Бахпурбек Аленов: “Топон – Конон”

«ТОПОН» – КОНОН Аң-сезими жайында болгон адам аттуунун дээрлик көпчүлүгүнүн, жалпы эле дүйнө коомчулугунун жан-дүйнөсүн жай алдырбай ойго сала баштаган акыркы кездин бир ой көйгөйү – “Адам социалдык-биологиялык жандык боюнча калабы же технологиялык жандыкка айланып кетеби” деген кооптонуу аралаш суроодо экенин тана албай калдык. Ушул көйгөйдүн айланасында дүйнөлүк алкактагы окумуштуулар, илимпоздор, даанышман-акылман философтор (анын ичинде саналуу Кыргыз интелегенциясы да) баш катырып, акыл сарптап “технологиялык жандыкка качан айланып кеткенин адамзат өзү сезбей калбайбы…” деген тынчсыздануусун ар кандай жол менен улам эскертип келе жатат.  Пенде сезимин жабыркаткан, чочуткан  ааламдык алааматтын карааны мына-ана толугу менен…..

Мадина Омарова: Бир ирет күз кечинде

Казак адабиятынан Бир ирет күз кечинде (аңгеме) Кыязы, жамгыр жаачудай. Асман бүркөк. Былтыр сынган колум сайгылаша баштады. Уютат да уютат. Жүрөгүм айланат. Таза абадан кана жуткум келип кетти. Үстүмө жемпиримди ыргыта салып, сыртка чыктым. Аякта бешик арабадагы наристелери менен Назира жана Марияш отурушуптур. Мен аларга келип кошулдум. –Чылым чексем эчтеке эмеспи? –Чеге бер, – деди Марияш, – баары бир машиналардын түтүнүн дем алыбатабыз! Мен сигаретимди күйгүзүп, терең сордум да, түтүндү тескери карай үйлөп койдум. Корообузда балдар арбын. Ызы-чуу. Күрү-күү. Эгер көпкө отуруп сырттан абай салсаң, жогеле дегенде бир жылмайта, атургай толугу менен…..

Рахат Жуманазарова: Садага чаап жаштыгымды мен сүйсөм, Сары кызга алмаштыңбы дагы бир?

Кездешүүгө баратам Мен өзүмдү таппай келдим, таппай издеп, бир изимди кайра-кайра таптай бердим. Кайда жүргөм? Жокмун күтсөм, жүдөп бүткөм, аргасыздан арсыз күлгөм. Түтөп күйгөм, чүнчүп жүргөм, мен өзүмө толук кайтчу күндү күткөм. Мен өзүмдөн алыс жүргөм, ойгоно албай, “ойгон” деген алсыз үндөн. Көрчү оюмдун чаташканын, мен өзүмдөн адашкамын. Ким бирөөнүн кейпин кийип, өзүм менен кездешүүгө баратамын. Үч жыл болду Мен сени сүйгөнүмө үч жыл болду… Мээнетти мен билбеген башыма үйгөнүңө үч жыл болду. Талылуу жерин таап үч күндө жеңсе болот түптүү жоону. Таптакыр түптүз кылып кулатса болот экен бийик тоону. толугу менен…..

Анна Ахматова: Кой көздүү король

Кой көздүү король О чексиз кайгы, азаптуу бар бол! Көз жумду кечээ кой көздүү кароль.   Үп дагы, ысык күз кечи эле, Жолдошум айтты жосунсуз нерсе:   “Өлүптүр кече аң уулап жүрүп, Аң өзү аны алгандай күтүп.   Ханыша байкуш, жаш эле шордуу, Жүрөт дейт ыйлап, акмалап жолду.”   Деди да алып мүштөгүн кетти, Жумушка түнкү, бүтүрбөй кепти.   Ойготом жаткан кызымды уктап, Кой көзүн карайм мен үчүн кымбат.   Шуудурап сыртта дарактар айтат: “Каролсуз минтип калдыңбы, бейбак…”   * * * Өзгөлөрдү унуткандай мени да, «Унутам!» — деп бир толугу менен…..

Элмира Ажыканова: Бир ойлосом мен бир чекит дүйнөдө, Бир карасам аалам менин колумда

Эски мештин жанында Талдап бүтпөй оңум менен солумду, Таштап салып талыкшыган боюмду. Кыш түнүндө, меш түбүндө телмирип Олтурамын отко кактап колумду. Жер айланып зуулап барат огунда, Менин үйүм тогуз жолдун тоомунда. Бир ойлосом мен бир чекит дүйнөдө Бир карасам аалам менин колумда. Көкүрөгүм ысып-күйүп эзилем, Көр турмушка жем болчудай сезилем. Шашып жашап, шашып ичем чайымды Бир тыныксам биротоло кечигем. Мен мезгилге барган сайын утулуп, Мерез заман үрөйүмдү учуруп, Аласалып кетип барам кургуйга Айлампалуу ылдамдыкка жутулуп. Мен бир пенде сүкүт чалган түндөгү, Акылыма сыйдыра албайм дүйнөнү. Эч ким мага бере албады толугу менен…..

Үмүт Култаева: Карыя наркы – калыстык

Карыя наркы – калыстык (Б.Мурзубраимовдун “Элдин келечеги өзүнүн жана аны ээрчите билген лидерлердин колунда” макаласын окуганда …) Кылым карыткан кыргыз элинде карыянын наркы анын калыстыгы менен бааланган. Чындыкты айтып турган кыргыздын аксакалдары калбай калгандай абалда турганыбызда, академик Бектемир Мурзубраимовдун “Эркин-Тоо” газетасынын 13-октябрдагы санына чыккан макаласы булуттан чыккан айдай эле болду окшойт. Аны окуп, тайманбай чынын айткан, эмгекти так баалаган калыс карыядан элибиз кур эмес экендигине кубандым. Маалымат сели каптаган азыркы доордун опурталдуу өнүгүү тенденциясынын таасириби же кутумчулук кыргыздын канындабы, бийлик менен элдин ортосундагы мамилеге бүлүк салган пикирлер кийинки кезде жаандан толугу менен…..

Рубен Овсепян: Алтын базары

Армян адабиятынан Алтын базары Зергер чоңойтуп көрсөтчү лупаны оң көзүнө такап Микаэлдин шакегин шыкаалап, ортодо кыңылдап ырдагансыппы же келме келтиргени белгисиз, мурду менен дабыш чыгарып жатты. Күбүрөнүп ырдап жатат дейин десең обону билинбейт, келме келтирип жатат дейин десең сөзү тыңгылыктуу угулбайт. Жабык сол көзүнүн кирпиктери көпөлөктүн канатындай каккылап, анда-санда гана алтын базардагы аары ызылдагандай үндөрдүн зер буюмдар дүкөнүнүн айнек текчелерине шыңгыр этип тийген дабышы угулганда гана ачылып жатты. Зергер соодагер уламыштагы Арарат тоосунда жашаган жалгыз көздүү жыланга окшош эле. Жада калса анын чоңойткуч көз айнеги дагы мына азыр асманга ыргытканда толугу менен…..

Рашад Меджид: 10-сентябрь

Рашад Мусеиб оглу Меджидов – азербайжан жазуучусу, акын, публицист. 1964-жылы Карабахта (Азербайжандын Агджабедин району) туулган. Баку мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. “525-ciqəzet” популярдуу ежедневнигинин башкы редактору, Азербайжан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары. Азербайжан журналисттер союзунун Г.Зардаби сыйлыгынын, ТР.Рзы атындагы сыйлыктын лауреаты. 10-СЕНТЯБРЬ Госпиталдан чыгып өзүнүн эски «алтынчысына» карай жөнөдү. Машина мындан он беш жыл мурда, сексен алтынчы жылы, ал ошол убакта жөнөкөй инженер кезинде өз заводунда кезекке туруп сатып алынган. Эшигин ачып унаага отурду да, отургучтардын ортосунда жаткан «такси» деген көрсөткүчтү алып, автомобилдин үстүнө бекемдеп орнотуп койду. Госпиталда ал хирург менен сүйлөшкөн болчу. Ортончу кызына операция жасала турган болду. Ал буга чейин көптөгөн врачтарга барган, алардын баары бир добуштан операция үч толугу менен…..

Нурпаис Жаркынбаев: Карегимде калкылдайт жай туулган жер, Патефондун табагындай айланып

Карегимде калкылдайт «Волга» келет жеңил, жумшак айдалып, Мен да келем ичинде анын жайланып. Калып жатат мелмилдеген түздүктөр, Патефондун табагындай айланып.   Туулган жерге аз калганда жеткени, Санаам туудай желбиреп бир кеткени. Ана чиркин, карекке да чалдыкты, Айылымдын бүлбүлдөгөн четтери…   Алдын-ала сезип келем баарысын: Аттаганда өз үйүмдүн далисин. Апам шашып башыман суу айлантат, Таштай салып колундагы бар ишин.   Карап келем ак кар баскан жондорду, Көп андагы кыйма чыйыр жолдорду- Коломтонун табы өтөт жүрөккө, Көргөн сайын түтүн созгон морлорду.   Туулган жерим! Сага күч жок теңелээр, Көрсөм сени көңүл ийип, толугу менен…..

Эльчин Ильяс оглы Эфендиев: Лифт

Азербайжан жазуучусу, драматург, адабият таануучу, сынчы Эльчин Ильяс оглы Эфендиев –1943-жылы Баку шаарында төрөлгөн. Баку мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Филология илимдеринин доктору. Азербайжан Республикасынын илимдер академиясында, жазуучулар союзунда эмгектенген. Азербайжан парламентинин депутаты, Премьер-министринин орун басары болгон. Ленин комсомолу сыйлыгынын жана Джафар Джаббарлы сыйлыгынын лауреаты. Азербайжан эл жазуучусу. Лифт 1 …Андан кийин кайра баягы ызы-чууну уктум, бул төмөн карай түшүп жана жогору көтөрүлүп жаткан лифттин үнү болчу. Анан мага күтүлбөгөн жерден эле мен өзүм дал ушул лифт болуп калганымдай көрүндү. Мен – лифт! Ошол учурда фантастикалык ойлорум ишке ашканын элестете толугу менен…..