичимден “өлбөй кал, досум! – деп жибердим.

* * *

Өткөндө агасы Гүлмуратка жолугуп коёюн деп үйүнө кире калсам, эчаккы өткөн окуяны эске салып, жүк үстүндө ээсиз калган сары чемодандын чалдыбары чыгып турат. Атасынан эс кире элек кезинде ажырап, жетимдиктин запкысын тарткан бала мындан бир канча жыл илгери шаарга жалгыз чемоданын көтөрүнүп окууга киргенин элестеттим.

Анын чемоданынан башка карманган байлыгы – акылы жана угармандарын сыйкырлай алчу өнөрү бар боло турган…