Азиз Несин: Хирургдардын конгресси

Хирургдардын конгресси Хирургдардын кезектеги бүткүл дүйнөлүк конгресси Любликс шаарында өтө турган болуп калды. Өткөндөгүлөргө салыштырганда катышуучулардын абдан басымдуулугу менен айырмаланган скальпель чеберлеринин бул жыйынына бардык өлкөлөрдүн врачтары бөтөнчө маани берип жатышты. Конгресске келгендер дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал болгондор эле. Бул футболдук беттешүү же дагы бир кино ханышасы уюштурган ич кийимдердин көргөзмөсүнө арналган пресс-конференция сыяктуу бөтөнчө уу-дуу чыгарган окуя болбосо да, Х конгресстин жүрүшүнө байкоо жүргүзүп туруу үчүн дүйнөдөгү бардык телеграф агентстволорунун кабарчылары топурап Любликске толуп кетти. Конгрессте илимий билдирүүлөрдү жасоого 123 өлкөнүн даанышман хирургдары даярдык көрүп жатышты. Алардын арасында адамдын толугу менен…..

Мукагали Макатаев: Сыйын маган, эй, өмүр, сыйын маган, Сыйыңды алам мен сенин буюрбаган!

Тууган элге Күн болбой эле коеюн көгүңдө мен, Күнсүз эле жылуулугум бекер берем. Көз жашыңдай көрсөтпөй сактайсыңбы? Жанарыңдан жылт этип төгүлбөгөн.   Ай болбой эле коеюн асманыңда, Мээримиң болоюн дос, жакынга. Унутулган изиңдей сактайсыңбы? Чубалжыган суурулган ташта, кумда.   Жылдыз болуп жанбаймын ааламыңда, Баатыр болуп тура албайм алышууда. Баарысы эмес… Туулган эл, чирит мени, Туйлабасам туңгуюк намысыңда.   Сенден туулуп, сенден өскөн балаң экем, Түшүн мени, оюм жок башка, бөтөн. Менин сага тийгизээр залалым бул – Бир ууч топурагыңды ала кетем   Түшүмө тоо кирет Уктасам эле түшүмө дайым тоо толугу менен…..

Мацуо Басё: Ыр катылган баштыкты, Ачууга алым келбеди

Жапон классикалык поэзиясынан XVII кылымдын аягында Жапонстандын жолдорунда узак жылдар бою орто курактан өтүп калган, ден соолугу деле анчалык чың эмес, сыртынан караганда кедей-кембагал кейиптенген адам сапар чегип жүрдү. Аны бир нече жолу кайсыдыр бир даңазалуу феодалдын малайлары жол бошот деп кууса керек, бирок ошол кездеги бир дагы белгилүү князь бул белгисиз кечил-дербиштей, улуу жапон акыны Басёдой өлгөндөн кийин болуп көрбөгөндөй атак-даңкка бөлөнбөгөндүр… Басё Жапониянын жолдорунда поэзиянын элчиси катары сапар карытты. Акындын чыгармачылыгы көп кырдуу, ал өзүн “кайгы-капачыл” ырчы катары атаган, бирок турмушту өтө сүйгөн. Өзүнүн өмүрүнүн акырында Басё залкар толугу менен…..

Григорий Горин: Кирпичечен

Жазуучулар Союзунун мүчөсү, котормочу, акын, журналист Эрнис Асек уулунун көзү тирүү болгондо бүгүн 52 жашка чыкмак. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында 1970-жылы 13-июнда туулган. 2020-жылдын 29-январында капилеттен жүрөгү кармап көз жумган, сөөгү Ат-Башы районундагы кичи мекени Кызыл-Туу айылындагы бейитке коюлган. Жубайы Назира Саалиеванын айтымында, 9 китеп которгон. Жарык көргөн китептери: Кун Фы Зы (Конфуцийдин осуяттары) жана ыр жыйнагы «Каалга». Эрнис Асек уулунун орус жазуучусу, драматург, сценарист Григорий Гориндин «Кирпичечен» аттуу котормосун сунуштайбыз! Григорий Горин Кирпичечен Атасы – кырк жашта, Славик – он жашта, кирпиге – андан да аз толугу менен…..

Эдгар Аллан По: Береника

Эдгар Аллан По Береника Dicebant mihi sodales, si sepulchrum amicae visitarem, curas meas aliquantulum forelevatas. Ebn Zaiat [1] Күйүт көп кырдуу келет. Жер жүзүндөгү кайгы-капа – ар кыл. Ал мунарыктаган жер бетин күн желечесинен кучагына алып, турпаты күн желесинин куюлушундай өзгөрмөлүү, ар сүртүмү бири бирине жуурулбайт, ошол эле учурда түпкүлүгү бир. Мунарыктаган жер бетин күн желечесинен кучагына алат! Анан кантип мен сулуулуктан ушундай жексурлукту, бир бүтүн бейпилдиктен чулу кайгыны тамырлата сууруп алдым? Антсе дагы этикада айтылгандай жамандык – жакшылыктын туундусу, чынында кубанычтан капа жаралат. Анан да өтмүштөгү ырахат тууралуу эс-тутум толугу менен…..

Мухаммад Юсуф: Сен да бир күн өтөсүң ынан, Мээрим калат, махабат калат

Мухаммад Юсуф Өзбекстан эл акыны. Көрүнүктүү коомдук ишмер. 1954 – жылы Андижан облусунун Мархамат районунда туулган. Орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Ондогон китептердин автору. 2001 – жылы дүйнө салган. Өзбекстан Оо, Ата Мекеним, Энемдей өлкөм, Өзбекстан, жанымды төшөйм саяңа. Сендей мээрман жок, Сендей көркөм. Римди алмашпасмын беде-паяңа.   Бир жагың суу болсо, бир жагың кырлар, Канча журтту көрдүм, канча тагдырлар. Кайда барсам сүйөп, башты тик тут деп. Тоолоруң изимден ээрчишип жүрөт.   Көрдүм сулуулардын эң перилерин, Же мажүрөө, же бир момун адаммын: Париждин эң сулуу ресторандарын, Жалгыз тандырыңа дагы толугу менен…..

Сайгё (Норикиё): Жүзүм сүрдүү болгон менен, Жеңдерим нымдуу көз жаштан

Жапон классикалык поэзиясы Сайгё (Норикиё) (1118-1190) Кыргыз акындары, котормочулары жапон классикалык поэзиясынан Басёнун ырларын көп которушту, бирок даңазалуу акындын устаты Сайгё тууралуу сөз боло элек, анын ырлары которула элек. Ушул кенемтени толтурууга аракет жасап көрөйүн дедим. Сайгёнун өмүр таржымалы кызык. Жыйырма жашында калаадагы үй-жайын, кызматын, аялын жана кичинекей кызын таштап, чачын кырдырып, монах болуп кеткен. Калган өмүрүн бүтүндөй жер кезип жүрүп өткөрдү. Тоодогу жер кепелерде, кээде ачык асман астында түнөдү. Жашоосун ырсыз элестете алган жок, ыр менен бирге жашады. Сайгё беш, Басё үч саптан турган ырларды (жапондор буларды “танка” жана толугу менен…..

Дүйнө классиктеринин ой берметтери

Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар күнү 3-мартта дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар күнү белгиленет. Бул майрам 1986-жылы эл аралык ПЕН-клубдун (жазуучулардын уюму) 48-конгрессинин чечими менен негизделген. Александр Пушкин -Котормочулар – агартуу почтосунун аттары. -Бизде адабият бар, бирок адабий сын али түптөлөлек. Вольтерди билбеген, франмосондор тууралуу түшүнүгү да жок кемпирлер куу чирендерди франмосон, волтерянчы деп тилдеген сыяктуу эле журналисттер жазуучуларды романтика менен тилдейт. Рюноске Акутагава -Сөздүккө караганда адабият чыгармасында сөздүн көркү көбүрөөк ачылышы шарт. -Материалдык байлыкка жетпегендер рухий байлыкка да жетпейт. Эки миң жыл мурдагы байтак мезгилде ушундай эле. Азыр башкача: материалдык байлыкка толугу менен…..

Дүйнө классиктеринин ой берметтери

Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар күнү 3-мартта дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар күнү белгиленет. Бул майрам 1986-жылы эл аралык ПЕН-клубдун (жазуучулардын уюму) 48-конгрессинин чечими менен негизделген. Александр Пушкин -Котормочулар – агартуу почтосунун аттары. -Бизде адабият бар, бирок адабий сын али түптөлөлек. Вольтерди билбеген, франмосондор тууралуу түшүнүгү да жок кемпирлер куу чирендерди франмосон, волтерянчы деп тилдеген сыяктуу эле журналисттер жазуучуларды романтика менен тилдейт. Рюноске Акутагава -Сөздүккө караганда адабият чыгармасында сөздүн көркү көбүрөөк ачылышы шарт. -Материалдык байлыкка жетпегендер рухий байлыкка да жетпейт. Эки миң жыл мурдагы байтак мезгилде ушундай эле. Азыр башкача: материалдык байлыкка толугу менен…..

Габриэль Гарсиа Маркес: Айттырып келген ажал баяны

Айттырып келген ажал баяны (Повесттен) Аны өлтүрүп кеткен күнү Сантьяго Насар епископ келер кемени тоскону таңкы 5.30да турган. Түшүндө ал жумшак жамгыр себелеген анжир багын аралап баратыптыр, кандайдыр бир ирмемге бакытка балкый түшкөнсүдү, бирок ойгонгондо шакка конгон чымчыктар башынан ылдый чычып жибергенсиген сезимден арыла албай койду. “Ал түшүндө бак-даракты көп көрөр эле”, – деди мага апасы мындан 27 жыл мурдагы каргашалуу дүйшөмбүнүн кылт эткен кыймылынан өйдө эстей. “Андан бир жума мурда түш көрсө, калдыркан калайдан жасалган самолётто учуп баратыптыр, жалгыз экемин, бадам багынын бир бутагына да тийбей аралай чаап учуп толугу менен…..