Таалай Нуркемел: Өрттөй кызыл гүл каптаган тоолорго, Мен тагдырдын байлап койгом жарымын

Жоголгон муундар * * * Караңгыдан жол издеген адаммын, Күндүз колго кармап алган чырагым. Сени узатып үйдөн жолго чыкканда, Карап турдум үзүлгөнчө карааның. Kарап турдум бактыбызды жолдогу, Оор өңдөнөт кара сумкаң колдогу. Турмуш кандай, сүйүү кандай деп, Сенде да бар нечен санаа, толгонуу.   * * * …Бир өмүрдө күткөн жалгыз тагдырды, Жолуктурду кармап алтын балыкты. Көз жаштарың мончок болуп төгүлүп. Ошондо бир баркың билбей калыпмын. Толкун урган аңтарылган кайыкмын. Эми биздин чексиз махабаттар деп, Чексиз терең сырлар менен алыштым.   * * * Дал ушундай жылдыздуу түн кечте мен, толугу менен…..

Сью Чжу: Жылдыздуу түнгө урундум, убакыт талкалаган

Сью Чжу – Жаңы Зеландиялык кытай акыны Сью Чжу – акын, сүрөтчү, заманбап эл аралык поэзиянын жайылтуучусу, WPMдин континенталдык координатору. Нажи Нааман Адабий фондунун атайын өкүлү жана All Souls Poetry уюмун негиздөөчүлөрдүн бири. Ырлары 20дан ашык тилге которулган. Дүйнөлүк антология китептеринин мукабаларын көркөмдөгөн сүрөттөрүн айрым адамдар коллекция кылып чогултуп жүрүшөт. Сью Чжу, Носсида дүйнөлүк поэзия сыйлыгын (ЮНЕСКО-2021, 2022), “Наджи Нааман” адабий сыйлыгын, мыкты чет элдик автор катары “Premio Internazionale di Poesia I Colori dell’Anima” сыйлыгын (2022-ж.) “Рабиндранат Тагор” атындагы, италиялык “Ил Мелето ди Гуидо Гоцзано XI” эл аралык адабий сыйлыгына, толугу менен…..

Омар Хайям: Рубаилер

Рубаилер ***** Элдер мени ичкич дешет – ал ырас, Ыймансыз деп жемелешет – ал ырас. Эмне дешсе ошо дешсин, оңолбой, Хайям бойдон каларлыгым – дагы ырас.   ***** Эй акмагым, бак даарыса мактанба, Күрөш талбай кырсык чалып жатканда. Теңир иши оор чыгар миң эсе, Үйрөнбөчү, ага жалаа жапканга.   ***** Акылдуулар бука сааган сыңары, Акылынын тийет дайым зыяны. Бул мезгилде, акыл баасыз – чесноктой, Акмактардын байып жаткан убагы.   ***** Мергенчилер ууга капкан салгандай, Ал капканга өзү түшүп калгандай. Бир кездеги Бахрам иччү жайларда, Түлкү жүрөт, чөөлөр жүрөт ар кандай. толугу менен…..

Үмүт Култаева: Көөнөрбөгөн көркөмдүк

Көөнөрбөгөн көркөмдүк (А.Матисаковдун “Тандыр” аңгемесин кайра окуганда…) Чебер публицист, портреттик очерктердин устаты, стилист-жазуучу, бир нече республикалык жана эл аралык сыйлыктардын ээси А.Матисаковдун тандамал чыгармалар жыйнагы «Баткан күндү аяймын…» – деген ат менен 2022-жылы жарык көргөнү коомчулукка белгилүү. Повесть жана аңгемелер топтому жайгашкан китептин 3-бөлүмү автордун «Тандыр» аңгемесинен башталат. Чыгарманын жазылганына 40 жыл болуптур. Жарым кылымга жакын убакыт. Жаңы доор адабиятынан жаңы эстетикалык табылгаларды издеп, социалисттик реализмдин чүмбөтүндө калган чыгармалар каралбай калган азыркы шартта деле «Тандырдын» «нан бышырган чоктуу аптабы» табында. Аңгеме дагы деле бир демде окулат. Көзү өткөн соң, бул толугу менен…..

Ризван Исмаилова: “Бейтааныш бекеттен” бейтааныштар жолугушат

“Бейтааныш бекеттен” бейтааныштар жолугушат (китепке пикир) Китептин темасы купуялуулугу, сырдуулугу менен өзүнө тартып турат. Биринчиден, өз мекенибизде жашап, өзүбүз көрүп-билип жүргөн журтубузда эмес, алыскы Мегаполис-Москвада окуп, иштеп, жашап, азыр модага айланып кеткен термин миграциянын өкүлү, мигрант акын Нуриза Өмүрбаева поэзияга кош колдоп сунуп турган көз майынын тунгучу, көкүрөк  туюмунун адепкиси – биринчи китебин бекеринен “Бейтааныш бекет” деп, атабаса керек. Экинчиден, бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, Мекендин кадыр-кымбатын күн сайын сездирген метронун, аялдаманын, бекеттин, маркеттердин (коюңузчу сан жетпейт…) жана адамдардын бейтааныш жүздөрү бара-бара тааныш-билишке айланат. Үчүнчүдөн, Нуриза Москвадагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтун бүтүрүп, толугу менен…..

Наталья Харлампьева: Уу бар, бал бар – бийкечтин махабатында

Наталья Харлампьева (Саха-Якутия) Наталья Харлампьева – якут акыны жана прозаик. 1952-жылы Саха Республикасынын Маган кыштагында төрөлгөн. Якутск мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Корректор, кабарчы, журнал, гезиттерде башкы редактор болуп эмгектенген. Азыркы учурда – Саха (Я) Республикасынын жетекчисинин маданий иштер боюнча жардамчысы. Саха-Якутиянын эркин жазуучулар бирдигинин төрайымы. Жыйырмадай поэтикалык жана кара сөз жыйнактарынын автору. Россиянын жазуучулар бирдигинин мүчөсү. Саха (Я) Республикасынын эл акыны. РФсынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер. А.Дельвиг атындагы Бүткүл россиялык адабий сыйлыктын ээси. Якутски шаарында жашайт. World Poetry Movement (WPM) – Дүйнөлүк акындар кыймылынын Саха (Я) Республикасы боюнча улуттук толугу менен…..

Нурбүбү Бөдөшова: Түш көрдүм түндө сени…

Бүтпөй келем бир шиңгил казалымды Бопбош жүргөн калдырап арабадай, Бопбоз жылдар өтүптүр эч дайынсыз. Курсак тоюп куунаган болсом дагы, Кур кыялга алданган кеч кайырсыз.   Көр тирликтен көтөрө албай башты, Көмүскөдө көөдөндү көп жүк басты. Эртең жетем дегенге али жетпей, Ак бубактар аралап кундуз чачты.   Өзүм үчүн өкүнбөй жашадымбы, Бу тагдырым — бактымбы? Азабымбы? Тээ балалык кезимде баштап алган, Бүтпөй келем бир шиңгил казалымды…   Айымдарга Аялзатсыз эркектер карып дечи, Аялзаты — ааламга жарык дечи. Антсе дагы, эркексиз, оо сулуулар, Алоолонуп от болуп жанып көрчү!   Түмөн түйшүк көтөргөн толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Терс кайрык

Терс кайрык (аңгеме) Шариза ошол күнү чоң базардын четиндеги тар көчөдө шашып-бушуп келаткан. Оң колунда буюм толо булгаары торбо. Мүрүсүнө илген иймекей саман кол баштыгынын боосунан бекем кармап, боюн түздөй тыкылдап басса да түрү чарчаңкы. Жашы өткөн сайын эл көп жайларда жүрсө ушинтип өзүнөн өзү чарчай берет. Көзүнөн түшүрбөй тагынып жүрчү чоң алкактуу кара көз айнеги да аны көпчүлүктүн назарынан коргой алчу эмес. Баарынан да базарга барганында бутун шилтей албай кайтат. “Андан көрө гипермаркетке барсаңыз. Каалаганыңыздын баарын кыйналбай табасыз”, – дешчү балдары. Шариза болсо базар-учарын шаардын чок ортосунда тээ байыртан толугу менен…..

Афина Абдылдаева: Гүлкайырлар соолордо

Гүлкайырлар соолордо (аңгеме) Каргашалуу Улуу Ата мекендик согуштан кийинки жылдар болчу. Касиеттүү Талас өрөөнүнүн тоого жакын бир чакан айылында көпчүлүк катары кол кармаша түтүн булаткан Болот менен Күмүш бири – сугатында, экинчиси – тамекисинде иштеп жүрүштү. Экөөнүн арасынан кыл өтпөгөн ынтымагын ого бетер ширеткен данакери, шам чырагы үч жашар кызы Салтанат болчу. Айкүмүш иш десе ичкен ашын жерге койгон, айткан сөзүн аткармайынча жаны тынбаган, нары өтө жоопкерчиликтүү, нары мээнеткеч жан болгондуктан, аны “жаш да болсо, бизге баш болгонго жарайт”,- деп, звено башчылыгына аялдар өздөрү шайлап, чоңдор да алардын сөзүн эп толугу менен…..

Өмүрбек Тиллебаев: Жаз, уч, Элгиза, асман сенин канатың!

Асман сенин канатың Дүйнө хаостон жаралган. Алгач баары аралашып ачылганы ачылган, чачылганы чачылган бойдон жаткан. Жүрө-жүрө асман асмандан, тоолор тоолордон, деңиздер деңизден орун алып, бир иретке түшкөн. Кыргыз адабиятында да учурда дал ошол хаос, башаламан заман жүрүп жатат. Азыр китептен акын көп, акындан китеп көп. Албетте, алардын баарын акын, китеп деп айтканга ооз барбас. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы “массалык маданияттын” арааны жүрүп жаткан кез. Кызылы менен саманы, жакшысы менен жаманы аралашып жаткан чаң-тополоң дүйнөдөн канткенде чыныгы акынды, сүрөткерди ылгап алабыз? Маселе ушунда. Жаш акын Элгиза Бусурманкулованын ырларын жакында гана сайттардан окуп толугу менен…..