Чыңгыз Айтматов: Демократиянын чеги – эркиндик менен тартип

*****

Сүйүү. Жүрөгүндө сүйүү бар адам бардык нерсени түшүнөт. Ага бүткүл дүйнө, бүткүл аалам кымбат. Анткени анын сезими ушунчалык бийик, ушунчалык улуу – ага бардык жашоо мейкиндигин, чоңдордун да, өздөрүндө келечек турмушту камтыган балдардын да, бүткүл адамзат тиричилигинин бир бүтүндүгүн түшүнүү зарыл.

*****

Адам мүнөзүндөгү прагматизм, рухий жармачтык, жүрөксүздүк, ойдун мажирөөлүгү сыяктуу сапаттардын негизинде эмне жатат? Албетте, балалыктын жардылыгы, кунарсыздыгы.

*****

Балалык – менимче, адам духунун, чыгармачылыгынын, поэтикалык ажардуулугунун синоними.

*****

Сүйүүгө, достукка, адамдык мамилелердин тазалыгына жана адилдигине, жомок сыяктуу сезилген идеалга ким чын дилден ишенсе – ошол баатыр.

*****

Толстой: “Уят, ар – бул: адамдын өзү жасай аларлык чындыкты алдын ала сезиши”, – деген.

*****

Адамдар кененчиликти көтөрө албай көөп, адисинен ашып жылкыдай бышкырык атып кетет. Турмуштун жыргалдыгы, кенендиги, бардарлыгы, алардын адамдык касиетин арттырбай, кайра айбандык сапаттарынын күчөшүнө себепкер болуп кутуртуп, менменсинтип, өзүмчүл, катаал кылып жиберет.

*****

Эгер адам материалдык жыргалчылыкка жашоонун эң башкы максаты катары умтулса, буюмдун кулу болуп калса – бул: анын дээринин жардылыгы, анын мажирөө, жармач тарта баштагандыгы.

*****

Бактылуу мүнөттөр душмандын үстүнөн болгон жеңиштерде эле эмес, ички рухий жеңиштерде да болот.

*****

Дарыя – сулуулук. Аны ар ким ар кайсы жакка буруп, ой келди башкара берүүгө тийиш эмес.

*****

Мен ар бир жазуучунун өзүнүн эсеп чекити, жер менен тутумдашуу чекити болушу керек деп ойлойм. Финансисттердин тили менен айтканда, Шекер – менин негизги капиталым, а калган нерселердин бардыгы – башка жактардан алынган кошумча каражаттар.

*****

Өткөн учур – бул: тунуп калган суу сыяктуу. Ага кандайдыр бир тамчылар таамп, ал тазара, өңү ачыла түшүп жаткан сыяктуу, убакыт өткөн сайын баары өз-өз жайына келери бышык.

*****

Адабий чыгармачылыкка адам менен китеп башат болот.

*****

Сөздүн өз кенчи бар экенине ишенем.

*****

Өспүрүмгө өз акылы менен жашоого түртмөлөөчү, өз алдынча ойлоно билүүнү үйрөтүүчү адабият керек. Биз болсок кээде теңирден тескери иш кылабыз – өз алдынча ой жүгүртө билген чоң кишиге деле насаатчыл китепти суна беребиз. Мен деги эле насаатчыл адабиятка каршы эмесмин, бирок ал балалык чакта гана – балага байымдуу негизги түшүнүктөрдү, жол- жоболорду байыр алдыруу зарыл кезде, анын жүрүм-туруму көбүнесе тууроодон туруп, жетектөөгө, кимди жана эмнени тууроо керектигин түшүндүрүүгө муктаж кезде баалуу.

*****

Окурман жөн гана “аяк бошотор” болбошу керек. Китептен – туу чокусуна чыгып турган ушу бийик секиден ал өз дүйнөсүнө секирик жасоого, сүңгүп кирүүгө тийиш.

*****

Китепке да достордой мамиле кыласың – жаш чакта досторуң көп, бирок мамилең үстүртөн, жеңил- желпи, сын көз караш деген жок.

*****

Нагыз адабият бир күн же эки күн жашабайт, ал жок жерден жаралбайт дагы.

*****

Ички дүйнөбүздү жалаң гана китеп байытпайт.

*****

Эгер мен алгачкы кадамымдай маанайда жаза берсем, анда адабиятчынын эмгеги жадатма, жөнү жок түйшүккө салган жүк болмок. Анда мен адабиятты таштап, пайдалуураак ишке – айыл чарба кызматына өтмөкмүн.

*****

Тиричиликти, турмушту курулай көчүрө берген кунарсыз китептер көп.

*****

Тиричилик өтөт, руханий дүйнө калат.

*****

Китепкөй – адабият тарыхын билген, тиги же бул китептин, мейли сейрек китептин болсо да баркын билген, өткөн мезгилдердин китеби кандай, мааниси эмнеде экенин билген адам.

*****

Суктандырган нерсеңе да моюн сунуп олтургуң келбейт.

*****

Жазуучу өз колунан келген нерсеге караганда алда канча чоң нерсеге ар дайым умтулушу кажет.

*****

Демократия – муундар арасында мурас өтөр эң жооптуу асыл нарк. Басма жүзүндө да, оозеки сөздө да баарын ачык айтып алууга жетишүү али демократия эмес, булар сырткы белгилери; накта демократия – баарыдан мурда киши менен кишинин, коомдун бир катмары менен экинчи катмарынын бири-бирине аруу мунасасын жана ак пейилин тарбиялоочу татаал процесс, коом тагдырына жаңыча көз карашты калыптандыруучу эң чалкеш процесс.

*****

Демократиянын чеги – эркиндик менен тартип.

*****

Адабият белгилүү өлчөмдөгү улуттук табиятынан сырткары өмүр сүрө албайт. Ал кандайдыр бир түрдө белгилүү бир тил менен, анын өнүгүшү менен, кандайдыр этникалык чөйрө жана маданият менен байланышта болот. Ал турсун аябай эңсеген күндө да, жалаң күч-аракеттин аркасы менен ал касиеттерден “кол үзүп” кетүү мүмкүн эмес. Бирок бир жагынан өзүн-өзү обочолотуп алуу коркунучу да бар экени бышык. Чындыгында сени өз гана эмес, “өзгөлөр” да түшүнгүдөй болушу керек.

*****

Жалгыздык – жазган киши үчүн азап эле. Ал эми ага атайылап умтулуу – сандырактык.

*****

Жазуучу деген аудиторияны кызытыш үчүн өзү кол чаба баштаган эстрада ырчысына окшошпош керек! Тилекке каршы, мындай боор ачыткан, осол аракеттер адабиятта да кездешет.

*****

Ар бир адам – өз алдынча эркин мамлекет эмеспи, анын адеп-ыйманы жагышы да, жакпасы да мүмкүн, бирок аны менен эсептешүү керек.

*****

Сын – чыгармачыл иштин өз алдынча бир уруусу экенин далилдөөнүн зарылдыгы барбы? Ал адабият менен, чыгарма жазуу менен коюн-колтук жашайт. Сындын өмүр сүрүшү – көркөм адабияттын жана анын өсүп-өнүгүү кыймылынын зарыл шарты.

*****

Биздин улуттук чөйрөдө чечилбеген бир да проблема жоктой кылып сүрөттөөнүн кереги жок. Ошондой эле бештен белгилүү нерселерди мисалга тартуу да кажетсиз, азыр алар жөнүндө ой жүгүртүү анчалык да зарыл эмес. А көрөк, биздин интернационалдык түзүлүштүн системасындагы улуттук маданият, улуттук аң-сезим канчалык терең жана демократиялуу өнүгүп жатат.

*****

Интернационализм – арифметика эмес, кошулуучулардын суммасы да эмес, ал: өз алдынчалыкка ээ көптөгөн улуттук маданияттардын алгебрасы.

*****

Орус тили – улуу тил, бирок бул башка улуттук тилдердин ички мыйзам ченемдүүлүктөрүн эсепке албай, ага асыресе орус сөздөрүн болсо-болбосо деле сүйрөп кирүүгө болот дегендикти билгизбейт. Кыргыз тилинде чыккан эки областтык гезиттин аты буга аргасыз жылмайта турган мисал болуп берет алат: бири – “Ысык-Көл правдасы”, бири – “Нарын правдасы” деп аталат. Булар менин ар-намысыма шек келтирбей койбойт. Айтса-айтпаса, миңдеген жылдарды камтыган тарыхы бар, бирок “акыйкат”, “чындык”, “адилдик” деген сөзү жок, эмне деген калк?! Минтип орус тилин мүдүрүлтүп, “правда” түшүнүгүнө тете, маанилеш ондогон сөздөрү бар кыргыз тилине шек келтирүү кимге керек?!

*****

Өз базасы жок эмне деген улуттук маданият болушу мүмкүн?

*****

Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили. Ар бир тил – өз элине улуу. Биздин ар бирибиз бизди бул жарык дүйнөгө алып келип, эбегейсиз зор байлыкты – өз тилин тартуулаган элибизге түбөлүк милдеткербиз: анын тазалыгын сактап, байлыгына байлык кошушубуз керек.

*****

Альберт Швейцер: “Турмуштун маани-маңызы жөнүндө жөн эле ой жүгүртүп коюунун өзү – чоң байлык”, – деген.

*****

Адам өз өмүрүндө эртеби-кечпи баталгага туш болот. Кээде ал ага чыгып барат, демек тирүү калышы табигый нерсе, кээде чыга албай ара жолдо калат.

*****

Элге билим берүүдөн үнөмдөштүн кереги жок, ал өзү болбогон иш.

*****

Бир мугалимдин элүүдөй баланы окутуп жатышы – бул: билим берүү эмес да, бул: окутуу ишинин бурмаланышы.

*****

Билимдүүлүктүн деңгээли канчалык жогорулаган сайын, тарбиялоо да ошончолук кыйындап, татаалдана берет, демек, бул иште кыраакы да, кылдат да болуу керек.

*****

Бүгүнкүнүн казанында жок нерсе – келечектин чөмүчүнөн чыкмак беле?

*****

Оңтойлуу ыкманын оңтойсуз экенин сыпаттаган акылы жетиктер чыгат.

*****

Биз көптөгөн иштердин тетигин тескери бурап, бузуп алабыз.

*****

Ашкере нигилисттерди унчукпай колдоп олтургандар – эмнени болбосун сатып кетүүгө даяр. Кейпи биз адамдардын ушундай жамаатын да тарбиялап алсак керек.

*****

Жазуучулук иште бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн кереги жок. Жазуучунун кандайлыгы – анын китептеринин саны менен өлчөнбөйт.

*****

Бардык замандар үчүн жарактуу, бипбирдей идеал болуп кала турган китеп жок.

*****

Дүйнөдө кем акылдар азбы, андайлар жазуучулар арасынан да учурайт. Жазуучу бой көтөрүүчүлүккө берилбей, ооз көптүрбөй, кара терге түшүп мээнеттенгени, изденгени оң.

*****

Ар бир жазуучу өз жолун издегенине не жетсин. Мейли, туурап болсо да жаза беришсин, кептин баары жазылган чыгарманын түпкү натыйжасында, анын кандай чыгышында.

*****

Көралбастыкпы же башкабы… турмуштун андай арзыбас майда-чүйдөлөрү туурасында баш катырганга менин убактым жок – алга басышым керек.

*****

Кыйынчылык – убакыттын кадырына жетүүгө үйрөтөт.

*****

Атак тууралуу эч качан ойлонбоо керек, анткени ал өкүнтчү нерсе.

*****

Күрдөөлдү эмгектин ордуна күпүлдөгөн сөздү каада тутуп келе бергенде кандай күнгө туш болмогубузду ойлосоң үрөй учат.

*****

Билсеңиз көпчүлүктөй эле мен да демократиянын аргасыз тардыгын, атүгүл жоктугун дайым сезип келгем.

*****

Жек көрүү адамдын акылын киргилдентет.

*****

Адам деген аты-затына төп келген шарттарда жашап өткөнү жакшы.

*****

Ишти бирөөгө шылтаганда же бирөөнүн жасашын күткөндө кедеринен кетүүнүн, жылбай дымып туруп калуунун бүтпөс убаракерчилиги башталат.

*****

Адабиятта айкындык аба сыңары зарыл.

*****

Мен жоопкерчиликти өзүңдүн жеке ой-пикириң аркылуу элдин ой-пикирин калыптандыруунун жооптуулугу деп билем.

*****

Өмүрдүн логикасы – анын өнүгүшүнүн гарантиясы – алга арымдоо.

*****

Улуттук негизи жок адабият болбойт. Кандай гана сөз болбосун, ал кандайдыр бир улуттук булактан сызылып чыгат.

*****

Жазуучунун тагдыры сыяктуу эле – ар бир чыгарманын тагдыры бар.

*****

Эркиндик, теңдик жөнүндө дегеле көп сүйлөгөн менен эч нерсе жасабаган адамдар бар. Эркиндик эмне экендигин караманча түшүнбөгөндөр да бир топпу деп ойлойм. Кээ бирөөлөр оюна эмне келсе ошону жасап, оозуна эмне келсе ошону оттой берүүнү эркиндик деп билишет. А эркиндик деген – улам жаңы рухий мейкиндикке эгедер болуу, адамдын адеп-ахлактык, социалдык жактан жетилүүсүндөгү жаңы баскыч.

*****

Адам башка бирөөнүн кайгы-муңуна, күйүтүнө боору ооруп, аларды тең бөлүштүрүүгө, өзүнө алууга даяр турса гана өзүнүн адамдык сапатын сактап калат.

*****

Анык сүрөткер укум-тукумга даанышман чыгармаларды гана эмес, өз өмүрүн – баа жеткис, эч нерсеге салыштыргыс искусство чыгармасын да калтырат.

*****

Сүрөткерден мурда адам болот. Искусстводон мурда сүрөткер болот.

*****

Сүрөткерди доор жаратат, ал эми сүрөткер кезегинде ошол өз доорунун идеялары менен таламдарын чагылтат.

*****

Устат дегенибиз – жаныңда туруп, “андай кыл, мындай кыл” деп сөөмөйү менен сайып көрсөткөн адам эмес, өзүнүн иши аркылуу ак-караны айра тааныткан киши.

*****

Чындыктан жаралган чындык, жер катмарынын силкинүүсүнөн пайда болгон туу чокулар, заман өзү жараткан азамат уулдар болот.

*****

Кең ааламга көз чаптырып караш үчүн, адам рухунун кадырын кастарлап, алар менен үн алыша, үзөңгүлөш жүрүш үчүн – рухий кароол дөбөгө ээ болуу зарыл.

*****

Өзү үчүн гана жашап жана өз үйүнөн чыкпаган бир да адабият улуу атана албастыгын Ауэзов жакшы билген.

*****

Тил деген – бул: элдин автопортрети. Ар бир тил өз жөнү менен, ордунда турганы менен улуу, ар бир тил – жалпы адамзаттык нарк-зыйнаттардын кампасындагы кымбат баалуу жана кайталангыс казына.

*****

Сүрөткер менен эл – төөнүн эки өркөчүндөй өзөктөш, эгиз нерсе. Талантты эл жаратат, анын чебер өкүлдөрү түзгөн бардык көрөсөн иштердин баалоочусу да, сактоочусу да – эл.

*****

Өлүм күйүтүн тирүүлөр тартмагы – парз…

*****

Акындар азыр аз эмес, көп, андан да аларды акын деп аваз кылгандар көп.

*****

Сөз. Сөз стихиясы. Сөз менен биз адам атанып, алдыбызда жайылып жаткан жарык дүйнөнү да сөз менен аңдап билебиз. Сөз жок болсо адам жок, адам жокто сөз да жок. Сөз менен тил жаныбызга тең бүткөн шыбага, улуттун, элдин таалайлуу энчиси, орток байлыгы. Сөз атасы – ыр делсе, сөз зергери – акын делет.

Топтоштурган: Мээрим Сайдилкан