Эльчин Ильяс оглы Эфендиев: Лифт

Азербайжан жазуучусу, драматург, адабият таануучу, сынчы Эльчин Ильяс оглы Эфендиев –1943-жылы Баку шаарында төрөлгөн. Баку мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Филология илимдеринин доктору. Азербайжан Республикасынын илимдер академиясында, жазуучулар союзунда эмгектенген. Азербайжан парламентинин депутаты, Премьер-министринин орун басары болгон. Ленин комсомолу сыйлыгынын жана Джафар Джаббарлы сыйлыгынын лауреаты. Азербайжан эл жазуучусу. Лифт 1 …Андан кийин кайра баягы ызы-чууну уктум, бул төмөн карай түшүп жана жогору көтөрүлүп жаткан лифттин үнү болчу. Анан мага күтүлбөгөн жерден эле мен өзүм дал ушул лифт болуп калганымдай көрүндү. Мен – лифт! Ошол учурда фантастикалык ойлорум ишке ашканын элестете толугу менен…..

Сью Чжу: Жылдыздуу түнгө урундум, убакыт талкалаган

Сью Чжу – Жаңы Зеландиялык кытай акыны Сью Чжу – акын, сүрөтчү, заманбап эл аралык поэзиянын жайылтуучусу, WPMдин континенталдык координатору. Нажи Нааман Адабий фондунун атайын өкүлү жана All Souls Poetry уюмун негиздөөчүлөрдүн бири. Ырлары 20дан ашык тилге которулган. Дүйнөлүк антология китептеринин мукабаларын көркөмдөгөн сүрөттөрүн айрым адамдар коллекция кылып чогултуп жүрүшөт. Сью Чжу, Носсида дүйнөлүк поэзия сыйлыгын (ЮНЕСКО-2021, 2022), “Наджи Нааман” адабий сыйлыгын, мыкты чет элдик автор катары “Premio Internazionale di Poesia I Colori dell’Anima” сыйлыгын (2022-ж.) “Рабиндранат Тагор” атындагы, италиялык “Ил Мелето ди Гуидо Гоцзано XI” эл аралык адабий сыйлыгына, толугу менен…..

Омар Хайям: Рубаилер

Рубаилер ***** Элдер мени ичкич дешет – ал ырас, Ыймансыз деп жемелешет – ал ырас. Эмне дешсе ошо дешсин, оңолбой, Хайям бойдон каларлыгым – дагы ырас.   ***** Эй акмагым, бак даарыса мактанба, Күрөш талбай кырсык чалып жатканда. Теңир иши оор чыгар миң эсе, Үйрөнбөчү, ага жалаа жапканга.   ***** Акылдуулар бука сааган сыңары, Акылынын тийет дайым зыяны. Бул мезгилде, акыл баасыз – чесноктой, Акмактардын байып жаткан убагы.   ***** Мергенчилер ууга капкан салгандай, Ал капканга өзү түшүп калгандай. Бир кездеги Бахрам иччү жайларда, Түлкү жүрөт, чөөлөр жүрөт ар кандай. толугу менен…..

Наталья Харлампьева: Уу бар, бал бар – бийкечтин махабатында

Наталья Харлампьева (Саха-Якутия) Наталья Харлампьева – якут акыны жана прозаик. 1952-жылы Саха Республикасынын Маган кыштагында төрөлгөн. Якутск мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Корректор, кабарчы, журнал, гезиттерде башкы редактор болуп эмгектенген. Азыркы учурда – Саха (Я) Республикасынын жетекчисинин маданий иштер боюнча жардамчысы. Саха-Якутиянын эркин жазуучулар бирдигинин төрайымы. Жыйырмадай поэтикалык жана кара сөз жыйнактарынын автору. Россиянын жазуучулар бирдигинин мүчөсү. Саха (Я) Республикасынын эл акыны. РФсынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер. А.Дельвиг атындагы Бүткүл россиялык адабий сыйлыктын ээси. Якутски шаарында жашайт. World Poetry Movement (WPM) – Дүйнөлүк акындар кыймылынын Саха (Я) Республикасы боюнча улуттук толугу менен…..

Кешаб Сигдел: Кызым боёп убара өз ойлорун, Манжалары кылдат дирилдеп

Кешаб Сигдел (Непал) Кешаб Сигдел 1979-ж. Непал (ФДР) мамлекетинин Бардия районунда төрөлгөн. “Непал топурагы” адабий журналынын башкы редактору. Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) Координациялык комитетинин мүчөсү. Азия-Тынч океан аймагынын жазуучулар жана котормочулар уюмунун мүчөсү. “Бурмаланган убакыт” (2007) “Күндүн түсү” (2017) аттуу ыр жыйнактары чыккан. Урбанисттик багыттагы заманбап акын. Непалдык акындардын поэзиясын англис тилине которгон “Боёктор кубулушу” (2021) китеби Непал академиясынын басмасынан жарык көргөн. “Кумар: Дүйнөлүк поэзия антологиясы» (2023-ж.) менен «Непалдын заманбап Антологиясы» (санарип том, 2016) китептеринин редактору. Непалдын маданият министрлигинин « Bhanubhakta” алтын медалы (2014-ж.) менен Улуттук жаштар фондунун Жаштар сыйлыгынын (2018-ж.) лауреаты. Трибхуван Университетинде «Поэзия жана толугу менен…..

Ханан Аууад: Күндөр мени жазууда, мен көчүрөм

Ханан Аууад (Палестина) Ханан Аууад – Палестиналык белгилүү акын жана коомдук саясий, чыгармачыл ишмер. Палестина, Иерусалим, Оксфорд, Мичиган, Монреаль университеттеринен гуманитардык, адабий, укуктук, философиялык, исламдык жана журналисттик билимдерди алган ар тараптуу мыкты адис. Дүйнөгө белгилүү инсан, Палестина мамлекетинин жетекчи-лидери – Ясыр Арафаттын учурунда анын Маданият тармагы боюнча кеңешчиси болгон. Палестина Улуттук кеңешинин мүчөсү. 500дөн ашык Эл аралык Конгресстер менен Конференцияларда саясий, адабий жана укуктук маселелер боюнча Палестинанын атынан чыгып жүргөн илимдин доктору жана өз элинин чыныгы элчи өкүлү. Италия, Мали, Кытай, Португалия, Испания, АКШ, Колумбия, Венесуела, Пакистан мамлекеттеринин ар түрдүү сыйлыктарын, ардактуу наамдарын алган. Палестина жазуучуларынын жалпы союзун жана дүйнөлүк толугу менен…..

Суад Аль-Кувари: Буттарымды сууруп алып баткактан, Көзүм түштү көк тиреген үйлөргө

Суад Аль-Кувари (Катар) Суад Аль-Кувари – Чилиде жайгашкан Эл аралык акындар кыймылы тарабынан (WPM) “өз өлкөсүнүн поэзия элчиси” эсептелген он сегиз араб акыны жана беш континенттин 3500 акыны менен тең катар, араб поэзиясынын элчиси” делип, Ортоңку Чыгыштагы Катар өлкөсүнүн атынан тандалган улуттук координатор. Төмөнкү ырлар жыйнагы, көптөгөн тилдерге которулган: “Бул менин жан-дүйнөм эмес”, “Чөл мурасчысы”, “Кылымды издеп”, “Ачылган жаңы эшик”, “Тоолордун ханышасы”, “Поэтикалык тандалмалар жыйнагы”. Көптөгөн эл аралык адабий фестивалдарга катышкан: Доха Маданий фестивалы, Оман Султанатында Аль-Ханса фестивалы, Персия булуңунда Шарджи менен Абу-Даби Маданият айы, Судан Беджравия Фестивалы, Парижде Араб дүйнөсү Институтунун «Поэзия Жазы» фестивалы, Швейцарияда Аль-Мутанабби фестивалы, Колумбиянын Маданий фестивалы, ж.б. толугу менен…..

Рати Саксена: Жөргөмүштүн эстетикасы

Рати Саксена (Индия) Дүйнөлүк поэтикалык кыймылдын (WPM) Азия континенти боюнча координатору. Рати Саксена – индиялык белгилүү акын, котормочу жана редактор, веда адабияты менен байыркы адабияттын академиялык изилдөөчүсү. Керала штатында жашап, хинди тилинде 5, англис тилинде 4 ыр жыйнагы чыккан. 20 чакты котормо китептери жарык көргөн. Чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн белгилүү тилдерине которулган. 35тен ашык Эл аралык фестивалдарга катышкан. Жакынкы жылда чыккан эң маанилүү китеби: “Муштум жазылганда” – байыртан берки поэтикалык терапияны азыркы учурда жана келечекте кантип колдонуу керектигин талкуулайт. Бир нече абройлуу сыйлыктардын ээси. Критьяда эки тилдүү журнал ачкан, Критья поэтикалык фестивалынын жана Дүйнөлүк поэтикалык кыймылдын Азия боюнча жетекчиси. Жөргөмүштүн эстетикасы толугу менен…..

Фернандо Рендон: Тынч жашоону каалаган эрк, бороон-чапкынды да жеңет.

Фернандо Рендон (Колумбия) Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) негиздөөчүлөрүнөн жана Координациялоо Комитетинин мүчөсү. Колумбиялык белгилүү акын. 20 ыр жыйнактын автору жана ырлары көптөгөн эл аралык антологияларга да жарыяланган. Белгилүү китептери: “Антитарых”, “Марс талаасындагы ыр”, “Башка Күндүн астында”, “Лосось мотивдери”, “Сонун суроо”, “Кызыл талдын ыры”, “Байыркы таш бетине жазылган келечек”. Чыгармалары дүйнөнүн 25 тилине которулган. Кытай, Бангладеш, Тажикстан, Вьетнам, Түштүк Африка, Египет, Италия, Румыния, Албания, Куба өлкөлөрүнүн эл аралык адабий сыйлыктарына ээ болгон акын. Ал негиздеп түптөгөн “Прометей” поэзия журналы Латын америкасында көп жылдардан бери чыгып келе жаткан эл аралык эң белгилүү толугу менен…..

Рюноскэ Акутагава: Кашкулак

Кашкулак “Жапон жылнаамасынын” маалыматтары боюнча Минотоку кыштагында биринчи жолу кашкулак адамга айланат, бул окуя отуз бешинчи жылы жаздын экинчи айында Суйко императорунун мезгилинде болгон. Ырасында башка китепте кашулакты «адамга айланып калды» деп жазбайт, анда «адамга окшоп калган» делет, бирок бул эки китепте тең “ырдаган” деген маалыматтар бар, андыктан ал кашкулак адамга айланганбы же адамга окшошуп калганбы, эмнеси болсо да анын чыныгы адамча ырдаганы чын окшобойбу. Мындан кыйла көп жыл мурун “Император Суйниндин башкаруу мезгилиндеги жазууларда” мындай айтылат: сексен жетинчи жылы Тамба повинциясында жашаган Макасо аттуу жаш жигитке тиешелүү ит терисине толугу менен…..