Э.Эрматов: Акындык бул тагдыр экендигин мага Пушкин үйрөттү

АДАБИЯТ ИНСТИТУТУ * * * Насип буйруп Москвадагы Адабият институтунда окуп калдым. Башка окуу жайларда кандай экендигин билбеймин, бизде жумасына бир күндү «чыгармачылык күн» деп койчу. Бул күнү жалаң семинарда бири-бирибиздин ырларыбызды талкуулап өткөрчүбүз. Кемчилдиктерибизди аябай бетке айтаар элек. Ачуу сындарга чыдабай ыйлаган күндөрүбүз да болду. Мындан сырткары айына үч-төрт жолу шаардын театрларына кирүү үчүн ар бирибизге бекер билет таратып берчү. Кап, ошондо кийинчерээк драма жазарымды билсем, бир да билетимди күйгүзбөй спектаклдерге барып турмакмын. Ошондой болсо да шаардагы дээрлик бардык театрлардын босогосун аттап, чыгармачылык дем-илебин туюп калганыма азыр ичимен сыймыктанам. толугу менен…..

Э.Эрматов: Адабият – көрүнгөн адам соода кылып кете бере турган базар эмес

ПОЭЗИЯ * * * Поэзиянын эң орчундуу касиети – ыймандай сырды жашырбай окурманга тартуулоо. Акындын бугу, ой-санаасы, жүрөк дарты ырларында чагылып турбаса, анда андай ырлар кунарсыз, супсак. Акын өзүн жазуудан качып көмүскөдө алып жүрсө, жан дүйнөсүн ашкере кылуудан качса андай акындан шектенүү керек. Өзүнө өзү шектенген жандан олуттуу бир нерсе күтүүгө болбойт. Анткени ал өзүн гана эмес, окурмандарын да сыйлабайт. Жан дүйнөсүнүн жардылыгын жарыя кылып коюудан коркот. Ыймандай сыр гана акынды акын кылып турат. * * * Акындын башкы каарманы жеке өзү жана тагдыры. Тагдыры жок акындан дурус чыгармалар чыкпайт. толугу менен…..

ДАНИЯР ИСАНОВ: БАШ

(Эссе) Баш жөнүндө ойлонгондо, бабалардын элестери биринен сала бири ээрчип, көз алдыма тартылат. Мен алардын элестеринен бизге окшоп башка журтка башын ийип тизе бүкпөстөн, ажалды да айкөлдүк менен кабыл алган эр көкүрөк кишилерди көрөм. Алар эч качан ийин куушура “алакандай журтумду багалбай калдым” деп көздөрүн жалдыратпай, өз элин өгөйлөбөстөн баш болуп берген. Азыр бизди бөтөн журттун алдуу-күчтүү баштары башкарып калганын эстегенде зээн кейийт… * * * – Башың баш, багалчагың кара таш! – деп, зекишчү улуулар кичүүлөрү ката кетирсе. Анан башын жоготкон адам ошол сөздөн туура тыянак чыгарып туруп, өз толугу менен…..

ТООЛОР ДА СҮЙЛӨЙТ

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин 60 жашта Алыскы Алайкуунун биз али көрө элек турпатын көз алдыга тартып, сезбеген илебин сездирип акын Кожогелди Култегиндин ырлары алгач окуп баштаган күндөн бери жүрөккө жакын. “Жолчырак” (1985), “Шамалдагы үн” (1989) китептери жөнүндө кийин уктум, кийин колго кармап окудук. Биз алгач жүзүнөн сүйүп окуган китеп “Дарбаза жолго ачылат” (1993) болчу. Китептин жарык көргөн мезгили биздин алып учкан студенттик жылдарга туура келип, Союз жаңы урап, элдин көндүм жашоо эрежеси толук кыйрап турганын кайдан билет элек, өзүбүздүн өрөпкүгөн дүйнөбүз менен азыркы улуттук университеттин филфагында бир акын менен толугу менен…..

САПТАР КАЛДЫ… ЖАЗЫЛЫП ДА, ЖАЗЫЛБАЙ…

САПТАР КАЛДЫ… ЖАЗЫЛЫП ДА, ЖАЗЫЛБАЙ… Оо, суук ойлор! Чаң-тополоң, дүрбөлөң Салбагыла силкип мээмди, жара жаздап чекемди! Мен силерди чыркыратып куду напалм мисалы Салам өрттөп! Калсын билбей Мекен бу! Оо, суук ойлор! Мээнин терең түпкүрүндө – зынданда чиригиле! Көрбөгүлө жарыкты! Мен баарыңды өзүм менен көрүмө ала кетем… Калсын билбей тарых бу!                                                                 29.12.1982.                                                  Табылды МУКАНОВ         Оо, Табийгат!       Алаарымды алдым, берээримди бере алдым бекен?       Бардыгы башкача башталбады беле? Анан, неге турмушта өкчөгөн чүкөм айкүр түшпөй, аласалып кетти? Канакей, кечээки келечектен көптү үмүттөнткөн көкүрөк толо дымак? Бардыгы… Бардыгы толугу менен…..

Адабий портрет

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан Жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы  Республикалык  сыйлыгынын лауреаты Рамис Рыскулов 1934-жылы Сары-Өзөн Чүйдүн Москва районундагы Кызыл-Туу кыштагында 9-сентябрда  кызматкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасынын кызмат абалына жараша алардын үй-бүлөсү Ош областынын Совет районуна караштуу Кара-Кулжадагы сактык кассанын башкаруучу кызматына ишке жөнөтүлөт. Болочок акын ал кезде төрт жашта экен. Ал Кара-Кулжа мектебине 1-класска окууга кирип, анда 3-класска чейин окуйт. Апасы Кыдыраалы кызы Уултай согуштун алдында, 1941-жылы  катуу оорудан каза болот. Атасы  өз ыктыяры менен согушка кетип кайтпай калат. Акындын эскерүүсү боюнча атасынан толугу менен…..

АЯЛДАН ГЕНИЙ ЧЫГАТ ЭКЕН…

Айтылуу алтымышынчы-жетимишинчи жылдардын адабияты жөнүндө сөз кылуу кызык да, жооптуу дагы. “Кызыгы бул – жашоосун бүтүндөй ырга арнаган адабий муун өмүр тагдырында ырдан башка дагы үй, түйшүк, кызмат, үй-бүлө, мүлк, байлык, оокат деген нерселердин бар экенин анча аңдоос албай, ачкабы-токпу, карандай жанып, өздөрүнүн чакан мейкиндигин аалам менен айкалыштыра карап, батыш менен чыгышка бой созо, жарыкка тойбой, кооздук десе дүйнөнү чылк кызыл-тазыл элестеткен фанат болушкан. Көп окуп, көп изденип, көп жазып, которуп, талдап, эң активдүү аталгандар, бир курдай топ, “маңыздар” тобу Т.Муканов, К.Бейшебаев, М.Төлөмүшов, К.Ботояров, Р.Карагулова өңдүүлөр жетимишинчи жылдары университетти бүтүп, толугу менен…..

Чолпонбек Абыкеев: Билип жүр (Чоң атанын мектеби)

       Улууларды урматтоо – кичүүлөрдүн парзы Ызаат кылуу Кадыр чоң ата небереси Назардан сурап калды; Уулум ызаат кылуу деген сөздүн маанисине түшүнөсүңбү? Назар компьютерде ойноп жаткан оюнун токтото коюп кичинеге  ойлонуп туруп чынын айтты. Жок, чоң ата ызаат кылуу дегенди түшүнбөйт экенмин. Чоң атасы күрсүнүп койду да сөзүн салмактуу баштады. – Балам анда угуп ал. Кулагыңа күмүш сырга. Кыргыздын айрым сөздөрү улам заман өзгөргөн сайын унутулуп баратат. Сөз менен кошо элибиздин  наркы да, салты да унутулуп баратат. Эгер ушул бойдон  көңүл бурбай кете берсек анда улуттук өзгөчөлүгүбүздөн айрылып башка толугу менен…..

Адабият короосунан алыс калган көркөм котормо

Котормо боюнча акыркы конкурстар кыргыз адабиятында бул жанр кризисте экенин көргөздү. Республика боюнча котормочулар сынагына тапшырылган чыгармалардын дээрлик көбү талапка жооп берген эмес. Адистер мындай көрүнүш адабий чөйрөдө котормого олуттуу көңүл бурулбай калганынан улам пайда болгонун айтып жатышат. Котормочу Мукан Асаналиев кыргыз адабияты котормо жанры боюнча башка элдин адабиятына караганда бир топ жыл артта калды деген ойдо: – Бул учурда котормочуларга жакшы көңүл бөлүнбөйт. Биздин кээ бирадабиятчыларыбыз, атургай жазуучуларыбыз котормочуларды экинчи сорттогу адам катары көрүшөт. Мисалы, армяндар мынданэки миң жыл мурун эле өз тилинен башка тилге, башка тилден өзтилине которуп толугу менен…..