Марат Токоев: Билесиңби, мен көнүпмүн, Баш көтөрбөй жашаганга

***** Таңгаласың. Билбейсиң себебин Турганымдын туйбай суук азабын. Сууган жүрөк күн суугун сезеби? 29.04.1993-19.01.2021 ***** Тарыхтын кумдуу барагы Толтура түркүн издерге. Менин да изим калабы Бетинде анын бир кезде? Бирок да шамал-убакыт Эч кимге билбейт аёону. Эрмекке жаңы кубанып Изиме салар ойронду. ***** “Ким урган боз асман? Көк ала бүт денеси…” Н. Абдразакова “Мекениңе кайт”, – дейт Улуулук. Бирок кантип ага жете алам – Өжөр жаным алсыз умтулуп Көк асмандай болду көк ала. 28.12.94 ***** Асман бетинде сейилде Ай орогуна илинип Араң бошонду ак булут. Эркин жашоодо билбеген Эмне экени толугу менен…..

Камчыбек Узакбай уулу: Башкалар бактың байлап койгон жерде, Бак болуп мөмөлөгүн бутак алып

Узакбай уулу Камчыбек – кесиби архитектор, курулуш тармагында эмгектенсе да поэзия дүйнөсүндө өз жолун таап калган жаш калемгер. Ал 2019-жылы жарык көргөн “Алакандагы күн” ырлар жыйнагынын автору, Эгемберди Эрматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн “Жаш акын-2018” сынагынын жеңүүчүсү. Учурда Ош технологоиялык университетинин архитектура жана курулуш факультетинде магистр жана “Нуркелди курулуш” компаниясынын адиси. Биздин үй-бүлө Атам, апам, бир туугандар күнүгө, Ар кай жакта, толук эмес үй-бүлө. Абалкыдай бир туугандар колду жууп, Аарчынбастан калдык бирге сүлгүгө.   Бири окуп, бири иштеп жошулуп, Бир туугандар бирден кетип отуруп. Бизге толугу менен…..

Таазим сага татынакай жаз сулуу

Карбалас Бакиров ***** Олтурбагам чаңын жутуп бөлмөнүн, Көрдүм көлчүк толкуну жок өлгөнүн. Чартылдаган чагылгандар жоголгон, Чокулардан, түнт токойдон келгемин. Олтурбагам эки беттен май тамып, Терезеден булуттарды кайтарып. Ташкындаган суулар менен аккамын, Ташка тийип, таштын мизин майтарып. Олтурбагам далдаасында коргондун, Мага бакыт азаптары жолдордун. Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө, Келет дайым талаалардан ойгонгум! Вавилондун, кыйраган Вавилондун Дал түбүнөн кылтыйып, жабалактап, Өсүп чыккан жаш чөптөр адырлардан, ашып түшүп, талааны барат каптап. Барат каптап талааны жоокерлердей, Кулпуларын талкалап аралдардын. Жар, үңкүргө жармашып, тоону чачып, Жарып чыгып таштардын тамандарын. Келаткандай дүйнөлүк салтанатка, Ээ-жаа бербей толугу менен…..

Атахан Кожогулов: Жаздым көп ыр, билем менден бийикте, жазылалек бир керемет ыр барын

***** Бир сырыңды айтсаң койдум түшүнбөй, бир ырымды жазып жүрөм бүтүрбөй. Кабагым бар бул жарыктын жазындай, кабагым бар бул жарыктын күзүндөй.   Ушул күндөр келбейт эми кайрылып, ушул жылдар жүрүшүмөн талдырып, бир өксүтүп, бир кубантып кыстатат, бирде зуулап, бирде мөгдөп жай жылып.   Бирде туруп каткырыгым таш жарып, бирде өксүп карегимде жаш калып, бара жатам бийигине жылдардын, буурулумду таң ашырбай аттантып!   Бир күч мени жөлөп, таяп тургандай, бир күч ошол касиети ырлардай! Ак жолуман жаңылганда жазганам, абай салып кырдан карап тургандай.   Өзүмдү өзүм жектейм кээде түшүнбөй, өткөнүмдү жазып толугу менен…..

Кыялбек Урманбетов: Асылды табамын деп алтын издеп, Асылды жоготобуз өмүр деген

Кечиктим Таңшыган булбул белең бутагымда, Талпынам кучагыман учарыңда. Карааның карегимен үзүлсө да, Элесиң кала берет кучагымда. Сен жакка агылармын дагы далай. Өзүмдү ташып бүтпөйм дарыядай. Көзүңчө жаш баладай жайнасам да, Өзүмчө ойго чөгөм карыядай. Билемин, менсиз деле арманың көп, Астыртан аяр карап зарладым көп. Сөз менен жалынычым айтпасам да, Көз менен айтып келем “ардагым” деп. Кербендер өтүп кетти, кайрый албайм, кечиктим, кантип анан кайгыланбайм. Өзүңөн өмүр бою айрылсам да, Ойлордон сен жөнүндө айрылалбайм… Өмүрзар Жашайбыз бала күтүп, кайрым тилеп, Жашайбыз жаралгандан кайгы-муң жеп. Жан барда арман жоктой гүлдөйлүчү, Жашайбыз дагы толугу менен…..

Барчынбек Бугубаев: Таразадай таланттарды байкабай, Калгандыктан бизди кудай сактасын

Тараза Туугандардын улуусу да, жылуусу, Бардык ишке пейлин момун кылуучу. Жакшы жандар билингендей-билгиче, Жаман жандар бир топ бийик туруучу. Жазганымдын өзү болсун сынчысы, Жалгандыкты сүйгөн эмес кыртышы. Жай олтуруп, комуз ойноп отурса, Жалаң күүдөн бүткөн окшоп тулкусу. Алтын байкем башкалардан башка эле, Адилеттик, чындык иши жакчу эле. -Мисан – деген эмне?- десем, атакем, -Перс тилинде “Тараза”-деп айтчы эле. Тараза бул -Чындык, Теңдик эмеспи, Табияттан тартуулаган белекти. Той, майрамда калыстардын башында, Ыр күү менен көтөрчү эле желекти. Турмуш өзүн турса дагы сездирип, Болушунча эрезеге жеткирип. Жеңем экөө кетип калды дүйнөдөн. Үч толугу менен…..

Махабат Касейинова: Мен мен бойдон жашап өтүп өмүрдөн, Сен сен бойдон калсаң экен көңүлдө

Дүйнө – күн Мен мен бойдон жашап өтүп өмүрдөн, Сен сен бойдон калсаң экен көңүлдө. Аргымактын алыс чабар багытын Албай жүрөт айрымдары көңүлгө…   Дүйнө бүгүн жаралган жок же кечээ, Бүтпөс сапар билбейм качан башталган? Жаңы багыт жарата албай өзүбүз Жолду басып келатабыз тапталган.   Алгач келип бул дүйнөгө жаралып, Ата-энеден алган кезде жаңы ысым. Билбептирбиз түмөндөгөн түйшүгүн, Билбептирбиз түгөнбөгөн жарышын.   Жолугарсың сени билбес жандарга, Баалай албас адамдарга жолдогу. Аалам сүйөт жакшы сөздүү адамды Ак тилегиң арнап койчу болгону!..   Отурамын бир бурчунда дүйнөнүн, Ойлонгонум аалам, асман жөнүндө. Сен толугу менен…..

Назгүл Осмонова: Көз жашымды көрбөс үчүн башкалар, Кол чатырсыз бастым бүгүн жамгырда

Назгүл Осмонова − 1972-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында төрөлгөн. 1995-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филология факультетин бүтүргөн. 2016-жылы Жусуп Абдрахмановдун “1916. Күндөлүктөр. Сталинге кат” автобиографиялык китебин кыргыз тилине которуп, “Улуу Тоолор” басмаканасынан жарык көргөн. 4 ыр жыйнактын, 1 котормолор жыйнагынын автору. Жолон Мамытов атындагы жана Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты. КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, “КР маданиятынын мыктысы”.   Мекеним Буюккан муңун көтөрүп, Буулуккан ушул жылдардын. Ата Журт күлсө мен күлүп, Ыргалса кошо ыргалдым. Кайгысы элдин каржалтып, Калпынан качтым жыргалдын. Кымбатым элим, кыргызым, Кан менен кошо айланып, толугу менен…..

Роза Карагулова: Алыс калган ошол бейкут күндөрдөн, Бардык таңдын керемети төрөлгөн

***** Кайдасың көп болду көрбөдүм, Жолдогу кайыңдай көлөкөм. Эстечи бир жолку кездешүү, О аны унута көрбө сен… Эриксиз маңдайым сыладың Кусалык дирилдеп үнүңдөн… Бакыттан селт этип жаш денем Колуңду кагып да жибергем. Билбеген мынча өксүү каларын Жүзүмдөн өбө албас сүйүүмдөн. Ал кезде сен ысык от элең Кармоого эч мүмкүн болбогон. Көрүнбөй жолуңду акмалап Күндө бир көрүүнү ойлогом. Күлкүңдөй ооруга чалдыгып, Жашоомду жайпаган калтырак. Ал кезде сезимтал болчусуң, Сөзүң да күлкүңдөй жаркырап. Бактымдын өз өңүн көрмөкмүн Жазында жамгырдай төгүлсөм. А бирок элесим жетпеген Кудайдай бийликтүү элең сен. Бакыттан селт этип жаш толугу менен…..

Сагын Акматбекова: Кайда качам өзүмдөн, кайда качам?

Акматбекова Сагын эжени февраль айындагы туулган күнү менен куттуктап, ден-соолук каалап, чыгармаларын окурмандарга сунуштайбыз. Аманчылыкта болуңуз эже! ***** “Көк көшөгө көшөгө эмес түрүлгөн Түпсүз асман болду, — дешип келишти, — Кол чабуудан бүт жылдызы күбүлгөн…”   Эскен шамал, эркин куштар жөнүндө Сени өзгөчө ырдады деп келишти. Кышты тосуп олтурганда мен үйдө.   “Бир аз, бир аз дирилдеген үнүндө Бир аз, бир аз санаа бар, — деп келишти, — Бир аз, бир аз тумандуу күз түнүндөй.”   “Концерт бүтүп, чыксак түндө көчөгө, Кыш келиптир тез эле, — деп келишти, — Плащ толугу менен…..