Чек арачыга даңк!

Урматтуу калемгерлер, чамдаңыздар, конкурс!

КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмү “Нуркелди” курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү менен мекен чегин коргогон аскерлерге жана чек арада жашаган мекендештерге арналган поэзиялык чыгармалардын сынагын жарыялайт.

Сынакка элдин, аскерлердин духун көтөргөн жана аларга дем берген ырлар кабыл алынат. Ырлардын көлөмү 20 саптан ашпашы керек.

Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.

Бардык аймактан жана дүйнөнүн бардык жеринен катышса болот.

Мурда жарыяланбаган ырларга артыкчылык берилет.

Сынакка чыгармаларды кабыл алуу 2022-жылдын 16-октябрь күнү токтотулат.

Байге фонду: 100 000 (жүз миң) сом.

Чыгармаларды jazuuchu.osh@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.

Байланыш тел.: 0700 37 88 11