Эсенбай Калдаров: Сын көтөрбөс карышкыр (тамсил)

Бут менен ѳтүк Бир күнү Бут урушту Ѳтүктү: –Эй, талпаңдаган эби жок Ѳтүк! Угуп тур, сага айтам кѳптү. Жол менен жакшылап жүрбѳй мүдүрүлүп, сүрүлүп, Аның аз келгенсип соройгон мыктарың денеме ѳттү. Кѳзүңѳ карап акырын баспайсың, Бир нерседен кур калгансып чоң-чоң аттайсың. Билбейт экенсиң кантип жүрүштү, Сенин ичиңде сандалып манжаларым бүрүштү. Анда Ѳтүк: –Бу, эмне дегениң, Бут? Мынчалык болду менин сѳзүмдү да ук. Айып ѳзүңдѳ турса аны билбедиң, Күнѳѳнү мага коюп, аябай тилдедиң. Чындыгын айтсам: Сен кайда бассаң сени менен барам. Сенден уруксатсыз деги, кантип калам!? Мына ошентип, бири-бирине узатып жеме. толугу менен…..

Карачал Курманбаев: Максат, ойдун жок өңдөнөт ченеми, Тар сезилет бул дүйнөнүн кенени

***** Небак өлгөн жарды, ыйык, кандарың, Кайсыл жакка бекитишкен жандарын Эгер чындап карап көрсөң жакшылап, Эч ким билбейт кайсыл жакта калганын.   ***** Акыл жыйып аздан болсо басканың, Сен көрөсүң Теңиримдин жазганын. Сага укмуш кубулуштай көрүнөт, Сан жылдызга толгон көкмөк асманың.   ***** Максат, ойдун жок өңдөнөт ченеми, Тар сезилет бул дүйнөнүн кенени. Өмүр учкул өтүп кетет тез эле, Кандырбайсың каалаганча денени.   ***** Жүрөк иштейт тынымы жок кан айдап, Жүрүштөрүн сен тилейсиң кудайлап. Кан айдасын жүрөк иштеп тынбастан, Калса жаман кара жаның карайлап.   ***** Тагдыр салган жашоолордун тизгинин, толугу менен…..

Смар Шимеев: Ай, сулуу жаз, сүйгөнүмдүн өзүндөй, Күлкүң менен жүрөгүмдү уурдадың

Бакчадагы гүл Бакчада гүлдөр өскөн кандай сонун, Таңыркап көнүлүмдү бөлөмүн мен. Карасаң көз уялат, жакут сындуу, Күнүгө кумар болуп көрөмүн мен.   Түбүнөн жылып агат тунук булак, Үстүнөн нурун чачып күнү турат. Кып-кызыл, теп-тегерек гүлүн ачып, Буркурап атыр жыты ойду бурат.   Алыста жүрсөм дагы эстейм, гүлүм, Сайрасам булбул болуп жетер үнүм. Арнадым ыр чыгарып гүлүм сага, Жашоого сенсиз каран болор күнүм.   Жүрөккө кубат берет сенин шаңың, Сен үчүн курман болсун назик жаным. Эгерде керек болсо, суу ордуна, Куярмын жүрөгүмдүн ысык канын.   Гүлүмө берген ушул чындык антым, Сакталар толугу менен…..

Токтосун Самудинов: Пародиялар

Кереметтүү керебет Жатса бала ыйлабайт, Жамбаш талып кыйнабайт. Ойдогудай таптаза, Ороо-чулгоо булгабайт. Муса Жангазиев   Көргөн сайын күлчүмүн, Кимдики? – деп жүрчүмүн. Карап алып таңгалам, Үч литрлик күлтүгүн.   Азыркылар көрө элек, Бул да өзүнчө керемет. Бешик эмес тим эле, Варшавский керебет.   Мейли жайда, кышында, Эч нерсе жок тышында. Шимеги бар шишедей, Маселеси ушунда.   Таңып салсаң туйлабайт, Караманча кыйнабайт. Көрсөтүп кой муштумду, Коркконунан ыйлабайт.   Кара жанын жебесин, Жалган айтат дебесин. Бул бешикке анткени, Жатыптырмын мен өзүм.   Массалык мас Көл да мас, деңиз да мас, талаа да толугу менен…..

Тенти Адышева: Ушул жыргал, жаркыраган күн бүтүп, Боз топурак кучагына барармын

Дайыма уктум Таалайдын таттуусунан татып ичип, Турмуштун ачуусунан кана жуттум. Тагдырдын татаал жолун тамтаң басып, Эчен жол аскасынан алыс учтум. Өмүрдүн өжөрлөнгөн күрөшүндө Көп жеңилип, аз гана уттум. Бирок да жашоо нурун күндө көрүп, Жагымдуу музыкасын дайыма уктум.   Тагдыр мени эркелетпеди Тагдыр мени эркем деди, Алчаңдатып эркелетпеди. Каарына алган канча күндөр Эч бир эстен кетпеди.   Рас, тагдыр эркем деди, Эмнеликтен эркелетпеди? Ката кетсе, кырсык басса Эч бир качан кечпеди.   Тагдыр айтат, – эркем дедим Бирок сени эркелетпедим. Билсең сага таалай бердим Баркын билсин жашоонун деп, Бала кезден толугу менен…..

Жолон Мамытов: Буурул таңдын жомогу (Баатырдык поэма)

Буурул таңдын жомогу Баатырдык поэма Киришүү Чоң атамдын атасы өз атамдан уккам деп бул жомокту ал айткан. Чоң энемдин энеси чоң апамдан уккам деп бул жомокту ал айткан. Жел кемелер деңизди жиреп сүзүп кеткендей, мезгилдерден бул жомок желип өткөн сезгенбей, Куйма кулак балдардын кулагында калган да, картайганда өздөрү айткан бөбөк-балдарга. Ал бөбөктөр чал болуп алдан-күчтөн кайтышкан. Бул баянды ошондо кичүүлөргө айтышкан. Сан кылымды кечирип жашыл бойдон арчадай ушул баян эскирбей бизге жеткен чарчабай. Карт дастанды жаңыртып эскерели кайта аны. Кези келди. Биз дагы кийинкиге айталы…   Биринчи бөлүм Бала Чилтен толугу менен…..

Чыныбай Турсунбеков: Туулган жерим, чөбүң, ташың менен мен, Сагынычтын тили менен сүйлөшөм

Тушоо кесүү Күн күлүп, Кубанып, Бажырайып карап турду Төбөбүздөн. Дүмбүл балдар, Сүт балдар, Ок балдар Дүрмөттөгү – “дүр-р” эттик Үркүп учкан карагайдан Чымчыктардай. Көөдөнүбүз Аба жарып, Таманыбыз Ташты тилип, Чымылдап, Чуркап, Жүрөктө кан тызылдайт Бизден да ылдам. Көзгө илинбей, Жер бутта чимирилди. Жан-Булагым: -Тушоосун кесип бер?! – деп Колунан кармап турдуң Топ аялдын ортосунда Бир инимди. Биринчи жеткен агам, Кечирип кой, Тушоосун кесе алган жок. Тушоосун кести Парторгдун баласы Арттан барган. Агамдын Бычакка сунулган колу Кайырчынын колундай көрүндү… Күн күйдү, Аба күйдү, Жер күйдү. Уялгандан баары күйдү! Аялдар уялган жок, толугу менен…..

Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр (соңу)

Сүйүү, сүйүү Оттор өчүп, кеч күүгүмдө жагылган, Үйлөр жымжырт түндүктөрү жабылган. Жар салгансып жаңырыктайт кашка суу, Мончок бүркүп улам жарга кагылган. Асман тунук. Сапар тартып сан жылдыз, Каяккадыр, каяккадыр агылган. Ортосунда араң калкып ай барат, Мис табактай түнкү көрккө тагылган.   Тыноо кагып, тынч көшүлөт капчыгай, Өжөрлөнүп жели кырга чапчыбай. Кайда, кайда?.. Калган белем көрүнбөй, Кызын жазап кырда олтурчу чакчыгай. Кабак чытып карагансыйт сары аска, Жазмыш өзү жасап койгон сакчыдай. Жолборс сүрдүү жондор жатат комдонуп, Кылым ачпай сырын ичке катчудай.   Аяк серппейт Соң-Көл андан ныксырап. Ай кучактап уктап жаткан толугу менен…..

Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр (2-бөлүк)

II бөлүк Соң-Көл түндөрү Курчоодо Чөп козголот, анын сырын жел билет, Аркы жакта кымызга мас эл күлөт, Бээлер саалат… Соодагерлер жол тартат, Кыз суу алып, чуркап келет делбиреп. Козу маарайт… Балдар сайда чурулдайт, Демейде өтчү күн экенин белгилеп. Өмүр бою баш бакпаган бул үйгө Биринчи ирет бүгүн кирет Келдибек.   «И келиңиз!.. Урматтуу бай, келиңиз! Төргө, мына?.. жок, жок өтө бериңиз!» Кан киргендей шашып калат калдастап. «Адил мырзам, сак турабы дениңиз?» «Шүгүр, шүгүр, жаз чыкканы жакшымын, Билбейм анан… мени «мырза» дедиңиз? «Ооба, ошенттим…атайы айттым мен аны, – Бай каткырат: «башка толугу менен…..

Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр (уландысы)

Эл көчкөндө Жылдыз батат, көккө катып айды ыраак, Түнгө из чалып таң артынан кайрылат, Кечте түшкөн шүүдүрүмдөр мөлт этип, Жашыл кырлар гүлүн күнгө жайдырат. Айыл туруп, тышта жаң – жуң көбөйүп, Мал топурап, бат кармалып айгыр-ат, Чала уйкулуу балдар ыйлап бышактап, Соорото албай энелери кайгырат…   Көч сапарын жүк көтөрүп жүз өткөн, Төөлөр чөгүп, үй жандарын күзөткөн, А тигинде өгүз мөңкүп ойдолойт – Кош жигиттеп тарткан аркан изи өткөн. Кыйгай басып кылмың этет жаш сулуу, Мүмкүн ал бир көз караштыр түзөлткөн? Ал анткени, биринчи өпкөн бозойдой, Ар убакта сүйүүлөрдүн күчү толугу менен…..