Мая Осмонкулова: Көп жылдарга көбүк чачып ырларым, Толкуп турсун көлдөй дагы, деңиздей.

Сен мени жоготконсуң Жазыбыз жазга окшобой чыйрыктырып, Ортобуз салкын тартып барат, досум. Күзгө окшошуп түнөргөн ошол жазда Сен мени биротоло жоготконсуң.   Кусалык кучагына ороп алып, Ызанын аттаганда босогосун. Кайрадан таппасыңды элес албай, Сен мени ошондо эле жоготконсуң.   Өмүрдүн кыскалыгын унуткарып, Аттап өтүп сезимдин бийик тоосун. Дүнүйөң түгөл болуп турган чакта Сен мени жашооңдон жоготконсуң.   Кайрылып кайра конбос тууруна Кармай албай бакыттын алтын боосун. Алмашып күнүмдүктүн кумарына, Сен мени алда качан жоготконсуң.   Кыялың кызыл-тазыл гүлгө айланып, Кызыгы алып турса көздүн жоосун. Кайрадан кыш келерин танып коюп, Сен толугу менен…..

Мурза Гапаров: Угузуп авазыңды, Узарттың азабымды…

Куюн Бүгүн кыйын Бүгүн куюн… Чыкпа эшикке. Эшикте… Шаарды шаардын чаңы каптап, Чаңдалды үйлөр дагы, дарактар да. Көчөлөрдө куйугуп жинди шамал, Чуркап жүрөт туш келди каталактап, Чимирилип жез кемпирдин ийигиндей, Ажыдаардын бийин бийлейт аянттарда… Ар каяктан ар каякка баш аламан Качып барат калайык каратаман… Оозу-мурду тумчугуп буйукканда, Көзү көрбөй урунуп туйуктарга, Каңырыгы түтөгөн кайран эл-журт Каарын төгөт карарган булуттарга. Анткен менен айып жок булуттарда…   Боз түштү баш калаага… Бозорду кызыл асаба.. Бүгүн кыйын. Бүгүн куюн…   Көңүл жубантуу Коркпо өлүмдөн, Коркконго кош көрүнөт… Көз алдыңа элестеп гүлкайырлар, гөр үстүндө толугу менен…..

Темирбек Алымбеков: Боз үй, тоолор, бир аксакал олтурат, Бул көрүнүш мага тааныш, жакындай.

Ушу сени сагынганым жакшыдыр Курган жаным көнүптүр ээ өзүңө, Бир сагыныч ээлеп алды бу кандай? Кең жайлоодо жүргөндүгүм курусун, Кейип турам сенин үнүң угалбай…   Ашып-шашып агып жатат Ала-Арча, Мен олтурам өзүң көргөн ташыңда. Ала-Арчадай санаам сага агылат… Андан бөлөк эч нерсе жок башымда.   Сага жакчу карагайлар бой тиреп, Табияттын ачып турат көркөмүн… Мен ошондо билбей калган экемин, Сени менен жарыктыгын эртеңим.   Арча-кайың айкалышат жарашып, Аны көрүп бир саамга кубандым. Дарак деле өсөт тура түгөйлөш, Мен өзүмдөн ушунчалык уялдым.   Ушу сени сагынганым жакшыдыр, Башы сонун, аягын да көрөөрбүз. толугу менен…..

Улукбек Омокеев: Отту кечип күн көргөн Баткеним ай, Окко тосуп жашаган көкүрөгүн.

Кыргыз жигиттерине чакырык Акыл барда, тулку бойдо күч барда, Акыбыз жок Мекен туусун жыкканга! Канын төгүп, өлгөн артык жигитке, Карыш жерин бергичекти душманга!   Бизди мында тууган үчүн энебиз, “Баба мурас, жер эне” деп келебиз! Ушул жерде душман буту баскыча, Ушул жерде жатсын өлүк денебиз!   Ыйык мекен – аталардан аманат, Ырас мындан урпагыбыз таралат! Коргой албай, карматканча, бөтөнгө, Кул болуп же кеткен артык талаалап!   Биригели, куруп чептин бекемин, Билсин муундар бабасы ким экенин! Мансап үчүн келечекти кескилеп, Маңкурт гана сатып кетет Мекенин! Максат Жангазиев   ***** Кесилип бектен толугу менен…..

Абдилаат Дооров: Өлтүрдүк эми дешти эле, Өндү кыргыз кыртыштан.

Абдилаат Дооров – кыргыз акыны, “Ата-Журт Лейлек” гезитинин 28 жылдан берки башкы редактору, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Баткен облусутук бөлүмүнүн төрагасы. 30 жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан “Лейлек Поэзия күнүнүн” негиздөөчүсү жана уюштуруучусу. “Миң Тамыр”, “Гүл-Гүл”, “Ак булут”, “Мөл Тунук” ырлар жыйнактарынын жана улуттук лидер Исхак Раззаков жөнүндө биографиялык “Исхак Раззаков – Аруулук асманы” китебинин автору. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, Кыргыз Республикасынын (2006-жыл), Жогорку Кеңешинин (2013-жыл) Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Көөкөрдөн кымыз куюлду, Көлкүтүп ичти ууңду. Көрүнө көмдүк дешти эле, Көкөмеренден дүбүрт угулду.   Талпынып толугу менен…..

Бакытбек Мукарамов: Уук-тукумуң бир убакта наар алган, дарыяңа качан кайтып келесиң?!.

Пияда эле апкетишет Төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки өмүр аралыгын кыяр, Ой-максатыма жетемин деген кыял… А мен үзүлбөс үмүт менен, жадакалса эч кимге айткыс күйүт менен пияда эле баратамын, жетемин деп максатыма. Нарыраакта, аңгире жолдо машинелүүлөр зуу коюшат. Мен баскан жолду чаңдуу, ылайлуу, таштактуу дешкендер тоотпой басышат. Сезимди араалай карабай өтүшөт, жүрөгүм ачышат – Менин баскан жолумдун баркын билишпейт алар!   Жер-Эне билем сенде бир чыйыр жол бар, эч кимдин изи түшө элек чыйыр жол ал. Ошол жолуң табам деп келем, таман изим калтырайын деп. Анткени, бул жарыкта бирөө койбойт ал сурайын толугу менен…..

Салтанат Орозобекова: …Көзүңдү асман тиктейт миң чырактуу, Таш жолду жаркыратат кимдир бирөө…

Улуу көч Күйүттүн да, бар артында жарыгы. Жарыгың да, болот кээде караңгы. Башы кайда? Кайда? кайда аягы? Баш аягы жок дүйнөбү качаңкы…   Түшүнгүчө, бу дүйнөнүн түпкүрүн, Тартып кетет каякадыр Түпсүзүң. Ар мезгилдей ала салган үшкүрүп, Кала берет ачылбаган Түп түйүн.   Бу болумуш, жаралганы түйүндүү, Жарыгы бар көкүрөктүн күйүттүү. Кыярбаган кыял кечип адамдар, Ишенишкен күндөрүнө күйүмдүү.   Учу кайда? Түбү кайда? Издешкен. Көп аңтарып көк асманды тиктешкен. Күйүп- өчүп күл болгуча куу жаны, Не издеген? Өздөрү да билбестен…   Бул байыркы, эзелки Эс-туюмбу? Учургамын мен да кыял кушумду. Кай толугу менен…..

Смар Шимеев: Жакшылардын кендири эрте кесилет, Аз өмүрдү саз жашашып сүрүшүп

Мен ичкен булак Шылдырап күмүш булак суусу кандай, Кочуштап, жата калып далай ичтим. Ичкенде ширелериң таттуу балдай, Кечиргин кээде ойноп сени кечтим.   Айыгам ооруп калып ичсем сени, Дарысың, ажалымдан алып калар. Өзгөчө касиетиң, билбейм деги, Кымбатсың жүрөгүмдөн артык баалар.   Жүрөктөн кан түгөнүп, көзүм жумсам, Булагым кан ордуна сенин сууң бар. Алсырап элсиз ысык чөлдө калсам, Эстесем, канат бүтөт, сага барар.   Башканын көз артканын ыраа көрбөйм, Мендиксиң, киндигиң бир, сени ардактайм, Көк тулаң – килемиңди тебелетпейм, Бөлөктүн изи түшсө, казып таштайм…   Сайрандап жээгиңди мен көп бойлодум, Жүрөккө толугу менен…..

Ибраим Сатыбаев: Өмүр бою сылап жүрүп өтөйүн, Өрүп койгон көкүлүңдүн тармалын

Акын, коомдук ишмер Ибраим Сатыбаевдин “Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китеби жарык көрдү. Мега-Формат басмасынан 500 нускада жарык көргөн автордун бул китебине поэтикалык ырлары, өмүр жолун баяндаган эскермелери топтолгон. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Ал эми китепти сатып алууну каалагандар, алып окуйм дегендер 10-июнь күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага саат 15:00гө келсеңиздер болот. Китептин бет ачарына катышыуу менен, автордун чыгармачылыгы, китеби тууралуу маалымат алып кетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар. Ал жазган ырлар курсташтардын жүрөгүндө! Жакын досубуз акыркы жылдары өзүнүн бирге окуган курсташтарына жана жалпы эле жакындарына карата жасаган өзгөчө мамилеси толугу менен…..

Эсенгул Ибраев: Сатиралар

Табытым тартпайт Иш дегенде үшүп жүрөгүм, Ишенсеңер катуу жүдөдүм. Тамактан башкага табытым тартпай, Оорукчан болуп жүрөмүн.   Эл жүрөт Кыйла жыл бою жанды үрөп, Кыйналды байкуш Баргыбек. Эл жүрөт: –Бизде ушундай, Жазуучу киши барбы? – Деп.   Чолом жок –Мезгил күлүк, Ырас да. Сабыр этчи бир азга. Маке, баягы уулуңуз Быйыл кайсы класста?   -деп сураса, Макебиз Жооп берет олоңдоп: –Иш деп жүрүп ошону Суроого түк чолом жок.   Уйкусунан айрылды Чылым сурап «кичилеп», Тыйын санап битиреп, Шилекейин ээмп жүрүп, Дүйнө жыйды титиреп. Узатты көп ай-жылды Улактарын тай кылды. Шоруң толугу менен…..