Ч.Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу адабий кече өтөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, котормочу  Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу адабий кече өтөт. Ч.Турсунбековдун чыгармачылык мурасын түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулуп жаткан адабий кече 2021-жылдын 23-октябрында А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында саат 09:30 да башталат. Бул кечеде автордун “Жылдыздуу жээк” ырлар жыйнагы, “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” аттуу эскерүү китептеринин бет ачары болот. Ошондой эле сүрөт көргөзмөсү коюлуп, театрлаштырылган концерттик программа коштойт.

КР Баатыры С.Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленет

2021-жылдын 15-октябрында саат 14:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Келип катышып кетиңиздер.

Антиконтрафакт 2021

2021-жылдын 8-октябрында саат 14:00дө Кыргызпатент Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында контрафакттык продукцияларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү боюнча тегерек стол өткөрөт. Тегерек столдо автордук укук жана чектеш укуктарды, товардык белгилерди укуктук коргоо, инновациялар экосистемасын өнүктүрүү маселелери талкууланат. Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жогорку окуу жайлардын, бизнес коомчулуктун жана чыгармачылык бирикмелердин өкүлдөрү катышат. Байланыш: 0(555) 778 120, Ырыс Турсуналиева

“5 акынга” күйөрман болуңуздар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун төртүнчү айлампасы 21-сентябрь күнү КТРКнын концерттик студиясында өтөт.  Бул жолку көрсөтүүдө 30 жаштан 40 жашка чейинки акындар ат салышат, алар – Улан Дөөлөтов, Кыял Тажиева, Махабат Касейинова, Мирлан Алтымыш уулу жана Изати Белекова. Кече саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

“5 акын” теледолбоору эки күн катары менен өтөт

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун экинчи жана үчүнчү көрсөтүүлөрү шартка байланыштуу 11-12-май күндөрү катары менен тартылат. 12-май күнү өтө турчу кечеде акындар – Жыпара Арыкова, Жыргалбек Алымжан уулу, Максуда Ормонова, Манас Алымбаев жана Алиман Абдыкеримовалар өз таланттарын тартуулашат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

Э.Эрматов атындагы III республикалык фестиваль Талас шаарында өтөт

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгына карата жаш калемгерлердин Э.Эрматов атындагы республикалык III фестивалы Талас шаарында өтөт. Фестивалга катышуучуларды калыстар курамы конкурстук негизде тандап алат. Аталган фестиваль “Э.Эрматов” атындагы коомдук фонду тарабынан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун колдоосу менен 2017-жылдан бери эки жылда бир уюштурулуп келет.

“5 акын” теледолбооруна жандуу күйөрман болуңуздар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорунун экинчи көсөтүүсүн эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун бул жолку кечесине акындар – Атахан Кожогулов, Нуркан Койчуманова, Мейликан Тайполотова, Абдижалил Бетегеев жана Динар Мамбетакунова катышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 11-майында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

Улукбек Омокеев КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси болду

Бүгүн КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Ош облусундагы акын-жазуучулар менен жолугушту. Жолугушууда жазуучулар союзунун ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иштер, келечек максаттары боюнча маалымат берди. Акын-жазуучулардын ой-пикирлерин укту. Алдыда биргелешип аткара турган иштер боюнча баарлашуу болду. Көп жылдан бери чыгармачылык менен жигердүү эмгектенип, адабиятка салым кошуп келе жаткан акын-жазуучуларга Жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылды. КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Т.Жороевдин кызмат мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы жетекчи шайлоо маселеси каралды. Төрага Н.Калыбековдун буйругу менен А.Осмонов, Э.Эрматов атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, Жзуучулар союзунун мүчөсү, акын Улукбек Омокеев КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн толугу менен…..

Жаш акындар арасында “Жаш толкун” республикалык конкурсу старт алды

Жаш акындарга арналган “Жаш толкун” республикалык конкурсунун жобосу Жалпы жобо Бул жобо жаш акындардын “Жаш толкун” республикалык конкурсунун негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Конкурс “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Конкурстун уюштуруучусу – “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” (мындан ары – Уюштуруучу). Конкурстун уюштуруучусу төмөнкүлөрдү камсыз кылат: конкурсту өткөрүүгө документтерди даярдоо; калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият жана искусство ишмерлеринен турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү; конкурстук иш-чараларды өткөрүү; жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүү; Бишкек шаарынан – “Акун Ысык-Көл” пансионатына, “Акун Ысык-Көл” пансионатынан – толугу менен…..

Поэзия кечеси өтөт

ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” теледолбоору поэзия кечесин өткөрөт. Бул жолку ыр майрам КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын 20 жылдыгына арналып уюштурулууда. 2021-жылдын 17-мартында саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу кечеде Р.Исаков, М.Рысбеков, М.Самыйкожо, А.Бакирова, М.Совет уулу, К.Тажиева, С.Батыркулова, Ж.Турсунбаев, Н.Рыскул кызы, Б.Жамгырчиев, М.Жангазиев, А.Кубанычбеков, А.Доранбек уулу, С.Турдубек уулу, Р.Изатова, А.Зарылбек уулу ыр окуп, К.Рыскуловдун обондору жаңырат. Белгилүү ырчылар коштойт. Кирүү акысыз. Бардык ыр күйөрмандарын чакырабыз.