Чыныбай Турсунбеков: Туулган жерим, чөбүң, ташың менен мен, Сагынычтын тили менен сүйлөшөм

Тушоо кесүү

Күн күлүп,

Кубанып,

Бажырайып карап турду

Төбөбүздөн.

Дүмбүл балдар,

Сүт балдар,

Ок балдар

Дүрмөттөгү –

“дүр-р” эттик

Үркүп учкан карагайдан

Чымчыктардай.

Көөдөнүбүз

Аба жарып,

Таманыбыз

Ташты тилип,

Чымылдап,

Чуркап,

Жүрөктө кан тызылдайт

Бизден да ылдам.

Көзгө илинбей,

Жер бутта чимирилди.

Жан-Булагым:

-Тушоосун кесип бер?! – деп

Колунан кармап турдуң

Топ аялдын ортосунда

Бир инимди.

Биринчи жеткен агам,

Кечирип кой,

Тушоосун кесе алган жок.

Тушоосун кести

Парторгдун баласы

Арттан барган.

Агамдын

Бычакка сунулган колу

Кайырчынын колундай көрүндү…

Күн күйдү,

Аба күйдү,

Жер күйдү.

Уялгандан баары күйдү!

Аялдар уялган жок,

Жүрөгүм күйүп,

Мен четте карап турдум

Биринчи ирет

Көрүп

Кошомат коштоп алган

Бийлик кандай чуркаарын,

Бардыгын сатып алган

Байлык кандай чуркаарын.

“Парторг” деген сөзгө

Кыжырым кайнап,

Аяп турдум

Наристенин эң алгачкы кадамын.

Байгени

бөлүп киришти.

Кол булгабай

Кетип калдык

Байкем экөөбүз

Ызаланып,

Капаланып.

Келсек үйгө

Апабыз

Шымыбыздын жыртыгына

Жамаачы салып отуруптур…

 

Сагындым, жыртык шымым!!!

 

Атама

Мен дыйкандын баласымын,

Көп эстеймин талааны.

Эгин тарткан машинаны,

Саман тарткан чананы.

 

Жазда балкон түбүндөгү,

Бакка конгон чыйырчык.

“Жүр – дегенсийт, – кыштагыңа,

Бир кетелик. Кийин. Чык.”

 

Аялымды кусалантып,

Тынбай жааган жамгыр да.

Элеттиктей эшик кагып,

Турган үйдүн алдында…

 

Жалтырата туфли майлап,

Үлпөттөргө баргандан.

Бутка жаман өтүк кийип,

Жакшы түндө суу жайган.

 

Ата жолун улап кийин,

Минбесем да трактор.

Талаа сүйгөн жан сезимим,

Сезимине мураскор.

 

Апам

Карындашым Нуржандан

Кат жаздырат: “Балам” – деп.

“Кандай окуп жүрөсүң?

Биз жатабыз аман” –деп.

 

“Бөбөктөрүң чоңоюп,

Кол арага жарады.

А биз карып калсак да,

Үйгө жатпай калалы.

Тырмалаңдап колхоздун

Ишин кылган болобуз,

Эртели-кеч олтуруп

Силерди ойлоп коебуз.

Балам, деги курсагың

Ачкан жокпу, токсуңбу?

Тыйын-тыпыр жагынан

Кысталышкан жоксуңбу?

Көптөн бери түшүмө

Кирчү болдуң, каралдым,

Барып-келип үйүнө

Жүрөсүңбү агаңдын?

Гүлжандан кат кечикти,

Улуу байке-жеңеңдер

Алып келип балдарын,

Учурашып кетишти.

Баса, балам, уюбуз

Түндө музоо тууптур.

Атаң чыкса эшикке,

Жаңы эмизип туруптур.

Ырас болду, каралдым,

Сүзмө куюп беремин…”

А кат кантип бүтөөрүн

Болсо жатка билемин.

 

“Болуптур, – дейт, – кулунум,

Кыштак тегиз жатыптыр.

Атаң менен апаңды

Унутпай кат жазып тур”.

 

Ортосунан бүктөлгөн

Ушул каттар топ барак

Момпо салган апамдын

Кемсели эле жыттанат.

 

Таазим

Көлчүк кечип, көчөлөрүн чаңдатып,

Көлмөсүндө далай ирет киринген

Балалыгым өткөн жерге кайрылып

Кайра келип олтурамын бүгүн мен.

 

Ак чачтарын жоолугуна жашырган,

Апакемди көргүм келет шашылып.

Шаардагы сүйгөн кызым жөнүндө,

Ага баарын айтып берем ачылып.

 

Узун саптуу чалгы кармап колуна,

Атам үйдүн короосунан жолугат.

Салам айтсам башын ийкеп коет да:

“Үйгө кирип чыккының” – дейт кобурап.

 

Мурдагыдай айылдагы иттерге,

Нан ыргытып, эркелете карабайм.

Унутушкан адаттарын алар да,

Чуркап келип колдорумду жалаган.

 

Өздөрүнчө чогулушуп алышып,

Эмненидир шыбырашып сүйлөгөн.

Онунчунун кыздарынын жанынан,

Жакын басып өтүштөн да ийменем.

 

Гитар чертип, созолонтуп ырдашат,

Шок жигиттер ал кыздардын тушунда.

Кандай сонун кыштагыңды сүйүш, эх,

Сүйүп калыш анан анын кызын да!

 

Туулган жерим, чөбүң, ташың менен мен

Сагынычтын тили менен сүйлөшөм.

Бала кезден сени сүйүп үйрөнгөм,

Эми ошону жаш балдарга үйрөтөм!

 

Окшоштук

Кыргыздын 16-жылда болгон

Үркүнүндөй

Кийиктер качып барат,

Жашоонун айласынан жерин таштап,

Энеси улагынан, улагы энесинен

Адашып азып барат.

Эң артында

Баласы менен калган картаң эчки

Жанашып шашып барат.

Улагынын

Жаш баланын көзүндөй көздөрүндө

Суроо белги – ?

Тынч жаткан жайытына эмне келди?

Улуу тоону жаңырткан башка суроо –

Мергенчи кайсынысын атып салат?

Жан айласы кылышып качып барат.

Кары мерген ордунан тура келди,

Ким билсин ойлогонун эмнелерди?

Үйдө калган кемпирин сөктү ашата

Мылтыгын ташка чапты…

 

Айыл

Таң менен бадага айдап чыгып уйду,

Күүгүмдө кайра тосуп күтүрөгөн.

Сүйөмүн түйшүгү көп турмушуңду,

Кечээги чыт курсак кез – кичинемен.

 

Кайтарып уйдун, койдун кезүүлөрүн,

Кирдеттим канча суунун кечүүлөрүн.

Кайрылып кайра сага келип, айылым,

Кайрыгын элет жердин сезүүдөмүн.

 

Мектебиң колун булгап чакыргандай,

Көчөңдө бала чагым катылгандай.

Кокустан бир сөз айтсам тааныш терек:

-Кандай? – деп моюнума асылгандай.

 

Түшүптүр секичеңе жаңы тамдар,

Торолуп келатыптыр чоочун балдар.

Көрүнбөйт бирок күтүп алик алчу,

Кыдыйып эшек минип жүргөн чалдар.

 

Кызыл короз

Аты чыккан айылга

Кызыл короз бар эле.

Өмүрүндө согуштан

Башы чыкпас жан эле.

 

Тооккананын төрүнөн

Түнү орун алуучу,

Короолорун кыдырып

Күндүз чырды салуучу.

 

Койколоңдоп тооктун

Бардыгына чоң эле,

Короздордун ичинен

Ага теңдеш жок эле.

 

Жадагалса иттердин

Жугундусун талашчу,

Таңдан кечке кыйкырып

Айыл элин тажатчу.

 

Урушаарда үрпөңдөп

Таажылары тик турган.

Кызыл короз жөнүндө

Айыл аңыз кеп кылган.

 

Жеңилгенче душманы

Урушканы урушкан,

“Ээсин тарткан тура” – деп,

Тамаша кеп кылышкан.

 

Канат, жүнү жулунуп

Калса дагы жылаңач,

Тооктордун артынан

Жүрчү күндө кубалап.

 

Жумуртканын планын

Чарба калса аткарбай:

“Корозуңду бергин” – деп

Тамашакөй башкарма – ай.

 

Короз ээси Сарбашка

Калптан сурап келүүчү,

Кубангандан абышка

Кармап аны берүүчү.

 

Уулу келип бир күнү

Кызмат өтөп аскерден,

Түлөө кылар малы жок

Байкуш чалга күч келген.

 

Айла кетип ошондо

Ал корозду союшкан,

Канат-жүнүн жулушуп

Жаздык жасап коюшкан.

 

Аз түтүндүү бул айыл

Тамашаны сүйүшөт,

Кызыл короз жөнүндө

Дале унутпай жүрүшөт.

 

Элегия

Көңүл дегдеп, көңүл сүйүп албырттап,

Көчө жээгин жашыл каптап – жаз келет.

Сезим күйүп турган кезде жалбырттап,

Сен экөөбүз, курбум, канча жашта элек?

 

Булут каптап, жамгыр жаап басылат,

Бул турмуштун жакшылыгы түгөнбөйт.

Мен өзүңдү ыйык тутуп азыраак,

Мен өзүңө айтканым чын “сүйөм” деп.

 

Ак-каранын дайым түгөй болушу,

Адам үчүн кимден калган акаарат?

Экөөбүздү табыштырган жол ушу,

Экөөбүздү бөлүп кайда алпарат?

 

Көңүл калат, бирок көңүл карыбайт,

Күздөн кийин кайра айланып жаз келет.

Балким эртең сендей кыз да табылат,

Бирок аны сүйө турган жаш керек.

 

Ат

Жакшылап жал-куйругу таралбаган,

Таңды-кеч жарытылуу каралбаган.

Жонуна сук сагызган конуп алып,

Басынып башы жерге салаңдаган.

 

Карган ат, кайран атым, кайран атым,

Кечээ зар, бүгүн минтип кар канатым.

Кээде мен чыдай албай кеткенимде,

Кыргызым, “кыргыз” десем арданасың.

 

Жакшы эле жоодон алып качканында,

Күрсүлдөп күлүктөргө чапканыңда.

Кыйшайып минип алып, кылыктанган

Кыздарды жандап бара жатканыңда.

 

Ичсең да эс-учуңду жоготкончо,

Эстүү мал чылбырын бош койгон болсо.

Үйүңө аман-эсен жеткирүүчү

Айылдын эли уйкудан ойгонгончо.

 

Туягы минтип анын түшкөн кезде,

Калтырбай күчүн берип бүткөн кезде.

Шыпырып жүгөнүңдү алдың дагы,

Кайрылбай неге жолго түштүң кечте?!

“Жалын тоо” китебинен