Ч.Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу адабий кече өтөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, котормочу  Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу адабий кече өтөт. Ч.Турсунбековдун чыгармачылык мурасын түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулуп жаткан адабий кече 2021-жылдын 23-октябрында А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында саат 09:30 да башталат. Бул кечеде автордун “Жылдыздуу жээк” ырлар жыйнагы, “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” аттуу эскерүү китептеринин бет ачары болот. Ошондой эле сүрөт көргөзмөсү коюлуп, театрлаштырылган концерттик программа коштойт.